Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжигит Сатыбеков:«ҮМҮТ БЕРБЕГЕНИМ ҮЧҮН КЫЗДАР МЕНДЕН КЕТИП КАЛЫШАТ»

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж

Ырчы, обончу Гүлжигит Сатыбеков ар бир ырында өз жашоосунун кандайдыр бир үзүмүн камтып келет. Күнүгө бирден ыр жаратарын угуп, «бул жигит чын эле чыгармачылык изденүүнүн очогунда экен» дедим. Ыр казанындагы, жеке жашоосундагы жаӊылыктары менен бөлүшкөн интервью назарыӊыздарда.

– Кандайсыӊ, Гүлжигит? Жети-Өгүздө конокто жүрүптүрсүӊ, концертти берип алдым, эми эс алам деп отурган кезиӊ экен да...
– Жакшы, рахмат. Кудайга шүгүр, концертибизди жакшы өткөрүп алдык. Эс алайын дегем, бирок убакыт жок болуп жатат. Жакшы санаалаштар конокко чакырат, жаӊы чыгармалардын үстүндө иштейм. Анын үстүнө азыр топ ачып, ошонун иштери менен чуркап жүрөм. Топ менен ушул жылы сөзсүз Европадагы кыргыздарга концерт коюу пландарым бар. Анткени көптөн бери өзүмдүн тобум болсо, гастролго чыксак деп ниет кылчумун. Сапарыбыз мамлекеттик деӊгээлде болсо деп ар кайсы элчиликтер, Маданият министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.
– Тобуӊду «Старики разбойники» деп атаптырсыӊ, аты айтып тургандай, курамын улуу байкелер түзүшөт экен. Алардын келечеги кандай болот, топ өз жанын багып кете алабы?
– Бир жолу «жандуу музыка менен ырдагым келет, топ ачайын дедим эле» деп Жамбыл Камчиевге айтсам, «мен бир барабанчыны тааныйм» деп калды. Ошентип, чынжырдай бири-бирин ээрчитип келип жатып, азыр курамда беш адам чогулдук. Бири бас, экинчиси соло гитарада, урма аспапта, клавишада ойношот. Башында топтун аты деле жок болчу.
Ошко концерт бергенде байкелерди сахнага чакырып жатып оозумдан "старики разбойники" деген сөз чыгып кетти. Эл дагы абдан жакшы кабыл алды. Ошондон кийин топтун атын ушинтип атап коёлу деп чечтик. Чын эле байкелердин жашы кырктан жогору, ар кайсы аймактын тургундары, баарынын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Алардын башын бириктирүү оӊой эмес. Бишкекте концертимди бергенден кийин үйлөрүнө узаткам. Мына, кайра репетицияга чогулуп жатабыз. Бул жактан бир үй алсак деп аябай аракет кылуудабыз. Ал байкелер менен ортобузда келишим бар. Келишимдин негизинде айлык төлөп беришим керек. Биз азыр иштөөнүн башкача жолдорун ойлонуудабыз, администратор, менеджер дегендер болбойт. Жадакалса гастролдун да башкача вариантын ойлонуштуруп койдук, аны убагы келгенде көрөсүздөр.
– Эми менеджериӊ Астра эже менен иштешпей каласыӊбы?
– «Бакырчактын бары жакшы» деген кеп бар эмеспи. Астра эже менен деле иштеше беребиз, концертибизге жардам берип, өзүнүн гонорарын ала берет дегендей.
– 2009-жылдан тартып эл оозуна алынып, тойлорго барып жүрөсүӊ. Ошондон бери канча материалдык байлык топтой алдыӊ?
– Кудайга шүгүр, акча жок эмес. Тапканыӊ кайра эле формага, ыр жаздырганга, клип тарттырганга кетет. Бир аз ашканына үй сатып алгам, бирок чырлуу болуп менин пайдама чечилбей калды. Анан жер тилкелерин алып койгом, үй салыш керек. 2011-жылы алган машинамды эле минип жүрөм. Айрымдар «алмаштырып албайсыӊбы» дешет, ал нерсе деле өзүнүн убагы менен болот. Жакында берген концертимден түшкөн акчага Жип сатып алсам деле болмок, бирок элге жакшы ыр, күлкү, маанай тартуулагым келди. Мурунку берген концерттеримди карап отуруп уялдым. Сахна дагы, ырчы дагы жылдан жылга өзгөрүп, өсүш керек. Ошондуктан жакшы концерт берейин деп миллион сом каражат сарптагам. Түшкөн каражат кеткен чыгымды толук жаап берди.
– Телефон чалып тойго чакырган күйөрманыӊдын «такыр эле керсейип баасын түшүрбөйт экен» дегенин уккам. Ставкаӊды бир аз ылдыйлатсаӊ болбойбу?
– Эми ставкабыз андан да өсөт. Азыр эл алдыга кетип, артисттер артта калып калды. Тойго барган ырчыны ит келдиби, куш келдиби дебей калышты. Ырдагандан кийин акчасын алайын деп той ээсине кайрылса, «азыр коё тур» деп коюшу мүмкүн. Анан ырчы эмне кылмак эле? Эшиктин алдында кечке телефонун чукулап турат. Өткөндө 3-4 тойго конок катары барып, кайсы ырчылар келди, эл кандай кабыл алды, баарын байкап отурдум. Ошондон улам тойго баргым келбейт, барсам да чоӊ гонорарга ырдайм. Мен «Гүлжигит келди, «Старики разбойники» келди» деп кубаныч, ызаттоо менен кабыл алгыдай кылууга аракет кылам. Негизи, кээде тааныштарга гана эмес, үйгө чейин издеп келген күйөрманыма деле бекер ырдайм.
– Тажикстан, Түркия, Өзбекстанга чакырык алдым деп жүрөсүӊ, алар сенин чыгармачылыгыӊа кызыгышат бекен?
– Чет мамлекеттеги кыргыздар менен интернет аркылуу тынбай сүйлөшүп турам. Ошолордун чакыруусу мени дайыма ойго салчу. Буга чейин Тажикстанга 2-3 жолу барып келгем.
– «Агенттеги махабат» деген сыяктуу ырларыӊ менен жеӊил-желпи ырчы деген атка конуп калам деп коркпойсуӊбу?
– Ар тараптуу жазып көрүп байкап жатам. Бирок ар бир ырым өз күйөрманын таап кетүүдө. «Тико» деген ырымды билесизби, кандай сындашты эле, бирок концертимде кандай суранышты? Негизи, күн сайын түнү менен отуруп текст обону менен бир ыр жазам. Жакшы чыкканын, өзүмө жакканын алып калам да, калганын жок кылам.
– «Өкүмдарым дейсиӊ мени, Хюрремим менин...» деген саптары бар «Кечиккен махабат» аталышындагы ырыӊ турмуштан алынган деп уктук...
– Бир тойдо тааныш байкебиз кызып калганынан үйүнө жеткирип бардым. Машинада баратсак «кадырлуу болот турбайбы, картайган кездин сүйүүсү» деп ырдап, Оштон бир жаш кызды сүйүп калганын айтып берди. Үйгө келсем «Даӊазалуу доор» сериалы болуп жатыптыр. Мен ал кинону деле көрбөйм. Элден «султан Сулеймандын түбүнө Хюррем жетет» дегендерин угуп калчумун. Ошонун негизинде жаралган ыр болду.
– Эми өзүӊдүн тагдырыӊ баяндалгандай ырга токтололу. «Күйүтүнө чыдабай, ичип кетти дейсиӊби? Эми мага баары бир...» деген саптарды концертиӊде эзип, берилип ырдадыӊ. Анда сенин тагдырыӊ баяндалганбы?
– Ар бир чыгармага образ, окуя керек. Бир гана бул ырда эмес, башка чыгармаларымда деле менин тагдырым бар. Жүрөгүнө жакын кабыл алган адам менин тагдырым деп ушул ыр менен ооруп калгандарын билем. "Жок, бул меники" деп алардын көӊүлүн оорутпайм. Ырдын жаралышына себепкер адам кийин концертти теледен көрсө сезсин деп образдуу ырдадым.
– Анда бир суроо, ыр мурунку келинчегиӊе арналганбы?
– Бул сыр бойдон калсынчы...
– Жакында балалуу болду деп чыгышты, чынбы?
– Ал нерсени кеп кылчу убакыт келе элек. Убагы келгенде сенсация жаратуучу жаӊылык айтам.
– Жаш өткөн сайын сүйүүгө болгон мамиле өзгөрөт бекен?
– Жаш кез артыӊды ойлобой, тобокелчилик менен алоолонуп, урунуп-беринген учур экен. Көрбөй калсаӊ сагынып, ооруп калып, индия актёрлорунун сүрөттөрү тартылган открыткалардын артына укмуш сөздөрдү жазып, аны колуна тапшыруу да чоӊ салтанат эле. Азыр ошол сүйүүнүн баркын WhatsApp, Skype деген нерселер, социалдык тармактар кетирди. Сагынсаӊ үнүн укмак тургай, алыста туруп өӊүн да көрүп коёсуӊ. Алыкул Осмонов айтмакчы, отуз жаштан кийин сүйүүдө көӊүл калуулар өтө көп учурайт экен. Жактыруу сезими болот, бирок бат эле көӊүлүм калып жатат.
– Сүйөм дегендердин канчоосуна бетме-бет келдиӊ?
– Айрымдар чыгармачылыгымдан, кээ бирлер адамдык сапатымдан улам сүйүп калдым деп келишет. Дароо эле «мен жөнүндө көп нерсе билдиӊиз да» десем, «ооба, гезиттерге берген интервьюларыӊыз аркылуу сизди жакшы эле тааныдым, баарын талдадым, сүйдүм» деп келишет. Алар ошентип жанымда жүрүп эле өздөрү алыстап кетишет. Алардын көӊүлүн атайын деле калтырбайм, болгону үмүт бербей коёт окшойм. Жанымда жүрүп жок болуп кетпей, баарына чыдаган кызды сүйө алам деп ойлойм, балким, ошону күтүп жүрөм.

Учурда Гүлжигиттин чыгармачылыгы гүлдөп жатат десек болот. 2014-жылдын тандоосунда “Жылдын супер ырчы мырзасы”, ал эми анын "Сагынам" деген ыры “Жылдын супер ыры” наамдарына көрсөтүлдү.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Кыздар менен узак мамиле кура албайм" дейт Гүлжигит Сатыбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(67)
16.02.2015. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Куйутуңо чыдабай ичип кетти дейсиңби "деген ырын коп угам.Аябай жагат.Ишиңизге ийгилик.
SUPER.KG видео
16.02.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апаныздын сулуу келини менен жарашып албайсызбы кайненеге жага турган келиндер саналуу гана да
16.02.2015. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишиңе ийгилик ырлары жакшы уккулуктуу.
16.02.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден сураныч Бакыт Беделов жонундо маалымат берип коюнуздарчы?
17.02.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bili, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
17.02.2015. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул Ырчы эч жакпайтдаааа
17.02.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ырлары жагат.журокко жетет го чиркин..ийгилик
17.02.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
талантызга таазим
17.02.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соз жок ырлары нармальный
SUPER.KG видео
17.02.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик!Ырларыныз мага жагат.
17.02.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бутт ырлыры уккулуктуу адамды ойго салганы да бар конулун ачып кубандырганы да бар. Ырчылардын эн алдынкы ырчысы деп эсептейм. чыгармачылык ийгилик каалап кетем.
17.02.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир ыры маанилүү сүйүп угам
17.02.2015. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Куйутуңо чыдабай ичип кетти дейсиңби " деген ырдын аталышы кандай айтып койгулачы сураныч
18.02.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizulya, саламатсызбы!
"Эми мага баары бир" http://www.super.kg/media/audio/108889/
17.02.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо сиздерден сураныч Ли мин хо жонундо малымат берсениздер.
18.02.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayka0696, саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/?article=4243
Азырынча ушул макала бар. Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз. Рахмат!
18.02.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
macho90, баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
18.02.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит байкени сыйлайм!Чыгармачылык ийгилик каалайм,ырларынызды берилуу менен угам .
18.02.2015. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарма чылыгына ийгилик. Озуда сууйот экенго биринчи аялын арнап аркандай ырларды жаратып атасын,барып шарт жарашта ээ кутуп журо бербей!
18.02.2015. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красноярскийге качан келесиз сизди жаны тузулгон тооп менен кутобуз.
18.02.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,Гулжигит Сатыбековду Москвага да келип кетуусун суранайын дегем. Кантип жеткиришти билбейм.Жардам берип койосуздарбы? Алдын ала ырахмат сон.
18.02.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,Гулжигиттин ырлары сонун!
19.02.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайм.
20.02.2015. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
духу которулгонго жигиттин гулу
20.02.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онорунуз оркундой берсин,ишинизге ийгилик
20.02.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит акенин клипине тартылсам дейм
22.02.2015. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында балалуу болду деп чыгышты? деген суроого толук жооп бербегени, бир сырды жашырып жаткандай.
22.02.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит алга демекчимин.
22.02.2015. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчы дайыма озун которуп журот'жылдыз оорусуна кабылып калгандай.
24.02.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men baardyk yryn ugam
SUPER.KG видео
24.02.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында ырлары жагат мага уну керемет бар болунуз
26.02.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онорунуз оркундой берсин ке бир жылдыздарга окшоп чет элдиктерди туурап кетпениз сизге ак жол
Медиа-портал
02.03.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Evropaga klse, kaysy shaarlarda konsert beret boldu eken? Venaga kelet boldu beken?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо