Өнүккөн өлкөлөрдү сүрөт-видеодон көрүп калганда, же өзүбүз ошондой жактарга барып келгенден кийин сөзүбүз жомок болуп, тамшанып айтып бүтө албай калат эмеспизби. «Кыргызстан качан өнүгөт? Биз качан көр тириликтин артынан кубалабай калабыз?» деп кыял кура баштайбыз. Былтыркы жылы өлкөбүз биринчи жолу эӊ төмөн кирешелүү мамлекеттердин катарынан чыгып, кийинки тепкичке секирик жасады. Бул да жеӊиш. Ажобуз быйылкы жылды «Улуттук экономиканы чыӊдоо жылы» деп жарыялады. Бул да сөздөн иш-аракетке өтүүгө болгон чакырык.
Кызыктуу макалалардын жаӊы сериясы менен «экономикалык кереметтин» жаратмандарын баяндап берүүнү туура көрдүк. Кыска убакыттын ичинде жакыр өлкөлөр өнүккөн дөө-шаа державалардын жанынан кантип орун таба алышты?
Ирландияны коӊшулары «Европанын оорукчаны, байлардын арасында эӊ жакыр, анын келечеги да күмөн» деп мазактай турган. 1990-2000-жылдар аралыгындагы он жыл... Бул убакыт кичинекей аралга, бийлик менен калкка намыстан ойгонууга жана тездик менен бутка турууга жетишерлик болду.
БИР МИЛЛИОНДОЙ АДАМДЫН ӨМҮРҮН ЖАЛМАГАН АЧКАЧЫЛЫК
1840-жылдардагы «улуу ачарчылык» кезинде башталган жер которуу 1950-жылдарга чейин уланган. Өз мекенинде курсагын тойгуза албай калгандар АКШ, Австралия, Улуу Британия жана Канадага сапар тартып, бүгүнкү күндө кошмо штаттарда эле 40 миллиондон ашуун теги ирландиялык америкалыктар жашайт. АКШнын президенттери болуп турган Рональд Рейган, Жон Кеннеди, керек болсо Билл Клинтондун дагы ата теги дал ушул Ирландиядан болушат. Массалык миграциялык агымга экономиканын чабал болгондугу себеп. Кен байлыктарга кедей Ирландия эки жүз жыл бою мал чарбачылыкка, айрыкча сүт өндүрүүгө таянган өлкө болгон. Аралга Улуу Британиянын колониячыл саясаты да кедергисин тийгизген.
Ирландиянын «экономикалык кереметин» жаратууда өкмөт башчы Патрик Бартоломью Ахерндин эмгеги мол болгон дешет. Ал аталган өлкөнүн министрлер кабинетин 1997-2008-жылдар аралыгында башкарып турган.
МАЛЧЫЛАР САРАЙДАН ОКУУ ЖАЙГА ЖӨНӨШКӨН
1960-жылдарда аталган өлкөнүн бийлиги билекти бекем түрүп, чоӊ реформаларга киришкен. Орто билимди алуу милдеттүү деп жарыяланып, акы төлөп окуу жоюлган. Өкмөт бюджеттин тартыштыгына карабай жыл өткөн сайын кесиптик-техникалык окуу жайларга бөлүнгөн каражатты көбөйтүп турган. Билим берүүдө өнөр жай жана компьютердик технологияга артыкчылык берилген. Ал кезде ар бир онунчу окуучу гана университетке тапшырса, азыр ирландиялык окуучулардын дээрлик бири калбай дипломдуу болуу дымагын ишке ашырат. Квалификациялуу кадрларды даярдоо менен өкмөт өлкөдөгү жол, көпүрө, портторду оӊдоодон өткөрүп же жаӊысын кура баштаган. Реформанын негизги бөлүгү салыктарды кескин кыскартуу менен капиталды өлкөгө алып келүүдөгү административдик тоскоолдуктарды жоюуга да багытталат. Бизнес ачуу үчүн керектелген процедуралар өтө жөнөкөйлөтүлгөн. Инвесторлорду тосуп алууга кулач кенен жайылат.
ИРИ КОМПАНИЯЛАРДЫН БОРБОРУНА АЙЛАНУУ
Чет жердеги ири компаниялар күттүргөн эмес. Биринчи болуп АКШнын фармацевттик компаниялары менен IT-гиганттар көчүп келишкен. Microsoft, Google, Apple, Dell, Intel, IBM, Panasonic, Fujitsu, Motorola – бул Ирландияда ишин алып барууну чечкен 300дөн ашуун ишканалардын чети гана. Анын артынан 400дөй дүйнөлүк банк өз өкүлчүлүктөрүн ачышкан. Мунун баары миӊдеген жаӊы жумуш орундарын түзүүгө жол ачкан. Иш издеген мигранттар да келе баштап, 2007-жылы аралдагы ар бир онунчу киши сырттан келгенин айткан.
«Кельт жолборсу» деп атыккан Ирландияны «экономикалык керемети» жогорку технология продукциясын экспорттогон эӊ ири мамлекеттердин бирине айлантты. Мисалы, Европада сатылган
компьютерлердин ар бир үчүнчүсү Ирландиядан чыгат. 2000-жылы аталган өлкө ички дүӊ өндүрүмүнүн көлөмү боюнча, Улуу Британия менен Германияны чаӊында калтырган.
Бирок 2008-жылкы дүйнөлүк каржылык каатчылыкта Ирландия чоӊ зыян тарткан. Ошентсе да акырындык менен аталган өлкөнүн экономикасы Европалык союздун жардамы менен өз калыбына келип жатат. Эӊ башкысы, аянты жагынан Кыргызстандан үч эсе кичинекей Ирландия кыска убакыттын ичинде дүйнөгө өзүн жар сала алды.
Эльвира Караева
koom@super.kg
Ката оңдолду, рахмат!
муну айтканымдын себеби :Биз соз менен аябай чон иш баштайбыз ..бирок аягында да соз менен буторуп коебуз..башкача айтканда коробойбуз...Биз дагы иш жузуно ашырып онугуп кетсек жакшы болмок