№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж
Баштыкта салынып бери жагы жарым жыл ашкана текчесинде турган төө буурчак ар бир үйдөн табылат. "Бүгүн эмне тамак жасасам?" деп баш катырып жатсаӊыз, анда тамак-аш менюӊузга төө буурчактан жасалган даамдарды кошуӊуз. ТӨӨ БУУРЧАКТАН ДАЯРДАЛГАН КОТЛЕТА
Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак – 400 грамм
Пияз – 1 даана
Тоок эти – 350 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Ашкөк – 1 боо
Ун – 150 грамм
Жумуртка – 2 даана
Катырылган нандын күкүмү – 400 грамм
Өсүмдүк майы Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Пиязды аарчып, туурап майга куурабыз.
2. Тоок этин майда туурап, сууга бышырылган төө буурчакты эт туурагычтан өткөрүп кошобуз. Ага сарымсак, ашкөктү туурап жана куурулган пиязды салабыз. Аралаштырган соӊ
колубузду суулап, тегерек формадагы котлеталарды жасайбыз.
4. Котлеталарды алгач унга, андан соӊ жумурткага жана нандын катырылган күкүмүнө оонатып, ысыган майга бышырабыз. Сырты катыганга чейин ар бир бетин 2-3 мүнөттөн бышыруу керек.
5. Фантазияӊызга жараша жашылчалар менен кооздоп коюӊуз.ТӨӨ БУУРЧАК МЕНЕН АЛМА САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак – 300 грамм
Алма – 300 грамм
Кызылча – 1 даана
Уксус – 1 чай кашык
Быштак – 50 грамм
Зайтун (оливковое масло) же өсүмдүк майы
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Төө буурчакты таза жууп, муздак сууну көмө куюп, 7-8 саатка чылап коюу керек. Бул убакта төө буурчак жумшарат. Андан соӊ толук бышкыча кайнатыӊыз. Бул 1,5-2 саатка созулат.
Бышып калганда татымына жараша туз салып 15 мүнөт жай отко кайнатып, суусун төгүп салыӊыз.
2. Алманын бир аз кычкылын тандап алганыӊыз оӊ. Бул салатыӊыздын даамдуу болушуна салым кошот. Алманы аарчып, жука жана узун-узун кылып туурап алыӊыз.
3. Кызылчаны сууга бышырып, алманы туурагандай формада туураӊыз.
4. Булар даяр болгуча төө буурчак дагы муздайт. Ага тууралган алма менен кызылчаны кошуп, өсүмдүк майын, уксусту 150 грамм сууга аралаштырып куюп, татымына жараша туз, мурчтан сээп, жакшылап аралаштырып коюӊуз. Салатты дасторконго коёрдо үстүнө быштакты себелеп коюӊуз.
ТӨӨ БУУРЧАК ШОРПОСУ
Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак – 150 грамм
Уй эти – 1 килограмм
Картошка – 3 даана
Пияз – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Кызылча – 1 даана
Капуста –1 даана (кичирээги)
Лавр жалбырагы – 1 даана
Томат пастасы – 1-2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 30 миллиграмм
Татымына жараша туз, калемпир, мурч, каймак
Даярдоо ыкмасы:
1. Төө буурчакты жууп, сууга 7 саат чылап, анан сууга бышырып алабыз.
2. Уй этин да сууга бышырабыз.
3. Жашылчаларды аарчып, капуста, сабиз жана кызылчаны ичке узунунан туурап алабыз. Ал эми пияз менен картошканы төрт бурчтук кылып туурайбыз.
4. Кайнап жаткан эттин үстүнө алгач кызылча менен капустаны салып, кайнатабыз. Андан соӊ картошканы жана тууралган пияз менен сабиздин жарым бөлүгүн салып бышырабыз.
5. Ысыган көмөч казанга май куюп, пияз менен сабиздин жарымына томат, татымына жараша туз, мурчту кошуп, куурабыз.
6. Муну казандагы шорпого кошуп, үстүнө бышкан төө буурчакты аралаштырып жиберебиз. Лавр жалбырагын салып, 10 мүнөт жай отко коюп коюу керек. Шорпого каймак салып, иче берсек болот.
ТӨӨ БУУРЧАКТАН УПА ЖАСАШКАН
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Fasoldu suuga kechınde chılap koyet ertesı anı bıshırıp alıp suusun togup salat(gaz bolboshu uchun). mıskeyge ettı kuurup pıyazdı tomattı kuurup alıp anan ustuno bıraz suu kuyabız.chesnoktun bır tıshın maydalap salabız uzun 2-3 perestı butun bydon salıp ustuno fasoldu koshup kaynatabız. fasol oto ezılbeshı kerek.
noya emespi?
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз.