Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мирлан Эшенов, футбол боюнча жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу: «КЫРГЫЗ ФУТБОЛУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА»

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж

Өткөн аптада Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча КМШ өлкөлөрүнүн жаштар курама командалары арасында жыл сайын өткөрүлүүчү «Шериктештик Кубогу» жыйынтыкталды. Анда башкы машыктыруучу Мирлан Эшенов баштаган Кыргызстан курама командасы аталган мелдештин башкы ачылышы аталып, кыргыз футболунда буга чейин болуп көрбөгөндөй жыйынтыкка жетишти.

1-ТУР. АЛГАЧКЫ ОЮН – АЛГАЧКЫ УПАЙ
Молдова – Кыргызстан 1:1
(Голдор: Спэтару 71-мүнөт; Сагынбаев 81-мүнөт)
Кыргызстан жаштар курама командасы бул мелдешке даярдыкты Катар өлкөсүндө өткөрүп, башынан эле алдыга чоӊ максаттарды койгон. Мелдештин чүчү кулагы боюнча өлкөбүздүн курама командасы «А» тайпасында Латвия, Молдова жана үй ээлери менен ойномой болушту.
Биздин футболчулар алгачкы беттеште молдовалыктар менен кезигишти. Кызуу чыӊалууда өткөн оюндун жыйынтыгы 1:1 эсебин каттады.

2-ТУР. БАШКЫ КААРМАН БИЗДИН ДАРБАЗАЧЫ
Латвия – Кыргызстан 1:1
(Тиденбергс 56, Козубаев 75)
2-оюнда Кыргызстан – Латвия беттеши орун алды. Оюндун 53-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Андрей Шикин 11 метрлик айып соккуну (пенальти) тоскону менен, Эдуардс Тиденбергстин соккусуна каршы тура алган жок. Намыска бек турган биздин жаш футболчуларыбыз 75-мүнөттө эсепти теӊешти. Бурчтан чыгарылып берилген топту Тамирлан Козубаев голго айландырды. Айыгышкан беттеште 1:1 эсебиндеги теӊ чыгуу катталып, курамалар бирден упай ала алышты.

3-ТУР. ФАВОРИТТИ АРТКА ТАШТАП...
Кыргызстан – Орусия 2:1
(Дүйшөбеков 45; Умаров 50; Евсеев 85)
Тайпалык оюндардын акыркы турунда Кыргызстан жеӊишке жетишпесе, мелдешти андан ары улантышы мүмкүн эмес эле. Андыктан жеӊиш гана керек болчу. Ал эми атаандаш – мелдештин чемпиондугуна башкы талапкер Орусия эле. Көпчүлүк бул оюнда үй ээлери атаандашынын ындынын өчүрүп утуп алат деп божомолдошкон. Бирок...
Кыргыз футболчулары 90 мүнөт бою бери дегенде Орусия менен теӊ ойноп, кези келгенде алардан мыкты ойной алышты. Бактыяр Дүйшөбеков менен Акрам Умаров керекке жарап, жыйынтыгында 2:1 эсеби катталды. Бул жеӊиш Кыргызстан жаштар курамасынын тарыхында биринчи ирет аталган мелдеште тайпадан чыгуусун камсыздады.

КЫРГЫЗСТАН 6-ОРУНДА
Чейрек финалга жолдомо алган футболчуларыбыз Финляндия жаштар курамасынан 1:0 эсебинде жеӊилүүгө дуушар болушту. Ал эми 5-8-орундар үчүн беттештерде Тажикстанды 3:1 эсеби менен жеӊсе, Орусияга ушундай эле эсеп менен жеӊилип калды. Жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы 12 өлкөнүн ичинен алдыӊкы 6 команданын катарына илинди.
Ал эми «Шериктештик Кубогу-2015» мелдешинде ТАР (Түштүк Африка Республикасы) чемпиондукту илип кетти.

«КАНДАЙ ГАНА КОМАНДА БОЛБОСУН, АНЫ МЕНЕН ТЕӊ ТАЙЛАША ОЙНООГО ДАЯРБЫЗ»
«Команда жеӊсе, жалпы команда мыкты, команда жеӊилсе, машыктыруучу күнөөлүү» деп айтылгандай, машыктыруучулук чоӊ түйшүк. Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов мелдеш кандай өткөнү тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.
– Быйылкы өткөрүлгөн «Шериктештик Кубогу» биздин курама команда үчүн ийгиликтүү болду. Сыры эмнеде?
– Биздин ийгилик бир гана команданын ийгилиги деп айта албайм. Мында Футбол федерациясынын ар бир кызматкеринин салымы, машыктыруучулардын жана албетте футболчулардын эмгегинде жатат. Команда кантип ойноо керектигин туура түшүндү деп айта алам. Өзүбүздүн оюн алып баруу стилибиз, философиябыз тапталды. Балдар өздөрү да кандай гана команда болбосун аны менен ойной ала тургандыгын түшүнүштү.
– Кыргызстандын оюндарда топко көбүрөөк ээлик кылуусу көзгө көрүнүп жатты...
– Ооба, топту көбүрөөк башкаруу менен оюн жүргүзүштү. Бул «Барселона» жана «Бавария» клубдарынын стилиндей десек болот. Көрүүчүлөргө да байкалды болуш керек. Ал эми топту башкарууну пайыздык эсеп менен караганда «Барселонага» салыштырмалуу бир аз жетпей калуудабыз. Бул жерден биздин футболчулардын түшүнүп, бири-бирин угуп ойноп жатканын белгилеп кетпесем болбос.
– Биздин курама командадан кимдер оюну менен айырмаланды? Кимдерди белгилей кетесиз?
– Мен командадан баарын белгилейм. Мага бардыгы бирдей. Оюн талаасындагы 11 футболчудан тышкары алмашууда отургандар да өздөрүнүн энергиясы менен жардам беришет. Алар да кубанган жерден кубанышат, дем беришет дегендей.
– «Шериктештик Кубогу-2015» мелдешинин башкы талапкери аталган Орусия курама командасын жеӊип, тайпадан чыга алганыбыз көп убакыт унутулбайт болуш керек...
– Өзүӊүздөр көргөндөй, ал оюн өтө оор болду. Ошентсе да Орусия сыяктуу курама команданы утуу кубандырбай койбойт. Биздин футболчулар өзүлөрүн толугу менен арнашып, чын дилдери менен ойногону жыйынтык берди. Мен футболчуларга ыраазымын. Мындай ийгилик Кыргызстан үчүн керек. Бул алдыдагы жылдарда мелдешке катыша турган жаш футболчулар үчүн мерчемдүү чек да болуп берет. Машыктыруучулар да кийинки жылдары команданы ушул ийгиликти айтып шыктандырат.
– «Инчхон-2014» Азия оюндары , «Шериктештик Кубогу-2015» мелдешиндеги ийгиликтер кыргыз футболу өнүгүү жолуна түшкөнүн билдирет деп айта алабызбы?
– Азия оюндарында эӊ күчтүү деген Иран командасын артка калтырып, тайпадан чыга алганбыз. Бул да бир нерседен кабар берет. Ошондой эле «Шериктештик Кубогу-2015» мелдеши да биз үчүн ийгиликтүү болду. Футбол тилинде айтканда, футболчулар кандай оюн жүргүзүү керектигин билип калышты. Жүргүзгөн оюн бар. Мындан тышкары быйыл өтүүчү жаштар арасында Азия кубогуна даярдык да болду.
Сөз соӊунда өлкөбүздөгү машыктыруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын салымы өтө чоӊ. Ушундай мыкты футболчуларды даярдап, өстүрүп жатышат. Бизди колдоп, дем берген күйөрмандарга рахмат айтам. Ошондой эле мени дайым колдоп келе жатышкан үй-бүлөмө, айрыкча жубайыма ыраазычылык билдиргим келет.
– Маегиӊизге рахмат! Ишиӊизге ийгилик!

Фархад Мусабеков мелдештин мыкты футболчуларынын бири аталды.

Курамда капитандыкты Ахлетдин Исраилов колго алды.

Орусияны жеӊип алган жаш футболчулардын кубанычында чек жок.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(25)
02.02.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
...а Кудай жалгагыр, ушул мамлекетибиз өнүкпөсө дагы, футболубуз өнүксүнчү!)))
02.02.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Хахаха хихихи Оздорун Барселонага тенеп алышыптырго бизде футбол эч убакта онукпойт так что бекер эле акча коротуп машыгуунун кереги жок
03.02.2015. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
alievna.1989, Мындай темпте кетсе, озулорун Германияга тенейтго хаха. Бирок неси болсода ийгилик футболисттерге
03.02.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
crishti_7, Бизди сындатып койсо.. Бүт мамлекеттен биринчини алмакпыс..
Булар өзүлөрүн теңбиз деп айтканын уга элекмин... Сиз жакшылап баамдап кайрадан окуп көрсөңүз..
Ал жерде жазылып турат "ошолордун стилиндей ойноп жатышты" - деп
03.02.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alievna.1989, ар бир иш аракетте! Мамлекеттен эч бир жардам корсотулбой. Оз кучтору менен чыгышып атат. Ошондой болсода женишменен кайтыптыр рахмат !
03.02.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alievna.1989,
Барселонанын оюунчулары асмандан түшкөн эместир...
Алар деле бизге окшогон эле адам... Болгону бизден айырмаланып калганы алар футбол дүйнөсүнө эрте кадам таштаган... А Бизде футбол дүйнөсүнө эми гана баш бакты.."Москва бир күндө курулган эмес го акыры "
Так что бекер эле акчаны болбогон нерсеге жумшаганча. Спортчуларга жумшаганы жакшы
05.02.2015. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alievna.1989,капа болбо менин жазганыма бирок сага окшогондор онукпойбуз аны кылсак тигини кылсак дагы онукпойбуз деп сындап кыргызстан онукпой келет ойунар бузук жакшылыктын ордуга жаманды тилейсинер
02.02.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизде каржылоо жолго коюлса баардыгы онолот эле
03.02.2015. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bakyt_2015, Кайдагы каржылоо? Орустарда бардык нерсе бар, бирок ойной алышпайт. Кеп каржылоодо эмес, кеп футболчуларда
03.02.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
crishti_7, Орусияда жаш оюнчулар жок.жада калса футбол го талапкер жаштары жок... Ошол себептүү Орусияда футбол өнүкпөйт... Учурда мамлекеттин намысы үчүн акча менен эски оюунчуларды кармап турат...
А Бизде болсо футбол го кызыккан Жаш оюнчулар көп. мамлекет тарабынан колдоого алсанса мүмкүн бизден да мыкты оюнчулар чыгышы күтүлөт эле
02.02.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар!Чынында жакшы ойношту,топту поляда 60-70% кармап ойной алышты.Тренер тажрыйба топтоп,а оюнчулар коп машыгуу керек и конечно кобуроок матчтар болсо.Ошондой эле каржы жактан жакшы конул буруп,чет элдик адистерди чакыруу керек.А alievna1989 девушки в футболе что ни будь понимают???
03.02.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mavlyuda, eldar87, alievna.1989, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынган!
eldar87, alievna.1989, эскертүү!
Mavlyuda, 1 күн БАН!
03.02.2015. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Это не показатель, чисто случайность.... нужно развиваться, и плюс к тому не рейтинговый матч
05.02.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LIVER, Сен ондуу киргизбайга кыргыздын ойногону "случайность" болуп коруноруно шегим жок.
03.02.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин команда чындыгында жакшы ойноду.Жанталашып интернеттен туз алып коруп жаттык.Ойунчулар тренердин айтканын, оюн талаасында так аткарганга аракет кылып жатышты.Кандай озгоруулорду байкай алдым :
1.Техника жагынан жакшы кошушуптур.
2.Топту команда копко кармай алышты.
3.Баардыгы тартынбай ойношту.
4.Эн танкалдырганы озун кармай албай эреже бузгандар аз болду.Психологиялык туруктуулугуна кубандык.
5.Тренер азамат!
03.02.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин футболду тушунбогондорго бул "случайность ".Ал эми тушунгондор билет ф.к Абдыш -Ата,Дордой,Алга футбол мектептеринде тарбияланган балдар эми курама командаларга тартылып башташты.Бизде жогорку лигада ойногон командалар аз болуп жатпайбы,кобуурок болсо мындан да жакшы жетишкендиктер болмок.Салымбеков менен Сакебаевтен башка акчалуулар футболго салымын кошпой жатышат.Бабанов,Абдыкеримов,Сулаймановтор деле футболго конул буруп коюушса болмок.
03.02.2015. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга кыргыз алга..
Көрө албагандар ар нерсени айта беришет..
Кудай буйруса биздин футбол дагы дүйнөлүк деңгээлде өнүгөт
04.02.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы.админ мен 8муноттук конугуу деген видео кордум эле,жуктоп алайын деп кирип таппай калдым.жардам берип коюнузчу.алдын ала рахмат)
04.02.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aaaaaika, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/media/uservideo/131677/
04.02.2015. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Секин секин да, Академиялардан жаш кучтуу оюнчулар чыкса бизда кубок утабыз куда кааласа.
05.02.2015. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмки ойунда коло медалы болсо кийинкисиде кумуш анан алтынга АЛГА КЫРГЫЗСТАН
08.02.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футболубуз өнүксүн. Алга Кыргызстан. Клубтар көбөйсүн. Акчалуу көпөстөр ачсын ушундай клубтарды. Футбол да чоң бизнес.
09.02.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай женишти алып келген жигиттерге рахмат айткандын оордуна шылдындап отурасынар кичине болсо да патриоттук сезиминерди ойготуп койсонор болбойбу
12.02.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ктрк программасын кайсы жерден корсо болот
24.02.2015. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар коруп сыймыктадым коп коп жеништерди каалайм

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо