МАЙРАМ КАРГАША МЕНЕН АЯКТАДЫ

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

14-февраль – Ыйык Валентин күнү деп майрамдоо акыркы убактарда Кыргызстанда да күч алды. Бул күндү сүйүшкөндөр эсте калчудай жагымдуу өткөрүүгө аракет кылышат. Тилекке каршы, бир үй-бүлө үчүн быйыл бул майрам трагедия менен аяктады...

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Үстүбүздөгү жылдын 15-февраль күнү таӊкы саат 6:20 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, борбор калаадагы Токтоналиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин конок бөлмөсүндө диванда чалкасынан жаткан аялдын жансыз денесин көрүшкөн. Анын киши колдуу болуп өлгөнү көрүнүп турган. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал 25 жаштагы келин болуп чыккан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун жакындары суракка алынган. Көп өтпөй кылмышка шектүү катары маркумдун 1981-жылы туулган күйөөсү колго түшүрүлгөн.

«КЫЗЫМ МЕНЕН КҮЙӨӨ БАЛАМ КҮНДҮЗ ЭЛЕ УРУШУП ЖАТЫШКАН»
Маркумдун атасы, Рухий-Мурас жаӊы конушунун тургуну тергөөдө төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– Кызым менен күйөө балам 2014-жылдын октябрь айында баш кошушкан. 14-февраль күнү кызым мага кечки саат 17:30дарда телефон чалып үйүнө чакырды. Барсам жалгыз экен. Балалуу бололу десе күйөөсү каршы болуп жаткандыгын, анын айынан экөө чатакташа кеткендигин мага айтып берди. 15-20 мүнөттөн соӊ күйөө балам келип «биз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы» деп кызым экөө эшикке чыгып кетишти. Арадан бир сааттай өткөн соӊ келишип, кызым «сиз үйгө бара бериӊиз, биз өзүбүз чечишип алдык» дегенинен үйүмө кетип калгам.
15-февралда таӊкы 5 жарымдар чамасында күйөө балам мага телефон чалып, «үйгө келе калыӊызчы, «Тез жардам» кызматкерлери келинчегимди эсине келтире албай жатышат» деди. Аны угар замат уулумду жаныма алып күйөө балам менен кызымдын үйүн көздөй жөнөдүк. Орто жолдон күйөө балама телефон чалып, аны менен Ахунбаев көчөсүнөн жолуктук. Ал биздин машинага отуруп, «үйдө врачтар бар, силер үйгө кире бергиле, мен азыр кирем» деп май куюучу жайдын жанынан калып калган. Биз үйгө кирсек «Тез жардам» кызматкерлери жок экен, кызым диванда өлүп жатканын көрүп милиция кызматкерлерин чакырдык. Күйөө балам болсо ошол боюнча качып кетти.

«КЕЛИНЧЕГИМ МАС БОЛГОНДУКТАН СООЛУКТУРАЙЫН ДЕГЕМ»
Кылмышка шектелген маркумдун күйөөсү ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Ошол күнү жубайым экөөбүз уруша кеттик. Кайнатам келгенде экөөбүз өз ара сүйлөшүп чечишип алдык. Анан жубайымды Сүйүү күнү менен майрамдатып коёюн деп шаардагы түнкү клубдардын бирине алып бардым. Ал жактан келинчегим спирт ичимдиктерин ичип, кызуу болуп калды. Ортодогу кызганычтын айынан дагы уруш чыгып, экөөбүз үйгө келдик. Мен аны катуу сабаган эмесмин, соолуктурайын деп жулкулдаткам. Бир кезде ал эси ооп жерге жыгылып кеткенде мен да анын үстүнөн баса жыгылдым. Ошол боюнча эсине келген жок.

«БАШЫНА ТИЙГЕН КАТУУ СОККУДАН КАЗА БОЛГОН»
Бул кылмыш боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Мырзабек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна албай жатат. Учурда Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, алгачкы жыйынтыгында маркум башына тийген катуу соккудан улам каза болгондугу аныкталды.
«Той болот, тойдун эртеси да болот» демекчи, майрамдык маанай жаш үй-бүлөнүн кыйрашы менен аяктады. Бири кырчындай курагында көз жумса, экинчиси адам канына забын болуп, кылган күнөөсүнө башын мыкчый өкүнүп жаткан чагы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(24)
23.02.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта. Эмне деген заман болуп атат.
23.02.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мусулмандар учун бул кун майрам эмес а биз болсо билип туруп майрамдайбыз акыбети жакшылык менен аяктабайт. Аллахым билип билбей кетирген куноолорун кечирип жайын жанаттан кылсын. Аминь.
23.02.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми буга майрамдын тиешеси жок болуп атпайбы?! Сөзүңөр коошпой калыптыр. Келин балалуу болгусу келсе, ичмек беле? Күйөөсү калп эле клубка алып бардым, спирт ичимдигин ичти, деп өлгөн адамга калп эле жалаа жапканы билинип эле турат
01.03.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lazygirl,Окуя 14 феврал куну "День Валентина" куну болду деп жатпайбы, Суйуу куну менен куттуктайын деп ошондой болгонун айтып ататго. Бул майрамдын айынан бир эле 1 уй-було эмес мындан тышкары канчалаган уй-булоолор ажырашып,жаш кыздар суйицитке баргандары канча. Батыштын менталитетин оздоштуром деп кыргыз элибиз озуно тескери таасирлерди алып атканын байкаса да байкамаксанга алып дагын деле майрамдап журушотта чиркин!!!
23.02.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа.
23.02.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ичкенби же жокпу экспертизада аныктаса болотко,балким соо эле аялын уруп олтуруп алгандыр.
23.02.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ей тообо мусулмандардын майрамы емес екенин билип туруп майрамдайбыз мына акыбети Аллахка жакпаган иштерди кылбайлычы, Аллах тыйган нерселерден тыйылалычы бактылуулук ислам дининде дейт. Ислам дини мн жашасак жаман кырсыктар сактайт Аллахым,
23.02.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир кезде ал эси ооп жерге жыгылып кеткенде мен да анын үстүнөн баса жыгылдым- дейби. Мен тушунбодум ээси ооп жыгылган аялынын устуно неге жыгылат дейм да. тобоо, тобоо
27.02.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.а,ошону айтсаныз озу да аябай семиз экен
28.02.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a,эркелеп жыгылды деп ойлосо керекда алда эркелеп устуно жыгылгандыр мындай болушун билбей.
23.02.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энесин жалгыз кызы эле, жакшы ак
конул дайым кулуп жайнап журот эле
(эхх
01.03.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigerim_abduvalieva, Сиз тааныйт беленниз?
24.02.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майрамдаша албагандан кийин жон эле коюшса... те более биздин майрам эмес.
25.02.2015. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне эле мекенибизде бирин олтуруп зордоп кордоп эмнедеген шумдуктар болуп жатат! акылын болгондо алган келинчегинди кубантып сыйламаксын сага ата энеси эмне деген умут ой тилек берген ! азыр жооп бербесен калап айтып кутулуп кетуун мумкун бирок акыретте эч кайда бара албайсын!
25.02.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14 майрамдадык деп айтпайле турушатко,
26.02.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоо болбой кал. Суйуусуз уйлонгонго бир болбосо... Балалуу болбойбуз дегенине караганда бул жерде бир иш бар.
27.02.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялын эмнеге тунку клубга алып барат, ичип атканда эмнеге унчукпайт. Окшошпой калыптыр созу уйундо эле урушуп, олтургон болуш керек
27.02.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы куйо бала болгусу келбесин жашы да отуп баратыптыр ажырашкысы келбей кызганып жок кылып кутулайын десе керек да кургур козу башкага тушуп калса керек
27.02.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта не эле болуп баратабыз кишини чычкан олтургондой олтуруп калышты
28.02.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы ойлобойт беле клубту коюп,келинчегинин жаткан жери жайлуу болсун.
28.02.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14 февраль шайтандын майрамы ..бул куну ким майрамдаса олум деген
01.03.2015. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алахым ынсап берсин
01.03.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-було курууда негизги максат артында туяк калтыруу эмеспи,дагында бирин-бири туболук сыйлап урматтап суйуп отууго менимче. Эгер балалуу болгусу келбейт экен не себептуу уйлонот? Анда уйлонбой эле журо бербейби ал кыздында омуруно балта чаппай. Байкуш кыздын ата-энесине жаман болуп аткан чыгаар.Эми Кыздын Ата-энесине сабыр берсин кудайым
01.03.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына жыйынтыгы, ошон учун Аллах тыйган нерседен тыйылайлы, 14-феврал куну элемес, мусулмандар кунуго ардайым бирин бири жакшы корот урматтайт сыйлайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо