Гүлжигит Сатыбековдун апасы Айымкүл Аманбаева: «СУЛУУ КЕЛИНИМ БАР, ГҮЛЖИГИТ ЭКӨӨНҮ ЭЛДЕШТИРЕ АЛБАЙ КОЙДУМ»

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн,- деп ыр саптарында жазылгандай, 58 жаштагы Айымкүл эже да беш уул, бир кызы үчүн жашап келет. Экинчи уулу кыргыздын кыйласына маӊыздуу, жүрөккө жете турган ырлары менен таанылган – Гүлжигит Сатыбеков. Ырчынын бизге айтпай келген кандай сырлары бар, апасынан угалы.

«ГҮЛЖИГИТ ДЕГЕН ЫРЧЫНЫН АТЫНАН АЗАН ЧАКЫРГАНБЫЗ»
– Гүлжигит экинчи балам. 1980-жылы 9-январда эртеӊ менен 4 килограммга чукул салмакта төрөлгөн. Мен анда Ош педагогикалык институтунда 3-курста окучумун. Каникул убагы болгондуктан Ош шаарында эжемдикинде жүргөм. Жолдошум айылда эсепчи болуп иштечү. Уулдуу болгонумда телефон жок да, атасына чабарман жөнөтүп сүйүнчүлөдүк. Атасы гүл көтөрүп келип, доктурларга сүйүнчүсүн берип чыгарып кеткен. Ошентип, Аксы районундагы Мукур айылына келдик. 79дагы чоӊ энеси бар эле, ал киши «Кудайым өзү ат коюптур, Сулайман тоонун түбүндө көз жарыптырсыӊ, атын Сулайман коёлу» деди. Кайнагам «ушул балаӊардын атын мен коюп берейинчи. Гүлжигит деген жакшы ырдаган, зыӊкыйган ырчы досум бар, ошону тартып ырчы болсун» деп калды. Ошентип, азан чакырып Гүлжигит деп койдук. Өзүм сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алдым. Гүлжигитти тогуз айлыгында таенеси багып алган. Бир айылда жашагандыктан, баламды карашып апамдын үйүндө эле жүрчүмүн. Мектепте мугалим болуп иштечүмүн, баламды баратып да көрөм, келе жатып да көрөм. Уулум бир жашында эле басып кетти. Экиге чыгып калгандан тарта өзүнөн бир жаш кичүү иниси менен айылдагы бала бакчага барды.
Бир жолу бала бакчанын кароолчусу балдарымды издеп үйгө келиптир. Көрсө, Гүлжигит уктатып койгон жеринен инисин ойготуп үйгө келип, андан ары булакка барып сууга түшүп жатышыптыр. Ошентип, араӊ таап келгенбиз. Ошондон кийин аларды кайтарып калдык. Алты жашында мектепке кирди. 1-классты бүтүп жатканда Алиппе майрамында биринчи жолу ырдады. Асанкалый Керимбаевдин «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат» деген саптары бар ыры жаӊы чыгып жаткан. Ошону менен элдин эсинде калды. Кайсы ыр жаӊы чыкса теледен көрүппү же радиодон угуппу, жаттап алчу. Бир балага барып «комуз черткенди, аккордеон тартканды үйрөтчү» деп суранган экен. Анын энеси аспаптарда кол ойнотчу окшойт да, Гүлжигитке «бул өнөр ата-энеден өтөт, сенин энеӊ эч нерсе билбейт, сен деле өздөштүрө албайсыӊ» деп коюптур. Ага болбой эле өзү экөөнү теӊ өздөштүрүп алды.

«ӨСПҮРҮМ КЕЗДЕ ТАЕНЕСИН АЯБАЙ КЫЙНАДЫ»
– Мектептен деле шоктугу тыйылган жок. Таенеси өмүр бою мугалим болуп иштеген, каардуу, темирдей тартипти сүйгөн адам эле. Гүлжигит айткандай, анча-мынча кыйшалактап бийлеп койсо, шыйракка чыбык менен чаап жүрүп бийлегенин калтырып коюптур.
Баламдын кичинесинен эле фантазиясы күчтүү болчу. Жайында чоӊ атасынын коюн кайтарчу. Бир жолу талаада катуу ыйлап, кыйкырып жаткан экен. Кайнатам аты менен чаап барып «эмне болду?» десе, «Бир карышкыр келип мени жутуп койду. Анан мен ичин жарып араӊ чыктым» дептир.
Мектепте аябай жакшы окуду. Математикадан эсепти кыйын чыгарчу. Мугалим бир жолу доскага жаӊы теманы түшүндүрүп эсеп чыгарыптыр, Гүлжигит «эжеке, бул жерин туура эмес чыгардыӊыз, мындай туура болот» деп оӊдосо, балдардын көзүнчө жеӊилгиси келбей, бир топко талашыптыр. Анан өзүнчө калганда ал мугалим туура эмес эсеп чыгарганын моюнуна алган экен.
Апамдын үйүн тазалап калганымда кийиздин алдына катылган ыр дептерлерин таап алчумун. Окусам, уйкашпаган чалды-куйду саптар. Көбү өзү менен чогуу окуган Болот Тасмаевдин карындашы Мээримге арналган ырлар экен. Баламдын ыр жазууга каалоосу бар экенин, алгачкы сезимдери ойгонгонун ошентип байкагам.
Аябай таза бала болчу. Үй тапшырмасын аткарып жатып бир жерин бузуп алса, кайра башынан жаӊы дептерге көчүрүп жазчу. Мектепте тазалыгы менен да мугалимдердин көзүнө көрүнгөн.
Өспүрүм куракта таенесин аябай кыйнады. Үйгө түнөбөй, балдар менен мушташып эле басып жүрчү. Аягында таенеси «тилим өтпөй калды, балаӊды ал» деп мага ыйлап келди. Ошого жеткирди окшойт. Арыздангандар «баламды сеники ээрчитип кеткен, сенин балаӊ уюштуруп баланчаны уруп коюшуптур» деген өӊдүү дооматтары менен мага эмес, апама барышчу. Сүйлөшөйүн деп барсам «андай кылган эмесмин» деп да актанчу эмес. Каяша эмне экенин билбей чоӊойду. Канча урушсаӊ деле тултуюп тура берчү. Таенеси канча жолу «балаӊарды алгыла» деди, бирок «барбайм» деп такыр эле келбей койду. Бир жолу апам «таппай жатам» деп ыйлактап калды. Издеп жүрөбүз, жок. Анан таенеси «ушул тамдын башына чыгып жатып алды го» дегенинен чыксак, ошол жерде экен. Бизди көрө калып кичинекей айнектен жерге секирип кетти. Ошондо Кудайым чоӊ сактады, эч нерсе болгон жок.

«ЫЙЛАКТАП ЖАТЫП ҮЙЛӨНГӨН»
– 2001-жылы Оштогу Дене тарбия институтун аяктап келгенден кийин мугалим болот го десем, айылдагы Маданият үйүнө жумушка кирип алыптыр. Айылда уюштурулган ыр кеселерде ырдап жүрдү. Ага чейин студент кезинде эле Дөөлөт Мадымаевдин иниси Сагын экөө топ ачып, ырдап жүрүшкөн. Биздин айылга келгенде жалаӊ Бек Борбиевдин ырларын аткарчу эле.
Айылга келип иштей баштагандан жарым жыл өтпөй таенеси өтүп кетти. Ал киши көзүнүн тирүүсүндө «үйлөн» деп айта берип тили тешилген. Бир жолу кошунасы той берип, ага туугандарынын кызы да келиптир. Ошондо уулум экөө бири-бирин жактырып калышкан экен. Аз убакыт сүйлөшкөндөн кийин эле «үйлөнөм» деп чыкты. «Жакшылап ойлонуп көр» десек, «таенем болгондо дароо алып бермек, силер түшүнбөйсүӊөр» деп ыйлактады. Муну укканда дароо эле «алсаӊ ал» деп кыздын ата-энесине барып сөйкө салып, райондун борборундагы тойканада той бердик. Бир ай биздикинде жашашты, анан таенесинин үйүнө көчүрүп бардык. Бир жылдан кийин балалуу болушту. Анан Гүлжигит борборго жөнөдү, артынан келиним да кетти. Бишкектен ыйкы-тыйкы болуп кетишкен окшойт, «ажырашабыз» деп калышыптыр. Андан кийин канча аракет кылдым, бирок элдештире албай койдум. Неберем биздикине келип турат, келиним көчөдөн көрүп калса, чуркап келип учурашат. Ал деле турмушка чыга элек. Келиним аябай таза, сулуу. Неберем Байел айылда таенесиникинде жашап окучу. Быйыл атасы райондун борборуна жаӊы ачылган орус мектепке киргизди. Айына 5000 сомдон төлөйт, уулун атайын машине алып келип, кайра үйгө алып кетет экен. «Байел, канчанчы класс болуп калдыӊ?» десем, «чоӊ эне, 3-класс элем, жаӊы мектепке келип 2-класс болуп калдым» деп күлдү.

«АЙЫЛДАШТАРЫ КӨӨП КЕТИПТИР ДЕП КАЛЫШАТ»
– Айылда, райондо иш-чаралар болсо дайыма чакырып, «Гүлжигиттин апасы» деп мага сөз беришет. Балам жөнүндө ар түрдүү кептерди уксам, ичимден өзүм бир сыйра териштирип чыгам. Сын-пикирлерди иргеп алып «балам, эл ушундай деп жатат, мындай кылып көрсөӊ кандай болот?» деп кыйытам. Кээде жердештери тойго чакырса барбай коёт экен. Ошондо айылдыктар бири-бирине «ал бизди теӊине албайт, көөп кетиптир» деп айтып калышат. Бирок мындай сөздөр чындыкка коошпойт. Гүлжигит мени тартып оор басырыктуу, ыпылдап-шыпылдабайт. Бирөө менен урушуп кетсе да эмоцияга алдырбайт. Убактысы тар болуп эле барбай калбаса, андай жерден калбайт. Кичипейил, ата-энесинен, бир туугандарынан эч нерсе аябайт. Үч жыл мурун атасына машина алып берген. Бир май куюучу жай менен сүйлөшүп койгон, атасы каалашынча май куя берет, Гүлжигит баарын бир төлөп коёт. Негизи, биз «жардам бер» деп деле айтпайбыз. Малыбыз, иштеген ишибиз бар дегендей. Жыл сайын 2-январда белегин көтөрүп алып атасынын туулган күнүнө келчү. Бул жолкусунда февралдын алгачкы эки күнүндө Бишкекте концерт бере турган болгондуктан, колу бошобой бизди борборго чакырды.

"Уулумду телевизордон 1-жолу “Ыр майрам” көрсөтүүсүндө “Айбийке” деген ырын ырдап чыкканда көрдүк. Атасына телефон чалып “көрүп койгула” деген экен, ал унутуп калыптыр. Үйдө конок тосуп отурсак эле чыгып калды. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап да, конокторго кошулуп бийлеп да жаттым".

Гүлжигит таенеси жана бөлөлөрү менен.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(49)
26.01.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калеминиз курчуй берсин,мындан да сонун ырларды жарата берин. "Агентеги махабат" деген ыры жолдошум экообуз учун жазылгандай.
26.01.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырларынызды калтырбай угам, маанилуу ырлар. Ар дайым чыгармачылыгынызга ийгилик,уй-булонузго бакыт каалайм!
26.01.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык каалоо тилектерге кошулам .Онорунуз оркундой берсин.
26.01.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жаман эле мактаптырго,эч кандай биринчи эмес,женил-желпи эле го ырлары.
26.01.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулжигит байкенин ырлары аябай жагат менин жашоомдон алып ырдап аткандай эле боло берет чыгармачылык ийгилик даны коптогон ырларды кутобуз
26.01.2015. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик.Аялыныз менен элдегиниз эми,апакениздин каалоосун аткарып
26.01.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апасы Айымкул эженин таягын канча жедик мектепте. колундагы шакек м.н чокуп чокуп урат эле. бар болунуз эжеке ар дайым.
26.01.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коз жаш деген ыры абдан жагат мага уй-булолук бакыт чыгармачылык ийгилик эн негизгиси ден-соолугунуз бекем болсун!!!Аман богун Гулжигит байке
27.01.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик ден соолук!!! (Бензинди каалашынча куят дейби)
27.01.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Мага ушул ырчынын такыр жылдызы туура келбей койдуго. Ырларын угайын дейм. Бирок жакпай кетет уга албайм. Коп эл сыйлайт. Бирок эмнегедир мага озу дагы анан бир дагы ыры жакпайт. Унун такыр уккум келбейт. Озун коргум келбейт. Эмнеге?
27.01.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sama1212, сен жалгыз эмессин, мен да ошондой болом.
02.02.2021. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sama1212, себеби сен Гулжигиттин кетирген аялысын
27.01.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигиттин ырларынын баары жагат.Озу менен 3 жыл мурун таанышып калып,ал тууралуу баарын уккандан кийин мен аны аябай сыйлап калгам.Болбосо ага чейин аялын ырчы болгондон кийин таштап кеткен деп жаман коруп журчумун.Абдан жонокой мырза.Ушунусунан жазбасын.
27.01.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainuska00, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
27.01.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтер ! Ырдаган ырлары журоктон! Кечиришиип жарашыып алгыла! Ыраас аялы даагы турмуш курбай кутсо! Бирок ырларында даагы жашоосундайбы?Кантсе да бакыт чыгармачылык ийгилик каалаймын!
27.01.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
катындын сулусуна эмес тошокто жылусуна кара
27.01.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм!Таэнеме деген ырын тажабай угам,себеби мен да таэнемди колунда оском.
27.01.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун эле ырдайт, жеткиликдуу кылып, айрыкча тойлордо анын ыры жок болбой калган.
27.01.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик жакшы ырларды жарата бериниз
27.01.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит жезде Элнура эже менен жарашып алын да ортодо баланарды да ойлогула
27.01.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир эне баласын мактайт
27.01.2015. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырдаганда Бектикине окшош.
28.01.2015. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч жакпайт ушул ырчы
28.01.2015. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит байке жылдын суппер ырчы мырзасы наамын алыш керек эле
28.01.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
гулжигиттин ыры жакпаган адам менимче аз болсо керек. мага да жагат.
29.01.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акенин ырларына тойлордо олло бийлейбиз да секирип секирип. Каштары кара коздору кара. Коргон жан суктанат.Айдын кызыбы чолпон жылдызбы ... буралат буралааааат.... айт хасса хасса
30.01.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул баланы ырчы десе болот чыныгы талант бар! дагы дагы кооп ийгиликтерге жетиниз буйюрса ар бир ырын эл суйуп угат
31.01.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик Гулжигит байке
01.02.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы Гулжигит байке эгер ушул бетти окуп калсаныз бир билип коюнуз же угуп корунуз дейт элем менин ата энем ажырашып кетишкен он жылдан ашты мен уй було куттум бир кыздын апасымын кудайыма шугур бирок куйоомдун ата энесин коргондо ичим ачышат эмне деп дебейсизби неге менин ата энем бирге жашабайт деп бир жеримди кем сезгендей боло берем бул нерсени же бул сезимди мен жана сиздин уулунуз гана тушунот баары кеч болсо да ойлонуп корунуздор уулунуз оксук болбой оссун десениз биринчи женебиз
02.02.2015. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт сыйлайм
18.08.2015. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит байке азамат ырлары абдан сонун журоко жетет ырларын биринда калтырбай кочуром да угам уккан сайын уккун келет кудай буйруса Гулжигит байкедей маанилуу ырларды ырдаган ырчы болгум келет.
18.08.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит байкенин ырларын жактырбаган адам жок 7ти жашыдан 70 жашыда тындап кандайдыр бир эргуу алгандай сезимдер мн угушат.
Aidarchik96 түзөттү 2015-08-18 20:36:42
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо