ГҮЛЖИГИТТИН «РЕПЕТИЦИЯСЫ» ЭЛДИН БИЙИ МЕНЕН АЯКТАДЫ

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

«Кожомкулдун атын алып жүргөн Спорт Ордосунда Гүлжигит Сатыбеков концерт берет» деп уккам. Концерттерден калбаган жаным бардым. Барбай арманда калган окурманга баяндап беришим керек да, эт жебесе да шорпо ичкендей болуп калышсын...

Аталышы – «Репетиция»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күндөрү – 2-3-февраль
Башталышы – 19:10, 19:45 (билетте 18:30)
Көрүүчүлөр – Залдын 99 пайызы
Билет баасы – 400-600 сом

Гүлжигиттин концерти деле салтты бузбай, бир топ кечигип башталды. Бир чети мага жакшы болду. «Сахна кандай жасалган, кимдер келди, угуучулары жаштарбы же улууларбы, тоолуктарбы же шаардыктарбы?» деп байкап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сахнанын дал ортосуна килейген экран коюп, «Гүлжигит Сатыбеков» деп жазып, ырчынын ойлуу түшкөн сүрөтүн бакыйтып чыгарып коюшуптур. Мурун мындайды көрбөгөн элем, сахнанын эки тарабына чоӊ экран коюшкан экен, кымыӊдап алдым. Ананчы, көрүүсү жүз пайызга жетпеген мага окшогондордун баары эле уюштуруучулардын мындай аракетине ыраазы болуп, ошо эки капталдагы экранды тиктеп отурдук. Жарк-журк деген жарыктары бир укмуш, ал эле эмес, Гүлжигиттин бут жагына да экран коюп салышыптыр. Ар кайсы жерде сороюп музыкалык аспаптар, бэк-вокалчыларды микрофон күтүп турганынан «аа, жандуу үн менен ырдашат окшойт» деп ынтаа коюп, күтүп калдым.
Акыры концерт да башталды. Тыныгууларда элдин көӊүлүн ачсын деп «Беш тапан» куудулдар тобун чакырышкан экен, кээде тамашаларын ашыкча созуп салышканы эле болбосо, Рахман Разыковдун «балдары» коюлган милдетти жакшы эле аркалашты. Бэк-вокалчыларга да кызык болуп кетти окшойт, музыканттар кетсе да алар кетпей, ошо микрофондорду кармаган тейинче «Беш тапандын» тамашаларын күзөтүп турушту.
«Муӊдуу ырлардын рыцары» наамын акырындап Асылбек Өзүбековдон тартып алып бараткан Гүлжигит чү дегенде эле жүрөк кылдарын черткен сүйүү азабын баштайбы десем, жок, алгач шаӊдуу, тамашалуу ырларын аткарды. Сахнада гитарачы, барабанчылар менен кошо жата калып, тура калып, атүгүл тердеп чыккан Гүлжигиттин терин аарчый калганга да жетишип, шылдыракчы бирөө жүрдү. Чоӊ экранга чыкканында карасам Токтогулдун тургуну, шылдырак ойноп интернетти «жарган» Кадырбек Мураталиев экен. Ал кызуусуна кирип кеткенде Спорт Ордосунун тээ төрүнө чейин элди аралап кетип жатты.
Тээ бир убакта жанына гитарасы менен Чыӊгыз Турдубековду коштотуп, өзү аккордеонун көтөрүп дагы чыкты Гүлжигит. Бир кайрыкты жакшы эле ойноп, ырдап баштаган сөзүн унутуп кетти окшойт, «бул репетиция, чыныгы концерт эртеӊ болот» деп абалдан чыкты. Буга чейин «Гүлжигит Түркияга барат экен» деп укканым бар эле, ошол үчүн концертин «Репетиция» деп атаган го, даярдык окшойт деп ойлоп койгом. Кийинчерээк ырчы өзү да айтып калды. «Буга чейин чет жактардан көп чакыруулар келди. Аларга дискти чөнтөгүӊө салып эле барып кала албайт экенсиӊ. Ошолордун деӊгээлине туура келчүдөй тасмага түшүрүлгөн мыкты бир концерт керек болду. Ошондуктан атайы «Старики разбойники» деп атап, кыргыздын мыкты музыканттарынан тандап топ түздүк. Эми кыдырып концерт беребиз. Бул жагы Орусия, тигил жагы Түркияга чейин» деди. Концертинин ортосунда сахнаны кайтаруучу эки жигиттин коштоосунда барып апасына гүлдесте берип, «сендей ырчы жигитти кандай аял төрөдү экен», деген сөздү көп угам. Мына, көрүп алгыла, мени төрөп, эрезеге жеткизген ушул кишилер», деп атасы менен энесин элге тааныштырды.
Саат 7ден өтүп башталган концерт түнкү 11ге барып бүттү. Аягында көрүүчүлөр сахнага жакын келип бийлеп, Гүлжигиттин «акыркы ыр» дегенине койбой бир нече ырын ырдатып, куудулдар тамашалагандай «сахнаны чаӊдата» бийлеп, анан тарап кетишти. Менин чыгарган жыйынтыгым, бул жигит өзүн да, келген элдин кулагын да кыйнабай 3 саат бою жандуу үн менен ырдай алат экен.


Толик Сынчы


"Концертке 1 миллион сомго жакын акча сарптадык" дейт Гүлжигит Сатыбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(96)
09.02.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уч саат бою жандуу ырдай алган сон, ырчы деп Гулжигиттт айтсак жарашчуудай. Ийгилик сизге.
09.02.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына,чыныгы жылдыз!!! Ийгилик!
09.02.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына талант! Баардык муундагыларга жагат Гулжигит.
09.02.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа жакшы,шорпосун да ичтим,этин да жедим.
09.02.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Гулжигит сизге чыгармачылык ийгилик
SUPER.KG видео
09.02.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы талант деп ушуну айт.концерт соонун болуптур.Олтурган жермден бийлеп жибердимгооооо.Элдин да купулуна толгон концерт болуптур.Шашпагыла жип болом деп ырдап чыккан эле мына эми жип да болдунуз.Чыгармачылык ийгилик,уй-булолук бакыт каалайм.Журокту элжиреткен ырларды жарата бериниз.
SUPER.KG видео
09.02.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы. Азаматсыз!!!
09.02.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Гулжигит алга...
09.02.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчыбыз алмашкан ондуу го эээ жазуу стили озгоруп калыптыр дегеним))
10.02.2015. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, мен ошондой ойдо калдым "айылдыкпы шаардыкпы"деп
12.02.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ariet7,Ошону ойлоп жатат елем менда менимче толик сынчы озу еле болуш керек просто Гулжигитти мактагысы келбеген окшойт бирок матабаганга айласыда жок окшойт себеби ал матаган ырчылар 3 саат бойу жанду ун менен ырдай алышпайтта а Гулжигит болсо озу айткандай. Бул жигит өзүн да, келген элдин кулагын да кыйнабай 3 саат бою жандуу үн менен ырдай алат экен деп
09.02.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге ийгилик ар дайым алга сизди колдойбуз
10.02.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul konsertti kinozaldan tappai atam shilteme berip koigulachy eger juktolgon bolso.
10.02.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
macho90, саламатсызбы!
Концерт бир жума мурун гана болду. Азыр жүктөлө элек.
10.02.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ырлары аябай жагат мазмундуу жа уккулуктуу, ийгилик
SUPER.KG видео
10.02.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ААА жакшы
10.02.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик братан! Оздорун элита сезген ырчылар бул жактале калат
SUPER.KG видео
10.02.2015. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы концерт болду . Сапарыныздар байсалдуу болсун.
10.02.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuraiym.marasilova, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.02.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, только вперёд!))
10.02.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчы. Москвага келсе бармакпыз, угуп калсак.
Толик сынчы өзгөргөндөй го чын эле...
10.02.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат чыныгы таланттуу ырчы.Концерт чын эле жогорку денгээлде отуптур.Эч бир ырчынын концертинен корбодум эле элдин бийлегенин бул да болсо Гулжигиттин башка ырчылардан айырмачылыгы.Чыгармачылык ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
10.02.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай элди бийлете концерт берген Гулжигит байкеге рахмат!!! Тойлордун корку болгон ырларды чыгарып журо бериниз ийгилик
10.02.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жагат
SUPER.KG видео
11.02.2015. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат брат
SUPER.KG видео
11.02.2015. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!! Гулжигит. Сендей таланттуу,уккулуктуу ундуу ырчыларыбыз кыргыз элинде кобойо берсин!!!
11.02.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сынчы,шылдыракчы бироо журду дейт,эми тааныдыбы?
SUPER.KG видео
12.02.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай шандуу концерт кыргызтанда биричи жолуго дейм
15.02.2015. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ernis_07, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
16.02.2015. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Гулжигит Сатыбековдун ырларын берилуу менен угам.Кулакка жагымдуу жана маанилуу ырларды ырдайт.
SUPER.KG видео
21.02.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суупппер концерт болуптур азаматсыз Гулжигит байке
Медиа-портал
08.05.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо толугу менен качан жуктойсунор
SUPER.KG видео
09.07.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерттин баашынды ырдаган ырын жуктоп койгулачу сураныч
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо