«КАРА КӨЗ, КЫЯЛЫМДЫН ХАНЫШАСЫСЫӉ!»

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж

Өкүт, ызалануу, жан дүйнө туӊгуюгу... Бул илдет менде жакын арада пайда болду. Бүт баарын ичимден кайрып, ичимде сактайм. Сезимин билдире албай, сүйүүдөн запкы тарткан алсыз адам экениме кейип кетем. Сага батынып сөз айтып, чечкиндүү кадам таштабаганым үчүн өзүмдү жемелей берем. Сени көргөн күндөн тарта жүрөгүмдү бир сезим кытыгылап, жайыма койбой келет.
Эх, сүйүү, эх, мени сүйдүргөн кара көз! Качан жайыма коёсуӊ? Жан дүйнөмдү болушунча жанчып бүтмөй болдуӊ го. Түндө төшөккө башымды катып, оор үшкүрүк чалам. Жашоомдун нугу уйкусуз түндөр, ой баскан күндөрдүн коштоосунда өтүп жатат. Кыскасы, бушайманмын. Сүйүүдөн бушайман болуп жүрөм. А сен жайдарысыӊ. Күндөн-күнгө ачылып, сулуулугуӊа сулуулук кошулуп баратат. Кудум жазда эрте ачылган байчечекейдейсиӊ. Келишимдүү мүчөӊө жарашыктуу кийинип алсаӊ, периште өӊдөнүп кетесиӊ. Шайырсыӊ, өӊүӊдө капалыктын карааны билинбейт. Сени көрүп, сага суктанып жашагым келет. Бирок бул кыял. Бүтпөс кыял. Канткен күндө да өмүр өткөнчө кыялымдын ханышасы болуп кала бересиӊ.
Тагдыр бизди бир деӊиздеги эки кемеге салгандай туюлат. Анан калса карама-каршы жаралганбыз. Сен назик, сулуу, шайыр кызсыӊ, мен болсо сени жактырып, сүйүүсүн билдире албаган тартынчаак жанмын. Мен айылдык, сен шаардыксыӊ. Кызыгы, бир кеӊседе, бир мекемеде иштейбиз. Эсиӊдеби, жумушка жаӊы келгениӊ? Сүйлөгөн адамга ууртуӊдан жылмаюу төгүлүп, назик сүйлөп тим болчусуӊ.
«Сулуу кыз турбайсыӊбы» дегем сага. Сен болсо жылмайып койгонсуӊ. Ал көз ирмем эч көз алдымдан кетпейт. Аны сен эстемек белеӊ?! Карагаттай көздөрүӊ карегиме мөөр болуп басылып калган. Карек демекчи, карагаттай көздөрүӊ мынча жагымдуу?! Капкара, жылт-жулт этип күйүп турганычы. Бах, чиркин! Мындай көздөр эч кимде жок. Башка адамдардын мендей болуп сага суктанышын каалабайм. Кызганып кетем. Көздөрүӊдү карагым келе берет. Бирок бет маӊдай келе калганда көзүмдү ала качам. Сен тереӊ ойго батып отурганда жашырынып, уурданып карайм. Бир ирет адаттагыдай уурданып тиктеп жаткам. Сага тигилген боюнча тура бериптирмин. Жаныма келип сүйлөп жаткан адамдын сөзүн укпасам керек, колу менен көзүмө серпип жиберди.
– Эмне болду катып калганча карап?
Уялганымдан кызарып кеттим. Жанымдагыларга табылбай калды. Ар кайсыны айтып күлүп жатышты. Оюмдан кетпей жүргөндүктөнбү, түшүмдөгү жалгыз каарманымсыӊ. Күндө киресиӊ. Сени түшүмдө көргөнгө куштармын. Бүгүн дагы түшүмдө сени көрдүм. Кантип дебейсиӊби? Таӊ атканда көрүптүрмүн. «Таӊкы түш чын болот» дегенди уккан элем. Кыялкеч жаным кыялдарга сүӊгүп кеттим да, сени менен сырдаша баштадым.
– Жүрөгүмдү үшүккө алдырбай калкаласаӊ боло, кара көзүм!
– Кара көз дебеӊизчи.
– Көздөрүӊ кундуздай кулпуруп жатса, кантип айтпайм? Сен мени «сиз» дебечи.
Уяӊ карап адатыӊча жылмайып тим болдуӊ.
– Жүрөктү үшүк алат дедиӊизби? Медицинада жок нерсени айтасыз да.
– Ооба. Үшүк алып, тоӊуп баратат.
– Анан?
– Бул айыкпас оору.
– Айыкпайт деӊизчи?
– Жалгыз даба сенсиӊ. Мээрим төккөн көздөрүӊ дары.
– Тамашалайсыз, ээ? Сөзгө да чеберсиз.
– Сендей сулуу кыз жигитти дудук кылат же чечен кылат...
– Ошондо...
– Чечен болуп баратам. Сага арнап ыр жазгам. Окуп берейинби?
– Ии.
Ушул жерден кыялымды тык этип бир ой токтотту. Чогуу иштегендер сенин жигитиӊ бар экенин, жакында турмушка чыгарыӊды сөз кылышып жатышканын эстеп кеттим. Дале ишенгим келген жок. Өӊүмдө да ортобузда чай кайнам сырдашуу болсо кана?! Анда сага жүрөктөгү чыныгы сезимдеримди айтар элем. Маӊдайыӊа отуруп алып саамай чачыӊдан сылап, капкара көздөрүӊдү карагандан тажабас элем. Бир ирет телефон менен сүйлөшүп сыртта турган экенсиӊ. Капысынан көлөкөӊө көлөкөм тийип кетти. Денем дүрт дей түшүп, өзүмдү ала качтым. Ошондо сени катуу сүйөрүмө ынандым. Сүйүүгө кабылсаӊ, тумандан жол издегендей айла издеп калат экенсиӊ. «Жетпей калган сүйүү ыйык» деп бирөө айтыптыр. Мага айласыздан айтылгандай туюлат. Жетпей калган сүйүү тозок, азап болсо керек. Азыр күндө көрөм, кара көздөрүӊдөн кубат алам. Акыркы демим чыгып, жүрөк кагышын токтоткончо сени ойлойм, эӊ жакынымдай көрөм. Окуп калсаӊ жашоодо сени сүйгөн, сүйүүсүн айта албаган, сүйүүдөн запкы тарткан агаӊды тааныйт болдуӊ бекен, кара көз?..

Акыл

Султан Төрөбеков
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(15)
19.01.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча армандуу создор (
19.01.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Антип окутпай эле бетине барып айтпапсыз да.
19.01.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жигит болсон шок бол дейтго.эзилбей
20.01.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ekaterina, ошо даа, айтсын, мен сени суйом мага тийчи деп)))
20.01.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы суйуу ущундай болот. Бирок суйдурсон суйуун бат эле очуп калат. Абайла!
20.01.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтыш кыйында андай дегенинер менен бетине барып айтса кагып койсо чунчуп жоголуп кетпейби суйуп журобер ушинтиип бир кун мезгил келет айта турган
21.01.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууну билдириш аябай тозок да,мен сени суйом деп айталбай иттей сулуу болгом да.
21.01.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энесине бар...
22.01.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир суйуулор айтылбай калганы онбу деген ойдо калчу болдум.
23.01.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага окшош экенсин, мен да бир кызды суйуп калып азыркыга чейин айта элекмин, мен дагы ошол созду айтам деп биротоло ажырап каламбы деп ойлой берем
23.01.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деген Алмазбек Атамбаев айткан прокурорлука талапкер кыз эмеспи? Ошондо жигит ким деген суроо туулат???...
26.01.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бутпогон суйуу копко эсте сакталат деген тура...катууле суйуп куйуп алып анан кадырына жетпегендер толтура...
05.02.2015. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menimche siz oz seziminizdi bildirip,achyk suilowup korsonuz jakwy bolmok eken.Okunup otkoncho, koldon kelgenin jasap araket kulunuz!
26.08.2015. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кандай суйуу,чыныгы суйуу да бул мумкун ал да сизди суйот чыгар ичиндегисин айта албай жургондур Суйунузду билдириниз созсуз турдо
20.11.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жан дуйномдо сиздикиндей жоопсуз суйуу бар. Кантип женсем экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо