Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Турусбек Жумалиев, режиссёр: «КИНОНУН СЦЕНАРИЙИ ӨЗ БАШЫМДАН ӨТКӨН ОКУЯДАН АЛЫНДЫ»

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж

Кино тармагы убакыт өткөн сайын улам жанданып, көптөгөн фильмдер тартылып жатат. «Кино тартыш үчүн идея керек, болбосо эч кандай майнап чыкпайт» деген алып баруучу Турусбек Жумалиев «Бар үмүтүм сенде» аттуу фильм жаратты. Ал төмөндөгү макалада фильмди тартуунун себеби, анын кыйынчылыктары жана кызыктары тууралуу оюн ортого салды.

Жанры – Лирикалык мелодрама
Режиссёру – Турусбек Жумалиев
Сценаристи – Турусбек Жумалиев
Оператору – Кулчун Жунушалиев
Башкы каармандар – Нурсултан Урматов, Наргиза Осмонова, Залкар Карымшаков
Тартылган жерлери – Ысык-Көл, Бишкек, Чүй облусунун Көк-Ойрок жайлоосу
Узактыгы – 1 саат 30 мүнөт

– Турусбек мырза, сөзүбүздү тасмаӊыздын идеясынан баштасак. Фильмди эмне үчүн «Бар үмүтүм сенде» деп атадыӊыз?
– Тасма тартуу идеясы 1999-жылы эле ойлонулган. 2006-жылы сценарийин жаздым. 2008-жылы аталган идеянын үстүндө иштөөгө туура келди. Көп жолу дыкаттык менен иштеген сценарийге 2014-жылы фильм тартылды. «Тасма тартам» деген адамда идея болуш керек. Турмуштук, жашоонун нак өзөгүн камтыган идея болсо, ал көрөрмандардын көксөөсүн кандырат. Кино тартыш керек деп акчаны жөн эле корото берүү туура эмес. Фильмди «Бар үмүтүм сенде» деп атадым. Анын негизги өзөгү менин жашоомдон алын­ды.
– Киноӊузду жалаӊ жаӊы жүздөр жаратышыптыр. Алар менен иштөө кыйынга турса керек?
– 2013-жылы «Арт» өнөр студиясын түзүп, алып баруучулук менен актёрлукка улан-кыздарды окутуп, үйрөтүп баштагам. Ошол балдар бул фильмде роль жаратышты. Окутуп баштаган учурда эле фильмдин этюддарын ойнотуп баштадым. Ошентип балдар бир ролго экиден-үчтөн даяр болуп чыга келди. Тартуу учурунда сынактан өткөрдүк. Кээ бирлери камеранын алдында ойноодон тартынса, айрымдары сүрдөгөн жок.
– Кино аркылуу кандай ойду бергиӊиз келди?
– Үй-бүлөнүн бийиктигин, ыйыктыгын берейин дедим. Эркек эмне үчүн үйлөнөт? Тукум улайм, үй-бүлөмдү, балдарымды багам, сактайм деп үйлөнүшү керек. Жашоо бүтпөгөн сыноолордон турат. Ажырашуу, урушуу, келишпестиктер, жоготуулар болот. Аялыӊ тилдүү болсо тил табышуунун жолун тап, ооруп калса дарылат, же тескерисинче аялы күйөөсүнүн тилин табыш керек. Ата-эне үй-бүлө түркүгүн бекем сактап, балдарды тирүүлөй жетим калтырбаса деген ойду бергим келди.
– Үй-бүлө баалуулуктарын берейин деген максатыӊызга жеттиӊизби?
– Фильмдин негизги көрөр­мандары интеллигенциянын өкүл­дөрү болду. Кинону көр­гөндөн кийин айрымдардан «каармандар менен кошо кетип калгыӊ келет экен» деген сөз­дөрдү уктум. Бир досум «кинону көргөндөн бери аялым менен такыр айтыша элекмин» деп айтты. Эгер эл бул кинодон кичине болсо да сабак алса, анда максатыма жеткеним.
– Сизди алып баруучу катары жакшы тааныйбыз. Эмне үчүн кино тартып баштадыӊыз, акча табуу үчүнбү?
– Бул менин кесибим. Буга чейин идея болгон жок да. Идея болбосо кино тартуунун такыр кереги жок. Мен кинону тартып баштаганда эле жанымдагы адамдар «жанры психологиялык драма экен, көрөрмандар келеби?» деп чочулап башташты. Мен «бул фильмден көрөрмандар аз да болсо тарбия алса, максатыма жетем» деп тартып баштадым. Каражат табуу оюма да келген жок.

Режиссёрдон кийин тасмада мыкты роль жараткан НУРСУЛТАН УРМАТОВ менен маектештим.
– Нурсултан, тасмага кандайча тартылып калдыӊ?
– Мен журналистика факуль­те­тинде окуйм. Практикада жү­рүп Турусбек агай менен таанышып калдым. «Cтудия ачып жатам, келип оку, сенден жакшы актёр чыгат» деп чакырды. Бир жыл окугандан кийин сынак ар­кылуу тандалып, аталган кинодо башкы каармандын ролун жа­ратып калдым.
– Роль жаратуу кыйын болдубу?
– Мен үчүн роль жаратуудагы кыйынчылык 40 жаштагы үй-бүлөлүү адамдын образын ачып берүү болду. Образга кирип алып, үйгө барганда да ошол ролдон чыга албай жаттым.
– Фильм эмнеси менен эсте калды?
– Мен фильмдин аткаруучу директору да болдум. Менин баламдын образын жараткан Залкар Карымшаков бир баланы бетке уруп кулатмак. 5-6 дубль тартып, кайра-кайра бетине ура берип бети ши­шип кетти. Азыр ошол окуяны эс­теп күлүп калабыз.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
16.02.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озумду кинодо сынагым келди деп бир ыры менен тааныла калган жылдыз соройлор актер боло калат, эми алып баруучусу режиссер болсо кыргыз кино тармагы жыргаган экен. Ар ким озунун колунан келгенин эле кылса ар кайсы тармактын тамтыракайын чыгарбай.
16.02.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakyt_2015, не соглашусь.
16.02.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино тармагынан акча жакшы болуп жатканго.
16.02.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ozumdun kesibim dep turbaiby
18.02.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызбайлар сынаганга эле кыйын. Кинону мен көргөн жокмун. Эгер үй- бүлөө жөнүндө тартылып, чынында эле анча- мынча сабак болсо эмнеси жаман. Андан көрө колдоп, жетишпеген дерин ачык айтып туруш керек го туугандар. Мындан мыкты чыгарма жарат
22.02.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино болсо чындап анын эмнеси жаман.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо