«КАРА ЖОРГО» соода маркасы уюштурган акциянын алгачкы жеӊүүчүлөрү аныкталды

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж

Өткөн жылдын октябрь айынан тарта өлкөбүздөгү дүкөндөрдүн текчелери «Кара жорго» соода маркасынын жаӊы арагы менен толукталган эле. Бул арак өзүнүн жумшак даамы менен спирт ичимдигин колдонуучуларды тез эле багындырып алды. Кара жана алтын түстөрдүн айкалышынан жасалган арактын сырткы жасалышы анын ички сапатын толуктап тургансыйт. Бул жаӊы арактын чыгышы менен бирге эле «ЖЫЛКЫ сөзүн чогултуп, өз жылкыӊды утуп ал!» аттуу акция старт алган. Акциянын шарты боюнча «Кара жорго» арагын сатып алып, анын этикеткасындагы коргоочу катмарда катылган тамгаларды чогултуп, «ЖЫЛКЫ» сөзүн табуу керек. Бул сөздү тапкан адам 70 жылкынын биринин ээси болот. Мындан тышкары көптөгөн башка сыйлыктар: бренддик футболкалар, кепкалар, китепчелер жана арактар ойнотулууда. Сыйлыкты утуп алган адам 0770 22 22 88, 0312 67 88 31 телефондоруна чалып, өзүнүн жеӊүүчү болгонун кабарлоого тийиш. Акцияга Кыргызстандын аймагында жашаган бойго жеткен атуулдар гана катыша алат.
Негизги сыйлык жылкыны жеӊүүчүлөрдүн эӊ алгачкысы болуп Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Кенжебек Жакыпбеков табылды. Ал «Бул биздин үй-бүлө үчүн жаӊы жылдык күтүлбөгөн чоӊ белек болду. Жашообуздагы эӊ кубанычтуу күндөрдүн бири деп ушул күндү айтар элем. «Кара жорго» соода маркасына чексиз ыраазычылык билдирем!»- дейт.
Ага утурлай эле экинчи жеӊүүчү табылды. Ал – Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча айылынын жашоочусу Урмат Осмоналиев. "Биз үй-бүлөлүк салтанат үчүн «Кара жорго» арагын сатып алганбыз. Коргоочу катмарды сүртүп, «ЖЫЛКЫ» сөзүн чогултуп алдык да, жеӊүүчү аталып калдык",- дейт күтүлбөгөн жерден жылкынын ээси болуп калган Урмат.
Ал эми кийинки жеӊүүчү Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тургуну Каным Жусуева. "Кара жорго" соода маркасына чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул акцияга кызым активдүү катышты. Анын арты менен минтип жылкылуу болуп отурабыз",- деп кубанычы менен теӊ бөлүштү жеӊүүчү.
Бүгүнкү күнгө карата аныкталган 4-жеӊүүчү деп Таш-Көмүр шаарынан Алимсеит Жаналиев табылды. «Мен жашоодо жолдуумун. Бул жолу да жеӊүүчү болдум. Силер да «Кара жорго» арагын сатып алып, жылкы утуп алгыла»,- дейт акциянын бактылуу катышуучусу.
Ал эми фирмалык футболка, кепка, китепче, арактарды утуп алган катышуучулардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.
Акция 2015-жылдын 1-майына чейин уланат. Дагы 66 жылкы өз ээлерин күтүүдө.
Жоргонун баркын мингенде билерсиӊ!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
02.02.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
демек арак ичкендер кобойуудо
02.02.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле 70 жылкы утушка койулсун...
04.02.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хехе, бугундон баштап аракты уйронуп утушка ээ болоюн ))))товаа кудай сактаа тфу тфу тфу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо