МЕНИН ДА БАКТЫЛУУ БОЛГУМ КЕЛЕТ!

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

Сүйөм, жаным! Бул сөздөр кулагыма өөн угулат. Уккан сайын жүрөгүм дүрт этип, маанайым дароо түшөт. Мындай сөздөрдү көп угуп, анын айынан запкы тартканым үчүн башка бирөөлөрдөн уксам дагы итиркейим келип кетет. Аткарылбаган убадалар адамдарга болгон ишенимимди түп-тамырынан жок кылды, айрыкча жигиттерге болгон ишенимимди. Жаш туруп тагдырым талкаланды, көкүрөгүм музга айланды. Мындай таш жүрөк болуп, кайдигер адамга айланышыма сен күнөөлүүсүӊ. Сүйүү күнөөлүү. Бал тилге алданган, сезимин башкара албаган өзүм күнөөлүүмүн. Ата-энем кызыбыз окуп жатат, келечекте эл адамы болот деген тилек менен жүрөт. А мен болсо алардын да, өзүмдүн да үмүтүмдү ташка чаптым. Мени мындай тагдырга салган адам жыргап жашап жүрөт. Аны угуп, көрүп калганда жашоонун адилетсиздигине нааразы болом. Жашабай калса кана мындай айбандар! Менин мындай кайдигер адамга айланышым мындайча башталды.
Бүтүрүү кечесин алып барганга алып баруучу издеп жатканбыз. Классташтар борбордон Искусство институтун бүтүргөн бир жигитти сунуштап калышты. Аны мен бүтүрүү кечесинде көрдүм. Көрдүм да арбалып калдым. Анан телефон аркылуу сүйлөшө баштадык. Күндө мен өмүрү укпаган кооз сөздөр менен СМС жазып жиберет. Жакшы сөз жанымды эргитип ал айткан кесипке тапшырмай болдум. Борборго келип окууга өтүп, жатаканада жашап калдым. Күндө кечинде келет. Бал тили менен өзүнө ишендирип арбай берди. Ал учурда мен дал ошондой жигитти кыялданып жүрчүмүн. Шаарда үйү бар, сулуу, автоунаасы, иштеген иши бар. Көктөн тилегеним жерден табылып, ал эмне айтса да мен баарына макул болууга даяр элем. Азыр болсо, балким, тереӊ ойлонуп кадам таштамакмын. Ал учурда жаӊы гана мектепти аяктап, эне сүтү оозумдан кете элек 17 жаштагы секелек кезим. Балалык сезим, кыял менен жашачумун. Кечки Бишкекти машина менен кыдырганыма бактылуумун.
Бир күнү Бишкектин сыртына чыктык. Ызгаар суук. 13-январь. Менин идеалдуу мырзам мага үӊүлө карап:
– Жаным,- деди.
– Оу,- дедим эреркеп.
– Сен мага жагасыӊ...
Үнсүз туруп бердим. Кучагына бек кысты да, алкымымдан аймалай баштады. Алгач ирет жигит эрининин даамын татып жаткам, каршылыксыз баарына багынып бердим. Көрсө, ал мени кооз сөздөрү менен арбап максатын орундатууну көздөгөн экен. Жатаканага жеткирди да, кетип калды. Күндө жазылчу СМСтен кабар жок. Телефону өчүк. Ошондон бери жашоом тозокко айланды. Эч кимге ишенбей калдым. Сабагым да калды, мен сага окшогондордун куурчагы болдум. Мындайда биринен сала бири чыга берет экен. Эми жолун таппай калган жолоочудай алды-артымды элеӊдей карайм. Мени бул ордон чыгарып кете турган адам барбы деп ойлойм. Менин да бактылуу болгум келет...

Айка

lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
26.01.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт кушу коноруна ишениш керек
26.01.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
och al!!!
26.01.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркекке ишенгиче эки босого ишен, дейт беле
26.01.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бироосуно куурчак болгонун жетээр эле,башкаларына да неге куурчак болосун.
26.01.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигитке тан калам эме пайда бироонун убалына калып.
26.01.2015. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун ХХХ ХХХ ушунча женил болосунбу
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-27 11:12:10
27.01.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bema_bema, кемсинтүүгө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
27.01.2015. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эхх ушул эркектер . менда жолдо жалгыз калгам , бирок ойлонуп окуумду улантып кеттим . бирок "суйуу " деген нерсе куткон сайын корунбойт жалгызмын. ишенем бироо да мени кутуп жургонуно
27.01.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен болбосон башкасы деп) эле кете бериш керек ,
27.01.2015. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени ким бактылуу кылат,деп отура бербей,кайратту бол,сен кайраттуу болсон бакыт бир куну болбосо бир куну конот.Ар бир адам оз бактысын озу курат.Окуунду ийгиликтуу аяктап,бутуна туруп, ийгиликтерге жетишсен,андай эркектерди чекесинен чертип таап аласын.
27.01.2015. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунун кумарын кана ойлогон эркектен эртерээк кутулганын жакшы болду.Баарына жалдырабай,сага жалдырагыдай кылып озунду тын алып жур.Бул жашоо,жаштык бир келет,ошону андайларга коротпо.Оптимистик маанайда,мен сулуумун,мен бактылуумун десен айлана чойроно да ошондой сезилесин.
27.01.2015. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айлайын жаштар биз каяка баратабыз? Уксан эле Алдан кетти (Сен озун алдаган жок белен башка бироону)! Улуулардан сабак алыш керек мурда оозунан опмок тургай колунан кармаганда уялышчуу экен, кыскасы ыйман бар болчу.
27.01.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айка экообуздун тагдырыбыз кичине болсо дагы окшошуп кетет экен... бирок сеники меникине караганда кичине болсо дагы женил экен.... Азыркы учурда мен депрессияда журом....Сенин абалынды аябай жакшы сезип атам... Азыр анын куну болуп атат,коркпо бир куну сенин да кунун келет.... сени менен ачык суйлошкум келет... Мага номеринди жазып жиберчи ээээ....Кутом
27.01.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиси алдаптыр а экинчилерине кайталантпа да, биринчисинен сабак ал
27.01.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял заты кулагы менен суйот. Дегени чындык экен
27.01.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шайтанга азгырылган кыз экенда бир адашкандан кийин козу ачылыш керекда значит озу каалаптырда тим болбостон куурчак болуп...
27.01.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сени бул оордон мен чыгарып кетейин мага жолукчу
28.01.2015. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга озундон башка эч кимди куноологонго акын жок,ушундай заманда да бироого ишенип болобу? Жашоодо ар кандай сыноолор болот, сынбай жакшы келечек учун умуттонуп жаша.Кайрадан каталычык кетирилишине жол бербе.
29.01.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айка капаланба жашоосунан жанылбаган бир да адам жок болуш керек деп ойлойм ,так что озунду колго алышка аракет кыл , андай нерсе дагы кайталанышына жол бербе сезип жатам бир кун келип сенда бактылуу болосун :)
29.01.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылсыз кыз экенсиң, сендей байлыкка кызыккандар көбөйүп, тагдырына таарынгандар толтура го.
Окууңду улант, өзүң билесиң башка айлаң жок да
30.01.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ ушул кыздар сулууга байга алданбагылачы ансыз деле эркектен аял коп. баркыбызды тушурбойлу. суйлошуп суйушсо эле акырына жете тушосунор. кармангыла намыс керек намыс.
30.01.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшеги ылайдан откучо деген болуптурда,сени ушундай жолго таштап кеттиби эки дуйно жарыбайт,ал кылганы сага сабак болду эми козун ачылыш кк,мени айтты дейсин сага да бир кундору жаркырап кун тийет.
30.01.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азырда кеч эмес, жашоо улана берет,бакыт кушу конот бир куну, жакшы жолдо жур
01.02.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
милицияга арыз жаз. алар корсотуп коет кыз зордуктоо кандай болоорун.сага кенешим ошол.Арыз жаз Арыз
28.03.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр ишениш кыйын адамдарга

16.10.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карап корсом эркеке ишенбегин андан коро эки босогого ишен деп комментарии калтырыптыр
Анда сен атана байкене инине чон ата чай атана тагана тайкене кызкасы ушул сыяктууларга да ишенбе макул айтаар создон мурда кооп ойлон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо