№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектелип кармалгандардын экөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 16-февралда Талас шаардык сотунда Райкан Алкановго кол салуу фактысы боюнча шектелгендердин иши каралган. Анда сот 16 жаштагы Динара аттуу кызды үй камагына чыгаруу, ал эми Гүлнара аттуу кызды соттук-психологиялык экспертизадан өткөрүү чечимин чыгарган. Эске салсак, өткөн жылдын 26-октябрында ишкер Райкан Алкановго Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Бычактан ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Кылмышка шектүү катары 16, 17 жана 32 жаштагы кыздардын кармалгандыгын ИИМ билдирген эле. Кийинчерээк "Супер-Инфо" кармалган кыздардын эӊ кичүүсү 16 эмес, 15 жашта, 9-класстын окуучусу экендигин жазып, кыздын энеси менен болгон маекти жарыялаган. Асхат Субанбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |