ОРУСИЯДАГЫ МИГРАНТТАР 9-МАЙДАН КИЙИН ПАТЕНТТЕН КУТУЛУШАБЫ?

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж

Орусия жаӊы жылдан баштап мигранттардын орус тили, тарыхы жана мыйзам негиздери боюнча милдеттүү түрдө сынак тапшыра тургандыгын жарыялады. Мындан тышкары чет өлкөлүктөр эмгек квоталарынын ордуна эми патент алып иштешет.

ОРУСИЯГА ЖӨНӨГӨН МИГРАНТТАРДЫН САНЫ КЕСКИН АЗАЮУДА
9-январь күнү Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский 2015-жылдын 1-январынан тартып Орусияга келген мигранттардын саны азайып жатканын айтты: «Бул жагдай өлкөдөгү экономикалык кырдаал жана миграциялык мыйзамдарга катаал өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу. Быйылкы жылдын январь айында 9 күндүн ичинде өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу Орусияга келген мигранттардын саны 70 пайызга кыскарды. Чет жердик жарандардын ичинен 23 пайызы гана иштөө максатында Орусияга келгенин билдиришкен. Ошентсе да жыйынтык чыгаруу эртелик кылат, дагы 2-3 айдан кийин биз кабыл алган чечимдер канчалык таасир алып келерин айтууга болот».

КВОТАНЫН ОРДУНА ПАТЕНТ
2015-жылдын 1-январынан тарта Орусияда эмгек квота же «жумушка орношуу» боюнча уруксат кагазын алуу жоюлуп, ордуна патенттик систем киргизилди. Патентти берүү 15-январда башталды. Баасы Орусиянын ар кайсы аймагында ар башкача,
2 миӊ рублдан өйдө турат. Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин чет өлкөдөн келген жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Бакенов: «Квота менен мыйзамдык тартипте каттоодон өткөн ишканаларда гана иштөөгө мүмкүн болчу. Экинчиден, квота болгону
1 миллион 600 миӊ адамга берилет деп эсептелген. Ал эми Орусияда эмгектенген мигранттардын саны 2014-жылга карата 13 миллионго жеткен. Ошол себептен мыйзамсыз иштөөнүү токтотуу максатында квотаны алып салышты»
,- дейт.
Орусияга иштейм деп барган эмгек мигранты патент алуу үчүн 30 күндүн ичинде аталган өлкөнүн Федералдык миграциялык кызматына кайрылышы керек болот. Патент алуу үчүн Орусиянын чек арасынан өтүүдө кирүү максатын "иштөө" деп көрсөткөн чет жердик жарандардын гана документтери кабыл алынат. Буга чейин жумушка орношууга уруксат берилген документтер белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот.

ТЕСТТЕН ӨТҮП, АНАН ПАТЕНТ АЛ
Мигранттар патент алуу үчүн орус тили, тарыхы жана мыйзам негиздери боюнча тесттерден милдеттүү түрдө өтүүлөрү зарыл. Бул сынактын татаал экенин эмгек мигранттарынан мурун Орусиянын журналисттери чоӊ талкууга алышкан. Улукбек Бакенов бул тууралуу: "Кээ бирөөлөр бул тестти аябай татаал деп ойлоп жатышат, бирок андай эмес. Биз Орусиянын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен кенен талкуулаганбыз. Алар мыйзамдар жана тарых боюнча негизги деп саналган суроолорду гана беришкен. Өзгөчө биздин мигранттар бул экзаменди тапшыруудан коркпой эле коюшса болот, себеби биздин орус тили жана тарыхы боюнча мектептен алган билимибиз бар. КМШ мамлекеттеринин арасында бир гана Кыргызстанда орус тили расмий болуп эсептелет",- дейт.
Экзамен берүү аӊгемелешүү жана тест түрүндө, ар бири 20 суроодон турат. Мисалы, Орусиянын тарыхы боюнча тестке жооп берүү үчүн мигрант тарыхый даталарды, Орусиянын белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмерлеринин ысымын жаттап чыгуусу кажет болот. Бул тесттерден өткөн алгачкы мигранттардын айтымында, Орусиянын тарыхы жана мыйзам негиздери боюнча түзүлгөн суроолор бир топ татаал. Тесттин баасы
3 миӊден 5 миӊ рублга чейин жетет. Ал эми алынган сертификат 5 жылга жарактуу.
Аталган өлкөгө убактылуу иштөө үчүн барган чет өлкөлүктөр аталган тесттин 40 пайызына туура жооп берсе өттү деп эсептелинет. Ал эми өлкөдө узак мөөнөткө чейин жашайм дегендер 60-80 пайызга туура жооп берүүсү абзел. Орусияда окуган кыргызстандык студенттер менен СССР мезгилинде 1991-жылдын 1-сентябрына чейин орто мектептен тышкары билими барлар жогорудагы экзаменди тапшырбай эле патент алып, ишке орношо алышат.
Тестти Кыргызстанда да тапшырса болот. Ош шаарында Орусиянын социалдык университетинин филиалында миграциялык борбор ачылган. Ал жактан Орусияга барып иштейм деген жарандарга орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча тесттен өтүүгө болот. Мындан тышкары керектүү делген документтер боюнча кеӊеш ала аласыз. Кененирээк маалымат менен mz.gov.kg сайтынан таанышсаӊыз болот.

ОРУСИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ ЖАӉЫ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Арстан Аманов:
– Азыр Кыргызстандамын, бирок мындан жарым жыл мурда Санкт-Петербург шаарында жүк ташуучу болуп иштегем. Орусияда көпчүлүк мигранттар 25-30 миӊ рубль айлыкка иштешет. Анын орто эсеп менен 5 миӊин патентке төксө, 5 миӊин батирине берсе, 5 миӊин тамак-ашка сарптаса, 5 миӊин жол кире жана башка керектүү нерселерине иштетсе, ошондо 5 миӊ рублду үйүнө жөнөтүп калабы деген суроо туулат. Рублдун наркы ансыз да түшүп баратат, мунун баары бизге кыйынчылык жаратууда.
Бурул Токтобекова:
– Тюмень шаарында официант болуп иштейм. Буга чейин 5 миӊ рубль турган «жумушка орношуу» боюнча уруксат кагазын алуу ортомчулардын айынан 30-40 миӊ рублга чейин чыгып кетчү. Андыктан акчасы жоктор уруксат кагаз ала албай мыйзамсыз иштешчү. Эми патент алуу жеӊилирээк болсо керек деп жатабыз.
Назик Алибекова:
– Москва шаарында менеджер болуп иштейм. Тест тууралуу сураштырып, «өтпөй калгандар 2,5-3 миӊ рубль акча берип, сертификат алса болот экен» деп уктум. Өзүм тапшыра элекмин.
Бахтияр Исмаилов:
– Москва шаарында сатуу боюнча менеджермин. Тил, тарых жана мыйзамдар боюнча тесттердин киргизилип жатышына көз карашым түз. Орус тилин билбей, келип иштейм дегендерди түшүнбөйм. Рубль боюнча айтсам, туруктуу жакшы жумушу барлар «абал оӊолот» деп күтүп жатышат. Жарытарлык иши жоктор рублдун курсу түшүп баштаганда эле четинен Кыргызстанга кете башташкан.

9-МАЙДАН КИЙИН АБАЛ КАНДАЙ ӨЗГӨРӨТ?
Кыргызстан быйылкы жылдын 9-майынан кийин Бажы биримдигинин базасында түзүлгөн Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу кириши билдирилген. Бул иш орундалса, биздин эмгек мигранттарынын статусу өзгөрүп, алар патенти жок эле жумушка кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Маалыматты чет өлкөдөн келген жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Бакенов тастыктады. Учурда чет жердик жарандар 7 күндүн ичинде миграциялык каттоодон өтүшү зарыл болсо, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин бул мөөнөт 30 күнгө чейин узартылат.

Тестте тарых боюнча ушул сыяктуу суроолор кездешет:

  • 1812-жылкы согушта кайсы мамлекет Орусияга кол салган? Анда Орусиянын армиясын ким жетектеген?
  • Минин менен Пожарский кимдер болгон?
  • Биринчи космонавт аялдын аты ким болгон?
  • Орусия империясында христиан дини кайсы княздын мезгилинде кабыл алынган?

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(42)
19.01.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келбей эле койгула андан коро айылда кетмен чаап деле иш кылсанар болот
19.01.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа эмне кылуунуда билбей калдык
19.01.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи косманафт аял Валентина Терешкова, калган суроого орустар оздору билишбейт туй Ата.
20.01.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бахтияр Исмаилов туулгандале орусчаны 5ке билет белен,кечээ куну кандай элен,бугун тушунгон адам болуп корунбочу. 5кол тен эмес!!!
20.01.2015. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чёрный списокто экенмин,куйом билет алып кетип атат,менин угушум боюнча список майда алынат дейт,ким билсе жазгылачы сураныч.
20.01.2015. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ чёрный списоктон кантип чыкса болот?ушундай суроого жооп таап беришинерди суранат элем
20.01.2015. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kim seni chernyi spisok dedi. Oshol adamga baryp 1000som berda meni teksherip beriniz desen taptaza bar ketever deit. Alar aldapda koiushat eken akcha alysh uchun.
20.01.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baisal1,
Так маалымат барбы ?
Мультик сыяктуу окулат экен .
20.01.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle, черный списокту,РФнын официальный сайт ФМС деген жеринде озунузду текшергенге боло турган шилтемеси бар.
20.01.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да черный списокто экем, азыр россиянын сургут шаарында иштеп журом, эки жолу штраф алып тологон болчумун, бирок компютерге тушпой калыптыр, эми жакында кетем, жанагы тологон штрафтарымын кифтансяларын фмс ке алпарып очургузуп кетсем, май айында черный списоктон чыгарабы же толобой деле кетип калсам кыргызстандыктарды чыгарганда кошо чыгарабы, эмне кылышымы билбей жатам. Бир жерден окуган элем груба мыйзам бузгандарды чыгарбайт экен, анан случайна эле тушуп калгандарды эле чыгарат экен деп.
20.01.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо мен очургузбой кетип калсам груба мыйзам бузган болуп калам да, а очургузсом случайно тушуп калгандарды катарына кирсем керек, же бары бир штрафты толобой журот деген шылто менен киргизген учун, майда чыгарбай койобу списоктон, билгендер болсо кенениреек жазып коюнуздарчы сураныч.
20.01.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bexa9595, штрафын тологон,180 кунго эле чыгып кел дешкен орустар куйо балабызды,списоктон чыгасын дешиптир эле,КРга кетип кайра кайтаарда списоктон чыкпаптыр келе албай койду Россияга.Андан коро барбайле иштей берсенер майда дагы кудайдын буйругу болоор.
20.01.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштегенден пайда аз болуп жататда курс ылдый болуп ататда которулсо аябай кубанат элем
20.01.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тарыхты орустар оздору жарытып билишпейт. Мигранттар педагог болуп иштейт беле? тарых билгидей... Мигранттар калбайт Россияда интернеттерде баары АКШыга кетерин жазып жатышат. Биз да АКШ тууралуу ойлонот окшойбуз))
20.01.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1812-жылы Россия француз аскерлери менен согушушкан,франсуздарды Наполеон орустарды Кутузов жетектеген,Минин менен Пожарский Москвадан 16 -кылымда литвалыктарды суруп чыгарышкан,Пожарский князь Минин болсо бай көпөс болгон,космонавт Терешкова,христианствону болсо князь Владимир 988-жылы Киев шаары менен кошо кабыл алган,даже мультфильм бар го эстесенер,мен почти даяр эле экем
21.01.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамбет25 сага бугун "беш"даярданып келгенин учун.
21.01.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшысы чыкпай еле кутуп турган онго деп есептейм.......
21.01.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо койгойлуу суроолорго жооп алсанар сонун болмок мисалы майдан кийинки мигранттардын абалы кандай болот? Дегендей тема жакшы коюлган жарытаарлык жооп жок . Супер инфо , сураныч, миграция министринен биир эксклюзивдуу интервью албайсынарбы? Суроону кабыргасынан коюп жоопту нормально алгылачы? А журналистерге бир китепти окушту сунуштай элем "нобелевская премия по се..у"деген мощный чыгарма окугула анан действуете....
21.01.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orhidea83,"нобелевская премия по се..у", китептин толук атын билесизби өзүнүз, толук жазыңызчы, окуйлу. Орусчабы? Кыргызчасынан да сунуштабайсызбы...
22.01.2015. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
narjan, автору Татьяна Луганцева,орусча кыргызча котормосу жок.
21.01.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бринчи сууроо жооп франсия экеинчиге жооп кутузов учунчу жооп Минин и Пожарский — лидеры Второго народного ополчения тортунчу терешкова бешинчи жооп в 988 году князь Владимир "Красное Солнышко"
21.01.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1900жылдан берагынан суроо берсе жакшы болмок экен. Муну ашадан сурасанда билбейт бул суроолордк
21.01.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2015чи жылга чейин патент тапшыргандардыкы патентинин баасы которулбойбу маалыматыныздар болсо айта кетиниздерчи супер?
21.01.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iliaz-91-91, саламатсызбы!
Төмөнкү кабардан жооп ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/97177/
21.01.2015. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жарыталуу так маалымат жокго темасы жакшы коюлган
21.01.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой суроолору оор экен биздин Москвада менеджер болуп иштейм дегендерден Кыргызстандын тарыхын сурасан билбейт 100%
21.01.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
черный списокту озунор ушул сайттан тешерууго болот. http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000
21.01.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...2014 жылы тапшырган патенттер не болот суроогу бутку чейн жарайбы же жаныдан кирди чыкты кылып жасаш керекпи.2014тун патенттери мартка чейн жарайт деп уктум чынбы ошол мартан кийин аннулируйт болот дейт майга чейн иштешта кыйын болбатат.
21.01.2015. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр эле айтып койсо болот кыргыздарга патент токтоду деп
22.01.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен 14-январь куну ММЦ УФМС ке барып патентке тапшырып келдим, тест да тапшырдым ) болгону 20 суроо болду. Эн кызыгы мындай суроо ; Что ел Марат?
А) Шаурму Б) Плов В) Борщ .
25.01.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sa9g_90,Ха ха ха анан сен не деп жооп бердин?
23.01.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенири тапшыраткемда буйурса
23.01.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суппер инфо,майдан кийин чорныйга киргендер чыгат бекен ушул жонундо кенири маалымат бериниздерчи.
24.01.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул суроолоруна орустар оздоруда жооп бере албаса керек
24.01.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо чорный списокту кайсы сайттан билсе болот
25.01.2015. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
milashka9313, саламатсызбы!
http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000
25.01.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 айдан кийин кыйла женилдиктер болоткен да а? Жакшы жакшы
25.01.2015. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолор оңой эмес деле экен мен тапай койдум) мен патент кылбай эле апрелде дагы бир жолу украинага чыгып келет окшойм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо