«МЕН СҮЙГӨН МЕНЕН ПАЙДА ЖОК» ЫРЫМДЫ КӨЛДҮК КЫЗГА АРНАГАМ»

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж

Нурмат Садыровдун аткаруусундагы «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген ыр көпчүлүктүн тагдырына тагдырлаш, сүйүүсүнө ортоктош болду. Ырдын сөзү да, обону да Токтогул районунун Терек-Суу айылынан чыккан ырчы Руслан Нарынбаевге таандык. «Маданияттын мыкты кызматкери» Руслан аталган ырдан башка дагы бир нече хит ырлардын автору. Анда бүгүн аталган ырдын тарыхын Русландын өз оозунан угалы.

Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Көнбөдүӊ сүйүүӊ барчудай,
Көӊүлүм болду калчудай.

Кайырма:
Балбылдап көздөрүӊ кара-кара,
Айта албайм сүйүүмдү сага гана.
Айтайын башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.

Сүйдүрдүӊ мени сүйүктүүм,
Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм.
Өзүӊсүз өтсөм өмүрдөн,
Арманым, айтчы, ким үчүн?

«СЕЗИМ ДЕГЕН ЧАТАК ИШ ЭКЕН»
– 2013-жылы Жети-Өгүз районуна чыгармачылыктагы инилерим Добр, Руслан Абыловдор менен гастролдоп барып калдык. Мен анда комуз менен ырдачумун. Эл жакшы кабыл алышты. Кайсы жерге барбайлы кол чаап, кошо ырдашып, жакшы тосуп алып жатышты. Баарыбыз меймандос, сыйчыл, жакшы үй-бүлөнүн үйүнө жайгаштык.
Сезим деген чатак нерсе экен, жубайыӊ, бала-чакаӊ барбы, аны менен иши да болбойт тура. «Жүрөк бирди, көӊүл миӊди сүйөт» дегендей, жүрөгүм менен сүйүп алган жарым болсо да, көӊүлүм жаш селкиге бурулду. Биз мейман болгон үй-бүлөнүн кызын жактырып калдым. Кечинде концерттен чарчап келебиз, жанымдагылар уйкусу келип, курсагы тойгондон кийин эле тоголонуп уктаганга шашышат. Менде кайдагы уйку? Дагы отурсак, ырдасак экен дей берем. Анан колума комузумду алып чарчаганыма карабай ырдап кирем. Кайсы ырды ырдабайын, ушул ырларым аркылуу мендеги сезимди билсе экен деп тигил кызды карай берчүмүн.

«БИРОК АНЫН ЖОЛДОШУ БАР ЭКЕН»
– Ошентип, ал үйдө бир жумага жакын жашадык. Жан дүйнөм ырга толуп, өзүмдү асманда учуп жүргөндөй сездим. Ал кыздын мага жөн эле сүйлөп койгону кубаныч, сүйүнүч тартууласа, карап күлүп койгону «сүйөм» дегендей туюлду.
Концерттер кечинде башталат эмеспи. Күндүз мына ушундай сезим менен көл жээгинде кыӊылдап жүрүп, жакшы бир кайрыктар жаралды. Анан кетерде дасторкон үстүндө отурсак, үйдүн кожоюну «менин кызымдын жолдошу бар» деп сөз келгенде айтып калды. Менин да үй-бүлөм бар болгону менен, бул сөздү укканда жаман болдум. Көрсө, кыз атасыныкына келип эс алып жүргөн учуру экен. Экөөбүз көп нерсени сүйлөшкөнүбүз менен, «үй-бүлөӊ барбы?» деп бири-бирибизден сурабаптырбыз.
Ал күнү маанайым жок жүрдүм. Бирок баягы жаӊы жаралган кайрыктар оозумдан түшпөй койду. Бир убакта «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген сап жаралып калды. Ошентип, ал үй-бүлө менен кош айтышып, сапарыбызды андан ары уладык. Кийин ырдын үстүнөн иштей баштаганда да көз алдымда анын элеси тартылып турду.

«ЫРДЫ НУРМАТ ТОКТОГУЛДАН КЕЛЕ ЖАТЫП СУРАП АЛГАН»
– Бир жолу Токтогулдан Нурмат Садыров, Мирлан Баеков болуп келе жатып ушул ырды ырдап калдым. Нурмат «байке, жагып калды, мен ырдап чыгайынчы?» деп сурап калды. Макул болдум. Ырдын көл жөнүндө жазылган 3-куплети бар болчу, аны кошпой эле коёюн деген окшойт, ырдаган жок.

«Чалкыган көлүӊ керемет,
Жаады эле жамгыр себелеп,
Арзыган сага жүрөктү,
Кетпечи, жаным, тебелеп»,- деген саптары ырдалбай калыптыр, өзүм ырдаганда дайыма кошуп ырдайм.

Ыр жазылгандан кийин Нурмат чакырып угузду, мага да жакты. Бир-эки сөзүн оӊдоп койгону болбосо, жакшы ырдаган.

Нурмат Садыровдун багын "Мен сүйгөн менен пайда жок" ыры ачты десек жаӊылышпайбыз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
16.02.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ыр,сонун ырдаган Нурмат.
16.02.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түшүнбөй калдым видеодо бир бала ашык болуп калган деп жүрөт,жазганда өзү ашык болуп калыптыр го.анан Нурмат ырдын эки эле сабын анан обонун берген дейт,Руслан сөзү меники дейт.
16.02.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я в шоке.озумун ырым деген элего
16.02.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы кол адам го, мейли суйсун, мейли ыр чыгарсын анан не кылат аялын неудобно кылып элге жарыялап???
16.02.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учунчу куплетин да ырга кошуп ырдаса болмок экен эле,жакты.
17.02.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslan eki sozun emes video versyasnda nurmat aytyp jatpaiby birinchi kupletindegi 2 saby kaiyrmasndagy 2 saby ruslandyky kalganun ozum jazgamdep 2kuplet owodno kalgan saptary nurmatka taandyk eken eki suyiloboile koibopturda ruslan chonele adam ХХХ ХХХ eken uyat bolup papulyarduu bolgusu keleberbeile
Модератор admin_media түзөттү 2015-02-17 10:53:38
17.02.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ana222, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат! Эскертүү!
17.02.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurmat suilogon videonu emnege ochurup saldynar ruslan ekile sozun jazyptyrgo nurmat ozu jazgan eken kalgan sozun ruslan awa chaap ketiptir nurmattyn ozunun oozunan ukkan sozdu anan ruslan ozunun oozunan chykkan sozu bawkacha boluptur tankalywtuu ruslandyn erkektik namysy jok eken
17.02.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимиси туура айтып жатат ошондо?
17.02.2015. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
video versiyasyn izdep tappai koidum,bul yr da talawka tushup jataby,emnesi bolsoda yrdy elge jetkirgen nurmat baikege ishenip sizdi koldoibuz,balkim sizdin arkanyzdan ataktuu boloiun degengo,anan dagy 3chu kupletin yrdabai koigonunuz en tuura boluptur,ne vtemu bolup kalmak,balkim al sozun bashkacha kylyp jazgandyr,birok maga sizdin jazgan sozunuz jagat.
17.02.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meka94,сиздин айтканыныз туура эмес,Руслан нарынбаев каякта Нуртмат каякта..сиз ырды тушунгон адам болсонуз Р.Нарынбаевдын ырларын угуп корсонуз..анан Айтасыз..Русландын ырлары менен кобу атак данк алып жатат наборот.Нарынбаев кийин элдин журогундо калат озу болбосо да ырлары.Абулар жалт жултар да жон эле..
17.02.2015. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимиси туура суйлогонун биз билбейбиз балким нурмат жалган айткандыр
17.02.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охххооо... жакшы история экен.... Негизи эле биз колдук кыздар жакшы келебизда.... колдук кыздарга ысык салам....
17.02.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МЕН Руслан Нарынбаевды жакшы таанайм жалган суйлобойт..Озу аябай талантуу бала.Видеодо башка бала деп айтканы аялынын конулун оорутпайын дегени да..ЖУРОК жактырам десе аялы болсо да жактырып кала берет да..
17.02.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат сонун ырдаган акыркы куплети да жакшыкен кошуп ырдаса болмок экен Нурмат мага жагат
18.02.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында автордун уруксатысыз текстин бузууга да укугу жок. Экинчиден озу мин соз жазса да ырдын озогу обонунда. Эми аткаруучу болгондон кийин жакшы эле авторун айтып ырдай беришпейби дейм да.
19.02.2015. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Русланды мен 10 жылдан бери жакшы эле тааныйм. Ото таланттуу! Озу созун, обонун жазат. Анын ырларын азыркы убакта атагы чыккан коп ырчылар аткарат. Андыктан Руслан ийгилик.
16.03.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат аябай сонун ырдаган...
20.03.2015. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат лично мага айткан болчу Токтогулда суйгон кызым тийип кетти ошого деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо