Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАМАН СҮЙЛӨСӨӉ ДОСУӉ АЗАЯТ!

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

Балдар, силерге жаман сөз айтканга болбойт экенин ата-энеӊер көп айтышса керек. Эгер аларды укпасаӊар, аӊгемедеги Амандай болуп каласыӊар. Келгиле, Аман бул жаман адатынан кантип арылганын чогуу окуйлу!
Аман аттуу эрке бала болуптур. Бир күнү ал көчөдө баратып кичинекей балдардын сөгүнүп жатканын угуп калат. Буга чейин мындай нерселерди укпаган Аманга кызык болуп, ал сөздөрдү дароо жаттап алат экен. Анан үйүнө барып ата-энесине эркелеп, улам жаман сөздөрдү айтып сөгүнө берет. Ошондо апасы:
– Ай, балам, мындай жаман сөздөрдү кайдан жаттап алгансыӊ? Экинчи сөгүнбөй жүргүн! Мындай сөздөр сени бузуп коёт,- дейт.
Бирок Аман ал сөздүн маанисин түшүнбөй, эркелеп кайра-кайра сөгүнөт. Ошентип убакыт өтө берет. Негедир Амандын боюнун өсүүсү токтоп калат. Ушундан уламбы, досторунун да саны азайып кетет. Көчөгө ойногону чыкса, балдар кол кезеп аны шылдыӊдашып, өздөрүнө жолотпой коюшат. А Аман болсо себебин түшүнбөй башы катат.
Ал күндөрдүн биринде өзүнө окшоп жаман сөздөрдү сүйлөгөн кызга жолугат. «Бул кыз мени менен дос болсо керек» деп сүйүнүп кетип тигил кызды караса, анын терисине көп жаман сөздөр жазылып калыптыр. Кыз өзү да ушунчалык түрү суук, анан да жагымсыз жыттанат экен. Аман андан коркуп кетип үйүн көздөй чуркап жөнөйт. Шашып келип эле «менин денем да ошентип кетсе керек» деп күзгүгө каранат. Караса анын денесине да көп жаман сөздөр жазылып калыптыр. Ошондо гана Аман апасынын айтканын эстеп, туура эмес кылып жүргөнүн түшүнүп, ошондон кийин ыплас сөздөрдү айтпас болот. Бир нече убакыт өткөн соӊ денесиндеги жаман жазуулар өзүнөн өзү эле кетип, бою өсүп, достору да көбөйө баштаган экен.
Мына ушундай, балдар. Эгер силер дайыма жакшы сөздөрдү сүйлөп, ата-энеӊердин айтканын кылсаӊар, тез чоӊоюп, досторуӊар да көп болот.

Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
13.02.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарга айтып берчу нерсе экен.
03.04.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кыздарыма аябай жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо