Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бегимай Карабаева: «ЖОЛДОШУМ МЕНЕН АЖЫРАШТЫМ, ЭМИ ТУРМУШУМА ЭЧ КИМДИ АРАЛАШТЫРБАЙМ»

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж

«Баёо сезим», «Адашпайм», «Жалгыздык» деген ырлары менен эл оозуна алынган Бегимай Карабаева турмушка чыгып, эки кызын тарбиялап үйүндө отурган эле. Улуу кызы бешке чыгып калганда ырчы айым жолдошу менен ажырашып кеткенин билдирди. Турмуштан жолу болбогон Бегимай «эми чыгармачылыкка жан дилим менен киришем» дейт.

– Бегимай, салам! "Чыгармачылыкка кайттым, жеке жашоомдо да өзгөрүүлөр болду, жолдошум менен ажыраштым" деп жатасыӊ. Эмне болуп кетти?
– Ооба, чыгармачылыкка кайттым. Кайтканда да алдыма опол тоодой максат, пландар менен келдим. Кудайым мага ошол максаттарымды ишке ашырууга күч-кубат берсин. Жеке жашоомдо да чоӊ бурулуштар болуп кетти. «Кыздын барар жери күйөө» дегендей, бактымды табайын, бала жытын жыттайын деп, сүйлөшүп турмушка чыктым эле, тилекке каршы, ажырашып кеттик.
– Бири-бириӊерди жакшы билбей туруп эле турмуш курдуӊар беле?
– Жолдошум экөөбүз бир мектепте окуганбыз, менден бир жаш улуу. Ошондо эле жакшы сүйлөшчүбүз. Ортодон байланышыбыз үзүлүп калып, арадан алты жыл өткөндөн кийин кайрадан жолугушуп калдык. Экөөбүз сүйүшүп, бир айча сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Турмуш башыӊдан өтмөйүнчө баары бир түшүнбөйт экенсиӊ. «Ажырашып кетиптир» дегендерди укканда «эмнеге ажырашып кеттиӊер, сүйүшүп жүрүп үйлөнбөдүӊөр беле? Сүйлөшүп табышып албайсыӊарбы?» деп баарын оӊой ойлочумун. Көрсө, жашоо биз ойлогондой жеӊил эмес экен.
– Кайын журтуӊду түшүнүктүү, интеллигент адамдар деп уктук эле. Катачылык кимден кетти?
– Кайын ата, кайын энем абдан жакшы адамдар. Беш жыл жашадым, ошончо жүрүп бир да жолу алардан жаман сөз уккан жокмун, мени өз кызындай көрүшчү. Аларды азыр деле сыйлайм. Сонун күндөрдү башымдан өткөрдүм, бирок жолдошум экөөбүздүн ортобузда эч кимге айтылбаган бир гана нерсе туруп алды. Ал нерсе болбогондо дагы деле чогуу жашай бермек элек. Экөөбүз урушуп-талашпай дасторкон үстүндө баарын чечишип алып эки жакка кеттик. Кайын журтум дагы «бул экөөӊөрдүн турмушуӊар, өзүӊөр чечкиле» дешти.
– Кыздарыӊдын экөө теӊ сендеби?
– Улуусу Айдай төрт жарымда, ал атасында. Анткени ал учурда Ош шаарында англис, орус тилдеринен сабак алып жатат. Мен кичүү кызым Адемай менен Бишкекке келе бергем, ал үчтө. Учурда жөн отурбай визажисттин курсуна окуп жатам. Бүтүп алып сулуулук салондорунда иштеп тажрыйба топтоп, анан Баткен шаарына Бишкектегидей заманбап салон ачсам деген тилегим бар.
– Кызыӊ атасын сагынып ыйлаган жокпу?
– Улуусу атасына, кичүүсү мага жакын. Кичүүсүнө мен эле болсом болду. Ошентсе да атасы үйгө тез-тезден келип турат.
– "Жаштык кылып эрте турмушка чыгып алдымбы?" деп өкүнгөн жоксуӊбу?
– Өкүнгөн жокмун. Өтө жаш деле турмушка чыккан жокмун. Кыз бала үчүн 23 жаш ак-караны ажыратып калган курак. Алтындай эки кыздын энеси болдум. Апамдын кадырын түшүндүм. Жашоо эмне экенин жон терим менен сездим. Турмушка чыга электе таптакыр башка Бегимай элем, азыр 180 градуска өзгөрдүм.
– Мурун кандай элеӊ да, азыр кантип өзгөрдүӊ?
– Мурун көк бет, каалаганымды жасатчумун же жасачумун. Көп да сүйлөчүмүн. Азыр сабырдуумун, ойлонуп иш кылам, көп сүйлөгөнүмдү азайтып, укканга өткөм. Бир нерсени угуп, көрүп коём, бирок аны талкууга алып сүйлөй бербейм. Мурун чечим кабыл аларда апамдын кеӊешин колдойт элем. Азыр "бул жеке менин турмушум, өзүм билем, мындан ары жашоомо эч кимди аралаштырбайм" деген принципке туруп алдым.
– Чыгармачылыкка кандай пландар менен кириштиӊ?
– Сахнаны аябай сагынып калыптырмын. Жолдошум менен жашап жүргөндө «мен ырдайм, колдоо көрсөт» десем таптакыр бул теманы жаап салган. «Унут да, ал теманы экинчи козгобо» дечү. Кээде гезит окуп калсам «ии, дагы гезитиӊди баштадыӊбы?» деп калчу. Ошондо жараны ырбатпайын деп, анын айтканы менен болуп, сахна деген баштыгымдын оозун жаап койгом. Эми белимди бекем бууп киришип жатпаймынбы.
– Жаӊы ыр жаздырдыӊбы?
– Бек Борбиевдин Назми эже ырдаган «Тамаша» деген ырын жаӊы жаздырдым, жакында радиолордон уга аласыздар. Анын артынан эле дагы бир ыр жаздырып, клип тарттырганы турам.
– Чыгармачылыктан беш жылдай алыс жүрдүӊ, жалгыз иштөө кыйынчылык туудурса керек, бирөө-жарым менен чогуу иштешүүнү ойлонгон жоксуӊбу?
– Ушу тапта кеӊеш сурап байланышкан адамдарым бар. Бирок кимдир бирөө менен чогуу иштешүүнү ойлонбоптурмун. Кандай кыйынчылык болбосун мен азыр баарын көтөрүүгө, аны жеӊүүгө даярмын.
– Оштон концерттерге барчу белеӊ?
– Бир да концертке барган жокмун. Ал гана эмес, чынын айтайын, турмушка чыкканы шоу-бизнестегилердин эч кимиси менен байланышпадым. Балдарымдын кийимин жууйм, тамак жасайм, бала бакчага алып барам, алып келем. Анын арасында балдарыӊ оорушат, алар менен кошо ооруп калат экенсиӊ. Ушуну менен эле күнүм өтчү.
– «Эмне ырдабай калдыӊыз?» деп сурагандар болчу беле?
– Ооба, аябай көп сурашчу. «Эмне ырдабай калдыӊыз, ырларыӊыз бизге жакчу, качан чыгасыз?» деп сурай беришчү. Азыр деле чогуу окугандар таанып сурап жатышат. "Турмушка чыктым, балалуу болдум" деген жоопту узатам. Тааныштар жолукканда ден соолугуӊдан кийин эле «балалуу болдуӊ беле?» деп сурашат экен. «Канча кабат үйүӊ бар, машинаӊ барбы, канча алтыныӊ бар, дүкөн ачтыӊ беле?» деп сурабайт экен да. Көрсө, бала баарынан бийик, кымбат турбайбы.
– Баягыдай жаш кыз эмессиӊ, бир турмуш көрүп калдыӊ, колуӊду сурагандар болсо эми жигиттердин эмнесине карайсыӊ?
– Азыр бул жаатта мен эч нерсе айта албайм. Жакынкы күндөрдөгү пландарымдан таптакыр чийип салгам. Ал туурасында ойлогум да келбейт. Менин эӊ негизги максатым – кыздарымды аман-эсен чоӊойтуу жана чыгармачылыгымды колго алуу. Баарынан жүрөгүмдү өйүгөнү эркектер аялдары менен кеӊешип иш кылышса. Менин жолдошум кеӊешүү дегенди билчү эмес, баарын өзү жасачу. Мага жоопкерчиликтүү, сарамжалдуу, үй-бүлөсүн ойлогон, эрки күчтүү мырзалар жагат. Бардык айымдарга ушундай мырзаларды каалайм.
– Рахмат маегиӊе, чыгармачылык эргүү каалайм!

"Кичүү кызым Адемай менин жанымда".

"Жолдошум мени менен кеӊешпей өз билемдик кылып жүрдү".

Бегимай сахнаны багындырып жүргөн кези.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(108)
10.02.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
EdikoKG.
Siz oto ele janiliship jatasiz,bizdin kirguzdun kee bir aialdarina medal berse bolot,bizdin erkekter aial kishini suilagandi bilishpeit,baardik tuishuk aialdun moinunda oshonun baaruna chidap jashap kelebiz baldar uchun dep,Begimai tuura ele kilgan jashoosu bolboi kalsa ajurashish kerek.
21.02.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sarishka, kirguzdun kyrgyzdyn emesbi?
10.02.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BEGIMAI ejenin yrlary anan ozu dagy a9bai jagat/men ki4inekeimde dal uwu ejege okwow bolunu samap kel4umun bir kezde sahnadan kettip kalganda okungon bol4umun.azyr bolso suiunup juromun , myndan arky iwinizge iigilik kaalaimyn)
10.02.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтырлары " сахнаны кыздарымдын кулкусуно алмаштырдым" деп маек бердиле. Окунучтуу уй булосу бузулганы. Журогум ооруду Бегимай озу деле ата мээримине зар оскон эле эми минтип кыздары да ошениип калганы окундурот.
10.02.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да жаман болуптур. Менимче ар бир жигит уйлоноордо жети олчоп бир кессе керек акыркысы болсун деп.
10.02.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне себептен ажырашканы бир өздөрүнө, бир кудайга белгилүү. Бирөөнүн турмушуна тумшугубузду тыкпай эле койолу да, "койгула, уяны бузбагыла " деп ата-энелери айткандыр. Маңдайга жазганды көз көрөт экен, балким табышып калышаар. Ошентсе да күйөөсү, кайын журту жөнүндө жаман айтпаганы оң.
10.02.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күйөөсү жакшынакай жигит экен го. Ошко турмушка чыккан беле.
10.02.2015. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыр аю болсо да куйоом болсун деген заман эмес,урушуп,талашып жашагандан коро туура кылыпсын.Кудай да кучуно жараша сыноо жиберет.Бакыт ар бир адамдын оз колунда.Иштен бакыт тапкандар деле арбын.Кыздарына ден соолук каалайм,эне болуу бактысына ээ болгонун,баарынан бийик турат.
12.02.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PeRa,ХХХ ХХХ аялдын орду билсен уйдо болуш керек куйосуно суйкумду аял балдарына мееримду енен болуп. Куйосу болсо намыстуу еркек екен кее бир еркектерге окшоп аялына отчот берип отурбай иш кылган.Бул оюундан кайт сага айтарым ырчы болсон местан каерде болушу белгилуда ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-02-16 10:12:15
16.02.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diiazbek,
Эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Башка колдонуучулардын өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз!
11.02.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшыбы жаманбы барибир биринчи куйоосу балдарынын атасы тыйындын эки жаны болгондой адамдында эки жаны болот, чыгармачылыгына ийгилик озунузго болгон ишеним эч очпосун ошол биринчи жениш!
11.02.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Бегимай эжеге мындан аркы жашоосунда бакыт калайм
11.02.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mm
Модератор admin_superstan түзөттү 12.02.2015 09:51
11.02.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчыны аялым дебе деген жакшы соз барго элибизде. Суперге берген бир маегинде, жолдошум мени колдойт бир нерсе кыларда мени менен кенешет деп мактануу менен айткан элэго. Койнунда жатып билинбейт, катындан откон душман жок дейтко , эми куйоосун жамандап жатканын карабайсынбы. Эркин учкан когучкон элэда эки жумуртка тууп этэгин жаап алгандан кийин кайрадан эркин учкусу келип атса керекда
12.02.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтерди каалаймын
12.02.2015. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир уйбулонун жашоосу бизге чытырман токой деп коёт эмеспи билип билбей жазыштын кереги жок
12.02.2015. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу жакшынакай эле экен, бегимайга караганда. Ырчылар эркин болууну жакшы корушот, бекер кылдын Бегимай
12.02.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм!
12.02.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир эркектер ойлошот, аял бала тороп, эртеден кечке бардык уй жумуштарын кылып эч жакка чыкпай отурсун деп.Балким Бегимайдын куйоосу да ошондойдур. Болбосо аял киши кучунун жетишинче уй-булосун сактоого аракет кылат.Бегимай да чыдашынча чыдаса керек.Куйоосунон оллорчо таяк жесе да чыдап жашаган аялдар толтура, азыр олсон да куйоондун колунан ол деген заман эмес. Озун ашыкча сезип эч нерсеге тушунбогон эректин эмне кереги бар?"Жаманга омур бою кор болгончо,жакшыга бир жарк этип откон жакшы"
14.02.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervochka, жакшыга бир жарк етип откон жакшы деп.анан коп жакшыларга жаркылдап кетесинер.ошентип журуп анан аягында шамга окшоп жылтырап каласынар.
12.02.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай кандай адам болсо да, мен учун суйуктуу ырчым бойдон кала берет✔✔✔ Кундуз, жашоодо жакшы нерселер аябай коп. Сарасеп салып туура жаша, кыздарын чонойгондо сени мн сыймыктана турган болсун
12.02.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким эле уй булосунун кыйраганын каалайт, кааласан каалабасанда турмушка баш ийесин Бегимайга ийгиликтерди каалайм
12.02.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимайга ийгиликтерди каалайм!
12.02.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козун жетпедиби ойнош ойнодубу жашагын келбедиби жашабайле кой озунду мучить этип неге озубузду кыйнар коз жумуп
12.02.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашашыбыз керек мен эч кимдин созуно карабайм мисалы.эгер куйоомду суйбой калсам мындай отурупле айтам.давай нам лучше расстатся деп
12.02.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijash90,
Балалуу болгондон кийин куйоонду иди к чёрту дештен мурда балдарым атасы жок башка балдардан кемсинип калбайбы деген ойго келет бардык аял. Кичине нерсе учун балдарды жалдыратпайын деп аял киши бардык нерсени ичине жутуп жашайт.Бирок такыр болбой калса, анан андай эркекке 4 тарабын кыбыла дешке туура келет. Кичине несеге пошёл дей берсек анда Кыргызстанда бир да уй-було болмок эмес. Сен да балалуу болгондо тушуносун муну. Балан "атам каякта?" дегенде эмне дейсин?, атан олуп калган же ойнош ойноп кеткен дейсинби? Суйуу болбосо да сыйлоо калат жубайларда,болбосо эмнеге 60-70 жыл чогуу жашай беришет, анда чон ата-чон энелерибиз да бирин-бири пошёл дей беришпейби, мен суйбой калдым деп.
14.02.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervochka, ушу силерге окшогон советниктер бут баарын бузатта.анан кайра еле ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-14 13:53:08
14.02.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr1977, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Азырынча оозеки эскертүү!
12.02.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйбойсунбу куйоон ойнош ойнодубу сразу иди к черту деш керек анын закондоруна молчать этип отура бербей.главно кучтуу аял бол депрессияга тушпооо
12.02.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijash90, сиз турмуш курган эмесизби оз аты эле айтып турат го ТУР МУШ деп бпшына барганда билесин. Сен айткандай болсо бир жылда 100эрге тмйип чыкмаксын
12.02.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык адамга бактылуулук насип этсин Аллах! Акыркы мезгилде ажырашуулар аябай кобойду.Себеби адамдардын ыйманы качты. Эркек озунун оордун-аял озунун оордун жоготту.Батышты туурап акыры жакшы кун корбой бир тешикке кирип кетебиз го? ??
12.02.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым баарыга ыйман, сабыр берчи! ажырашууну да жанылык кылып кыйраткансып жанылык кылып жазышат тооба уят намыс деген нерселерди унуттукбу же?
13.02.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйосу деле Бегимай менен кенешип иш кылса аягы жакшы нерсе менен бутмок аял дагы жаман болсун дебейт бирин эки кылсам дейт эки баласына эле кыйын болуптур
14.02.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимайдын ырлары жакчуу жагымдуу ырларды ырдайт мага жагат ал эми уй булосу жонундо айтсак куйосунон кеткен окшойт башканы тап алгандай буга чейин куйосу эмнедесе макул болуп жашап келеткандай вдруг эле уршуп кетишиптир значит куйосунон анан козун жумуп кетип калдыда болбосо баарына чыдап жургонсуйт мен ушундай тушундум.
14.02.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосундо эмес куноо, ажырашып эми толугу менен шоу бизнеске киришуудо деп жатпайбы. Эгер чындап суйсо куйосун, же балдарын ойлосо мындай шоу бизнесин сактабайт наборот уй булосун ойлойт
14.02.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге анда куйоосунун башка аялы же башка бироосу бар экен ошол учун ажырашты деп тема койбойт
14.02.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Озу ырдайм" деп атым чырды ырбатып,акыры ажырашып тынды окшойт.
16.02.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Так маалымат билбей туруп божомолдоп урдура берген да болбойт го....
Мага аябай жагат бул ырчы/ийгилик каалайм/
17.02.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарынды жалдыратпай жарашып ал демекмин акылын болсо
Бактылуу болгула.
09.03.2015. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аны-муну коюп туруп айткылачы "тамаша"-деген ырын каерден жүктөп алсам болот???
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо