Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КҮЙӨРМАНЫМДЫН КАПКАНЫНА ТҮШКӨНҮМДӨ...»

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

«АЛ МЕНИ КАРАПАЙЫМ СТУДЕНТ КЕЗИМДЕ СҮЙДҮ...»
Бул жүрөк сырын жазып жатканымдын себебин өзүм да тү­шүнбөй турам. Менин катамды эч ким кайталабасын деген үмүт менен болсо керек. Өзүм тууралуу көп нерсе айта албайм. Атым Нурбек, сахна адамымын. Сүйлөшкөн кызым бар, экөөбүз мен ырчы болгонго чейин эле таанышканбыз. Ал мени азыркыдай атактуу эмес, карапайым студент кезимде сүйдү, азыркыга чейин сүйөт деп ишенем. Баса, сүйүктүүмдүн аты Дина. Мен дагы аны сүйөм, бешенеме жазган бактым ушул деп билчүмүн. Бирок сахна мени өзгөртүп салды. Кыял-жоругум, адамдарга жасаган мамилем өзгөрдү, аны менен кошо сүйүктүүмө болгон оюм дагы өзгөрүлдү.
Дина кайгырсам кошо кайгырып, ийгиликтериме менден өтүп кубанып, жанымдан жарым карыш алыс чыкпай жүргөндүктөн «ал эми кайда бармак эле» деп ойлой баштадым. Негедир «мени менен жашаганына ал өмүр бою бактылуу болуп өтөт» дедим. «Элдин адамымын, замандан артта калбашым керек» деп түнкү клубдардын босогосун тез-тез аттачу болдум. Социалдык тармактардан түрдүү кыздар менен сүйлөшөм.
– Кыздарыӊ эле көбөйүп кетти. Мага болсо убактыӊ жок,- деди тынчсызданган Дина.
– Бул күйөрмандарым да, аларга жооп берүүгө мил­дет­түүмүн.
Шайтандай өзүнө чакырган кыздар жылмайып карасаӊ эле өздөрүн арнап жиберүүгө даяр. Эмнеге аларды колдонбошум керек? Миӊ түркүн кыз менен таӊдарды атырдым. Мен мындай жашоого кайсы күнү келип калганымды өзүм да билбейм. Эгерде ушул окуя болбосо дагы деле күндүзү уктап, түндөсү жашап жүрө бермекмин.

«ЭСТЕН КЕТКИС ТААНЫШУУ...»
Күтүлбөгөн окуяга туш болдум, ошондо гана менин көзүм ачылды. Адаттагыдай социалдык тармактан сулуу кыздарды капканга түшүрүү үчүн аӊчы болуп отургам. Өзүм «жолугалы» дебейм, мен деген «жылдызмын» да. Күт­көнүмдөй эле чырайы келишкен кыз жазып калды, аты Бегимай экен. Аны эркелетип дароо эле Бема деп алдым. Эркелетсеӊ күйөрман кыздар ээрип кетишерин жакшы билем да. Сүрөттөрүн карап чыксам тимеле укмуш. Жашаган жери, кийген кийими, астында унаасы бар, кыскасы, кыялымдагыдай кыз туюлду. «Жолугалы» десем, «чет өлкөдөмүн, барайын» дейт. Ошентип, экөөбүз жолукпай туруп эле сүйүшүп калдык. Сулуулукка суктанып, эс-учумду жоготуп коёр жан экенимди ошондо билдим. Анысы турсун жеткен акылсыз экенимди дагы ошондо байкабадымбы.
Динаны такыр эстебейм, ага чалбайм, жазбайм. Ал байкуш бир нерсени сезгендей чырылдайт. Менин интернеттеги махабатым ансайын от алат. Ичимден «ушундай сулуу, бай кызга үйлөнүп алсам башка ырчы жигиттердин ичтери күйөт» деп кымыӊдап алам. Акыры Бемага үйлөнүү тууралуу сунушун киргиздим. Ооба, ушул кадамга адамды бир ирет көрбөй туруп барганыма өзүм да таӊданам. Динага чалып, башканы сүйүп калганымды, үй­лөнөрүбүздү айтып, Беманын сүрөтүн жибердим. Акырында менден көӊүлү биротоло калсын деп «көрдүӊбү, кандай сулуу кызга үйлөнгөнү жатам? Убара болбо, баары бир сага кайта албайм, аны катуу сүйүп калдым» дегенимчи. Азыр эстесем уялганымдан жерге кирип кетейин дейм.
– Балким, ойлонорсуӊ?- деди ал.
– Сөздүн кыскасы ушул,- дедим кыйынсынып.
Ошол күнү кечинде эле Дина мага СМС жазыптыр, мен ашык болуп жүргөн кыз казак кызы, турмушка чыккан жана бир уулдун энеси экенин айтыптыр. Менин күйөрманым мени менен сүйлөшүүнүн айласын издеп, казак кызынын сүрөттөрүн колдонуп, социалдык баракчасына жүктөп алып ушул кадамга барыптыр. Алгач ишенбей, Дина ич күйдүлүк кылып жатат дедим. Бирок ушул эле сүрөттөр менен ал дагы бир нече ырчы жигиттерди кайырмагына илгенин уктум. Динанын алдында катуу уялдым. Аны көргөндө көзүмдү дароо ала качам. Бирок мени чындап сүйөрүнө ынандым. Ишенесизби, окурман, ал мени кечирди.
– Мындай нерсе баарында болот, бул окуяны унутуп коёлу,- деди акылдуум. Ошентсе да мен мындай кызды бактылуу кыла аламбы? Деги мен анын сүйүүсүнө татыктуу кишиминби? Жооп бере албайм, бирок аны менен азыр да биргемин. Балким, дагы андан ашкан сулуу көзүн кысса, азгырылып кетип калсам, Дина эмне болот? Азыр эле эки ажырым жолго түшүүнү сунуштасамчы? Себеби социалдык тармактагы аӊчылыгымды дагы деле токтоткон жокмун. Көзүм ачылды дейм, бирок ажарлуу айымды көргөндө шилекейим чууруп каларын баары билишет. Эмне кылам? Башым катып калды.

Нурбек

Нуркыз Курманбек кызы
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(28)
26.01.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksat_01, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 5 күн БАН!
26.01.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
өзүңүздү колго алсаныз болот бардык нерсе адамдын өзүнөн адамдын эрки өзүндө
26.01.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман болгонундан кийин келимени айтып беш маал намаз окуганга отсон ал жолдон кантип кайтканынды озун да байкабай каласын урматтуу замандаш,эгер чын эле ошол жолдон кутулуу ниетинде болуп ошол жолдон чыга албай жаткан болсон.
26.01.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам менен айбандын айрымасын элестетип кор ошондо озуно келесин.
26.01.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ubal-soop degen bar, ubalynan kork Dinanyn.
Suiboson koe ber, sensiz dele baktyluu bolot al, a sen ansyz jogolup keterini unutpa!!!
26.01.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жон эле бир адамдын ой кыялынан жаралган чыгармаго дейм. НЕГИЗИ азыркы жашоодо бар мындай нерселер туура , эмне болгондо да баарыбыз кудай алдында жооп беребиз оз катачылыгыбыз бойунча. Ошондуктан убалына калуу деген тушунукту унутпасак экен.
26.01.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
колдо бар алтындындын баркы жок деп бекер айтылган эмес!!!!
26.01.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерден мен ырчы мырзага эмес Динага кайрылгым келди эмне кыласын озунду кыйнап уактынды сени суйбогон адамга коротуп . Бул жигити адам кылам, озунду суйдуром деп.журуп карып кетесин. Сен суйгон эмес сени суйгон жигит менен бактылуу болуп жаша.
26.01.2015. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, өзүндү ошондой абалга салганда сезесин,жубайын кандай адам экенин,ага чейин бирөө жакшы сүйлөп күлүп койсо кете бересин, көзүңдү май басып мекендеш,азыртан ойлон токтот бул кылыкты,жаңылбас адам болбойт,баарын жолго салып оңдоп кетиш өзүңдүн колуңда демекчимин.
26.01.2015. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнист мырзанын созуно 100% кошулам..
26.01.2015. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаманды кормоюн жакшынын кадырын билбейт дегенден болуп атыпсын.Суйбосон аны кармоонун кажети жоктур.
26.01.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун эл козундогу сахна адамы экенсин, мынтип жургон сендейлерге жарашпайт го дейм. Мен Динаны жакшы, тушунуктуу кыз деп тушундум.Андыктан сен шайтандын созуно азгырылбай оз суйуунду жанындан эле изде демекчимин. Колдо бар алтындын баркы жок дегендей эгер сен ал алтындын баркын билбесен Динага айтаарым мындай жигиттерден алыс болуп сени суйгон жигит менен гана батылуу бол!
26.01.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dagy dele kyzdar bar akylduuluk menen abaldan chygyp ketken.Azamat eken al kyz,kadyryna jetiniz emi.
26.01.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамга эн биринчи эрктуулук керек, сизде жок экен да.
27.01.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазганына караганда баланар жок окшойт уйбулону бекемдеп турган бул бала суйу бул убактлуу нерсе унутулуп кетет жылдар откондо ортодо бала болсо ал суйу чын алат жана бекем болот эмне демек элем убакытка баарына (калганын озунор тушуносунорда созум тугонуп калды)
27.01.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек бул сенин фантазиян окшойт?! Же сенин эже-карындаштарын жок жалгыз баласын, болбосо ар кайсы кыз менен туногудой сага алар тряпкабы?!
27.01.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмес экенсин.
27.01.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратыпсын
27.01.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вашшекен го. Дина суйбогонго суйконбо демекмин.канчасы менен болуптур дагы мактанып коет.э Адам эмес экенсин..жеп кором ушундайларды
27.01.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын ичи океандан чрн болот дешет ар кандайнерселерди тапса болот. Этият бололу жигиттер
28.01.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жокко чокпой барга коппой озунузду колго Алда эркек болуп эркинди кармай алмасан кантип семья курасын алдыда аркандай табышмак кундорун турат
28.01.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарда бар куноо,ырчы досум уйго келип,куйорман кызы тан атканча машинасында олтурган.концерттен кийин машинасына тушуп кетпей коюптур
28.01.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо айткан ырчы,кыздарга тан калам ырчы болсомда эркекминго тийишсем не болот эле ,школьницакен коркпой туну менменен журот деген,
30.01.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уркок ат урко берет,тепкек уй тебе берет демекчи уйронгон адат олгондо калат деген,болсо боло турганын болбосо болбой турганын азыртадан ойлонгула,а то бир эки балалуу болгондон кийин даагы онорун корсотуп турса балдарын мн кайда барасын,Дина жакшылап ойлон менин калыстык ойум
05.02.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin zamanda sizdikindei akylduu jandar chanda kezdewet...Owonduktan bar adamdy baalap,kadyryna jetkenge araket kulsanyz ayabai jakwy bolmok eken...
03.04.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен асмандан тушпосон болбой калыптыр озунду кармабасан болбойт кооп кетипсин да
09.07.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алганын менен кошо кары дейт кыргызда, экинчиси биринчисине жетпеееейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо