АЯЛ "УУЛУМ МЕНЕН ИНИЛЕРИМЕ КҮЙӨӨМДҮ ӨЛТҮРҮП САЛГЫЛА ДЕГЕМ" ДЕЙТ

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж

Ош облусунда адам үрөйүн учурган оор кылмыштын бети ачылды. Үй-бүлөлүк чатакташуунун акыры ажал коштогон кандуу окуя менен аяктаган.

ИЗ ЖАШЫРУУ МАКСАТЫНДА «ИЗДЕШКЕН»
Үстүбүздөгү жылдын 2-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылынын 48 жаштагы тургуну Гүлнара Дүйшеева күйөөсү Эгемберди Акаев 2014-жылдын 30-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу арыз жазып Кара-Суу РИИБине кайрылган. Жыйынтыгында «дайынсыз жоголду» деп изделип жаткан жаран киши колдуу болуп каза тапкандыгы аныкталып отурат. Эгемберди Акаевдин өлүмүнө шектүү катары маркумдун жубайы, уулу жана эки кайниси кармалды. 2015-жылдын 6-январь күнү маркумдун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси көмүлгөн жеринен казылып алынган. Кылмышка шектүүлөр издерин жашыруу максатында маркумдун жансыз денесин айыл четиндеги талаага көмүп коюшкан экен.

«КҮНӨӨЛӨРҮН МОЮНДАРЫНА АЛЫШТЫ»
Бул кылмыш боюнча Ош шаардык жана облустук ИИБисинин басма сөз кызматынын кызматкери Жеӊишбек Ашырбаев буларды билдирди:
– Киши өлтүрүү кылмышына шектүү катары маркумдун 45 жаштагы жубайы Гүлнара Дүйшеева, 25 жаштагы уулу Жаныбек Акаев, 25 жаштагы кайниси Бектурсун Дүйшеев жана дагы бир кайниси, 24 жаштагы Сүйүн Сулайман уулу кармалып, кылмыштарын толугу менен моюндарына алышты. Бул кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

«КҮЙӨӨМ БАЛАСЫН БЫЧАК АЛЫП КУБАЛАДЫ»
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Гүлнара Дүйшеева каргашалуу окуя кандайча болгондугу тууралуу төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– Күйөөм акыркы убактарда көп ичип, бизге тынчтык бербей калган. Бизди үйдөн кубалап чыгып, кошуналарыбыздын үйүндө түнөгөн күндөрүбүз да болгон. Акыры ажырашабыз деп 2014-жылдын 25-декабрынан тарта ал биздин эле айылдан батир алып, өзүнчө жашамакчы болуп көчүп кеткен. 29-декабрь күнү кечки саат 20:30 чамасында ал үйгө мас болуп келиптир. Уулу Жаныбек менен чатакташа кетти. Күйөөм «Мен сенин атаӊмын, эмнеге мени үйгө киргизбейсиӊер?» деп колуна бычак ала калып уулун кубалап калды. Үйдө менин Сүйүн жана Бектурсун аттуу эки иним да бар эле. Алар жетип келип жээнине болушуп, үчөөлөп күйөөмдү сабай башташты. Аӊгыча уулум Жаныбек ачуусу менен көмүрканага кирип, ичинен калак алып чыкты да, атасын башка чаап жиберди. Күйөөм эсин жоготкондо мен аларга «биротоло өлтүрүп салгыла» дедим. Арадан 4 күн өткөн соӊ мен милиция кызматкерлерине барып, «күйөөм үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат» деп арыз жаздым.

«ЭЖЕМ СЕНИН ҮСТҮӉДӨН АРЫЗ ЖАЗАМ ДЕП КОРКУТТУ»
Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын бири Сүйүн Сулайман уулунун тергөөгө берген көрсөтмөсү төмөнкүдөй:
– Жаныбек менен жездем урушуп жатканда биз арачалап коёлу дегенбиз. Аӊгыча Жаныбек атасын калак менен башка чаап жиберди эле, жездем эсин жоготту. Ошол учурда эжем Гүлнара «чала өлүк кылбай өлтүрүп салгыла» деп буйрук берди. Мен «өлтүрбөйм, ооруканага алып барып, милицияга кабар билдирем» деп каршы чыктым. Эжем «андай болсо мен сенин үстүӊдөн «күйөөмдү өлтүрдү» деп арыз жазам» деп коркутуп, чала жан жездемди муунтуп өлтүрүү үчүн кол аарчы алып чыгып, башындагы жоолугун да чечип берди. Жоолукту оозуна тыгып, кол аарчы менен муунтуп өлтүрдүк. Андан соӊ жездемдин жансыз денесин эгин талаасына алып барып көмдүк да, жеӊил унаасын алыскы айылдардын бирине айдап барып таштап келдик.

Кылмышка шектүүлөр кантип өлтүрүшкөнүн, кайда көмүшкөнүн көрсөтүп беришүүдө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(42)
19.01.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасы жиндинин бироо жинди, энеси жиндинин баары жинди дегендей апасы акмак эле аял го. Жырткычтан айырмабыз калбай баратат.
19.01.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койнунда жатып билинбейт катындан откон душман жок кончунда журуп билинбейт камчыдан откон курал жок деген макал бекеринен айтылбаса керек.
19.01.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобооо эмне деген шумдук вапше соз жок силерге.
19.01.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял - үйдүн куту дейбиз дагы. Бул аял уулунун, эки инисинин убалына калып, алырдын колун канга булгатыптыр. Жамандын кесепети, жакшынын шарапаты... Өлтүрткөндөн башка кутулуунун жолу жокпу, же адам өлтүрүү оюнчукпу...
19.01.2015. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атан жаманболсо дагы сыйлаш керек, акыретте катуу жооп беришет го
19.01.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Алла)))
Не деген шумдуук.Деги коркунуч ,намыс,уят деген кайда калып баратат.Куйооно жузун карап айтышкандан корксон,чон эжелер улгу болгону ушулбу?)
20.01.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта,кудайга тообо кылдым.
20.01.2015. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым...астагфираллах..Сарай айылы мурдагы Кировбу..Ким билет.
20.01.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдар шайтан болушат деп коет го
20.01.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарай аыл-окмотуно ошол Киров участкасы, Энкин (Жданов)участкалары кирет.Жаман окуя болуптур.
20.01.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман мына ушинтип келет
20.01.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарыбызга кудайым ыйман берсин маркумдун жаткан жери жайлуу болсун.
21.01.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Семья башынан еле начар куралган окшойт.Атасы ичсе дарылатса болбойт беле олтургондон коро.Аялы омур боюу кутулайын дегенго ......
21.01.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тигинтип тынчтык бербесе жандары кашайды булардын, бирок минтип мыкаачылык менен олтургону жаман болуптур.
21.01.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо
21.01.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super kg emne tatykty fotomontajer jokby surotyn jakwyna kulup kesip albaiby. Je montajet kerek desener nomerimdi jazaiun.
22.01.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деп жазышты да билбей калдым, кайран гана талкаланган тагдырлар,3 баланын кийинкиси эмне болот, эми ким кунолуу аракпы же балдардын энесиби,эжесиби?
22.01.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энесинде мее жок экен
23.01.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayal ozu dele ichet okshoit kuiosun jamandap koet. Kilteigen 45 tegi ayaldyn bergen taarbiyasy 10 gulunun bir gulu achyla elek baldardy jolunan adashtyryp eee jaratkan yiman, meesi joktorgo mee bere kor
23.01.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы бир окуялардын баары ОЩол жерден чыгат!
23.01.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Кудайым ай озун сакта тобо кылдым.Кудай озун ынсап бер бизге.
23.01.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол киши озунун олумун тилеп барган экен да ажырашып кеткенден кийин деле ичип журуптур адам болуп ичкиликти таштап анан келсе балким мындай иш болбой беле
23.01.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болуп баратышат????
23.01.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер олтуруптур арак ичкен адамга айла жок. Андан коро сотко беришсе жакшы болмок .Айалда байкуш жыргаганынан барбаптыр бул ишке
23.01.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына ар жумада жок дегенде бирден олум(уй-булоо урушунан,таксиден, арактан,аскердеги кызматынан) жок шылтоолор,эмнеге улуттук стратегиядагы иштер жасалбайт?????????????
23.01.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yi bylosyn jakshy karai albagan erkek chygyp ketish kerek tynch koup alardy.ketkenden kiyin kaira kelbeish kerek.ichip alyp tunchtyk berbegen oshon ychyn oshondoi jolgo bargan.munun aityp jatkanym sebebi menin atamda ichip ech bizge tynxtyk berbeit ele azyr emi bashka yi bylosy bar oshondoi bolso da tynchtyk jok bizge.
24.01.2015. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир үйбүлө өзүгө өзү душман. Аллах сактасын. жамаанг болуптур. Атаң доүз болсода кол көтөрбө. Жакшылык болсунчу кыргызстанда.


24.01.2015. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам олтуруу,чымын олтургондой эле болуп калды...
24.01.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
динден чыгып жапайычылык кылганга барабар. Орустарга окшоп атасын олтуруп мээримсиз болгондор, Намаз окубагандык жана арак ичкени учун ушул ииштер болуп жатат. Эгерде намаз окуп салават келтирип кудай деген адамдар болсо эч качан мындай ишке барбаган болушатэле.
Бул динден кабарсыз жана кудайдын бар экенин ага ишенбеген , шайтандын жолун жолдогон адамдарга кирет. Эгер ыйман жолунда журушкондо жаман болсо да "атан" болсун, деп сабыр кылып кудайдан ага ынсап беруусун тилеген болот эле....
24.01.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак арам ичкенден кийин шайтандын ойуну башталат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо