Манас Алыкулов, шоумен: «СУПЕР-ИНФОНУН» КОНЦЕРТИН АЛЫП БАРСАМ ДЕП КЫЯЛДАНАМ»

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж

Өзгөчө чач жасалгасы бар, көп тойлордун көркүн ачкан Манас Алыкулов тууралуу угуп калсаӊыздар керек. Айрымдар "бул жигит Жаныбек Алыкуловдун уулу" десе, кээ бирөөлөр "жок, бул жөн гана окшоштук" деп талашышат экен. Атасынын атын өчүрбөй сахнага чыгып жаткан куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов менен тааныштырабыз.

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 27-февраль
Туулган жери – Ош облусу, Ноокат району
Бою – 173 см
Салмагы – 85 кг
Хоббиси – Дүкөн кыдыруу
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинде 3-курста окуйт

– Салам, Манас! Маегибизди Манас деп атыӊды ким койгон деген суроодон баштасак...
– Апамдын айы, күнү жакындап калганда атам апамды кошуп алып Каныкей Эралиева, Манас Бердибеков менен гастролдоп жүргөн экен. Ошондо атам "уул төрөлсө Манас, кыз болсо Каныкей коём" дептир. Ноокатка гастролдоп келгенде мен төрөлүп, атым куудул аяш атамдын атынан коюлган.
– Демек, өнөр адамы болгонуӊа атаӊдын эле эмес, атыӊдын да таасири бар турбайбы?
– Ооба, канымда бар. Өзүӊүздөр билгендей, атам куудул, ал эми апам жакшы ырдайт. Бирок апам чыгармачылыгын улантпай, бизди карап үйдө отуруп калды. Сахнада эки мыкты куудулдун атын алып жүргөнүмө сыймыктанам. Сахнада Манас Алыкулов деген кандай сонун угулат.
– Бирок эл сени куудул эмес, тамада катары жакшы билишет?
– Туура айтасыз, мени алып баруучу, тамада, кыскасын айтканда, шоумен, элге жакшы маанай тартуулоочу деп билсеӊиздер болот. Кичинемден «Супер-Инфонун» концертин алып барсам деп кыялданам. Буюрса, бул тилегимди сөзсүз ишке ашырам. 11-классымдан бери тамадалык менен алектенип келем. Элдин жакшылыгын алып барып машина алдым, чоӊ үй салып жатам. Менин кесибим – уюштуруучу жана продюсер. Атам баштаган «Туура, туура» долбоорун жаӊылап улантайын деп жатам. Аны менен катар «Добулбас» тобуна, Адилет Азимов аттуу ырчыга продюсерлик кылуунун алдында турам.
– Үй-бүлөдө канча бир туугансыӊ?
– Атамдын эки үй-бүлөсүндөгү бир туугандарымды кошкондо 6 бир тууганбыз. Алтообуз теӊ таланттуубуз. Бирок атамдын жолун жолдогону мен эле болом го. Анткени калгандары спортчу, милиция кызматкери, айтор, түрдүү кесиптин ээлери.
– Атактуунун уулу болуу кыйынбы же тескерисинче пайдасы көппү?
– Жаман жагы, атама сөз тийгизбейин деп ар дайым өзүӊдү көзөмөлдөп турасыӊ, башкача айтканда, эркин боло албайсыӊ. Ал эми жакшы жагы, Кудай сактасын, ооруканага барганда же дагы бир жерге жумушуӊ түшүп калганда атамдын атынын кереги тиет.
Атама тиешелүү бир окуя айтып берейин. Атамдар бир райондун борборунда концерт берип жатса, мен сахнага чуркап чыгыпмын. Анда атам "бул менин уулум Манас. Балам, келсеӊ, бул жакка эмнеге чыктыӊ, ырдайсыӊбы же бийлейсиӊби?" десе, 5 жаштагы баламын да, "жок, сийем" деген экем. Эл күлүп боору эзилип калыптыр, атам "ошондо эле куудул болчусуӊ" деп күлүп калчу.
– Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарын толуктайт белеӊ?
– Мен 3 мектеп котордум. Ал тентектигимден эмес, мыкты уюштуруучулугумдан. Мектепте окуп жүргөндө эле акча тапчумун. Ар кандай КВН, концерттерди, дискотекаларды уюштуруп эжекелерден тил укчумун. Ошентсе да маданият министри элем, сабакка көӊүл бурбай калгандыгымдан мектептен куулгам.
– Кел, сүйүү жөнүндө сүйлөшөлү, сүйүп көрдүӊ беле?
– Мага сүйүү 7-классымда келген. Ошондон баштап өзүмдү карап жасана баштагам. Ушул жерден атамдын сүйүүсү эсиме түштү. Атама 1-классында сүйүү келген экен. Жанында отурган кызды жактырып жүргөндө доктурлар окуучуларды текшерип келишип, атамдан бит чыгып уят болуптур. Ошондо катуу уялганынан ал кызды сүйбөй калган экен.
Учурда сүйлөшкөн кызым бар. Ал Политехникалык университетте окуйт, Токтогулдун кызы.
– Атаӊды эстегенде биринчи кайсы элеси көз алдыӊа тартылат?
– Атамды эстесем, мага аталык мээрими, кеп-кеӊештери жетишпей жатканын туям. Той болобу, концерт болобу, алып барганда ар бир сөзүмө маани берип, "эмкиде минтип айтсаӊ андан жакшы болот" деп турчу. Ойлосом, атам бизге бир да жолу кол көтөрбөптүр. Биз деле атамды капа кылбаганга аракет кылчубуз. Ооруп жатканда "ата, балалык кылып ката кетирген болсом мени кечириӊиз" деп кечирим сурагам. Мен кичинемден гастролдоп жүрүп, музыкалык аппаратураларды жайгаштырып, микрофонду кантип коюш керек, баарын үйрөнүп алгам. Ошентип жүрүп, атамдын гастроль деген мектебинен өткөм. Улуу кишилер менен жүрүп көнүп калгандыктан, азыр гастролдорго атамдын санаалаштары менен көп чыгам.
– Чарчаганда кантип эс аласыӊ?
– Эки күн тойго чакыруу албай уктап, анан дүкөн кыдырып эс алган жагат. Болгондо да жалгыз, кээде сүйлөшкөн кызымды же дос баламды ээрчитип алам. Бирок алар шаштыра беришет. Ошондуктан жалгыз кыялданып, шашпай кийип көрүп, кийимдеримди бири-бирине айкалыштырып сатып алуудан рахат алам. Жадакалса байпагымдын өӊүнө да көӊүл бурам.

"Атам бизге бир да жолу кол көтөргөн эмес".

"Кабактарда ырдап, кафелерде музыкант болуп жүргөндүктөн, жакшы ырдайм жана музыкалык аспаптарда да ойнойм".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Атамдын аты көп жардам берди" дейт Манас Алыкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
31.01.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atasy jakchy, ozu jakkan jok
SUPER.KG видео
31.01.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Манас чыгармачылык ийгиликтерди каалайм жана Жаныбек байкенин, Азиза эженин аткаруусундагы ырларды жүктөп койбойсузбу, эстеп угуп жүрөлү. Азиза эженин ырлары жакшы. Же кайсы жактан алса болот ырларын.
SUPER.KG видео
31.01.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш экенсин ишине ийгилик кудайым ОЗУ колдосун.
SUPER.KG видео
31.01.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул качанкы интерьвю МАНАС уйлонгонго баласы да бар
SUPER.KG видео
31.01.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атанын уулу экенин далилдеп жатат. Ийгилик.
SUPER.KG видео
01.02.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бунун аялы барго. Байкеси экоо аялдары менен тушкон суроторун коргом. Бирок оор басырыктуу созду орду менен суйлогон жигит экен чыгармачылык ийгилик.
SUPER.KG видео
01.02.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул 1993 жылкыга окшобойтко
SUPER.KG видео
01.02.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э укам ХХХ ХХХ молодец бирок атанды сыйлайм.
Модератор admin_media түзөттү 2015-02-02 15:30:42
SUPER.KG видео
02.02.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
83 эмесби
SUPER.KG видео
02.02.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай чоон корунот экен озунун жашына караганда
02.02.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бултушка экен атасындай
02.02.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле туруп коп нерсеге жетишип ийгиликтерди багындырып жатканы кандай сонун!
SUPER.KG видео
02.02.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас менин кошунам. Чындыгында аябай аракетчил бала. Озу 2-3 класста окуган кезде балдарга оюн уюштуруп эле журо берчу. Абдан жонокой. Бирок сахнада бой которгондой журот. Апам да мактайт, оор жук менен келатсам машинесин токтотуп уйго жеткирип койду депчи :)
02.02.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш туруп ушундай чон жоопкерчиликтуу иштерди жасап,ананда озуно материалдык байлык топтогонуна тан калдым.
02.02.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен.Ушунусунан жазбашынды каалайм.мен мынчалык жаш экенин билбептирмин.ойлогом 85 86го деп.
02.02.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм..даа, улуу корунот экен 1993 жылкыдан... Ийгилик сага Манас.
SUPER.KG видео
02.02.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 жаштарда го дечумун...мыкты жигит экен...Супер инфо Айжан деген эжеси бар эле ушул баланын,Кыз Бурактын солисти....практикант агай ырын ырдачу,ошол эжеден да интервью алып ,азыр кайда эмне менен алек экенин билип маалымат жазсаныздар соооонун болот эле,рахмат алдын ала...
02.02.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантсе да талантуу адам аябай жакшы ырдайт,атасынын калган омурун ушул уулдарына берсин,иштерине ийгилик чыгармачылык жолунда коп жаныланууларды жасай бер.
02.02.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш экен.Дагы бир аз убакыт өтсө ашыра мактанбай абайлап сүйлөп калаар.Чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
02.02.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Атанын жолун жолдоп эн туура кылыпсын. Атан Жаныбек Алыкуловтой болуп Кыргыз элине ыр кулку, жакшы маанай тартуулап, элинден кызматынды аяба.Сага чыгармачылык ийгилик жана атандай жакшы адам бол! Аллах сенден ыраазы болсун!
SUPER.KG видео
03.02.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш эле бала турбайбы!Беш баланын атасындай корунот экен!
03.02.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик.
03.02.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын. Омурун узун болуп, атаңдай эл суйгон адам бол.
03.02.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата сийем. ))))
SUPER.KG видео
03.02.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тьфу тьфу тьфу дегени жактыыы
04.02.2015. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым ишинди ийгиликтер коштосун!Атадан артык уул бол!Азаматсын!
SUPER.KG видео
04.02.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))))))))))))))))
06.02.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпайт ушул бала. Мейли эми, кантсе да чыгармачылыктарына ийгилик каалайм!
Модератор admin_superstan түзөттү 06.02.2015 16:50
06.02.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанчаак дагы экен дагы) Өзүндү мактабай жүр, сени эл мактасын.
28.02.2015. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанбай эле, болону жашоодогу болоткан нерсени айтып жатат...бирок мен бул баланы таныбайт экем ийгилик жаш болуп ушундай жооп керчиликти алганы молодец! Эми биз ушул жигиттей болуп жашыбызда ийгиликке жетип анан суйлойлу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо