Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ИТКЕ ОКШОП ТАМАГЫН ИЧИП, ТАЯГЫН ЖЕП ЖҮРӨ БЕРДИМ»

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж

Казакстандын Алматы облусуна караштуу Эмгекчил-Казак районунда болжол менен 3 жылдай кулчулукта жүргөн Жумагүл аттуу мекендешибиз 9-январда мекенине кайтарылып келинди. Аны менен маектешип отуруп 21-кылымда эмес, кул ээлөөчүлүк доорунда жашап жаткандай сезимдерге чулгандым.

«КОЖОЮНУМ БОК ЧЫГАРГАН КҮРӨК МЕНЕН БАШКА ЧАПЧУ»
Өзүн Жумагүл Жусуп кызы деп тааныштырган маектешим кандайча катаал тагдырга тушукканын баштан-аяк баяндап берди:
– Өзүм 1990-жылдын 23-мартында Ноокат районунда төрөлгөм. Ата-энем кичинекейимде эле ажырашып кетишкен экен. Атам Жусуп экинчи аялы менен Араванда турчу. Апам Нургүл болсо эсимден чыгып жатат, Ноокат деген жазууга жакын айылдардын биринде Айсулуу аттуу эӊ улуу эжемдин колунда жашачу. Андан башка да менден улуу Гүлжан, Насыйкат деген эжелерим бар. Документтерим жок. Мен окуган эмесмин, ошол себептен жаза албайм. Апам «окуп эмне кыласыӊ?» деп окутпай койгон. Санаганды билем, бирок тамга тааныбайм. Мектепке барбай үй, талаа жумуштарын кылып жүрдүм. 19 жашка чыкканда Нурила деген эже апама келип, «менин бир таанышым Казакстанда тамекиде иштеп акча таап жүрөт. Жумагүл экөөбүз ал жакка барып иштеп, акча таап келели» дегенинен апам макул болду. Анан мага жол киреме акча берип, ага кошуп жиберди.
Бишкекке келип мейманканага түнөдүк. Менин документим жок болгондуктан эртеси чек арадан суу кечип өтүп, 3 күндө араӊ Казакстандын бир айылына жеттик. Ал жакта бир уйгур аялдын тамеки талаасында көлдүк кыргыздар иштейт экен. Нурила эже мени Яри деген уйгур кишиге таштап, өзү андан акча алып кайра Кыргызстанга кетип калды. Ал жакта бир аз иштеген соӊ кожоюн айлык акымды бербей кууп жиберди. Ошондон кийин барбаган жерим, кылбаган жумушум калган жок. Ар кайсы казактын жумушун кылдым, алар такыр акча беришпейт экен. Акыры Эмгекчил-Казак районундагы Казатком деген айыл жактагы бир сарайда мал баккан Эржан аттуу казак кишиге туш болдум. Анын 60ка чукул ую бар. Керээлден кечке ошол уйларды саайм, чөбүн, суусун берем, кыгын чыгарам. Туура эмес иш кылып же тилин укпай койсом кожоюнум урчу, кээде бок чыгарган күрөк менен башка чаап жиберчү. Ал жерден 3-4 жолу качууга аракет кылдым. Бирок кожоюнум кармап алып өкүртө сабап, «мындан ары кача турган болсоӊ, өлтүрүп туруп көмүп таштайм» дегенинен качпай калдым. Кожоюнумдун сабаганына капа деле болбойм, керек болсо үйдөн туура эмес иш кылсаӊ же тилин укпасаӊ апаӊ деле сабайт да. Аны туура түшүнүш керек, таяк жегениме өзүм күнөөлүүмүн. Ит деле курсагы тойгон жерде жүрө берет го, мен да итке окшоп тамагын ичип, таягын жеп коюп жүрө берчүмүн. Тамак ичкенде бир дасторконго отурчу эмеспиз. «Бок сасыйт» деп менден жийиркенишип, өзүнчө бир жаман тамга алып келип беришчү. Ошол жерден тамак ичип, ошол жерге жатчумун.
Эржанга чейин казакка тийген Айзада аттуу кыргыз келиндин балдарын баккам. Ал келин Казакстанда иштеген кыргыз тааныштарын, казак полиция кызматкерлерин ээрчитип келип мени бошотту. Апамды сагындым. Буюрса, ага жолугуп, анан ойлонуп көрөм, балким, кайра Казакстанга кетишим мүмкүн. Кыргызстанда жумуш жок, апам үйдө отурат. А мен бекерчи болуп үйдө отура берүүнү жактырбайм.

«КЫЗДЫН САБАТСЫЗДЫГЫНАН УЛАМ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЖОК»
Жумагүлдү куткарууга алгачкылардан болуп кол сунган Алмаз Кадыров аттуу мекендешибиз төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 23 жылдан бери үй-бүлөм менен Казакстанда жашап, соода кылам. Жумагүл тууралуу Казакстанда жашаган тааныш кыргыз келинден уктум. Анан «Замандаш» ассоциациясынын Казакстандагы өкүлү Туратбек Аманбаевге кайрылып, алардын жардамы аркылуу 7-8 адам жергиликтүү полиция кызматкерлери менен бардык. Кыз Эмгекчил-Казак районундагы сарайлардын биринде күӊ болуп жүрүптүр. Ал бизди көргөндө сүйүнүп кетти. Кичине психологиялык жактан жабыркап калгандай. Бир туруп башканы, дагы бир кезде башканы сүйлөйт. Кайсы айылдан экенин билбейт. Бир туруп Ноокатта, кайра Араванда жашайм дейт. Эртеӊ мененки саат 8ден кечки саат 9га чейин 60 уйдун богун чыгарып, ошол короонун ичинде эле жүрүптүр. Жаткан жерин көрсөк мончо экен. «Эмне тамак берет?» десек, «эти жок макарон, анан чай, нан берет» дейт. Үстүндө эски кийим, бутунда резина өтүк. Биринчи көргөндө таӊ калмаксыӊар, жуунбай жүрө берип денесинен сасык жыт чыгып калыптыр. Анан биз үйгө алып барып жуунтуп, кийимдерин баштан-аяк котордук. Казакстанда жашап, иштеген кыргыздардан айланса болот. Эртеси Жумагүл тууралуу уккан мекендештерибиз чогулуп, кийим саткандар 3-4 сыйра кийимин, андан тышкары акча да чогултуп беришти.
Жергиликтүү полиция кызматкерлеринин айтымында, аны күӊ кылган казактын үстүнөн кылмыш ишин козгош үчүн Жумагүл өзү арыз жазыш керек экен. Кыз болсо сабатсыз, жазганды билбейт, тамга да тааныбайт. Анын ордуна биз жазалы десек, «жарабайт» деп коюшту. Анан биз жумушубузду таштап ушул кызды, мекендештерибиз берген акчалай жардамды ата-энесине тапшырып, адамдык парзыбызды жасап коёлу деп 4-5 адам Кыргызстанга келдик.

«АПАСЫ ЖУМАГҮЛДҮ ИЗДӨӨГӨ ЧАМАСЫ КЕЛБЕПТИР»
Гезит басууга кетерде Жумагүлдүн апасын таап, ага кызын жеткирип беришкендиги тууралуу кубанычтуу кабарын каарманыбызды куткарган мекендештерибиздин бири Талант Бекбаев билдирди:
– Жумагүл бизге таптакыр башка айылды айткан экен. Акыры тааныштар аркылуу анын апасын Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Муркут деген айылдан таптык. Апасынын аты Жумагүл айткандай Нургүл эмес, Мыйман, ал эми улуу эжесиники Айсулуу эмес, Айнура болуп чыкты. Апасы 64 жашта экен, картайып, дубалга жөлөнүп басып калыптыр. Туугандарынын баары ыйлап-сыктап тосуп алышты. Апасы «Кызыбызды тааныштардан сураштырып жүрдүк, бирок шымалана издегенге чамабыз жеткен жок.Намазымды окуп, Кудайдан аман-эсен кайтып келишин тиленип жүрдүм» деп ыраазычылыгын билдирди.

Жогорудагы окуя бир гана көрүнүш. Буга окшогон дагы жүздөгөн тагдырлар болушу мүмкүн. «Жалгыз кол түйүн чечпейт» демекчи, миграция көйгөйүн чечүүнү өкмөттүн гана моюнуна жүктөп койбостон, жалпы коомчулук да жапа тырмак киришпесе болбой турган өӊдүү.

  • Чет өлкөгө кетердин алдында 189 телефон номерине чалып, кенен маалымат алыӊыз.
  • Эгерде кулчулукта жүргөндөр тууралуу маалыматыӊыз болсо, 102 номерин терип милиция кызматкерлерине кабарлаӊыз.

ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ИШТЕГЕНИ БАРГАНДА КУЛЧУЛУККА КАБЫЛБАШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Майрамбек Жапанов,
«Замандаш» ассоциациясынын аткаруучу директору:
– Жарандар эмгек миграциясынын болжолдуу коркунучтары тууралуу маалымат менен толук камсыз болушу шарт. Ар бир жаран, жалпы коомчулук мамлекет менен биргеликте алдын ала бул коркунуч менен күрөшүү механизмдерин иштеп чыгып, иш жүзүнө ашырышы керек.

Алмаз Алыбаев,
КРнын жарандарды ишке орноштуруу борборунун жетекчисинин орун басары:
– Жарандар чет өлкөгө чыгар алдында биздин борборго келип же 189 телефон номерине чалып юридикалык маалымат алышса болот. Мындан сырткары кулчулукка кабылбаш үчүн мекендештерибиз кайсы өлкөгө бара жатса, ал өлкөнүн мыйзамын, салт-санаасын билиши керек.

Анара Эшенкулова,
Сеул шаары, студент:
– Чет өлкөгө жакын тааныш же ишеничтүү кызматтар аркылуу барган оӊ. Барганда ошол мамлекеттеги Кыргызстандын элчилигине каттоого туруп коюшу зарыл. Себеби ал адам кандайдыр бир себептер менен кулчулукка же кырсыкка кабылса, туугандары элчилик аркылуу таап алышы ыктымал.

Бакыт Аманбев,
КРнын акыйкатчысы:
– Жарандарыбыз чет өлкөгө кетип жатканда эмне талап кылынат, эмне кылышым керек деп алдын ала мыйзамдуу жагын териштирип чыгуусу керек. Чет өлкөнүн мыйзамдарын бузбай, өз жанына сак болуп, жоопкерчиликти сезүүлөрү шарт. Кулчулукка көбүнчө сабатсыздар, куру убадага ишенгендер кабылышат.

Нурлан Утемизов,
ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары:
– Кулчулукка кабылууга жарандарыбыз өздөрү себепкер. Чет өлкөгө барганда да мыйзамдуу иштерге орношсо жакшы болмок. Биринчи кезекте кайсы өлкөдө болсо да, укук коргоо кызматтарынын телефон номерлерин билиш керек жана кооптуу жагдайларда ал номерге чалып жардам сураш керек.

Жаркынай Кубатбекова,
Москва шаары, бала багуучу:
– Чет өлкөгө барганда ишке орношордун алдында жумуш берүүчү менен келишим түзүү абзел. Иш берүүчүлөр документ сураганда көчүрмөсүн гана бериш керек. Бөтөн эл, бөтөн жерде эч кимге ишенбей, сак жүрүү зарыл.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(51)
16.02.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озу жаза албаса адвокатка кайрылса болушмак жолун таап сотко берсе болмок
16.02.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gensek,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
16.02.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жардаи бергендерге аябай ыраазы болуп турам,беш эмес бир кун иштеп калалы деген заманда.....азаматтар!
16.02.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы киминер казактарды тууган дегени турасынар?
16.02.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык ушундай катаал тагдырды коруп келгенден кийин да кайра Казакстанга кайтышым мумкун деп коёт го озу жердештерибиздин жардамынын артында аран гана Кыргызстаныбызга келсе дагы не кылат барып. Казактардын кээбирки адамдары ушундай ташбооор келишет кыргыз кызы эч нерсени билбейт деп эле мынча кордогону неси.Арызды болсо кыздын кол жазмасы созсуз болуу керек деген ал шылтоо аны башка адам жазып берип эле колду кызга мындай кыл деп койдуруп да кылмыш ишин ачса болот элего
16.02.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин айылдан экен бирок тааныбадым. Мени тан калтырганы 1990-жылкы экен анан кантип мектепке барбай калды? Биз жакта мектепке барбай калгандардын озу жок болчу..../ айылдын элинин жашоо шарты деле булар жазгандай оор эмес...
тообо кылдым ушунча кордук коруп дагыле казактарга кетем дегени кандай?
Суутуп койгонсуп. Кудайга шугур деп жашай бербейби/же казактар кыйратып айлык бербегенден кийин/кызыл-кыяда кочо шыпырып иштесе деле мындан жакшы айлык алатко....
16.02.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурматова туура айтасын.мен да тан калып отурам ...кызыл-кыя болбосо да озубуздун айылда деле тойлордо идиш-аяк жууп акча тапса болот
17.02.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасы окутпай бекер кылыптыр,арыз дагы жазалбайт экен.Озунун дагы шыгы жок окшойт.Казакстанда эмне бар? Же дагы таяк жеп жургусу келип жатабы?
17.02.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Курок менен башка чаба берип манкурт кылып кое жаздаптырго. Жоломандан айырмасы калбаптыр окунучтуу! Кытай тартып алалбаган калпагыбызды деп тош каккан эл элек, арсыз коншулар башка чаап ойной турган акыбалга жеткен экенбиз аттин!
17.02.2015. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арызды айтып беруусу мн башка бироо жазса,колду озуно койдурса болмок да тообо
17.02.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу экен,бирок арызды албай койгондоруна жол болсун.канчалык сабатсыз болсо деле мен айтып бердим деп кол койсо жетмек да.болбогон шылтоо,акыйкатчы сабатсыз болгондуктан дейт ошондой мыйзам барбы эмне?азыр да кеч эмес 3жыл омурун кордукта откоргонуно кылмыш козголуш керек го,сатып кеткен аялды да таап жазасын бериш керек.орустардын "пусть говорят"деген передачасын корсонор ошол жердеги укук коргоочулардын кенешин угуп корсон билбеген мыйзамдарды айтышса оозун ачылат,биздин акыйкатчылардын
17.02.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жообуна рахмат аман болгула.куткарган мекендештерге алкыштар болсун.
18.02.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos, сенин оюна жуз пайыз кошулам. Мурун эл окуй албаган убакта деле далилдеп бармагын басса да жарачу. Азыр техниканын онуккон маалында видеого тартса да диктофонго жазса да далилдей алмак. Байкуш кызды колдон келет кылышыптыр.
Германияда деле окубаган сабатсыздар кездешет. Бир кемпирди билем жаза албайт. Абышкасы документтерди окуп тушундуруп берсе ал аягында оз атына окшоштуруп чиймелеп коет. Ошол деле жарап атпайбы. Анын устуно азыр документтин баары эле компто терилип калбады беле
17.02.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...адамга кул болбогула. Библиядан.
17.02.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам Берген мекендештерибизге Аллах раазы болсун.Бироого жакшылык кылсан-бир куну кайтат!
17.02.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман болгон экен
17.02.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы да бир аз тайкы окшойт, себеби окуганды билбесе адам кыйла маалыматтан артта калат ошол учун ар нерсени бир суйлоп калганго
17.02.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эсен аман апамынын алдына алып келгендерге рахмат.
17.02.2015. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштерине ийгилик башка азап корбосун тилеген тилегине жетсин.
17.02.2015. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жардам бергендерге аллах ыраазы болсун)))
18.02.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rasul-kg, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
18.02.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми казактарга барбай эле, кыргызстанда жумуш таап иштесе жакшы болмок.
18.02.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге апасы кызынын тагдырын ойлобой мектепке жонотпогон ошол убактарда баары эле кыйналып жашаган да.
18.02.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыздын башынан эле акылы тайкыраак окшойт го. Ошон үчүн апасы окутпаган болсо керек, баары бир окуй албайт деп. Алып кетип сатып жиберген аял да ошондуктан алып кетти да. Биздин туугандарда да бар болчу ушул сыяктуу эжебиз, бир карасаң балээдей эле акылдуудай сүйлөйт, анан туруп эле ойду тоону сүйлөйт.
19.02.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунду эптей албасан кыргызстанда деле кул болосун
20.02.2015. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
102чалып кайрылгыла дептир казакстанда полициялар оздору тапшырат экен байларга кулчулукка
20.02.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психикасына да доо кеткен экен да байкуш,эмнеси болсо да эсен-аман кайтып келиптир.Жардам бергендерге Аллах ыраазы болсун патриот деп ушуларды айтса болот.Казактар мерез болушат негизи.
20.02.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун кыргызстандын элчилиги красноярски шаарында иштебейт иштешпейтагын барсан эчтекени чечпейт кайра акча берсен бутуруп беремдейт!
20.02.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам берген адамдарга Аллах ыраазы болсун.
22.02.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызды кулчулуктан куткаргандарга чон рахмат. Аллах ыраазы болсун.
22.02.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кайра казакстанга барып иштейм дептир, билими жок жазганды билбегенден кийин кайра казакстанга не бар, же кайра кул болуп келгиси бар, казакстан бул кыргызстан эмес, кыргызстанда акчан болсо тааныш болсо жумуш бар, ал эми казакстанда даже магазинге иштегени аран алат, керек болсо деле коет кыргыздарды. кыйын озун башынан откорупсун, акылын болсо апамдын жанында калып айылдагы жумуштарды кылып апана жардам бер!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо