2 ЖАШТАГЫ НАРИСТЕНИН ЗОРДУКТАЛГАНДЫГЫ ТАСТЫКТАЛДЫ

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

10-январь күнү туугандары тарабынан сабалып, оор абалда ооруканага түшкөн 2 жаштагы наристе дале комадан чыга элек. Анын мындай аянычтуу тагдыры коомчулук арасында кызуу талкууну жаратууда.

ЖАКТООЧУ НААРАЗЫ
Өткөн саныбызда 2 жаштагы наристе катуу сабалып, зордукталган белгилери менен оор абалда ооруканага түшкөнүн жазган элек. Аны сабаган деп айыпталып, наристенин атасынын аталаш агасы Жанабек Түлебеков менен анын жубайы Айзада кармалган.
19-январь күнү ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов «Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. 2 жашар наристенин сабалып жана зордукталгандыгы аныкталды» деп билдирди. Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын жактоочусу Байыш Кыдыралиев экспертизанын жыйынтыгына нааразы экенин айтып, «бул бир эле дарыгердин көрсөтмөсү, атайын комиссия түзүлүп, алар баарын кылдат карап чыгышсын» деген сунушун айтууда.

«УУЛУМДУ АПАСЫНАН 2 АЙЛЫГЫНДА АЛГАМ»
Дагы деле комада жаткан наристенин атасы Назарбай Түлебековго байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Уулумдун ушул абалга кептелишине мен күнөөлүүмүн. Өзүмдү актагым келбейт, актанууга акым да жок. Аялым экөөбүз бири-бирибизди жакшы билбей эле баш кошуп алыптырбыз, никебиз көпкө узаган жок. Ажырашканыбызда анын 3 айлык боюнда бар экен. Уулум төрөлгөндө апасы аны 2 ай эмизип, карап берди. Аялымдын мурунку турмушунан 3 баласы бар болчу. Уулумдун апасын кээ бир маалымат булактары Орусияда деп жазышыптыр, ал өз өлкөбүздө эле жашайт. Уулумду өзүмө алып, экинчи жубайым экөөбүз карачубуз. Тагдыр экен, экинчиси менен да ажырашып кеттим. Курулушта иштегендиктен баламды жалгыз кароодон кыйналдым, анан агамдан жардам сурагам. Алар каршы болбой, өткөн жылдын ноябрь айынан бери карап жатышкан.
Башында уулума күнүгө барып турчумун, бирок келип-кеткенде ал мени ээрчип ыйлап, куса болуп ооруй да баштаган. Анан агам «Баланын жүрөгүн оорутуп көп келбей эле койчу. Андан көрө телефон аркылуу байланышып тур» деди. Ошондон кийин уулума кез-кезде эле барчу болуп калгам. Акыркы жолу аны бир жарым ай мурун көргөм. Телефон аркылуу акыбалын сурап турчумун.

«ЖАРААТТАРЫН КӨРҮП НЕС БОЛДУМ»
– 10-январь күнү түнкү саат 11лер чамасында агам телефон чалып, "тезинен кел, балаӊ ооруп калды, денесин калтырак басып жатат" деди. Үйгө киргенимде уулумдун кебетесин көрүп жүрөгүм оозума тыгылды. Бети-башынын баары тытылып, канжалап, кырылдап араӊ дем алып жатыптыр. Сураштырсам, «тепкичтен кулап кеткен» дешти. Шашкалактап ооруканага алып барайын деп кийинтип жатып анын денесиндеги жарааттарды көрүп нес болдум. Башы жарылганын да байкадым. Абалы аябай эле оор болчу. Уулумду ооруканага алып келдик.

«ЗОРДУКТАЛГАН ДЕГЕНИ АКЫЛЫМА СЫЙБАЙ ЖАТАТ»
– Дарыгерлер милицияга кабар беришиптир. Агам, жеӊем үчөөбүз түнү менен суракта болдук. Мен отурган бөлмөнүн жанындагы бөлмөдө жеӊем да суралып жаткан. Мага анын сөздөрүнүн баары угулуп турду. "Ичи катып, дааратканага бара албай кыйналчу. Анан мен манжаларым менен чукуп, заӊын чыгарчумун. Клизма да жасачубуз. Шоктонгондо тарбиялоо максатында уруп койчубуз. Зордуктады деген туура эмес" деп айтып жатты. Баламдын ичи катканын, ал кыйналып жүргөнүн эмнеге мага айтпаганына түшүнбөй жатам. Агам менен жеӊем баламды уруп жүрүшү мүмкүн, бирок аны зордуктаган деген нерсе акылыма сыйбай жатат. Кантип андай жолго барышсын? Иликтөө иштери аягына чыкканда баары ачыкталат. Зээнди кейиткени, суракка алганда мага орган кызматкерлери "балаӊ эси ооп жолдо келе жатканда зордуктадыӊ" деп ойго келбеген нерселерди моюнума илүүнү көздөштү. Балам өлүм менен жашоонун ортосунда калып кыйналып турсам, ушундай жагымсыз нерселерди айтып, телефонумдан туугандарыма ар кандай СМСтерди жиберип жатышты. Бул жерде күнөөнү зордоп бирөөнүн моюнуна илиш эмес, кылмыштын бетин ачып, чындыкты ачыкка чыгаруу керек да. Мен үчүн учурда эӊ негизгиси – уулумдун сакайып кетиши. Ал менин жалгыз байлыгым, бакытым. Эми аны эч кимге бербейм, куса болуп мени күтүүсүнө да жол бербейм. Өзүм 11 бир тууганмын, азыр уулумдун дары-дармегин берип, бир туугандарым менен кезектешип анын жанында болуп жатабыз.

"НАРИСТЕ ӨЗ АЛДЫНЧА ДЕМ АЛУУДА"
Борбордогу 3-шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Кагарлицкий төмөнкүлөрдү билдирди:
– 16-январдан баштап наристе өз алдынча дем ала баштады. Андан башка олуттуу өзгөрүү жок. Учурда аны комадан чыгаруу үчүн бардык аракеттер жасалууда.
Кылмышка шектелип кармалгандардын 5 кызы бар. Алардын улуусу 16, кичүүсү 5 жашта. Жашы жете электер менен иштешүү инспекторлору алардын ата-энесинен жапа чеккен, чекпегендиги
туурасында да иликтешүүдө.
Буга чейин деле балдарды коргоо тууралуу демилгелер көтөрүлүп, ага жетишерлик көӊүл бурулбай келген. Бул үрөй учурган окуядан кийин балдарга карата зомбулукка өлкө жетекчилиги да көӊүл буруп, президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев балдарды коргоону күчөтүү керектигин билдиришти.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(71)
27.01.2015. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul ХХХХ eldin aslduna alip chigip kim jaza bergisi kelip jatat dep surasa maga bergile men jazasin berem demekmin,ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ gannibal degen kino bargo oshondogudai
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-27 10:38:31
27.01.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sarishka, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрду жазуудан алыс болууну сунуштайм!
27.01.2015. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudaium jardam berip bala jakshi bolup ketsin
27.01.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгыпле кетсин бечара балакай
27.01.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак адамдар
27.01.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuch, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
27.01.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым, куйдайым өзу шыпасын берсиң наристеге
Тиги эки акмака жакшылап жаза бергилге акча берсе койберип жибербей.
27.01.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристе сакайып кетсин. Тообо ушундай да адамдар бар экен, мин наалат аларга,жазаларын алышса экен
28.01.2015. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai ozun daarysyn ber nariste aiygyp ketsin.kop adam suranyp jatat.okugan saiyn kozumon jaw ailanat.
28.01.2015. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун чет жерде иштегенден көрө балдарынын жанында эмгектенген жакшв
28.01.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне баласын озу ачка калган кундо да эч кимге ишенип таштабаш керек,мен бул баланын энесин ЭНЕ деп айткым келбейт,бирооно кор бала бирооно зар бала дейт баардыгына энеси куноолуу,жазасын Аллахым озу берсин.
28.01.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деги ушундайларга качан жаза колдонулат олум жазасын киргизиш керек болуп калды го ато кобойгондон.кобойуп барат
28.01.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АстафирАллах!!! Бул эмне деген шумдук. Акыркы мезгилдерде адамдар айбандан да хуже болуп баратабыз! Ушул эки жашар наристени ушунча токмоктогонго кандай колу барды кантип конулу тутту урганга. Бироого ЗАО, бироого кор дуйно деген ушулго сыягы. Жан кейитерлик иш кылышыптыр. Наристенин омурун берсин эн негизгиси. Тиги макулуктарды жараткан Аллах ОЗУ кечирсин
28.01.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndai ХХХ ХХХ rewkaga tygyw kerek. Al potsanda ne aiyp blin.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-28 17:20:19
28.01.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurjigit.Kg, этика нормаларын сактаңыз!
28.01.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орган кызматкерлери ишти кылдаттык менен караныздар бул жерде коптогон жарандын омуру турат.жана ибрагимдин мындан ары жашоого оболго тузулуш керек.
28.01.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи уйлонгондо эле 3 баласы бар катынга уйлонуптурбу?
29.01.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э кудай кыргыздар каяка баратабыз?ушундай зоокур мыкаачы адам болуп?мындай шумдуктарды европеецтерден укчу элек эми биздин элден кун санап угуп атабыз.Айбандар экен адам эмес
29.01.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туф туф кудай сактасын бала жакшы болуп кетсин!Кичине балада эмне куноо!
30.01.2015. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп жатып козумон жаш тамып кетти. Байкуш наристеге Аллахым жардам берсин.
30.01.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкаачылар олтуруш керек мындайларды
30.01.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге президент жана депутаттар педофилдерге олум жазасын чыгарбайт, уктап жата беришеби, кастрация жана олум жазасын колодонушсун!!
30.01.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атсын
31.01.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткандан озун шыпанды бер тезиреек айыгып кетишин тилейм
31.01.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экспертизаны спермадан такташ керек экен
01.02.2015. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир бала оз ата-энеси менен чонойсо экен
01.02.2015. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде куч органдары аябай начар иштешет,порядок жок.Коррупция онуккон.Эртен эле акча менен бутурот,ош менен унутта калат бул окуя.Реформа жургузуу керек,мисалы Россиядагыдай.А то кайталана берет,мындай кылмыштарга катуу чара корбосо.Бул кылмыш учун пожизненное заключение вообщето.
02.02.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Damira87, natu, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
04.02.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул не дегендик аа
07.02.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман адеп ислам Дини жок бир тууган катуу жазалоо керек кийин уланбасын таш баранга алуу керек
25.02.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы куйосуно ошол жолго барусуна жол берген акылы тайкы неме го озунуку жарабай калган го ишке болбосо кантип карап турду дей да. А куйосун малча чымчытып туруп зонага кошуп ийиш керек ал жактагылар эсебин табат.
26.02.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордуктаган кишини пычтырып салсын эн соонун жаза болот! куноого белинден баткыр акмак!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо