Светлана Аширова: «ӨЗҮМДҮ ЫРЧЫ КАТАРЫ СЫНАСАМ ДЕЙМ»

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

Бүгүнкү каарманым цирк ханышасы, балерина, бийчи, актриса, «жакында чоӊ сахнага ырдап чыгам» деген максаттары бар бийкеч Светлана Аширова. Ал Мирбек Атабековдун «Алдадыӊ» деген ырынын клибинде өз тоюнан качып кеткен кыздын ролун жараткан. Светлана мындан сырткары кинолордо роль аткарып элге таанылып келет.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Түп району
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 27-март
Билими – Чолпонбай Базарбаев атындагы хореографиялык училищенин бүтүрүүчүсү
Катышкан клиптери – Мирбек Атабеков, «Алдадыӊ», Замир Мырза, «Сүйүүгө таазим», Данияр Эрматов, «Сага» жана башкалар
Тартылган тасмалары – «Салам, Бишкек!», «Жаӊгак токоюнун элеси»
Билген тилдери – Орус, англис, француз, казак, өзбек, испан тилдеринде эркин сүйлөйт
Учурда – Балерина, бийчи, фотомодель, актриса

Куш келипсиӊ, Светлана! Сенин көп кырдуу талант экениӊди билебиз. Азыр кайсы кесипти аркалап жатасыӊ?
– Саламатсыздарбы? Туура баамдадыӊыз, мен көп кесиптин ээсимин. Баарына жетишиш кыйын, унутуп калбаш үчүн кайсы күнү эмне кыларымды алдын ала дептериме жазып алам. Күттүргөндү жаман көрөм, ошондуктан бүгүн маекке эртерээк келип, кеӊсеӊиздердин сыртында күтүп, сиздер айткан убакытта кирдим (күлүп).
Кесибим тууралуу айтсам, искусствонун бир топ тармактарында эмгектенип келем. Учурда кыргыз циркинде жигитовкада солистмин, аттар менен оюн көрсөтөм. Аны менен катар аба гимнасты болуп иштейм. Биз циркте камсыздандыруусу жок иштейбиз. Өмүрүӊө коркунуч жарала турган трюктарды жасасаӊ, ага өзүӊ гана жооп бересиӊ. Даярдануу учурунда бутуӊду чоюп аласыӊ, же аттан кулап түшүп бутуӊ сынып калат дегендей, айтор, жаракат алган учурлар көп эле болот.
– Сага көп кырдуу талант ким тарабынан өткөн?
– Мен 8 жашымда балдардын «Рабаят» берүүсүн алып барып иштегем. Негизи эле мендеги артисттик өнөр бала чакта эле ойгонгон. Анан да менин искусствого болгон кызыгуумдун ойгонушуна апамдын кошкон салымы чоӊ. Анткени апам Айнаш Аширова Куурчак театрында көп жыл эмгектенди. Учурда КТРКнын «Дөөлөт» студиясында үн режиссёр болуп иштейт. Менин балалыгым Куурчак театрында өттү десем болот.
– Алма сабагынан алыс түшпөптүр да?
– Ооба, апам мени катуу, бекем тартипте чоӊойтту. Оюнчук эмне экенин билбей өстүм. Көпчүлүк убакта ийримдерге катышып, окуум менен алек болуп жүрчүмүн. 3 жашымда тамга таанып, 4 жашымда китептерди шар окуп калгам. Андан сырткары апам мени балетке берген, учурда циркте аба гимнасты болуп иштегеним да ошондон. Кээде мен деле кадимки балдардай болуп көчөдө ойногум келчү, терезеден теӊтуштарымды көрүп апама «эмнеге мени жөнөтпөйсүӊ?» деп наалый берчүмүн. Ошол маалда апамдын менин келечегимди түптөөгө болгон аракетин жаман көргөн экенмин.
Бир жолу апам «ойноп кел» деп 1 саатка жиберген, мен аны унутуп калып кечинде үйгө келсем, эшикти ачпай койду. Подъездде отуруп алып ыйладым, ошол кезде «апам мени таштап кетип калыптыр» деп ойлосом керек да. Жарым сааттан кийин эшикти ачып, «мен сени канча убакытка жибердим эле, азыр саат канча болду, карачы?!» деп аябай жемелеп, эшикти жаап кирип кетип калды. Дагы 40 мүнөттөй эшикте турдум, анан «экинчи мындай жоругуӊду кайталабайсыӊ» деген талап менен үйгө киргизген. Ошондон кийин балдар менен ойносом да, улам-улам колумдагы саатты карай берүүнү адат кылып алгам.
– Айрым мырзалардын колунан келбеген ат оюндары менен алектенүүӊө, кара күчтү талап кылган аба гимнасты болушуӊа апаӊ кандай караган?
– Апам кичинемден эле мага атанын да, апанын да тарбиясын берип чоӊойтту. Балетке барып жүргөндө «өзүн-өзү коргогонду үйрөнсүн» деп мени айкидого да берген. 3чү же 4-классымда болсо керек, жакын тууган инимди чоӊ класстагы балдар опузалап жатканда аларды сабап салганым эсимде. Анда да апам чыйпылыктап, «кой, бул эркек болуп кетет» деп башка ийримге берген. Мен «бул эркектин кесиби, бул айымдын кесиби» деп бөлбөйм. Мисалы, бизде бодибилдинг менен машыккан айымдар аз. Бул спорттун түрү менен 3-4 жылдан бери профессионалдык деӊгээлде машыгып келем. Бодибилдинг боюнча Кыргызстандын атынан эл аралык турнирлерге катышкым келет. Негизи эле бизде чымыр денелүү, келбети келишкен, спорт менен машыккан айымдар аз. Өзүм чет өлкөдө цирк боюнча гастролдоп көп жүргөнгөбү, ал жактагы айымдардын спортко болгон мамилесин көрүп таӊ калам.
– «Жакында чоӊ сахнага ырдап чыгам» деп даярданып жатыптырсыӊ?
– Ооба, жакында өзүмдү ырчы катары сынап көрөйүн деп жатам. Бизде саны бар, сапаты жок ырчылар көбөйүп кетти. Албетте, аларды сындагым келбейт, бирок эски элдик ырларды жаӊылап, бузуп ырдагандары жакпады. Мен вокалдан сабак алгам. 5-6 ыр жаздырып койгом, угармандар угуп, өздөрү баа беришсин, алдын ала мактангым келбейт.
– Актёр Канат Абдрахманов менен тасмага, клиптерге чогуу тартылганыӊданбы, көпчүлүк экөөӊөрдү жашоодо да кыз-жигит деп ойлошот экен?
– Ооба, Канат экөөбүз Мирбек Атабеков, Данияр Эрматовдун клиптерине, «Салам, Бишкек!» тасмасына чогуу тартылганбыз. Канатты биринчи жолу Мирбектин клибин тартуу учурунда көргөм. Билбейм, бул жөн гана дал келүүчүлүк болсо керек, эстесем, чындап эле көп жолу чогуу тартылыптырбыз. Бирок биз жакшы достордонбуз, ал жакында эле Кытайга барып Жеки Чандын киносуна тартылып келди, менин Кореядан келгениме аз эле болду.
– Жеке жашооӊдо абал кандай? Сендей ажарлуу кыз бойдок болбосо керек?
– Мен 2009-жылы турмушка чыккам. Жолдошум чет өлкөдө көп жүрөт, мен да гастролдор менен чыгып, айтор, көпчүлүк убакта экөөбүз эки жакта болуп калабыз. "Алыстык мамилени бузуп коёт" дегендей, биз ошол аралыкты кыскартканга аракет кылып жатабыз.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

"Канат экөөбүз кыз-жигит эмеспиз, жакшы достордонбуз".

"Циркте көрсөткөн трюктардын баары күчтү, шамдагайлыкты талап кылат".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Кээ бир ырчылардын аты эле болбосо, үнү жок" дейт Светлана Аширова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(67)
26.01.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбой калдым. Ошондо жолдошу азыркы учурда барбы же жокпу..
Мен бул кызды бойдок деп ойлоп жургом.
27.01.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanat4ik, турмушка чыккам деп журот го...
26.01.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээээй Тобоо...
Мактанат дегендерге жана ошончо тилди кантип билсин дегендерге Тобоо дедим...!!!
Силер да 5-6 тилди билгиле, окугула...
Тил билуу бул да болсо чон жетишкендик.
Бул адамды жакындан билбеген сон эмне кыласынар бироону жамандап.
Мактансада озунун иши...
Мен лично билбесем да, бул айымдын акылдуулугу, кылган иши м.н жакты..

26.01.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Bella-life сиздин жылуу создорунуз учун рахмат)) Чынында айта кетсем кеп тил жонундо эмес,кеп биздин алтындай болгон Кыргызстаныбыздын атын жана желегин чет мамлекеттерде желбиретип чыгарууда болуп жатат..
26.01.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайм буйруса ырларындыда угуп калат экенбиз. Бироонун ийгиликтерин коро албагандар, озунун колунан эчнерсе келбегендерго деп эле койдум.
26.01.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушундай тогорогу топ келишкен кыздар коп болсун....азыркы заманда озунду озун мактабасан,сени эч ким мактабайт...эн туура болгонун болгондой айтыптыр....
26.01.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Охоо,эжекебиз коп тил билет турбайбы,онорунуз оркундой берсин.
26.01.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маекти окубадым, коменттерди эле окудум. Көп тил билгенине таң бердим. Кантип эле? Неси болсо дагы бакыт каалайм! Чыгармачылыктарына ийгилик!
SUPER.KG видео
26.01.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Светлана сен эч кимдин созуно конулунду тушурбо,туугандар биз эмне учун онукпойбуз ушундай таланттуу,татыныкай кызыбызды которгондун ордуна ушинтип кайра артка тартып атканыбыз учун андан коро которбойсунорбу, ичинер куйуп атса суу ичкиле ,азыр биздин циркте эч ким калбады,ушинте берсенер бул кызыбыз да кореага кетет анан ошол жактан которулгондон кийин, жанагы ичи куйуп аткандар светлана биздин кыргызстандык деп калышат город 312 групасын,виталий кличкону деле айтып журушпойбу светлана ийгилик!
SUPER.KG видео
26.01.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейди да калп кулосун деп журуп, америкага кетип калды,жакында мен озум уктум кыргызча ырларын англисчеге которгонун ал да ошол жактан чыгат, анан бул биздин кыз кыргызстандык деп калышат жанагы ичи орттонуп аткандар
27.01.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демек уй булолуу экенда? коздору жагат.
27.01.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеке жашоонузда жана суйгон жумушунузда коптогон ийгиликтерди багындыныз.Апасы мультиктерде ун коштойт адашпасам.Таланттуу адамдын кызы
27.01.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Angel92,Жылуу калоолорунуз учун Сизге чон рахмат! Мен дагы сизге дем жана куч кубат каалап кетмекчимин!
27.01.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз коп тил билсениз озунузго жакшы.Башкалар коро албай эле суйлой беришет.Бул биздин канда бар.Ошого болбогон создорго маани бербей койгонунуз туура.
Эн негизгиси бактылуу болунуз.Ар бир ишинизди ийгиликтер гана коштосун!
27.01.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza88, кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайбыз.
SUPER.KG видео
27.01.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында коп кырдуу талант экенсиз. Дагы да коптогон ийгиликтерди багынтып, желегибизди желбиретип журо бериниз...
SUPER.KG видео
27.01.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец кыз экен таланттуу жана билимдуу.Циркти ошо менен бирге коп тилди оздоштуруп келаткан.шоу бизнеске да аралашып. Голосу соонун экен.Мен суктандым бул кызга.
27.01.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптурю Иштеринизге ийгилик каалайм. Кыргыздын желегин желбиретип журо бериниз.Силерди чондор баалабаса да Кыргыз элибиз баалайт. Чыгармачылык ийгилик. Унунуз да жакшы экен. Сары чачыныз менен коруп такыр коно алабай койдум, кара чачыныз жакшы жарашат....
27.01.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец кыз экенсин сага ийгилик каалайм. Кинодогу ролун коруп жактыргам таланттуу кыз экен деп сонун аткаргансын, аракетчилигин жакты менин да кызым бар буйруса сендей кылып турдуу ийримдерге берем деп атам сенин коп кырдуулугун жакты кыскасы жакшы соз жана жакшы каалоолорду каалайм, уй булон жонндо айтып берсен болмок жолдошун бала чака дегендей. Иий баса атын неге Светлана кыргызча эмес дегеним. Келечекте коп талантты кутом сенден, тилегине жет ...
SUPER.KG видео
27.01.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп создания бок соз! Милэсалы мен да коп тилде суйлойм 3 жылдын ичинде 6 тил уйроном буюрса адамдын дээринде болот демекчи! Антсе да сизге ийгилик бактылуу болунуз биз кыргыз дар коп нерсеге туура эмес суйлой беришет себ4п оздору жете албайт деп ойлойм мындай короалбастык таштаса жакшылыктарды бай эл болмок эле!
27.01.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуп калдым журогу бош болдубекен ...(
SUPER.KG видео
28.01.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allahym ar daiym koldosun sizdei adamdardy. kolunan kelbegender koro albagandar ar kandai suilop, jaza berishet.konul burbanyz
SUPER.KG видео
29.01.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тогорогу топ келген, кыргызымдын кымча бел кыздарынан экенсиз))) Жараткан сизден ар тараптуу онор, тунук акыл жана сулуулугун аябаптыр. Кок тиреген бийиктик озунузго багынсын. Ушул даражага жеткирген, сизди колдогон апаныз бар болсун.
29.01.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кызды клиптерден коруп эле ээ катардагы эле "сулуу" кыздардын бири деп ойлогом. а бирок маегинен сон бул кызды сыйлап калдым....ар дайым озунун устундо иштеген адамдар сыйга татыйт....коп кырдуу талант экенинизди коруп сизге аябай суктандым...азамат
29.01.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jarkyn_jakta_jasha,Комплименттериниз учун чон рахмат!)) Сизге дагы ийгиликтерди каалап кетмекчимин жана дагы бар болунуз,бай болунуз!!!
29.01.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле 3 тил билет экем:)Бул кыз дуйнолук цирк аренасына да чыгып журуп тил билбесе болбой калат го.Азаматсын коп тил билсен ошончо дил билесин деп айтышат.Апасына рахмат кызынын келечегин алдын ала ойлонуп иш кылганы учун!Анан бул кыздын турмушка чыкканына 6 жыл болуп баратыптыр балдары барбы?
29.01.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз эле калдыныз эле ырчы болбогон.
29.01.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagyn91,болсо дагы татыктуу ырчы болсун . Акча, сулуулук, тааныштар аркылуу эмес, элге жеткиликтуу ырлар менен Жана озгочо уну менен
29.01.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец сиз менен сыймыктанам онорунуз оркундой берсин ишинизге ийгилик эн мыкты актриса деп сизди айтса болот
29.01.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз экен,ийгилик коштосун.чынында озу айтып откондой аты бар уну жок ырчыларыбызга караганда жакшы ырдайт экен.ким кайсы онорду аркаласа озуно жагат да,демек ырчы болом десе чыкса ун болсо талант болсо эл баалайт болуш керек.
29.01.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын сыймыктанчу кыздарынан экенсиң өнөрүң өркүндөй берсин. Мына жакшы тарбия кандай жемиш берерин көрдүк. Апаң азамат айым экен, эми сени менен сыймыктанып, бактылуу апа болуптур. Азыр мындай тарбия бергендер аз.Бактылуу бол
30.01.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен чынында тартылган клиптерди коргон эмес экенмин интервьюну окуп,Света Ашированы тааныдым. (Ким экенини) Мага жаканы тил билгени жана уйронгону АЗАМАТсыз иштеринизге ийгилик , ден соолук . Апанызга алкыш.
30.01.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ёёё мооее, жаман коп тил билет го.... ийгилик!!!
SUPER.KG видео
01.02.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу кыз экенсин талантына таазим!
SUPER.KG видео
01.04.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул коро албаган касинтибиз учун бирибиз эч качан эки болбойт да. Эмне экен коп тил билсе,азаматсын.Коп тил билгендер толтура элибизде.Силер да уйронгуло ашык доолот баш жарбайтAt the end of my commentary I wish you all the best wishes all over the world! Be always optimist.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо