АТА, МЕНИ КЕЧИР...

№640 6-февраль-12-февраль, 2015-ж

«Атанын кадыры болот» деген сөзгө маани бербептирмин. Чоӊ атамдын колунда чоӊойгонум менен, эркелигимден тарбия деле албадым. Айткан акылын, көрсөткөн жолун уксам да укмаксан, көрсөм да көрмөксөн болуп койчумун. «Балалык кылган экем, ээ» деп башымды урууга акым жок. Акыл угуп, жол тандаар убагымда айылды башыма көтөрүп, тентектикти болушунча кылдым. Өзүмдөн кичине балдарды токмоктоп, ал аз келгенсип далай ирет мугалимдерди да тилдедим. Анын айынан чоӊ атам жарыктык улуу башын кичүү кылып мугалимдердин алдынан өттү. Акылсыз уулу үчүн далай ирет кечирим сурады.
– Уулуӊуз канчанчы ирет тартип бузуп жатат. Катуураак кармабайсызбы?!
– Жарыгым, кечирип койгула. Тентектик кылган тура...
– Сиздей кишинин уулу да ушундай болобу?
– Балам эми андай кылбайт,- деп турганда, ка-ап...Ары жактан дагы бири зиркилдеп чыкчу.
– Кайсы ата-эне уулун ушинтип тарбияласын?! Бала үй­дө­гү­сүн кылат да. Аксакал, уулу­ӊузга тарбия бересизби?
Чоӊ атам сот алдында сурак берип жаткандай туюлчу.
– Кечирип койгула, кагылайындар. Уулум эми тентектик кылбайт. Жаштык кылып жатпайбы...
Чоӊ атам минтип жалынып-жал­барып бүтпөдү же мен токтол­гон жокмун. Үйгө келгенде акыл-насаатын айтуудан тажачу эмес.
– Кулунум, сен эр жетип калдыӊ. Атаӊды уятка калтыра бересиӊби?- дегенде үн катпай кутулчумун.
– Ээ, балам, атаӊ барда эл тааны, атыӊ барда жер тааны. Оку, билим ал.
– Окубайм.
– Кантет?! Анткениӊ жакшы эмес.
– Окубайм дедимби, окубайм!- деп ко­роӊдоп басып кет­чүмүн.
Кулунум, сен эми жаш эмессиӊ да, 18ге толгону ту­ра­сыӊ. Заман билимдүүнүкү. Чоӊ окуу жайга тапшыртам. Сен тартиптүү бол. Классташтарыӊа, мугалимдериӊе сый мамиле жаса,- деп көп кайталачу. Атамдын сөзү абага калкып кеткени болбосо, акылыма кирчү эмес. Үйрөнгөн адат калмак беле? Өзүмдү токтото албай ичимдик ичип, тамеки чеккеним күчөй берди. Чоӊ атам болсо мен үчүн көрүнгөн ата-эненин алдында кечирим сурап бүтпөй койду. Досторум менен коӊшу айылдарга кыздарга барабыз. Короодон койду көрсөтпөй сатып болушунча шапар тебебиз. Мен үчүн ушул нерсе гана кызык. Ушундай күндөрдүн биринде тө­мөнкү айылдагы өзүмдөн улуу кыздын апасы үйгө кыйкырып келди.
– Балаӊарды башкарып ал­байсыӊарбы, бул балабы же балээби?!
– Эмне болду түшүндүрчү, бай болгур?..
– Эмне болмок эле? Баласын билип туруп, эмне болду деп турганын. Кызымды бузуп, боюнда кылып отурат балаӊар. Эмне болду деп коёт! Түз эле милицияга барайын дедим. Бирок сиздин сакалыӊызды сыйлап келдим.
Милиция деген сөз чоӊ атама алдында ажал тургандай туюлду өӊдөнөт.
– Макул, келин кылып алабыз,- дей салбаспы.
Ошентип 11-классымда өзүм­дөн улуу кызга үйлөндүм.
– Бузулган кызды алды.
– Аны менен мен да болгом.
– Ии, аны менен болбогон эркек барбы?
Балдардын, айылдын темасына айландым. Күндө ичем. Үйдө жаӊжал. Мектепти биротоло жыйыштырдым. Жубайымды «кет!» деп сабайм. Ал чырылдайт. Ошентип жүргөнүмдө чоӊ атам кейип, кайгырып, кан басымы көтөрүлүп о дүйнөгө кете берди. Берекенин баары атамда экен. Аркасынан көп узабай энем кайтыш болду. Короо толгон кой, үйүр толгон жылкы өзүнөн-өзү жок болду. Үйдүн куту, берекеси качты. Келинчегимди сабап жүрүп ай-күнүнө жетпей төрөп, чүрпөбүз чарчап калды. Ортобуздагы от күйбөй эки айрылыш жолго түштүк. Өз ата-энем шаарда тургандыктан, жанына алып келишти. Шаар мени андан бетер бузду. Оюн автоматтары, кумар жайлар, сойкуканалар менин сүйүктүү жайыма айланды. Атам менен апам экөөлөп кылбаганды кылышты. Такыр моюн берген жокмун. Күчөсөм күчөдүм, артка кайтпадым. От менен жа­лындын арасында жүргөн күн­дөр­дүн биринде атамдын машинасын айдап баратып эки жаш баланы бирдей коюп кеттим. Экөөсү теӊ мерт кетти. «Киши өлтүрдү» деп абакка кесилдим. Мөөнөтүм бүтүп, абактан чыкканыма аз эле болду. Жашоону эмнеден баштаарымды билбей жүрөм. Артка кылчайгым келбейт. Жашоодо баарынын өз орду болот тура. Ата кадырындай кадыр, доор эч кайталанбайт экен. Баарынан да кейигеним, жүрөгүмдүн ооруганы, сакалына жаш тама ыйлаган чоӊ атам, ага кылган кыянаттыгым. Ата, мени кечир...

Эрмек
Султан Төрөбеков
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(25)
09.02.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыл сага кеч келиптир да!!!уй було куруу дан башта жашоонду
09.02.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балам балалуу болгондо билесин дегендей.... Атандын козу отуп кеткенде дагы сенин козун ачылбаптыр... Сенин козун ачылса чон атан откондон кийин эле козун ачылмак... Ал нерсе сенин дээринен...Получается сенин дээринде эч нерсе жок...Акылын кыска бала экенсин... Бирок мен сага берер кенешим....Эми терен ойлон дагы жашоонду нолдон башта...Озун жаш болуп туруп башындан канча нерсени откоруп койгонсун...Мен сага биринчи кенешим намаздан башта.... намаздан баштасан жашоон онолот... жашоон женил болот
09.02.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Намаздан баштап алып анан жашоондун дагы бир болугун тургузганга аракет кыласын.... Азыр сен уй-булоо куруудан баштайм десен деле... сен мурункуларды кайталашын толук мумкун... Кыздардын убалына эч качан калба... Качан уй-булоо курганга даяр болосун ошондо гана уй-булоо кур... менин оюмча сен азыр даяр эмессин... Мен сенден кыргыздын кызы катары суранам... намаздан башта.... жана аны баштасан эч качан таштаба....
09.02.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмодо ХХХ кетсен болмок!!! 2 баланын, чон ата, чон энендин убалына калганча!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-09 11:58:06
09.02.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gwen, этика нормаларын сактоону сунуштайм!
09.02.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балам башына келгенде билесин-деп бекеринен айтышпаганда илгеркилер.Аллахым сизге озу жол корсотсун.
09.02.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооп болот. Ушул бойдон ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-09 12:27:39
09.02.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Titi, этика нормаларын сактаңыз.
09.02.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким бул убактылуу окунулордур...Адамдын 180градуска озгоруулусу мумкун эмес го.Ата-эненин тарбиясын кеч да болсо алып,алардын айтканын кылганга аракет кыл.Ошолор сени жакшы жолго баштайт.
09.02.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге куноосун мойнуна алып,коп нерсени тушунуп калган адамга орой мамиле кылабыз.Жакшы соз айтып туура жолго тушуусуно комок корсотпойбуз.Авторго келсек оз куноонузду сезипсиз,эми туз жолдо журунуз.Уй-було кутун,атаныз жашаган уйду корктондурун,колдон келсе ошол жерде жашап ал уйго кайрадан кут,береке алып кириниз.Атаныз жаткан жайга барып куран окуп турунуз.Жашоо али алдыда,сиз баарын женишиниз керек.Дагы жаман жолго тушпошунузду каалайм.Намаз окунуз,бир уй-булонун ээси болунуз
09.02.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы бар адам башында эле адам болот.Сага турмушун сабак болуп онолосун.Сендей адамдар биринчиден ыйманын бекемдебесе дагы эле кайталана берет.Намаз оку,ыйман жолуна туш баары жайына келет.
09.02.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашындан баштап эле кылбаганын, корбогонун калбаптыр. Жогоркулардын ойлоруна кошулам. Баарын нолдон баштаардан алдын ойлорунду, коз караштарынды тазала
10.02.2015. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жашоо ушундай жолу узак жана татаал. сабыры куч женет, ыйманга кел Келме келтир сени жараткан Жаратканынды тааны мусулман бир тууганым. Инсан бололу...
10.02.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
намаз окуп,чон-ата, чон эненизге коп-коп дуба кылыныз,кылган куноолорунузго Аллахдан кечирим суран,аллах баарын кечирет эгер чын дилден окунсонуз.Орозо карманыз,садака бериниз,бут амалдарды аткарыныз.Ата-эненизден да кечирим сурап,алардын каргышына калбаганга аракет кылыныз,жубайыныздан да кечирим сураныз,колдон келишинче сооп иштерди жасаныз.
10.02.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын мындайдан. Ар бирибиз ата-энебизди козу тируусундо сыйлай билели. Козу откондон кийин окунгонубуз пайдасыз. Жогоруда сонун кенештер берилиптир мен кошулам ушуларга намаз окуп ыйманынызды бекемдеп Чон- ата ,чон- эненизге ар дайым куран окуп кудайдан жасаган кунолорунуз учун Алладан кечирим сурагандан эч тажабаныз
11.02.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер сен чын эле бар экенин чын болсо атан сени туудурбай эле ташка ХХХ ХХХ болмок экен, олконун кутун качырып аткан жалан сендейлер. Сен онолбойсун дагы жанагы сен сыздаткандардан жанын артыкпы акылына келгенин чын болсо ХХХ ХХХ ХХХ. Башка соз жок сага.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-11 11:22:36
11.02.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakyt_2015, этика нормаларын сактаңыз!
11.02.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийри жыгач туз болбойт деп коюшчу Алла Таалам ынсап берген болсун
11.02.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ экенсиң го
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-12 09:51:34
12.02.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deesmond, кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
14.02.2015. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам башына эмнелер келбейт, бул да болсо тагдырдын сыноосу.
Ата-эненизди кадырланыз,жакшы жубайлуу болунуз.калган омурунузду ыймандуу кыз, тартиптуу уул тарбиялоо менен откоросуз го. (ишенем)ак -жол!!!
15.02.2015. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козумо жаш тегеренип кетти окууп жатып!
02.03.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеч бир тууганым кеч эсине келиптирсин. Турмодон сабак алып чыксан керек. Намаз окушун керек.
10.01.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч болбосо да кеч болсун дегендей кеч болсо да акылыңызга келип өткөндү түшүнүп отурганыңыз жакшы экен. Башкалар көрүп чыккандан кийин деле үйрөнгөн адаты калбай атпайбы. Сиз башкалардын жаман сөздөрүнө көңүл бурбай, жакшы сөздөрүн өзүңүзгө жакын алыңыз. Өтүп кеткен адамдарыңызга куран түшүрүп, дуа кылыңыз. Өзүңүз барын жаңы баштап, жашоонун ак барагын ачыңыз, ал баракты колдон келсе эң жакшы толтуруңуз
20.11.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш чон атана боорум ооруду, козумо жаш тегеренип. Ыйлап жатканы коз алдыма тартылды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо