АТАКТУУЛАРДЫН БИЗНЕСТЕРИ

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

Учурда карапайым элден баштап чиновниктерге чейин алына жараша өз бизнестери менен алек. Биздин жылдыздарыбыз да чыгармачылыктан сырткары жөндөмүнө жараша акча табуучу булактарды ачып, кошумча каражат таап келишет. Анда эмесе, айрым атактууларыбыздын бизнестери менен таанышып алсак.

50 КИШИНИ ЖУМУШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛГАН КАРЫМОВ
Бизнес кайсы ырчыда бар деп сураштыра баштаганда эле кесиптештери бир ооздон «Айбек мырзада» деп калышты. Көрсө, бул ырчыбыз ырдап эле катырбастан, киреше тапканды да мыкты билет тура. Жеке компания ачып, 50 кишини жумуш менен камсыз кылуу ар бир мырзанын эле колунан келе бербесе керек. Ал курулуш материалдарын саткандан сырткары жеке үй, балдар бакчасы, мектеп, мамлекеттик мекемелерди куруу менен алектенген ишканасы бар экенин айтат. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, Айбек мырза кино тартып, ыр жаздыруучу студиясын ачып, мыкты ыр, мыкты обон жаратып, айтор, баарына жетишип келет.

МҮЗҮРДҮН СООДАГЕР ЖУБАЙЫ
«Жубайыӊ тыӊ болсо Кудай берди» демекчи, «Кеӊеш» тобундагы Мүзүр Мамбетовдун жубайы Гүлмира чындыгында эле азамат экен. Күйөөсүн күйөрман кыздардан кызганып жүрүп ырчы болуп алды. Бишкектен Астанага товар ташып жүрүп үй-жайлуу болду. Эки баланы жарыкка алып келди. Эми болсо Бишкектеги соода борборлорунун биринде алтын, күмүш сатып иштейт. Күйөөсүнүн «базарга чыкпа, эл көзүнөн оолак бол» дегенине болбой, Түркиядан алтын, күмүш зер буюмдарын, аялдардын кийимдерин алып келип, «Дордой» базарына дүӊүнөн өткөрүп иштейт. Ырчы айымдан соода кылып жаткан кардарлар «сизди бир жерден көргөндөймүн» же «Мүзүрдүн келинчеги эмессизби?» деп сурагандар көп болот экен. Ошентсе да ал андай кеп-сөздөн терикпей өзү эле иштеп жүрөт.


БИЛЬЯРДДАН БИЗНЕС БАШТАГАН КАМЧЫ
Эч нерсе менен иши жок жүргөндөй көрүнгөнү менен, актёр Камчы Сарыбаевдин бир топ бизнестери бар. Актёр достор менен чогулуп кобурашып, чай ичип, чер жаза ойнош үчүн жана, албетте, кошумча киреше болсун деп бильярд ачканын айтат. Учурда ал жакка администратор жигитти коюп койгон, өзү жума сайын барып текшерип турат экен. Андан сырткары Камчы мырзанын эӊ жакшы киреше алып келүүчү дагы бир бизнес борборун айта кетели. Кыргызда той-аш көп болот эмеспи. Актёрдун бул борбору тойдо тейлөө кызматын камсыздайт. Тактап айтканда, той берсеӊиз боз үй тигип, кызга сеп даярдап, жылкыӊызды союп, тамада, ырчыларды чакырып, айтор, тойго керектүү бардык кызматты аткарат. Камчы «учурда элге кызмат кылган 6 канаттуу 12 боз үйүм бар» дейт.

МАЛ БАГЫП КИРЕШЕ ТАПКАН БАЙЗАКОВА
Учурда көпчүлүк кыргыздар Гүлзат Байзакованын «Жар-жары» менен кыз узатып, келин алат эмеспи. Демек, той болгон сайын бул ырчы айымдын капчыгы кампаюуда. Ошондуктан ырчы 5 бөлмөлүү элиталык батир алып жатса керек деп ойлодук. Бирок сарамжалдуу тоолук айым тойдон тапкан акчасынын баарына мал алып жатыптыр. Короодо канча кой, жылкы, уй бар экенин сыр кылып койгону менен, мал багуу кирешелүү бизнес экенин жашырган жок. Анткени акча керек болсо кайсы убакта болбосун четинен сатып, керегине жарата берерин билдирди ал.


БАЙПАКТАН ПАЙДА ЧЫКПАЙ, МАЛГА ӨТКӨН АВАЗ
Сыймык Бейшекеевдин тарбиясын алып, колунда чоӊойгон Аваз Акимов да соода-сатык иштерине жөндөмдүү тура. Ал «атасындай» чоӊ бизнес болбосо да майда соода-сатык иштерин кылып жүрөт. Балким, баралына келгенде «атасындай» болуп бакыйган бир чоӊ ишкер болуп чыга келер, аны убагында көрө жатарбыз. Эмесе, Аваздын акча табуучу булактарын карап көрөлү. Ал «Дордойдо» дүӊүнөн байпак сатып жүрдү, андан соӊ чачтарачкана ачып иштетип көрдү. Мындай майда жумуштардан ырчы тажап кетиптир, байпак, анан чачтарачтын тарагына чейин алып берип көӊүл буруш керек экен да. Ошондуктан жакшы пайда түшүп жатканына карабай бул бизнести убактылуу токтотуп, үйлөнгөндө келинчеги улантарын айтты ырчы мырза. Учурда тапкан акчасынын баарына мал алууда. Аваздын малын шаардын четинде аяш атасы багып берерин да билдик.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(10)
09.02.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тапканынарга Аллахым берекесин берсин.
09.02.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак мээнет мн тапкан акчанардын берекесин берсин!
Башка жылдыздарыбыз жок гооо мис: Бактыгул, Анжелика ж.б
09.02.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аваз Акимовдун "атасы" бизнесмен дейби? Сыймык Бейшекеев бизнес менен алек болуп кеткенби?
09.02.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тапкан кирешенер жакшылыктарга буйрусун
09.02.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аваздын атасы Сыймык Бейшекеев эмес.
09.02.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасындай деп тырмакчага алынып жазылып жатпайбы, демек Сыймык Бейшекеев таап алган атасы
09.02.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Syimyk beishekeev jon gana ustaty chygarmachylyk jaktan tarbia bergen
11.02.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарына ийгилик
11.02.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аваз Сыймык менен анын аялын апа, ата деп эле жүрчү. Азыр эмне дейт болду экен, билбейм


11.02.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизнестери онуп осун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо