Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АТЫП САЛГАН УУЛУМДУ БИР ТАРАПТУУ КАРАЛАШУУДА»

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

Үстүбүздөгү жылдын 22-январь күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Надырбек Бийсеев өз айылдашын атып салган. Октон оор жаракат алган жаран ооруканадан каза болгон.
Бул окуя боюнча айрым массалык маалымат булактарында айыл өкмөт башчысы буга чейин 2 жолу соттолгон Мунарбек Салидинов аттуу жергиликтүү тургун үйүнө кирип келип, коркутуп-үркүтүп акча талап кылгандыгы үчүн аны мылтык менен атып салгандыгы, маркум буга чейин айылдаштарынын жүрөгүнүн үшүн алып келгендиги айтылган эле. Коомчулукта ар түрдүү пикирлер жаралып, кээ бирлери бул окуяны өзүн-өзү коргоо катары баалашууда.
Булардын баарына көз жумуп коё албаган маркум Мунарбектин атасы Абылбек Салидинов айрым маалыматтарды тактап коюу максатында редакциябызга баш бакты:
– Мен уулумду актоо эмес, айрым маалыматтарды тактоо максатында сиздерге кайрылып отурам. Азыр айрым массалык маалымат каражаттарында уулумду «зек» дешип бир тараптуу маалыматтар жазылууда. Уулумдун күнөөсү болсо болгондур, анын буга чейин эки ирет уурулук кылганы үчүн соттолгону чындык. Бирок окуя буга чейин айтылып келгендей Надырбектин үйүндө эмес, биздин үйдө болгон.
Мунарбек улуу уулум эле. Бала кезинде чоӊ атасынын колунда чоӊойгон. Бишкекте өзүнчө батирде жашап, ширетүүчү болуп иштечү. Уулум эл сүрөттөп жаткандай зөөкүр, каракчы эмес. Жаркылдаган, жан дүйнөсү назик болчу. Ыр жазып, ырлары гезит бетине жарыяланып турчу. Балким, жаман жактарын бизге көрсөтчү эмес беле, ким билсин? Келинчеги менен ажырашып кеткен, артында бир уулу калды. Каргашалуу окуя болордо бир классташы «айылга барып кой алып келмекмин, жаныма шерик болуп барып келчи» деп суранып алып кетиптир. «Эртеӊ Бишкекке чыгабыз» деп жатканда ушул окуя болуп жатат. Элден угушумча, айыл өкмөт башчысы экөө 2 ай мурун уруша кетишип, кайра элдешкен экен. Уулум акыркы ирет барганында да экөө жолугуп, чогуу арак ичишип, ал жерден кыжылдашып, анан тарап кетишиптир. Анан бир сааттан кийин Надырбек үйүнө барып мылтык көтөрүп келип, чоӊ атасынын үйүндө жаткан уулумду телефон чалып чакырып, дарбазадан чыгып келатканда атыптыр. Мен барганда боз үй тигилип калыптыр, боз үйдүн тегерегинин баары кан экен. Милиция кызматкерлери Надырбекти алып келишип, окуя кандайча болгондугу тууралуу көрсөтмө алышкан. Өзүм юрист болбосом да, өз үйүнөн аткан менен бирөөнүн үйүнө барып атып салгандын жазасы эки башка экенин түшүнөм. Уулум тууралуу ушактар калп. Балам шаарда жашаса, айылга кайдан эки күндүн биринде барып тынчтык бербей, элди коркутуп-үркүтмөк эле? Же мурда ал бирөөнү тоноп, уруп-сабагандыгы тууралуу милицияга арыз түшпөсө, кантип оозу-мурду кыйшайбай ушуну айтып жатышат? Надырбек тууралуу да элден жакшы кептерди угуп жүрчүмүн. Экөө чатакташса, демек, күнөө эки тарапта теӊ бар да. Анан Надырбекти актап, менин уулумду каралаган туура эмес. Бизге Надырбектин туугандары келип кечирим сурашкан. Анын үстүнө туугандык да жайыбыз бар болгондуктан биз милиция кызматкерлерине арыз жазбай, өз ара тынышып алдык.
Надырбек Бийсеев учурда камакта. Ал эми кылмыш иши боюнча Жумгал райондук прокуратурасы тергөө жүргүзүп жаткан чагы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(9)
09.02.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Саяк журсон,таяк жейсин. Туура кылган. Азамат.
09.02.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары дагы ушул арактын айынан.Тобоо араксызле жашаса болбойбу.Арак дегенде жантайынан жата калып ичишет.Экообу арак ичишкен экен дейт,ананчы бут окуялар ушул жинди арак учун болуп жатпайбы.Аракты ичкенден кийин ичине шайтан киретда,эмне кылганыны да билбей каласын туурабы.Коп создор козголуп олтуруп ушундай бири бирин олтуруу келип чыгат.
Чынын айтсам эмне болуп баратат адамдарга тушуно албадым,Кудайым баарыбызга ынсап берсинчи.Арак деген балеени ичпей эле,жапжакшына болуп жургулочу.
09.02.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайырлуу болсун. Аллах билип билбей кылган куноолорун кечирсин. Ата-энесине сабырдуулук берсин.
09.02.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kayaktagy sottolgon adamdar oturat biylikte.kanchalagan jawtar jurot diplomu menen iwke kire albai.aiyl bawchy uwul iwti kylsa.ALLAHym jazalasyn sendey adamdy
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-10 12:04:19
10.02.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисинде канчалык денгээлде куноо бар Жаратканга анан оздоруно маалым. Эмнеси болсо дагы жаман иш болуптур.
12.02.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча күнөөлүү болсо дагы аны өлтүрүүгө Алланын алдында, Мыйзамдын алдында эч кимдин укугу жок. Муну мыйзам чегинде чечиш керек эле. Эми бул иш болгон соң, тергөө жана сот органдары, өлгөн адамдын күнөөсүн көтөрбөй, өлтүргөн адамга тиешелүү жазасын бериш керек.
14.02.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл окмот башчысы жаш балдар менен арак ичип, адам олтуруп атса
16.02.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротунон эч жамандык кылган/арак ичкен/уурулук кылган адамга окшото албадым. баарыбир адамды бир коруп биле албайсын деген туура да.
жайы жаннаттан болсун!
18.02.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikush ata enesine ele jaman boldu olgon balasynyn kuiutu olgongo komgon kylyp elderdin komenariyleri baikush ata eneni syzdatyp jibergen go.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо