Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айгерим Расул кызы: «ЖОЛДОШУМ ЭРКЕЛЕТҮҮ, МЕН ЭРКЕЛӨӨ БОЮНЧА ЧЕМПИОНБУЗ»

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж

Акындар баракка түшүрүп, ырчылар обонго салып ырдап бүтпөгөн эӊ аруу сезимдердин бири – бул махабат экени талашсыз. Сүйүшкөндөр майрамын утурлай эл көзүндө сөйкө салынып, мындан 5 ай мурун турмуш жолуна аттанган, учурда махабат көлүндө сүзүп жүргөн ырчы Айгерим Расул кызы менен жолдошу Азамат кызыктуу күндөрү менен бөлүшөт.

– Азамат, Айгерим, төрүбүзгө куш келипсиӊер! Айтсаӊар, үйлөнгөнгө чейинки сезимдер күчтүү болот бекен же үйлөнгөндөн кийинкиби?
Азамат: –Саламатсыздарбы? Сүйүктүүӊ менен бирге түтүн булатып, бир бүтүн болуп чогуу жашаганда адамды башкача сезимдер чулгайт экен. Үй-бүлөлүү мырза катары үйлөнгөндөн кийинки сезимдер күчтүү болот экен деп ишенимдүү айта алам. Нике ысык деген чын окшойт, сезимдерибиз күндөн-күнгө күчөп баратат. Мен жумушка жөнөп жатканда экөөбүз көпкө чейин коштошо албай кучакташып тура беребиз. Жумушка барып бир аз убакыт өткөндө эле сагына баштайм. Анан кечке СМС жазышабыз. Кайра жумушум бүтөрү менен Айгерим жакшы көргөн таттууларды көтөрүп алып үйгө шашам.
Айгерим: – Билбейм, мен үчүн азыр деле баары жомоктогудай сезилип жатат. Кыз-жигит кезде кандай болсок, азыр андан дагы жакынбыз. Бул жомок такыр бүтпөсө экен дейм.
– Азамат, айтсаӊ, Айгерим турмушка чыккандан бери чыгармачылыкка болгон кызыгуусу мурункудай эмес, балким, мунун себебин сен билет чыгарсыӊ?
Азамат: – Кимге кандай билбейм, бирок чыгармачылыкка болгон кызыгуусу мурункудай эле. Болгону жаӊы жашоо баштап, келиндик кызматын аткарып, убактысын ошого жумшап жаткан кези. Баары бир ырчы да, үй жыйнаганда же тамак жасаганда дайыма ырдап жүрө берет. Же мен «ырдап берчи» деп көп сурангангабы (күлүп). Айгерим өзү эмнени кааласа ошондой болот. Аны бардык жактан колдоого даярмын. Мен кайра «ыр жаздыр, клип тарттыр» деп жатам. Учурда комуз үйрөнүп, бий тобун ачайын деп турат. Буюрса, жакында чыгармачылыкка кызуу киришет.
– Айгерим, Азамат экөөӊөр үйлөнгөндөн кийин сага болгон мамилеси өзгөрдүбү?
Айгерим: – Өзгөрдү, бирок жакшы жагына. Аябай камкор, ак көӊүл, бүт нерсеме көӊүл буруп турат. Көз тийбесин, баары ойдогудай.
– Азамат, Айгеримдин күнүмдүк турмушун сүрөттөп берсеӊ...
Азамат: – Айгеримдин ар бир күнү бири-бирине окшобойт. Эртеӊ менен туруп чай даярдап, баарыбызды жумушка узатат. Үйдө койлорубуз бар, ошолорго чөп, суу берип бакканды жакшы көрөт. Алардын ар бирине ат коюп алган (күлүп). Айгеримдин пирогу менен кексин тамшанып жейм. Үйдө машина бар, кааласа шаарды айланып, дүкөн кыдырып келет. Менин иш графигим туруктуу болбогондуктан түнү келемби, күнү келемби, дайыма уктабай күтүп отурган болот. Ар бир эле эркек аялынан ушундай көӊүл бурууну күтсө керек .
– Учурда Ошто турарыӊарды билебиз, биротоло Ошто каласыӊарбы же Бишкекке көчүп келесиӊерби?
Айгерим: – Муну убакыт көрсөтөт. Азамат акемдин жумушу Ошто болгондуктан, азыр бул жакта жашайбыз. Эгер Бишкекке которулса, анда борборго көчүп барабыз.
– Азамат, Айгеримдин сен билбеген дагы кандай өнөрлөрү бар экен?
Азамат: – Мен билбеген өнөрлөрү көп эле экен. Айгерим менен такыр зерикпейсиӊ, бардык темада сүйлөшсөӊ болот. Ал менин жубайым, бир тууганым, кеӊешчим, айтор, баары. Өзү романтикага жакын болгонгобу, сюрприз кылганды жакшы көрөт.
Бир жолу жумуштан чарчап түн жарымда келсем бөлмөнүн ичи капкараӊгы, бирок шамдар күйүп турат. Карасам столго жер-жемиш даярдап коюптур. Билинбей акырын чыгыш кийимин кийип чыгып, сонун музыкага бийлеп берип чарчаганымды жазган болчу. Мындай сюрприздерди далай жолу жасады.
– Айгерим, келиндин келгендегиси эстен кетпейт эмеспи. Жаӊы үй-бүлөӊ сени кандай тосуп алышты?
Айгерим: – Өзүмдүн ата-энемдин үйүндө кандай эркелеп чоӊойсом, кайын журтумдун үйүндө деле эркелеп, эркин жүрөм. Аларга бат эле көнүп кеттим. Мени сынашкан жок, билбеген нерсемди үйрөтүштү. Кайнатамдын «кызым» дегени өзгөчө жылуу сезим тартуулады. Кайненем менен да абдан жакынбыз. Ал эми кайним, кайын сиӊдим менен бир туугандай болуп калдык.
– Азамат сыртынан аябай оор басырыктуу көрүнөт, үйдө кандай?
Айгерим: – Сыртынан эле ошондой көрүнбөсө, үйдө өтө тентек, тамашакөй. Негизи, ар бир адамдын терс мүнөзү болот эмеспи, бирок чындап сүйсөӊ кемчилиги деле артыкчылыктай көрүнө берет экен. Мага эӊ эле жакканы бирөөгө жини келип жатса да, мага сылык жооп берет. Азамат акем эркелетүү боюнча, мен эркелөө боюнча чемпионмун. Күнүгө бири-бирибизге тийишип, кубалашып, жетип алса жаздык менен чабышып ойнойбуз. Кээде бул менен алышып отуруп балалыгыма кайткандай боло берем.
– Азамат, Айгерим менен таанышканга чейин анын ырларын укчу белеӊ?
Азамат: – Ооба, ырларын угуп, суктанып жүрчүмүн. Бирок тагдырыбыз бир болору үч уктасам түшүмө кирген эмес. Азыр телефонума жалаӊ Айгеримдин ырларын жүктөп алгам. Коӊгуроомдун ордуна да Айгерим ырдайт (күлүп).
– 14-февраль – Махабат майрамын кандай тосууну пландап жатасыӊар?
Азамат: – Биз үчүн бул дата маанилүү деле эмес, бизге күндө махабат майрамы.
– Бири-бириӊердин телефонуӊарды текшересиӊерби?
Азамат: – Ишенсем дагы бир күн кечке ким менен сүйлөшкөнү, эмне кылганы мага кызык. Ошого карап турам.
Айгерим: – Мен деле карайм. «Доверяй, но проверяй» деп коюшат го.
– Маегиӊерге рахмат!

"Айылга барганда бардык келиндер сыяктуу эле жоолук салынып кызматымды кылам".


"Жаӊы жылда сүйүктүүмө шамдар менен "мен сени сүйөм" деп жазып, сюрприз жасадым".

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(134)
19.02.2015. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй булолук бакыт чыгармачылыгына ийгилик каалайм,суйуунор эч качан очпосун кошогонор когоро берсин.Айгерим жонокойлугунон жазба
19.02.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы абдан жакшы. Демек мен уккан ушак калп экен. Айгерим кошуналарына чай куярда мен орой суйлогону учун,куйосу атасына алып барып коюптур деп уккам. Демек бул ушак экен. Ылайым эле андайдан алыс болуп бактылуу болгула.
20.02.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Иий булардын эмнесине коз тиймек эле???))) Айгерим аябай жасалма суйлойт го
20.02.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман ле болушсун
20.02.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 дуйно бактылуулук каалайм...
20.02.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кокууууй,башка келиндердей жоолук салынып кызмат кылбагыдай кто она такая? ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-20 15:27:16
20.02.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ Айгерим азаматсын! Бактынарга коз тийбесин!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-20 15:28:33
20.02.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursel, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз!
20.02.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuzya-ss, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
20.02.2015. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге баары бир эмесби туугандар...."Аке" дебей "дос" деседа озунун иши эмесби ал .Эки жашка бакыт тилеп коелу
20.02.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммммм
20.02.2015. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун балдарынар кооп болсун!
20.02.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир Адам бактылуу болсун дуйнодо!жашоонор дайыма майлуу суттуу болсун!аке десе дейтта имени деле ака дейт эмдигиче Келинчегим
21.02.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыыы. Айпери менен Айгерим атаандаштай туюлуп жатат... Биринин артынан бири кетти, интервьюларды да коендой окшош кылып берип жатышат. Кызык!
21.02.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим эже си3 мага аябай жагасы3!Бактылуу болгула!
21.02.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Издешпей табышкан паара экенсинер бактылуу болгула
21.02.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Айгерим менен такыр зерикпейсиӊ" деп жолдошу туура айтыптыр, ансыз деле интервью берсе элдин баары комментарий жазып, сындап эле жатып калышат го. Айгерим бизди деле зериктирбейт ондуу. Аке дебей койсо интервьюсу кызыксыз болуп калмак, нени сындамакпыз е? :-D
21.02.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тфуу оз куйоосун да ака дейби, обу жоктонбой атынан эле айтса боло.Деги жасалмалыкты,акыштанганды токтотуп эле коюшса жаштар.Билинип эле калат жасалмалык.
21.02.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аке десе сыйлаганы... Куйоосуно да жагат, жакпаса сен деп айт демек. Кичине коралбай кетебизда... Тим койгула бактылуу болушсун, кааласа тага деп алсын.
21.02.2015. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кинг конг акам озу билади-деп озбек кинодо айткандай,Айгерим да озу билет кимди аке дешти.Бул жерде кээ бирлери жазып озунон кетип калышыптыр неге аке дейт деп.Айгерим кааласа синдим десе да жарашат,себеби озунун менчик куйоосу.
21.02.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamat apani da unutpa al seni ushul erezege jetkizgen.Ishten kaitaarda apan jakshi korgon nerseda al eneleribiz aman bolsun
22.02.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгыш бийин бийлеп берди деп айтпай эле койбоптурсун, мындай нерсени айткан бир аз уят го
22.02.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сага соз жокда Айгерим
22.02.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз качан коро албастыктан кутулабыз кыргыз элим, куйоосун ака дейби же ата дейби озунун иши, мага десе куйоосун апа деп алсын бизге не? Андан коро бакыт-таалай каалайлы!
22.02.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тутомой адатыбыз калбайт да.Айгерим мага жагат.
22.02.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Счастья
22.02.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула. Коп балалуу болгула
22.02.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун!
22.02.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аке аке болуп акыры ХХХ болотда кыргызда ушундай соз барго....бактылуу болушсун
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-23 09:37:08
23.02.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alik.1982, мазактоодон алыс болуңуз!
23.02.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrqyz, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
23.02.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakyt_2015, талкуудан алыс билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
24.02.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aigerim maga murda jak4u birin4i 4ygyp jatkanda,azyr negedir jakpai kalgan.Anan Aigerimdin kaiyn enesin taanyim medkolledjde mugalim,Janybaeva degen ejeke,myndai ele jyrot.Emnesi bolsoda baktyluu boluwsun eki jaw
26.02.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! (Ой бизди сындатып эле койсо ,бизди ким сындайт...)
02.03.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйунчу, суйунчу Айгерим эне болуу бактысында турат. кош бойлуу болуп мурункудан да сулуу болуп калган
10.10.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Счастье любит тишину.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо