Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАШ ПРОКУРОРЛУККА ЖАШ ЖАНА БОЙДОК ИНДИРА ЖОЛДУБАЕВА КЕЛДИ

№639 30-январь-5-февраль, 2015-ж

28-январь күнү Жогорку Кеӊеш башкы прокурорлук кызматка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин 104 депутаттын макулдугу менен жактырды. 29-январда президенттин жарлыгы менен ал башкы прокурор болуп дайындалды. Жолдубаеванын талапкерлиги каралып жаткан учурда Аида Салянова кызматка оор мезгилде келгенин жана чоӊ жумуш жасаганын билдирди. «Бирок менин өз жолум бар. Коррупцияга каршы күрөш улантылат, күчөтүлөт. Мен буга сөз бере алам»,- деди.
Аида Салянованын кызматтан кетүүсүнө жолдошуна карата козголгон кылмыш иши себеп болгондугу айтылганына байланыштуу Индира Жолдубаеванын билими, иш тажрыйбасынан да анын үй-бүлөлүк абалы эӊ көп талкууларды жаратып, депутаттар тарабынан да ушундай суроолор берилип жатты. Жаӊы башкы прокурор турмушка чыга электигин, балдары да жок экендигин айтты. «Күйөөсү жок, балдары жок, демек, үй-бүлө мүчөлөрү аркылуу тузакка да илинбейт» деген маанидеги пикирлер абдан көп айтылды.
Эл өкүлдөрү тарабынан узатылган соболдорго орус тилинде жооп берип жаткандыгы үчүн Индира Жолдубаевага кыргыз тилин өздөштүрүү керектиги эскертилди. Буга чейин Президенттик аппаратта Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгын аркалап келген жаӊы башкы прокурор 35 жашта. 2002-жылдан тартып юрист катары эмгек жолун баштап, 2008-жылы Президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн эксперти болуп жумушка орношкон. Соӊку үч жыл бою соттук систем, прокуратура, тергөө органдарына реформа жүргүзүү маселелери боюнча алектенип келген. Аида Салянова сыяктуу эле Жолдубаева дагы прокуратурада бир да күн иштеген эмес.
Индира Жолдубаева менен катар эле кызматтан бошогон Аида Салянованын азыр кайда экендиги, кайсы партиянын катарында парламенттик шайлоого катышып калышы мүмкүндүгү же ага кандай кызмат сунушталып жаткандыгы бир жума бою талкууланды. «Күйөөсүнүн кайсы бир иши үчүн өзүн күнөөлүү сезип, акыйкаттыкты туу туткан, коррупция менен аёосуз күрөшкөн адам болуп көрүнүп, кызматтан кетүүгө арыз жазды. Муну менен Саляновага абдан жакшы, жеӊиштүү имидж түзүлдү. Эми бул адамды акырындап дайындап президенттикке алып чыгышат». Анан да «Чет өлкөгө качып кетиптир» деген сөздөр айтылып жатты. «Качып кетти» деген маалыматтарды жокко чыгарып, 28-январь күнү Аида Салянова: «Эмгек өргүүсүнө чыккандан бери Кыргызстанда элемин. Жаӊы жылда гана Ат-Башыга 3 күнгө барып келип, калган күндөрү Бишкекте болдум. Мен мажбур түрүндө тыныгуу алдым. Кызматта калуу үчүн көп ишти аткарууну сунушташты, алардан баш тарттым. Белгилүү бир окуяларды айтпоо үчүн өзүмдү күчтөп болсо да кармайм. Жакын арада болуп өткөн окуяларга байланыштуу баамды жана келечектеги пландарымды айтып чыгам»,- деп «Акипресс» маалымат агенттигине билдирди.
Күйөөсүнө карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу жубайынын жооптуу кызматтан кетиши Кыргызстанда чанда жолуга турган окуя. Түздөн-түз күнөөсү болбосо да моралдык жактан айыбын сезүү чиновниктерди жакшы жолго салмак. Бирок Салянованын «акыры бир күнү айтам» дегенине караганда аны кызматтан кетүүгө аргасыз кылышты.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(59)
03.02.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдаркендин Кадамжай комбинаттарды Ким дер сатып чачып жок кылды тапчы.ошолордун айынан близ Россияда кор болуп журобуз!
03.02.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызча суйлош оной эле коррупцияны жок кылыш кыйын
03.02.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакшы болду кеткени Аиданын кутуп журдум эле.
03.02.2015. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай Жогорку билимдуу эжебиз кыргызчаны билбегени окунучтуу ак иштнп адал тамактаныныс
03.02.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлике жаштар тартылсын дейбиз,
жаш келсе да иштете элек жатып буттан тартабыз.
Кыргызча билбейт дейбиз, ооба бул жери бир аз минус, бирок коп нерсени билиш учун коптогон китептерди окуш керек, андай китептин баары орус тилинде же чет тилинде болот.
Керек болсо Кыргызстанда обычный спаркаларды орус тилинди жазып беришет.
Бул кунумдук гана корунуш.
Биринчиден иштесин, анан артын коро жатаарбыз
03.02.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызга пайдалуу иш жасаса болду го.
03.02.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баркы түшүп бай тилдин баштагыдан,
Байкуш болду басалбай аксап улам.
Салттуу тилге келгенде унчугалбай,
Сасып турат балыгың баш жагынан.

Бердибек Жамгырчиев
05.02.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara_kulzha,эн туура.
03.02.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл билбеген толгон токой иш бар да, аны бийликке келип кетип жаткандар ичтен жакшы тушунушот да. Биз билбей туруп эмнени суйлойлу.
03.02.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аида Саляновада жакшы иштеген жок. Жакшы иштесе Азиз Батукаевти чыгарат беле.
03.02.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын Кыздары кыйын келген илгертеден. Курманжан Датка айымдай кыйын чечкимдуу адилеттуу болушун Каалаймын. Ийгилик. Аллах раазы болсун ак ишинизге жаман жолдон жаман ойдон алыс кылсын. Амин
03.02.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул орто жаштагы аял дагы ашанын айтканын кылат!! тур десе турат отур десе отурат!!
03.02.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iigilik ezhekesi uvazhayu
04.02.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм..Бойдок дегиле... Сулуу айым экен. Ийгилик. Карапайым калк учун кызмат кылган айымдардан болсун.
04.02.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байтал чуркап байге албачуле
Жоок мурда да
Азыр
Эркектер Yйдо аялдар талаада б.п калды алмашып
Бирок баарибир макал бекеринен айтылбачуле дээрим!
04.02.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
35жашка чейин карьера деп журуп турмушка да чыкпаптыр. Ийгилик
04.02.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervochka, cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
04.02.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ чиновниктерди турмого тыксын
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-05 10:53:58
05.02.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sherkul, аймактык бөлүнүүгө тыюу салынган! 10 күн БАН!
04.02.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойдок болсо анда мен ыраазымын,итак оштон болсо жээрдеш экенбиз.
05.02.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карупстя эч качан жоголбой калдыго кыргызстанда.Күчөшү күчөйт жоголбойт.
05.02.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыы эми коробуз да кандай иштээрин,35ке чыкса да неге турмушка чыкпады экен а?
06.02.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да ийгилик.ээрге туз отуруп ,тизгинди жакшы кармасын да
06.02.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш тайманбай иштейт деп ойлойм ийгилик
07.02.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык чондор ушундай кылып Эле жаштарга ордун бошотсо жакшы болор еле урушуп талашып журобербей
07.02.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи сын айтыш женил, только ошлол сынды да туура жагын айтышса негизи, кызматка келе элек адамдга сын айтуу эрте.
эжеке мага жакты:)
07.02.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызча билбегени жакпады. 25 жылда тилге конул бурган бир жетекчи чыкпады го, азыр кочодо кыргыздын итинен ойдо орусча суйлой баштады. Тилди билбесе улутту сыйлабагандык, кыргызга кыйратып деле кызмат кылбайт
07.02.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кое турсаңар боло Толубай сынчылар! "Апрельде келип кыргыз тилинде отчет берем" дептир го.Дээринде болсо эки ай ичинде кыргызчаны үйрөнүп алат.
08.02.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
БАШ ПРОКУРОРЛУККА деген жерин Баш Паракорлукка деп окуп алыпмын
08.02.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аша га ушундай баш прокурорлука прокуратурада иштебеген,стаж жок, жаш адам керек.коп жыл прокуратурада иштеп келгендер толупатат, алар корупцияга малынып калган.
08.02.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жана да бул жаш башпрокурорлор аша нын айтканын так аткарат,болбосо башкасы келет
09.02.2015. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билимдуу, оз ишин так аткарган, татынакай айым экен... Келечекте чыныгы жузун коробуз да эми. Мага кызыктуу жери, не себептен ушул жашка чейин турмушка чыкпады экен?...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо