Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бегиш: «КАРТАЙСАМ ДЕЛЕ РЭП ОКУЙ БЕРЕМ»

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж

Рэп айтып жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан Бегиш аттуу жигит бар. Аны дайыма Баястан менен чогуу жүргөнүн көрөбүз. Азыркы тапта жаштардын талабына ылайык хиттерди жаратып келген эки достун бири – «сенин досуӊ Бегишбекти» кененирээк маек курууга чакырдык.
– Салам, Бегиш! Чыгармачылыкта кыш айларын «мёртвый сезон» деп коёт эмеспи. Сен да тыныгуудасыӊбы?
– Мен былтыр окуумду бүткөм, ошондуктан чыгармачылыкка баш-отум менен кирип иштеп жатам. Учурда Баястан экөөбүз студиядан чыкпай, жаӊы альбом жаздыруудабыз.
– Дипломду колго алган экенсиӊ, жакында сени юрист катары да көрүп калат турбайбызбы?
– Чынын айтсам, кесибим боюнча иштейин деген оюм жок. Мен өзүмдү рэп ырчы катары көрсөткүм келет. Азыр жаш болгондугумдан ырларымды эл олуттуу кабыл албай жаткандыр. 30 жаштан өткөндө бул өнөрүм мындан да күчөйт. Кудай буюрса, картайсам деле рэп окуй берем.
– Рэп айтып жан багууга болобу?
– Рэп айтып чоӊ акча таба элекмин. Бирок жалпы эле чыгармачылык менен жан багууга болот. Рэптен сырткары ырчыларга ыр жазып берем. Мисалы: Мирбек Атабековдун «Сагынган кезде», Назгүл Токтакунованын «Ачууга алдырба» деген ырларынын сөзүн жазгам.
– Ырдоо, ыр жазуу талантыӊ кичине кезиӊден эле барбы?
– Кичине кезимде профессионалдык деӊгээлде футбол менен машыккам. Жадакалса келечекте белгилүү футболчу болом дечүмүн. Бирок колледжде окуп жүргөндө чыгармачылыкка кызыгып кеттим. 2009-жылы биринчи ырымды жаздырып, окуу жайда жылдыз аталгам. Бир жылдан кийин продюсерим Мирлан Саткымбаев менен тааныштым. Ал ошол учурда концерт уюштуруп жаткан экен. Ырларымды берсем жактырып, иштешүүнү сунуштап калды. Ошентип, рэпке берилип кетип футболду таштап салгам.
– Продюсериӊ экөөӊөрдүн ортоӊордо келишим барбы?
– Мирлан менен 5 жылдан бери иштешип келе жатам, ортобузда эч кандай деле келишим жок. Ал азыркыга чейин Баястан экөөбүзгө бекер клип тартып берет. Чакыруу менен кайда барып ырдабайлы, биздин тапкан акчабыздан 1 сом алган эмес.
– Ырчылыкты, болгондо да рэпти тандаганыӊа ата-энеӊ каршы болгон жокпу?
– Мен ичип-чегип жаман жолдо жүрбөй элемин да. Апам «сен ырдабай эле декломация айтасыӊ» деп айтып калат. Үйдөгүлөр «рэп ырдайм десеӊ, анда бизди угуп юристтикке оку, анан өзүӊдү өзүӊ каржыла» деген шарт коюшкан. Макул болуп, сөзүмө туруп окууну бүттүм, азыр атамдардан акча сурабай, өзүмдү өзүм каржылайм.
– Үй-бүлөӊ тууралуу да кененирээк маалымат бере кетсеӊ. Ата-энеӊ, бир туугандарыӊ жөнүндө...
– Мен 1992-жылы Алайдын Гүлчөсүндө төрөлгөм. Андан кийин 1996-жылдан 1998-жылга чейин Жалал-Абад шаарында чоӊойдум. Атам ошол кезде Жалал-Абадда бор комбинатында иштечү. 1999-жылы Бишкекке көчүп келдик. Ата-энем Орусияда соода-сатык иштери менен алектенип жүрүштү. Мен 19 жыл жалгыз бала болуп чоӊойдум. Идиш жууп, үй шыпырып, нан жасаган менин моюнумда болчу. Андыктан кичине кезимден эле өз алдынчалыкка көнгөм. Апам үч жыл мурун бизди кубандырып, мени карындаштуу кылды. Азыр Турсунай биздин эрмегибиз.
– Окуучулук кезди эстегенде алгач көз алдыӊа эмне тартылат?
– Мен мектепте жакшы окугам. Чынын айтсам, ушул кезге чейин эч ким менен мушташып, эч кимден таяк жеген жокмун. Биз мектепте окуп жүргөндө сумканын сыдырмаларын чыгарып, уурдап кетмей мода болуп кеткен. Мен да модадан калбай, жаман көргөн классташтарымдын сумкасынын сыдырмаларын чыгарып, үйгө чогултуп койгонумду апам көрүп калып аябай сабаган эле. Ошондо мени мугалимге жетелеп барып, окуучулардын баарынын сыдырмаларын кайтарып бергенбиз. Ушул окуя такыр эсимден кетпейт.
– Бир кезде «жүрөгүмдүн ээсин таптым» деп айттыӊ эле, жеке жашоодо абал кандай?
– Ооба, андай кез болгон, ал кыз азыр жок, жүрөгүм бош. Менде учурда биринчи орунда чыгармачылык турат. Андыктан алдыӊкы 3 жыл аралыгында кыз менен мамиле курайын деген оюм жок. Анын үстүнө үйдөгүлөр деле үйлөн деген сөздү айтыша элек.
– Башка рэперлерден айырмачылыгыӊ барбы?
– Белгилүү рэперлерден Добр экөөбүз эле экенбиз. Экөөбүздү салыштырганда стилибиз, иштегенибиз эки башка. Мен көбүнчө заманбап стилге ыктап, батыштын музыкасына жакынмын. А Добрдын музыкасы көбүнчө нукура кыргызча, айылдык багытта десем болот.
– Сени Бегиш деп көчөдөн тааныгандар болобу же көз айнекчен жүрсөӊ эч ким тааныбайбы?
– Тааныгандар болот. Айрыкча Баястан менен жүргөндө. Анткени Баястандын келбети жагымдуу да, эстеп кала тургандай (күлүп).
– Сөз байлыгыӊды байытуу максатында китеп окуйсуӊбу?
– Жок, такыр китеп окубайм. Китепти 10 барак окугандан кийин эле тажап кетем. Айрыкча тереӊ философиялык китептер жакпайт. Сөзмөр киши менен баарлашып эле сөз байлыгымды өстүрөм.
– Тойлордо ырдайсыӊбы?
– Тойго 70 пайыз улуу кишилер келет эмеспи. Биздин стиль тойлорго жарашпай калат. Андыктан алардын көӊүлүнө жакпай калабызбы деп коркобуз. Ал эми клубдарга концерт коюп, биз менен иштешкен ырчылардын концертине чыгып турабыз.

"Эл мени Баястан менен жүргөндө көбүрөөк тааныйт".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Бегиш: "Атагы чыга электерге ыр жазып акча табам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(55)
SUPER.KG видео
16.02.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир да ырын уккан эмесмин жакпайт кече куну Мирбек Атабеков менен тарткан клипинин да ырынын да мааниси жок эми Мирбек бир убакта жанган а бирок азыркы убакта Гулжигит Сатыбеков менен Нурлан Насип болуп калдыго дейм консертте баары кол чап кол чап деп суранат а бирок Гулжигиттин кече кунку 2-3Февральда болгон консерттинде эч ким сурабаса да кол чаап коштошуп олтуруптур мына ошол чыныгы талант эл баалаган а булар просто бир эки создун башын бириктирип ырчымын деп журот маанисиз ырларды ырдап.
Модератор Tima_90_kg түзөттү 2015-02-16 15:58:53
16.02.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сен ото элэ аша чабып кетпединби атактуу реперлерден добр экобуз элэ экенбиз деп. Сенин ырында Добрдын ырларыда, акын Алтынбек Ысмайылов айткандай хит ыр эмэс элэ ит ырлар. Уялбай кантип ырдайсынар ошол мааниси жок тантыраган репинерди. Дагы атактуубуз дегенине не дейсин
16.02.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атактуу рэперлерден Добр экообуз деген жери хаха го
06.04.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sema.kgz,кайсы жерде добр экобузле атактуубуз дептир? мен угалбадым...
16.02.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ushu bala jakpait.kartaisamda rep emes namaz MN okup oloiun debeisinbi.rep aitkandy bilbeit.ХХХ ХХХ.saga karaganda dobr 100 ese oido.
Модератор admin_media түзөттү 16.02.2015 18:56
16.02.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
devo4ka, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
02.03.2015. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
devo4ka,королбастык аябай жаман нерсе
16.02.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бегиш рулииитго, красава братан ырларын шик!
16.02.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой адам экен.Ийгилик
16.02.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен городской рэпермин де эчки кадаланган,жаман мактаныптырго.
SUPER.KG видео
17.02.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынын айтсам Бегиш м.н Баястандын бир да. Ырын уккан эмнсмин. Бироооок бирок баястанга Караганда Бегиш жагат.
SUPER.KG видео
17.02.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар ушунтип бири-бирибизди кемсинте берсек качан онолобуз мага жакты ырларын укчумун ак-конул экен
17.02.2015. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен заманбап реперминда Добр эскичил айылдык вариант дегени эмнеси шумдугун кургур. " Озун мактагандан олгончо кач" деп бекеринен айтылбаса керек. Китеп окубаганы учунда ырларында 2-3 эле создору кайталана берет баардык ырында. Мындайча айтканда баардык ырында "ключевой" 2-3 эле кайталанчуу создору бар. Такшалып калган качандагы Добрды озундон томон коргондон коро озун онуп осконду ойло. Каарыганда деле реп айтам дебестен ошол кунго жеткирсе Кудайым намаз окусам деп Тилек кылышты унутпа
02.03.2015. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balaary,Чындыкты айты , болгонун болнгондой эле
17.02.2015. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
И ещё Алайдан болом деп айтпай эле койчу сендей Адам алайдан чыкканына арданып кеттим. Биздин Алайдан Алымбек датка чыккан Курманжан Датка чыккан деп сыймыктана алам. А вот сен учун сыймыктана албайм пока ну может келечекте дуйно таанышын озгорсо гана вот Алайдан чыккан дегенге стоит деп калышыбыз мумкун
17.02.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balaary, не следует делать из мухи слона, вы просто все не так поняли. Молодец Бегиш, удачи!
17.02.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
э тобба Алайлык болсо Алайданмын дейт да, Алайда деле ар бир адам Алымбек, Курманжан датка болуп атыптырбы.Беш кол тен эмес. Аздыр коптур эл тааныйт, сага , мага жакпаса канчадыр бир пайыздагы адамдарга жагып угат да ыр десем туура болбойт, апасы айткандай декломациясын. Колдоп кой жок дегенде жердешим деп.
18.02.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasgul, жердешим деп колдомокмун Эгер маанилуу ырдаса а бул маанисиз декламация айтып жатпайбы. И башка оордун тапкан жылдыздарды озунон коргондугу мени нааразы кылды. Бироону сындагандан коро озун ОЗУ ондогон он болотго деп ойлойм
17.02.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sakuuw,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
17.02.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
добрду кемсинтпей эле койсо болмок
17.02.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жаны альбомуна ийгилик
SUPER.KG видео
17.02.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланы тааныбайт деле болчумун, айылга барсам кичуу иним ушул жигиттин ырлары менен "ооруп"калыптыр. Терезе-эшиктер, гулдун идиштери, кузгу, телевизор деги койчу баарына бирдей Begish-Sancho деп озунун атын кошуп жазып салыптыр. Аябай уруштум, ачуумун келгеничи...Анан кечинде ачуум тарап "туулган кунуно эмне алып берейин?"- деп сурасам "Бегиштин ырларын" десе болобу. Кайра ачууландым "Ким ал?" десем ырчы дейт. Дискин тапкан эмесмин. Бул видеону корсотушум керек экен)))
17.02.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тата Улан рулит жана Добр
SUPER.KG видео
17.02.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо красавчик!Жонокой жигит экен,жагып калды...
18.02.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмоцияга алдырып жазылган комментарийлер го бут)))))
18.02.2015. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Койгулачы бирда мааниси жок рептерди айтат ушул бала, кийингендида билбейт
18.02.2015. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек бериптир,чынында эле реперлер бизде саналуу гана да анан оюндагысын жашырбай айткан жылдыздуу жигит экен.ийгилик каалайм
18.02.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди сынатып эле койсо!!! Азаматсын Бегиш, талантын оркундой берсин. Ит уро берет, кербен журо берет.
18.02.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ее Тугандар Бегалы ото талаттуу бала тынч койгула ушак кылбай
18.02.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жакшы.Ишине ийгилик.
19.02.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик! Алга Бегиш ийгилик сага талантынды баалайм.
SUPER.KG видео
19.02.2015. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер Бегиш жакпаса башка бироону угуп , ошол жака ушак кылып коментариийлерди жаза бергиле
Бирок эл билет кимдин ким экендигин!!!
Модератор admin_media түзөттү 19.02.2015 09:43
19.02.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апииии бул интервьюсуна чейин Бегиштин ырларын жактырып укчу элем,аябай мактаныптыргоооо бала)))
SUPER.KG видео
25.02.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!Башкаларга билбейм, мага жагат.Кээ бир ырлардын сөздөрүнө караганда Бегиштин ырлары алда канча жакшы.
Медиа-портал
02.03.2015. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигит аябай талантту , коп ырчыларга ырын жазып берген!!! Королбагандарга ишинине ийгилик
SUPER.KG видео
15.04.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегиш красавчик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо