ОШ АЭРОПОРТУНДА МИЛЛИОНДУ ТОНОГОНДОР КАРМАЛДЫ

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

Жакында Ош аэропортунда ишкерлердин 5 миллион 679 миӊ доллар акчасын тоноо кылмышына шектелип 5 киши кармалды. Кылмышка катыштыгы бар дагы 6 жаран издөөдө.

БЕТ КАПЧАН АЭРОПОРТКО КИРИШКЕН
Эске салсак, бул кылмыш 27-декабрда күндүзгү саат 10:30дар чамасында Ош эл аралык аэропортунда болгон. Аэропорттун текшерип өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан сыйлуу конокторду тосуучу (vip) залына Ош-Үрүмчү авиакаттамына жүктөрдү даярдап жаткан учурда аркасында «спецназ» деген жазуусу бар кара формачан, көз айнек тагынган, Калашников автоматтары менен куралданган бет капчан 5 адам кирип келген. Колунда видеокамерасы бар бирөөсү жүргүнчүлөргө: «Атайын операция жүрүп жатат. Жерге жаткыла!» деген буйрук берген. Бет капчандар 30дан ашык ишкерге таандык Үрүмчүгө товар алууга жөнөтүлүп жаткан 5 миллион 679 миӊ АКШ доллар акчаны алып, «Асман-Тур» туристтик фирмасынын аткаруучу директору Руслан Кулатовдун колун скотч менен байлап алып чыгып кетишкен. Андан соӊ ак түстөгү Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаага отуруп из жашырышкан. Барымтага алынган Руслан Кулатовдун башына мүшөк кийгизип алып кетишип, кийин аны Араван районунун көчөлөрүнүн бирине таштап кетишкен. Бактыга жараша, ал эч кандай жаракат алган эмес. Ошол эле күнү бул кылмыш боюнча Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышкерлердин бирөөсүнүн фотороботу түзүлгөн эле.

КИНОДОГУДАЙ СЦЕНАРИЙ ТҮЗҮШҮПТҮР
«Кылмышка шектүүлөрдүн арасында депутаттын иниси да бар» дейт ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов:
– Бул коомчулукта чоӊ резонанс жараткан кылмыш болду. Аны уюштургандар кинодогудай сценарий түзүшүптүр. Коомчулук «муну укук коргоо органдары өздөрү эле аралашып жасады» деп да айтып жатышкан. Кылмыштын бетин ачыш үчүн прокуратура, УКМК жана ИИМ кызматкерлери, анын ичинде биздин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тартылган. Атайын иш пландарды түзүп, профессионалдык деӊгээлде иштеп, бир айдын ичинде кылмыштын бетин ачтык.
Январь айынын акыркы жумаларында Баткен облусунун А.С. аттуу тургунунун үйүн тинтүү учурунда октору менен 2 Калашников автоматы жана Макаров тапанчасы табылды. Автоматтардын биринин номери болсо, экинчисинин номери өчүрүлгөн экен. Кылмышка шектелип кармалгандын айтымында, куралдарды ага тоноону уюштурган Р.А.М. аттуу жаран калтырган. Азыркы тапта анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (куралдарды мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 30-январь күнү кылмышка шектүү 3 жаран Бишкек шаарынан кармалышты. Алардын үйүн тинтүү учурунда кылмышка далил катары 1 миллион доллардан ашык акча табылды.

«УНААНЫ АРААЛАП, АЛАКАНДАЙ КЫЛЫП МАЙДАЛАП САЛЫШКАН»
– Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, бул кылмышка 10дой адам катышкан. Алардын арасында Казакстан, Тажикстан, Кыргызстандын жарандары бар. Кылмышка шектелип кармалгандардын арасында орган кызматында иштегендер жок. Номуру бар курал кайдан алынган, кайда катталгандыгы туурасында иштер жүрүп жатат. Июнь окуясы сыяктуу массалык жаӊжалда аскерлерден же укук коргоо кызматкерлеринен тартып алынганбы деген божомолдор бар, азыр такталып жатат.
Тоногон соӊ кылмышкерлер из жашырып кеткен Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунааны ошол эле күнү алакандай кылып болгарка менен майдалап араалашып, мүшөккө салып металл алгандарга тапшырып салышкан. Ал эми дөӊгөлөктөрү менен отургучтарын өрттөп жиберишкен. Кылмышка шектүүлөр аэропортко ноябрь айынан бери эле жарандык кийимчен келип, качан көп суммадагы акча келерин аӊдып күтүшкөн.

«ШЕКТҮҮЛӨРДҮН АРАСЫНДА ДЕПУТАТТЫН ИНИСИ БАР»
– Бул кылмышка шектелип кармалгандардын арасында Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин депутаты Замир Сыргабаевдин Мирбек аттуу бир тууган иниси да бар. Ал Казакстандын жарандыгын алган жана Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Кармалгандардын эӊ улуусу 46 жашта болсо, эӊ кичүүсү 31 жашта. Кылмышка шектүүлөрдүн арасында үч бир туугандар да бар. Колго түшө элек кылмышка шектүүлөрдү расмий түрдө издөөгө бере элекпиз. Ошол себептен кармала электердин сүрөттөрүн, жашын, аты-жөнүн азырынча айта албайбыз.

Бул каракчылык кылмышына шектелип жакында Баткен облусунун беш тургуну кармалды. Алар:
Р.М. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну,
О.Д. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну,
С.М. Кыргызстанда туулуп, Казакстандын жарандыгын алган (ИИМдин тизмесинде кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган),
З.Р. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну,
А.С. Баткен облусунун тургуну, бул жаран «кылмышкерлерге таандык куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн» деп шектелүүдө.

Кылмышка шектүүлөрдүн үйүнөн табылган акчалар.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(38)
09.02.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
09.02.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кармалышканы менен шефтери жогору жакта отурушса пайдасы эмне бошонот да кургурлар тез эле
12.02.2015. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун тигилер 1.000.000 $ болушсо, башкаларды кармап ала бериштиби?
же чын эле кармадыбы?
09.02.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Беш миллиондун бир миллиону калган экенда.
Ушундай зектерди адам өлтүргүчтөрдү, ууруларды, зөөкүрлөрдү элден түшкөн налог м.н багып жата бергиле.
09.02.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар биздин сатылма сотторду сатып алып койушат. Камтама болбогула. Акча бар жерде эркиндик да,жана башкасы да бар.
09.02.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми акча толонобу кайра ээлерине? Же жон гана камалабы? Соттон кабардарлар жазып койгулачы.
09.02.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошол маалдагы маалымат менен ушул маалымат бири бирине дал келбей жатат, башта айтылган бет кап жок деп, коз айнекчен эле болчу эми оздору бет кийгизип коюп жатышат, ушундан билсек болот органдар оздору бар бул жерде. башта жонокой кишини алып кетишкен эле эми "асман-тур" фирмасынын дректору болуп калыптыр.
10.02.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Коп эле акылман боло бербегилечи. Силерге эч нерсе жакпайт озу! Озунорду озунор сындайсынар да., озунорду озунор коро албайсынар. Россияда буга окшогон кылмышты жылдап издешет. Биздикилер азаматтар! Колдогондун ордуна, кайра адамдын коро албайсынар.Кыйын болсонор озунор "сыщик" болбойсунарбы? Бекерчи болуп кечке интернетте отургандан башка колунардан эч нерсе келбейт.
Модератор Aygul түзөттү 2015-02-10 09:28:20
12.02.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygul, туура айтасын оной олтон иш эмес мындай кылмыштуу топту тутуш.Жок эле жерден бироолорго айып тагыла бербейт.Азаматтар уурунун аягы кууш деген ушул.Эми катуурак жаза колдонушса экен башкаларга да сабак боло турган кылып.
09.02.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчаны перчатки кийип кармайтко...тем боле..тинтуу учурунда болсо.
09.02.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жон гана элди жоонтуп коюуу учун гана айтылып жатат,бул кылмышкерлер баткен районундагы кылмышка шектелип кармалгандар ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-09 13:01:50
09.02.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zezim2000, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болууну сунуштайм!
09.02.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"... «спецназ» деген жазуусу бар кара формачан, көз айнек тагынган, Калашников автоматтары менен куралданган бет капчан 5 адам.." элестеттинерби))) коз айнек тагынып анын устунон беткап кийип алышыптыр.
12.02.2015. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле жазылган, бет кап кийип, устунон тактические очки тагынган спец.наз корбогонсунбу?
09.02.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булардын козун ачпасада билинип эле турат. 5 млн ду карактаган адамдарга окшошпойт. Булар айылдагы эле биронун малын же тоогун урдаган адамдарды кармап келип, силер кылмышты моюнга алып тургула, бетинерди ачпайбыз кайра бошотобуз деп эле суротко тартып илип коюшкандай.
Анан ашабыз эртен эле мактанып чыгат, мына мен ИИМге каттуу тапшырма бергем, тез аранын ичинде кармагыла деп. Мын кармашты деп
09.02.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Munar_6052, созунорго 100% кошулбайм 101% кошулам тупптура созунор. бет капчан адамдын жогорудагы фотороботун кантып тузушкон экен а кызык болуп атат
09.02.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Munar_6052, жонокой адамбы сага мирбек кызыл кийский рекеттерден
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-09 15:10:45
09.02.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары еле кызыл кыялыктар менен сурасанар таап берем мирбектин агасы канчалаган адамдарды зар какшатты цемент заводту ошол карайт каякты карап журосунор ИИМ тушунбойм замир сыргабаев нарко бизнести да жолуна койгон кайрылгыла кармап берем
09.02.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анча акчаны тоногондор кармалбайт алар ошол иимдин кызматкерлери менен чогу эле журот бей бечералар кармалып ур токмоктун айынан моюндарына алышты
09.02.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал эми бул коргозулгон акча иимден алынып элдин козун тумандатуу акчасы
09.02.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга ачылбаган иш Глухар деп аталат ал ошол тапшырма алган топко ал атты алыш уят нерсе бул коргозулгон аламдар акчаны турмак аран жашаган адамдар
09.02.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаа акча табылбагандан кийин пайда не??? отурган адамдар жон эле отуруп койгондор да болушу мумкун)))))
09.02.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tagokg. betkaptyn kozu achyk bolot je kordun bele kozu jabyk betkap.
10.02.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
milan_92, ошо козу ачык жерине коз айнек тагылганын элестетчи )))))
09.02.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bulardy olum jazasyna buiruw kerek tajikterge ne jok deymda
09.02.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
м.м.м.
09.02.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне эле кылмыш кылган адамдарды тергеп Р.А М.А У.А деп жазышат тушунуксуз аа эмне суротторунда жашап жашырышат бардыгын тоолук корсотушпойбу мумкун башка адамдарда булардын курмандыктары болуп журбосун
10.02.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik-77788, саламатсызбы!
Кээ бир кылмышкерлердин аты-жөнү жана сүрөттөрү атайын органдардын уруксаты менен жарыяланат.
10.02.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип кайсы жерде кармадынар
10.02.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага... жакшы жомок экен фантастический мага жакты.
12.02.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким билет элди тынчтандыруу учун да жалгандан айтып жатышат .
12.02.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кыкенбайларды" сынатып эле койсо. Иштесе да жакпайт, иштебесе да жакпайт. Деги эмне жагат силерге????!!!!
13.02.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заложникти Араванга алып барып не кылат десен.... Башка жерге алыр барып таштап... Ийиздерин суутса болмок....
14.02.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndailardyy jok kylbasa myndai ishter dagyda koboio beret oshon ushun daiym ozubuzgo sak bololu
14.02.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фото робот суротко бирида окшобойтко
14.02.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмушко
15.02.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайран
16.02.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттер жарайсынар!!!
Криминал онуго берсин.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо