Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Анжелика, «2014-жылдын сахна ажары»: «АЙЧҮРӨК ЭЖЕ МЕНИН УСТАТЫМ, АНЫ УНУТКАНГА АКЫМ ЖОК»

№637 16-январь-22-январь, 2015-ж

Сахна, үй-бүлө, бизнести бирге алып кетүү көпчүлүктүн колунан келе бербейт. Бул жаатта Анжелика эч кимди алдына салбасы бышык. Бүгүнкү коногубуз чыгармачылыгы, устаты менен болгон мамилеси жана үй-бүлөсүндөгү кызыктар менен кенен бөлүшүп өттү.
– Салам, Анжелика, биздин гезит жакында эле жыл жыйынтыгын чыгарып, сен «Жылдын сахна ажары» аталдыӊ, «Супер ырчы айымды» албай калдым деп капа болгон жоксуӊбу?
– Кандайсыздар? Мен «Супер-Инфонун» «Жылдын супер ырчы айымы» наамын 2005-жылы эле алып койгом. Эстесем, ошол жылы алгачкы концертимди берип, андан башка да көп ийгиликтерди жаратыптырмын. Чыгармачылыкта өзү бир чокуга чыккан жыл болот эмеспи. Менин чокуга чыккан жылдарым 2005-жылдарга туура келиптир. Анан өтүп кеткен 2014-жыл мен үчүн жемиштүү болду. Оюмдагыдай концерт берип, 35 ырым камтылган ырлар жыйнагымды чыгардым. Кыргызстандагы көптөгөн гезит-журналдар жыл жыйынтыгын чыгарып, мени «Мыкты ырчы айым» деп табышты.
– Былтыркы жыл сен үчүн устатыӊ Айчүрөк Иманалиева менен таарынычты жойгон да жыл болду окшойт?
– Ооба, былтыр устатым Айчүрөк эжекем экөөбүз ортобуздагы мамилени бекемдеп алдык. Айчүрөк Асылбековна менин устатым, аны унутканга акым жок. Анын «бул жылы жакшы иштедиӊ, «Мыкты ырчы айым» болууга татыктуусуӊ» деп кубаттаган сөзү бардык ала турган сыйлыктардан да артык болду. Негизи ортобузда таарына турган деле эч нерсе жок болчу. «Эжени мен эмне кылып таарынтып алдым?» деп көп ойлондум. Күйөөгө чыккандан кийин деле экөөбүз мурункудай иштеше беребиз деп ойлогом. Бирок үй-бүлөлүү болгондон кийин баары бир баштагыдай ээн-эркин жүрө албай, жолдошуӊ менен кеӊешкенге туура келет экен. Чындыгында, эже «мен сени ушунча эрте турмушка чыгат деп ойлогон эмесмин» деп таарынып жүрдү. Анжелика деген аттын элге сиӊишине бул адамдын эмгеги зор, аны танбайм.
– Нурлан Насиптин концертинде машинеӊди уурулар талкалап, баалуу буюмдарды алып кетишти эле. Ал иштин жыйынтыгы эмне болду?
– Ал окуя ошол бойдон калды, милицияга арыз жазган жокмун. Көрсө, андай окуя Спорт Ордосунун айланасында көп катталат экен. Мага чейин деле көптөгөн ырчылардын машинесин талкалап, баалуу буюмдарын уурдап жүрүшүптүр.
– "Анжелика атактуулугунун артынан бизнесин жөнгө салып алган" деген кептерге көз карашыӊ кандай?
– Балким, бизнесимдин түптөлүшүнө атактуулугумдун таасири тийгендир, бирок толугу менен деп айта албайм. Бизнесимди жолго салып алганыма аракетим көбүрөөк сарпталган. Эгер атымды пайдалангым келсе, салондорумду, дүкөндөрдү Анжелика деп атап алмакмын. Бизнесте мен башка аталыштарды колдондум.
– Маектериӊде апаӊ тууралуу көп айтасыӊ. Негедир атаӊ жөнүндө кеп козгобойсуӊ, мунун бир себеби бардыр?
– «Атактуулуктун жүгү оор» деп коюшат. Белгилүү болгондон кийин өзүӊ тууралуу жакшы да, жаман да сөздөрдү угат экенсиӊ. Турмушка чыкканда да мен жөнүндө көп талкуу болуп, ушак сөздөрдүн аягы тыйылган жок. Элге чындыкты айтпасаӊ, ушак-айыӊдарга ишенип жүрө беришет экен.
Атам тууралуу өзүмдүн чындыгым бар. Ал аскер адамы, учурда полковник, он жылдан ашуун ушул кызматта иштеп, өзү тууралуу массалык маалымат каражаттарына айтуумду каалачу эмес. Мен апамдын 26 жашында Кудайдан тилеп алган тун наристесимин. Анткени ошол мезгилде апамды «балалуу боло албайсыӊ» деп айтышкан экен. Атам – менин аска зоом, сыймыгым. Бир жолу бутумду аары чагып алып, атам аарынын уусун оозу менен соруп чыгарганы эсимде. Анан да кызым деп мени өзгөчө жакшы көрөт. Атам Ысык-Көлдүн Тоӊ районунун Ак-Сай айылынан, апам Таластын Ак-Сайынан (азыркы Манас айылы). Ошон үчүн да мен дайыма өзүмдү көлдүкмүн деп айтам.
– Сулуу айымдардын ортосунда бири-бирин көрө албастык күчтүү, сен ушундай учурларга туш болгонсуӊбу?
– Бул нерсе айымдардан эмес, адамдын дээринен болуш керек. Сулуу эмес айым болбойт, эгер өзүн караса баары татынакай. Өзүн караган айымдарга башкалар суктанышат, ал эми өзүн карабаган айымдар шылтоо, себеп издешет. Мисалы, кээ бирлер "салонум болсо мен деле кечке сулууланып отурмакмын. Күйөөсү бай да, ошон үчүн салондон салон ачып жүрөт, сулуулугу менен эле сахнада жүрөт" деп айтышат. Ошол кептерге арданбай, кулак сыртынан кетирип коюп эле жүрөм. Балким, аны айткан адам кыялдарын ишке ашыра албай, күнөөнү башкадан издеп жаткандыр.
– Сага журналисттер берген эӊ ыӊгайсыз суроо?
«Намаз окуйсузбу, Кудайга ишенесизби?» деген суроолорго жооп берген жакпайт. Себеби мен намаз окуганымды жарыялагым келбейт. Анан ырдап калсаӊ социалдык тармактардан «намаз окуган кыз узун кийчү, жоолугун чечпечү эле» деген талкуулар кетет. Биздин чөйрөдөгү чыгармачыл адамдардын көбү намаз окушат. Алардын катарында болгондон кийин, албетте, ал нерсе өзүнө тартат.
– Чыгармачыл адамдар жан дүйнөсүн азыктандырып турбаса буулугуп кетишет, сен эмне менен азыктандырасыӊ?
– Клип тартып, ыр жаздырып, телекөрсөтүүлөргө тартылып, гезиттерге маек берип жан дүйнөмдү азыктандырам. Кичине башкача болсо эле жан дүйнөм бөксөрө түшкөндөй сезиле берет. Сүйгөн жумушуӊду жасап, ал пайда алып келсе, адамга эки эсе ырахат тартуулайт эмеспи. Анан досторум, үй-бүлөм менен чогуу эс алам, мына ушундан өткөн жан дүйнө азыгы жок болсо керек.
– Жолдошуӊ өзүӊдөн 12 жаш улуу экенин билебиз, сиз деп кайрыласыӊбы же сен деппи?
– Жолдошум мага сөйкө салып кеткенде эле Урмат деп баштагам. Ага чейин Урмат байке дечүмүн. Анын жубайы болгуча ал мен үчүн жөн эле жакшы сырдаш агалардан болчу. Өзүм теӊдүү жигиттер мени жолугушууга чакырганда «Урмат байке, Анжелика менен киного барып келеличи» деп уруксат сураганда жибербей, "строгий" байке болуп койчу. Көрсө, өзү сүйүп, эч кимди жолотпой жүрүптүр да. Анын жолдошум болуп калары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Тагдыр экен, минтип 8 жыл түтүн булатып, эки чырактай кыздын ата-энеси болуп калдык. Башында менин курбу кыздарым Урматка сен деп кайрыла албай көпкө кыйналышкан, кийин көнүп кетишти. Тааныштарыбыз жолдошума «Урмат брат», "сиз" деп кайрылышат.
– Үйүӊөрдө бул жылы толуктоо болобу? Эки кызыӊа кошуп, балким, эркек балалуу болгуӊ келет?
– Мен экинчи кызымды төрөгөндө катуу кыйналган элем. Ошондо жолдошум «болду, Анжела, ушул эки кызга ыраазымын» деген. «Кыздарым жок кантип жашап жүрдүм экен?» деп азыркыга чейин айта берет. Бирок туугандар «экөө аз, дагы балалуу болгула» деп жатышат. Жолдошум деле «ден соолугуӊа карап, өзүӊ даяр болсоӊ төрөй бер» дейт. Калганы Кудайдын буйругунан да.

"Айчүрөк эже "сени ушунча эрте турмушка чыгат деп ойлогон эмесмин" деп таарынып жүрдү".

"Бүт тараптан колдогон жолдошум, үй-бүлөм менен бактылуумун".

"Кичинемде апама "мен чоӊойгондо жылдыз болом, ошого мени кайтарганга эки жан сакчы төрөп бериӊиз" дечү элем. Апам суранычымды аткарып, мени эки инилүү кылды".


Лунара Бекиева
star@super.kg


Анжелика: "Айчүрөк Иманалиева батасын берем деди"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(165)
21.01.2015. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу да таланттуу да бактылуу да,кут болсун
21.01.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай актаншандай болдуго кантседа эми жарашып алыптыр тузук, чындгында сулуулугуна кеп жок, иш билгилигине да эч нерсе дебейм себеби мыкты иштер жатат, мени бир гана куйунткону дуйнолук мисске катышса КРдин атын чыгармак эми деле кеч эмес чет элдик моделдердин кобунун балдары барго катышып корсо болмок бар жок бар шартты да бар
SUPER.KG видео
21.01.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже азамат! Анжелика сен акчанын кучу менен элесин унун жок сенин!жон эле мактанып чыга бересинби андан коро пайдалу иштерди жаса!бай куйого тийип алып Айчурок эжени унтуп калдынбы .
22.01.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маек супер
SUPER.KG видео
22.01.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынанда комментарий кызык болуптурго ......(((((((&
SUPER.KG видео
22.01.2015. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оооо жакты созу аябай жакшы суйлоптур
SUPER.KG видео
22.01.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарысы эле бай куйоого тийип алып деп жазышыптыр, мен деле бакубат жерге чыккам бирок ырчы эмес жонокой жумушка иштетпей койушту ,бул адамдын тушунугунон жана ишеничинен деп ойлойм. Анжела молодец жолдошуна туура тушундуруп, туура жашап жатат. Мен ийгилик гана каалайм.
22.01.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында айчурок эже эн мыкты ырчы айым анжелика анын шакирти ойлогула бул жерде эч кандай акча жонундо ой болушу мумкун эмес. анан анжелика да жанга жакан сонун ырларды жазып журот андай деген тууа эмес. канткенде да кыргызстанга салым кошуп атат. колдон келсе бизда кошойлу. мындай адамдардан улгу алайлы жакшы жагын уйронолу
22.01.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен баардык чыгармачыл инсандарды сыйлаймын. кээ биролор унунон болбоосо башка жагынан бар жаратканым баарыбызга талант берген
22.01.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжеликанын Бактылуумун деген ыры аябай жакты суппер Анжелика алга.
22.01.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец уау
23.01.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эрди катын бактылуу болгондон кийин башка бироонун иши емне мшайтетип
SUPER.KG видео
23.01.2015. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кыргыздар качан ичи тардыкты койобуз. Бироонун ийгилигин коро албаганыбыз качан токтойт?
23.01.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оозу жакпайт бир кызык. тиштери кыйшакпы.
24.01.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силерге кошулам нормально ыры жок сулуулугу мн жорот окшойт анысында тиши бузат ошентседа ишине ийгилик жана атасына куйосуно рахмат колдогонуна
24.01.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо Кыргызстанда Анжеликадан башка ырчы жокпу, бирдеме окуйун деп кирсен эле Анжеликанын интервьюсу, эл деле тажады окшойт.
24.01.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушу кыздын маектерин окуп, угуп, аябай жактырчумун. Анткени сөздорү адамды муютат. Күйөөсү мейли улуу болсун, атасындай болгондор менен деле жашап жатышпайбы. Бирок,жакында бир сөз угуп, ирээнжип калдым, "Анжелика коомдук жайларга барганда, өзү салам айтмак түгүл, салам айткандардын саламына жооп бербей, басып кетет экен" деген. Мурун сын сөздөрдү көрө албагандар жазат го дечү элем, көрсө кеп өзүндө экен. Кооз сүйлөгөндү эле билет экен
25.01.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге ичи күйгөндөр туз жала дейсиңер, урматтуу Анжеликанын күйөрмандары!? Ар кимдин өзүнүн ою бар, силерге жакса башкага жакпайт. Идеалдуу, элдин баарына жага турган адамдын өзү жок. Жактыргандар гана оюн айтып, башкасы айтпасынбы?
Анжелика сулуу айым, иш билги да экен, менимче. Анын үнү кандай, таланты барбы, аны билбейт экем, себеби мен да бир да ырын уккан эмесмин. Элге кеңири таанымал ыры жок экени
25.01.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика эже сизге эң чоң бакытты.үйбүлөңүзө бакыт каалайм.
26.01.2015. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mdaa
26.01.2015. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjelika sen prosto super yrchy aiymsyn!!!
26.01.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu super.kg portaly,sizderden suranych Anjelikanyn kichinekeindegi videolorun juktop koigulachy?
26.01.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_sulushka, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
26.01.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leili, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.01.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А.Иманалиева Анжеликаны кичине кезинен тарта укмуш кийинтип ырларды дагы жакшы жазып берчу. Суроттон деле коруп турабыз. Бул эмне деген эмгек жана кара жат. Ушул нерсени баалабай акчага козу май баскан Анжелика. А.Иманалиеваны катуу таарынткан. Анжелика озунду озун коз тийбесин сулуумун дегенден тажай элексинби ? Сенден сулуу кыргыздын миллион кыздары журот жоп жонокой, сага просто повезло А.Имаеалаиевага келип. Интервью жакшы бирок баары бир жасалмадай сезилет.Бул менин жеке ойум.
SUPER.KG видео
28.01.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок айымды абдан катуу таарынткансын ага да жооп бере турган кун келет. Жаш болсон да чон энедей суйлогонун такыр жакпайт. Чын эле сенден сулуу кыздар жон эле журбойбу. Анжелика жаштыгына карабай абдан алчная экенин сезилип турат. Унун болсо кууратмак экенсин баардык ырчыларды.Айчурокко чон рахмат де неси болсо да.
SUPER.KG видео
30.01.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акылдуу чеги жок сулуу бактылуу айым Анжелика! унуну эсепке албаганда чындыгында бир ырында укпайм азыр сразу коралбады ана мына деп чыкпагыла мен Анжеликага эч ким эмесмин бул жерге ар бир окурман оз ойюн жазат Анжелика ырдабай деле башка иштери менен кооп ийгиликтерге жетсе болот болгондо сахнада сулуулугу акылдуулугу акчасы менен гана кармалып турат бул менин жеке ойюм
SUPER.KG видео
30.01.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика атактуу адамды деп суйлопсуз сизди эл айтсын атактуу деп сизди атактуу кылатурган элге синген ырыныз жок азырынча озунузду озунуз айткан уйят! мындай коментди ырчылар окуп алып жакпасам корбой кой мени дешет чычалашып биз чужой адамбыз туурасын айтып сындайбызда биз ырчыларды жаман корбойбуз болгондо ттуурасын айтып койебуздааа
01.02.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок Иманалиева эрте куйоого тийдин деп капа болгон да, туура кылган Анжелика за то оз ордун тапты, кыздарга эн биринчи уй булоолук бакыт. Куйоого тие албай жургон кыздар толтура. Г.Садыбакасова беле Дуйшеевага капа болдуго кеч турмушка чыкса деле продюсерлерге акча тап куйоого тийбешин керек экен да
03.02.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!! Дагы дагы коп жакшы жетишкендиктерди каалайм! Ийгилик!
12.02.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликанын уну жок, бир да хит болуп эл оозуна алынган ырын билбейм. Бир гана келбети жакшынакай. И удачно вышла замуж. Акчасы, келбети эле кармап тургандай бул кызды сахнада. Мурун жагат болчу, акыркы убакта инстаграмдан чыкпай кечке эле суротко тушо берген ж.б.у.с жоруктарынан кийин, бул кыз такыр жакпай калды. У меня сложилось такое впечатление что она не совсем искренний человек.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо