Чыӊгыз Мырзаев: «БИЗДИН УБАКТА КҮЙӨРМАН КЫЗДАР ТЕНТЕК ЭЛЕ»

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

Бир кезде Чыӊгыз десе кыздар ичкен ашын жерге коюп чуркачу. Ошол кездеги кыздарды сүйдүргөн Чыӊгыз минтип үй-бүлө күтүп, кыздуу болуп, 3 кабат үй салып, бир үй-бүлөнүн кожоюну. Биз бүгүн артка кылчайып, бул мырзанын баскан жолуна саресеп салып көрөлү.

«МЕН ҮЧҮН АТА-ЭНЕМ ШААРГА КЕЛИШКЕН»
-1-классымда болсо керек эле, чатак салып жатып апама дүкөндөн комуз алдыргам. Бирок аны черте албай көпкө чейин үйдө илинип турду. 5-класста гана комуз черткенди айылдагы бир эжеден үйрөнгөм. Мектептеги сахнага 5-классымда «Энекем» деген ырды аткарып чыктым. Ошондон кийин эле Манастын миӊ жылдыгы болуп, манас айткам. Кийин мектептер аралык сынак болгондо Манастын атасы Жакыптын ролун аткарып калдым. Ал кезде айылда форма кайдан, өзүбүз эптеп тиричилик кылчубуз. Айылды кыдырып бир чолок чепкен, тон, тебетей таап, өзүм кепкенедеймин, кийиктин сакалын ээгиме тагып алып Жакыптын ролун ойноп чыгармачылык чыйырым башталган.
9-класста окуп калганымда айылда гитара ойногон мода болгон. Атама гитара саттырып алып, ошондо «Бир тууганым» деген ырымдын обону жаралган. Гитара менен айылдагы балдарга ырдап берип, «көрөсүӊөр, шаарга барганда ушул ырым хит болот» деп балалык кыял менен көзүм жетпесе деле тилек кыла берчүмүн. Андан кийин эле 9-классты бүтүп, Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы музыкалык техникумду бүтүп келдим. Кайра эле өзүм өскөн Чаткалдагы мектепте музыка мугалими, көркөм жетекчи болуп иштедим. Үйдө жалгыз эркек болгондуктан, кийин мени шаарга жалгыз жөнөтпөй, ата-энем айылдагы үй-жайды сатып, Бишкекке көчүп келишкен.

«ҮЧ АЙ РАДИОДО ИШТЕП, ЖАШАДЫМ»
-Шаарга келгеним менен, эч кимди тааныбайм, гитара, комуз чертип, ыр жазганым менен эч кимдин деле иши жок. Атам тааныштары аркылуу Атайбек Бөдөшовду таап, агайга мени жетелеп барды. Агай комуз сатып берип, Искусство институтуна тапшыртып көп жардам берди. Мени күнүгө тосуп алып, жетелеп мугалимдер менен тааныштырып чыгар эле.
Бир күнү үйдө отурсам телевизордон «КТРге алпаруучу керек» деген жарыя чыгып калды. Эртеси телевидениеге барып, аба ырайын окуп, иштеп калдым. Ал жактан Мырзабек Айдаралиев менен тааныштым. Бир күнү ага «ди-джей болгум келет» десем, «жеӊеӊ радиодо иштейт» деп телефондон Назгүл Айдаралиева менен сүйлөштүрдү. «Келип кет» деп чакырганынан барсам, мени Лилия Абдубаитова тосуп чыкты. «Эфирге ар бир чыкканыӊ өзүнчө спектакль болуш керек. Элдин көӊүлүн алып, эсинде калышыӊ керек» деп шарттарын түшүндүрдү. 3 күн текстимди жазып, даярданып барсам «сен биздин стилге туура келбейт экенсиӊ, бирок дагы сынап көрөлү» деп тапшырма беришти. Мырзабек байкеге «бекер эле убара болуп жатат окшоймун» десем, «сенин эмнеӊ кетип жатат, дагы бир барып көр, өтсөӊ өттүӊ, өтпөсөӊ акыр заман болуп кетмек беле?» деп койду. Байкенин сөзү менен барып, кийин өтүп кеттим.
Штатка жаӊы киргенде 3 ай ишканада жашадым. Кароолчунун бир жаздыгы менен төшөнчүсү бар болчу. Кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин иштейм. Түнкү 12де маршруттук таксилер токтойт да, кароолчунун төшөгүн жыттап уктайм. Кайра эртеӊ менен туруп үйгө кетем, кечки 6да жумушка келем. Эфирде пультту өзүӊ башкарасыӊ, телефондон угармандарды кабыл аласыӊ, музыканы да өзүӊ таап коёсуӊ, айтор, эфирде иштеп жатканда сүрдөп, толкундангандан көл-шал болуп тердеп кетчүмүн. Ошентип радиодо 7 жыл иштедим. Ошол жерден агарып-көгөрүп, өстүм. Тааныш таптым, атактуулар менен табакташ болдум.

«КЫЗДАРДАН МЕТРЛЕП КАТТАРДЫ АЛЧУБУЗ»
-Ди-джей болуп атым таанылган соӊ жан дүйнөм эӊсеген ырчылыкка кириштим. Ырдап баштаганда продюсер Ильяз Адамов менен иштешип, эки жолу концерт бердик. Кийин «акча бар жерде талаш-тартыш болот экен, сый бойдон эле жүрөлү» деп иштешпей калдык. Концерттен түшкөн акчага Гольф 3 үлгүсүндөгү эӊ алгачкы унаамды алгам.
Продюсерден кеткенден кийин өзүм «25 жаш» деген аталыштагы концертимди уюштурдум. Ошондо иштин көптүгүнөн 3 күн үйгө түнөбөй калгам. Радиодон чыгып, концерттин жумушу менен чуркап, тойго тамадалык кылып, телевидениеде иштеп, 3-4 саат машинада уктап алып, кайра радиого эфирге чыгып жүрдүм.
Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев болуп бир группада окуп, бир сахнада ырдап калдык. Мен радиодо иштегенде кол ийрисине тартат болуп алардын ырларын эфирден көп кетирип жетекчиликтен уруш уккан күндөр болгон. Акбар, Султан, Мирбек төртөөбүз концерт бүткөндө күйөрман кыздардан чыга албай кийинүүчү жерде жарым саат күтүп отурат элек. Ал кезде күйөрман кыздар тентегирээк болчу. Спорт Ордосунун эшиктерин сындырып, курткаларыбыз жыртылып, эптеп качып чыкчубуз. Бизди телефонго тартып, кучактап, айтор, башкача эле.
Жаӊы ырдап чыгып жаткан кез, жатаканада жашачубуз. Кыш болгонуна карабай бутубузда туфли. Ошентип күйөрман кыздардан качып, жатакананын алдына барып, төртөөбүз төрт нан алып, анын үстүнө сабиз салатты салып жегенбиз. Өзүбүзчө тамашалашып күлүп коёбуз «тиякта кыздар артыбыздан кууп жылдыз болгонубуз эмне, минтип суукта калтырап көчөдө кургак нан менен сабиз жегенибиз эмне?» деп. Өзүӊдүн жумушуӊду кылганга убакыт таппайсыӊ го, кыздарга деле рахмат. Метрлеп каттарды жазып, сүрөттөрүбүздү чаптап, артыбыздан кууп, номерлерибизди таап алышчу. Азыр үйдө 16 метрлик кат сакталуу. Уюлдук телефонумду айтпай эле коёюн, үй телефонумдун номерин 3 жолу алмаштыргам. Эми ал күндөр артта калып, мен үй-бүлө күтүп, бир кыздын атасы болдум.

Жанара Атабекова: «КЫЗДАРДЫН АРАСЫНДА ӨЗҮН ЖОГОТУП КОЙЧУ»
-Радиого биринчи келгенде Чыӊгызга эфирге чыкканды, пультка отурганды дегеле радиого тиешелүү техникалык иштерди мен үйрөттүм. Өзү да аракетчил болчу, бат эле үйрөнүп алат. Дайыма колуна гитара көтөрүп жүрөр эле. Бизге ырдап берип, майрамдардын көркү болчу. Аябай көӊүлчөөк, эч кимге жок дей алчу эмес. Күйөрман кыздар көп келчү, алардын баарына жакшы мамиле кылар эле. Кыз жандуу да болчу. Кыздардын курчоосунда калса, өзүн жоготуп койчу. Анан мен «Чыӊгыз, минтип отурсаӊ эмнеӊ калат, кичине катуураак болчу» деп акыл үйрөтөт элем. Бир күнү «Жанара эже, менин концерттерди алып баргым келет» деп калды. Ошондо Абдумалик Шерматов «сахнага кайтып келдим, 12 күн концерт беребиз» деп мага «концертти алып барып бер» деди эле, Чыӊгызды жаныма алып алдым. Концертте сүйлөп жатсак, Малика сахнага атасына гүл көтөрүп чыгып, калп айтпайын, 10 мүнөт кучакташып, артынан Динара Акулова келди эле, эл тынбай кол чаап, сахна ызы-чуу. Чыӊгызды карасам, толкунданганынан да, сүрдөп да калтырап, ыйлап ийчүдөй болуп араӊ турат. Ошол көз ирмем такыр көз алдымдан кетпейт. Концерт 12 күн болбой эле, токтоп калды. Анан «Жанара эже, 12 күн болсо сонун болмок, ээ?» деп коёт, калтырап корккону менен иши жок. Азыр мени апа дейт, бир жерде көрүшүп калсак да «Жанара апа, кандайсыз?» деп учурашып турат.

Үрүнүса Маматалиева, Чыӊгыздын апасы: «БАЛАМДЫ КИТЕП МЕНЕН САБАГАНЫМА ӨКҮНӨМ»
-Кошуналарыбыз «Чыӊгыз баладай болуп урушуп-талашпайт, тентек кылбайт, боорукер, кантип тарбиялайсыӊар?» деп таӊ калышчу. Мен буга атасынын тарбиясы чоӊ деп коём. Анткени атабыз бир сүйлөгөн, алысты көрө билген киши. Чыӊгыз үчүн үй-жайын, мал-мүлкүн, машинасын сатып, бизди шаарга көчүрүп келди. Атасы китеп көп сатып берчү, балам китеп эле окуп отурчу. Чукугандай сөз тапканы да ошондон болсо керек. Эч кимге көргөзбөй дастандарды да жазган. Айылдагылар кезектешип торпок жайчубуз, бир жолу бизге кезек келгенде Чыӊгыз торпокторду айдап кеткен. Үйдөн «Телегей» деген китепти алып кетип, токойдун ичинде окуп отура бериптир. Саат 12 болду, жок, 2 болду, жок, 4 болуп баратат, дагы эле жок. Биз сарсанаа болуп издей баштадык. Сураштырсак, көрдүм деген бир киши болбоду. Саат кечки 5 болгондо колуна «Телегейди» көтөрүп келип жатпайбы. «Каякта жүрдүӊ?» десем, «токойдо китеп окуп отура бериптирмин» дейт. Анын бул жоругунан коркуп кеттимби, билбейм, айтор, колундагы китепти жулуп алып, аны менен урганым эсимден кетпейт.

Атайбек Бөдөшов, Кыргызстандын Эмгек сиӊирген артисти, обончу: «ЧЫӉГЫЗДЫ АЛБАСАӊАР ОКУУӉАРДЫ ЖАПКЫЛА ДЕГЕМ»
-Мага Чыӊгызды атасы алып келди. Карасам, музыкалык билими бар, жылдыздуу жигит экен. Искусство институтуна алып барсам, кабыл алуу бүтүп калыптыр. Мугалимдерге «ырдатып көргүлө, талантын байкагыла, эгерде бул баланы кабыл албасаӊар окуу жайыӊарды жаап эле койгула» деп тамашалап жатып 2-курска киргиздим. Мага келечеги көрүнүп турчу, обон да жазат экен, ырларын карап бердим. Дене тарбия институтунун ашканасында тамак арзан болчу. Мына ошол ашканага Чыӊгызды алып барып, «ушул жерден тамактанып жүр» деп көрсөтүп койгон элем. Ал жерде иштеген кыздарга «бул арык балага жакшы тамак берип баккыла, бул жигит келечектеги жылдыз» деп айткам. Бир жылдан кийин эле Чыӊгыз жылдызга айланып кетти, ашканага барсам ошол кыздар «сиз туура айтат экенсиз» деп күлүшкөн.

Эрнист Зияйдинов, досу: «ЖЫРТЫК АКЧАГА «КОРЖИК» АЛЫП ЖЕГЕНБИЗ»
-Мен Чыӊгыз менен 1998-жылы таанышкам. Экөөбүз Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунда чогуу окуганбыз. Досум кыздарга аябай жакын эле. Кээде кыздарга барып келип калганын жанында жүргөн мен билбей калчумун. Студент болуп жүргөндө курсагыбыз ачып, менде 1 сом, Чыӊгызда жарымы жок 1 сом бар экен. Экөөбүз базарга барып, Чыӊгыз сатуучуга жарым 1 сомду тоголок кылып ороп берип, эки «коржикти» көтөрүп качыптыр. Артынан мен кармалып калып, «эже, мен аны тааныбайм» деп сатуучудан араӊ кутулгам. Ошол кезде «үйлөнгөндө бири-бирибизге күйөө жолдош болобуз» деген элек. 2003-жылы мен үйлөндүм, Чыӊгыз Жалал-Абадга келип, жолдош болуп берди. Кийин үй-бүлөлүү болгонума карабай Чыӊгыз үйлөнгөндө мен да күйөө жолдош болдум. Атактуулукка жеткенде да Чыӊгыз такыр өзгөргөн жок. Азыр деле үй-бүлөбүз менен катышып турабыз.

"Кызымдын тили аябай ширин. Жумуштан барсам "атаке, папуля" деп тосуп алат".

Чыӊгыз 2006, 2011-жылдары "Жылдын супер ди-джейи" наамын алган.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Чыңгыз Мырзаевдин басып өткөн жолу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(39)
SUPER.KG видео
07.02.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бийиктей бериниз!
SUPER.KG видео
07.02.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулгону эле сонунда

Бактылуу болгула! Эл учун кызмат кылуудан талбаныз.
Модератор Aselina_kg түзөттү 2015-02-07 12:47:10
SUPER.KG видео
07.02.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй-булоолук бакыт жана чыгармачылык ийгилик каалайм.Азаматсыз!
SUPER.KG видео
07.02.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Cонун маек болуптур.
SUPER.KG видео
07.02.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынгыз ийгилик. Бул жигит чаткалдын МЖС деген айылында жашачуу. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
08.02.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооо. Менин кумиримго. Толуп тапптатынакай мырза болуп калыптырго
SUPER.KG видео
08.02.2015. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун маек болуптур.Уй булолук бакыт каалайм.Чынгыз Мырзаев кичинекейинен эле таланттуу адам болгон деп коп укканмын.Кадамжайда "Учкун"орто мектебинде окуткан эжейлерден.Ар кандай конкурстарга активдуу катышчу экен.Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!)
SUPER.KG видео
08.02.2015. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кадамжайда канчанчы класста окуган. мен билгенден бул жигит чаткалда окуган


SUPER.KG видео
08.02.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башында жакшы алпаручу эле кийинчерек!Шайы ооп калган!
SUPER.KG видео
08.02.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйлөгөн сөзү маанилүү, орду менен. Ушул инсандын талатын сыйлайм! Кыргызстан Обондорунда кутман таңды алып барып жүргөндө, күндө укчумун. Ар бир сөзү бир нерсени камтып турат эле.
SUPER.KG видео
09.02.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кадамжайдын жигити да молодец
SUPER.KG видео
09.02.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Ийгилик брат?
09.02.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой жакшы жигит. Талантын оркундой берсин!
09.02.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокойлугу аябай жагат. Аялынан эмнеге интервью алган эмессинер Супер-Инфо?!
09.02.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargizka.kg, саламатсызбы!
Макалада Чыңгыз Мырзаевдин чыгармачылык жолуна басым жасалган. Ал эми жеке жашоосу тууралуу төмөнкү макалалардан окусаңыз болот:
http://www.super.kg/article/?article=15065
http://www.super.kg/article/?article=21413
09.02.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болоор бала б..унан деген чын соз да.Ийгилик...
09.02.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек, а Чынгыз ото келишимдуу, жылдыздуу ээ ийгилик (азыр эмне мн алек экенин сурап койбоптурда
09.02.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча кыздын тун уйкусун уурдап, журогуно кол салган. )))
10.02.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, Арасында сизда жок белеңиз?)))
10.02.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AZIK01, Бар учун айтып жаткандыр)))
SUPER.KG видео
09.02.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да бул жигит менен ооруп, куйорманы болуп жургом эхх))). Азыр сыйлайм таланттуу, чыгармачыл инсан бар болунуз!
09.02.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы азамат экен семиртип багып койгон.
09.02.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагат ушул жигит.Жадырап жылдыздуу жигит
09.02.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий аябай жагат да,буюрсаа тоюма тамадалык кылса экен деп тилек кылам))
10.02.2015. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик Чынгыз!
10.02.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайы Надирабегим " Супер сулуу"га катышкан кыз болчу го. Эми минтип классная пара болуп калышыптыр.
10.02.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгызда уну жок эле 2-3 ыр ырдап алып, биздин мезгилде андай эле, тиги эле дегени туура эмес. Бек Борбиев ж.б. айтса болмок. Самозванец болуп жылдыз оорусу менен ооруп калыптыр. Коро албагандык эмес, болгонун айтып койдум.
10.02.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле сонун уну да, суйлогон создору да, ата -энесинин, жубайынын, кызынын жана кыргыз элимдин бактысына бар болсун. Мындай талантуулар кыргызымда кооп болсун
10.02.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы Чынгызга копия го бактылуу болушсун.
10.02.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында баардык жагынан келишкен жигит: таланты, өң-келбети бар.Бирок, кыргыз радиосунда ди-джей болуп иштеген жигит "подушка, ключ" деген сөздөрдүн кыргызчасын билбейби? - деген ой келди
11.02.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жагат ушул ырчы. ийгилик уй булолук бакыт.
11.02.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз озунду озун мактай бер, ХХХ ХХХ. Эмне кызматын отту эле элге?(()))...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-12 09:48:27
12.02.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orozbek, далили жок кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
argen_kg.95, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
13.02.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orozbek,А сиздин эмне кызматыныз откон элге? ХХХ ХХХ ХХХ Чынгыздын аз да болсо кызматы откон элге.Радиодо иштеген,элдин конулун ачып,эл менен суйлошуп, кыргызстанга кызмат кылып дегендей ж.б. Жана Чынгыз эл адамы, Кыргыз эли сыймыктана турган, тогорогу топ келишкен жигит десек жанылышпайбыз.Чынгыз мырза ден соолукта болунуз,Иштеринизге ийгилик!Кыргызда сиздей инсандар коп болсун.Менин иним сизге окшошуп кетет,азыр угуп отурсам даже суйлогонунор да окшош экен, иним да акылдуу, билимдуу жигит.Азыр Бишкекте Гвардияда аскердик милдетин отоп жатат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-13 10:44:44
13.02.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chicago14, мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
18.02.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз мырза,озу каяктык болот?Баткен же Кара кулжа??
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо