№637 16-январь-22-январь, 2015-ж
«Кулдай иштеп, байдай эс ал» дегендей, алып баруучу Нурзат Токтосунова быйылкы жылы катуу иштеп, кышында өзгөчө эс алууну пландап жатыптыр. Тактап айтканда, 17-январда Дубайга эс алганы учарын айтты. Дубайдан келген соӊ кийинки эс алууну февраль айына пландаштырууда.
"Ызы-чуудан чарчаган жаным жалгыз эс алууну каалап жатам. Кыштын акыркы айын Мисирде өткөрөм. Сууга түшүп, күнгө күйүп, айтор, ойдогудай эс алып келген соӊ марттан баштап билек түрө ишке киришем",- дейт Нурзат.
Анан да элдин суроосу боюнча өзүнүн "Нур" мектебинде орус тилдүү алып баруучуларды даярдай баштаарын билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |