ИЙНЕ УЧУНДАГЫ ӨМҮР ЖЕ ВРАЧТЫК КЕСИПТИН ТЕСКЕЙИ

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

Оорулууларды карап-дарылоодо врачтар өздөрүнө ооруну жугузуп алуу коркунучу, албетте, бар. Андыктан алар алдын ала кандай чараларды көрүшөт? Мына ушул суроо менен Бишкектеги айрым ооруканалардын жетекчилерине кайрылдык.

ТОКСИКОЛОГ ВРАЧ ИШ УЧУРУНДА САРЫКТЫ ЖУКТУРУП АЛГАН
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Ибраимов мындан 3 жыл мурда иш учурунда сарык оорусун жуктуруп алган. Учурдагы диагнозу: сарыктын С түрүнөн улам жаралган боордун циррозу.
Нурлан Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөргө да барып дарыланып көргөн. Бирок жыйынтык жакшы болгон эмес. Азыр боорду которуу операциясына муктаж. Андай операцияга 80-100 миӊ доллар керектелет.

«ЖУМУШТАН ООРУНУ ЖУГУЗУП АЛГАНЫ СОТТО ДАЛИЛДЕНСЕ ГАНА КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨНӨТ»
Нурлан Ибраимовдун маселесинен улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Венера Майтыевага «Иш учурунда оору жугузуп алган врачтарга компенсация төлөнөбү?» деген суроо салдык.
– Иш убагында ооруну жуктуруп алганы сот аркылуу аныкталса гана иштеген жеринен компенсация төлөнөт. Бирок сарыкты жугузгандан кийин анын жашыруун өнүгүү мезгили бир топ айга чейин созулат. Ал убакта адам тишин тазалатат же жулдурат, ооруса ийне алат дегендей. Ошентип ооруну жумуштан жугуздум дегенди сотто далилдөө оор. Эгер медициналык кызматкер ооруну жугузгандан 2-3 күндөн кийин абалы начарлап, кечээ же мурда күнү тигил же бул ооруга операция жасап же ийне сайып ооруну жуктурдум деп сотко арыз жазса, анда ал каралат. Мындайда оорусун жуктуруп алганын далилдөө жеӊил.

«АЙРЫМ БӨЛҮМДӨРДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ВАКЦИНАЛАРДЫ АЛЫП ТУРУШАТ»
Жугуштуу илдеттер менен ооругандар Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын директору Гүлжигит Аалиев:
– Биздин оорукана 20дан ашык жугуштуу оорулардын түрүн (менингит, ич өткөк, кызамык, сарык, кептөөр жана башка) дарылайт. Андыктан илдеттин врачтарга, лаборанттарга жугуу коркунучу чоӊ. Ооруканабызда 10 бөлүм, андан тышкары жандандыруу бөлүмү бар. Ошолордун ичинен кан менен иштей турган бөлүмдөрдүн медициналык кызматкерлери тиешелүү вакциналарды алып турушат. Атап айтсак, сарык оорулары бөлүмүндөгүлөр сарыктын B түрүнө каршы ВГВ вакцинасын 5 жылда бир, ал эми сасык тумоого каршы вакцинаны 1 жылда бир октябрь-ноябрь айларында алып турушат.
Кызылча, кызамык, тепме оорулары бөлүмүнүн кызматкерлерине жогоруда аталган 2 вакцина, андан тышкары кызамык, кызылча, тепме оорусу жайылып турган учурда аларга каршы КПК вакцинасы сайылат. Сасык тумоо боюнча бөлүмдөгүлөр октябрь-ноябрь айларында аталган ооруга каршы вакцинаны алышат. Менингит, ич өткөк сыяктуу бөлүмдөгүлөр эч кандай дары ичпейт, вакцина алышпайт. Болгону оору жуктурбоо көрсөтмөлөрүн сакташат.
Ооруканадагы лабораторияларда иштеген врачтар, лаборанттар, санитардык кызматкерлер оору жуктурбоо боюнча көрсөтмөлөрдү сактап, атайын көз айнек, бет кап, халат, кол каптар менен иштешет. Оору жугузуп алгандар мен жетекчи болуп иштеген 3 жылдан бери кездеше элек. Мурункулар боюнча айта албайт экем.

«СПИД БОРБОРУНДАГЫ ЛАБОРАНТТАРДА ООРУНУ ЖУГУЗУУ КОРКУНУЧУ ЧОӉ»
Бишкектеги Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова:
– Оорулууларды врачтар кадимкидей эле халат, чепчик менен кабыл алып, текшеришет. Ал эми лабораториядагылар кан менен иштегендиктен, аларда ооруну жугузуу коркунучу жогору. Андыктан алар халат, чепчик, кол каптардан тышкары атайын көз айнектерди, маскаларды тагынышат. Оору жугузгандар боло элек.

«ХИРУРГДАР САРЫК МЕНЕН ООРУГАНДАРГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСООДО КОЛ КАПТЫ КАБАТТАП КИЙИШЕТ»
Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун директорунун клиникалык иштер боюнча орун басары, профессор Эрнис Тилеков:
– Хирургдар оору жуктуруп албоо үчүн сарыктын B түрүнө каршы ВГВ вакцинасын 5 жылда бир алып турушат. Пландуу түрдө операция жасоодо бейтап сарык же башка жугуштуу оору менен ооруган же оорубаганын тактоо үчүн анализдерин тапшыртып, текшертебиз. Бирок бизде кырсыкка кабылып, кан кетүүдөн өмүрүнө коркунуч туулган адамдарга ыкчам операция жасоо керек болгон учурлар көп кездешет. Андайда анализдерин текшертип отура албайсыӊ. Ошондой кезде жана сарык менен ооругандарга операция жасоодо, албетте, фартук, чепчик, бахилла кийилип, бет кап тагылат. Ал эми кол капка келсек, аны кабаттап киебиз. Көзгө кан чачырап кетпеши үчүн сөзсүз медициналык көз айнек болот. Жуктуруп алганбы деген суроого келсек, мындан 20 жыл мурун 2 хирург шашылыш операцияда медициналык ийне менен колун сайып алып, сарыкты жуктуруп алышкан. Кийин алар оорунун айынан иштебей калышты.

«КУРГАК УЧУКТУ ДАРЫЛАГАН ФТИЗИАТРЛАР ДАРЫ ИЧИШПЕЙТ»
Бишкектеги Фтизиатрия улуттук борборунун директору Алдуллат Кадыров:
– Союз кезинде ооруну бейтаптардан жугузуп албоо үчүн фтизиатрлар дарыларды ичишчү. Азыр Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) көрсөтмөсү боюнча дары ичишпейт. Болгону ооруну жуктурбоо боюнча атайын көрсөтмөлөрдү сактап иштешет. Аны жетекчилер көзөмөлгө алып турушат. Антсе да ишке жасаган шалаакылыгынан жана башка себептерден улам 2014-жылы кургак учукту өлкө боюнча 44 медициналык кызматкер (врач, медайым) жуктуруп алып, дарыланышты. Алардын 10 пайызы кургак учукка каршы медициналык мекемелердин, калгандары болсо кадимки ооруканалардын кызматкерлери.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


Жугуштуу оорулардан дарыгерлер кантип сактанышат?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
SUPER.KG видео
21.02.2015. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтар оздору кочодон кийип келген сапошкалары менен эле журушотго. спец одежда жокбу халаты кийип алып эле журушот. Москвада инфекционныйда иштеген врачтар отделениеге кире бериште раздевалка бар ошол жатан бут баарын которуп анан киришет иштегени.
SUPER.KG видео
21.02.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынын айтканда мынчалык таза иштешпейт.именна инфекционныйда ото балит иштешет.ошон учун коп оорулар бири-бирине жугат.жадакалса торот уйундо деле бир маал эле полду суртуп чыгышат.тазалык жок кыскасы.
SUPER.KG видео
21.02.2015. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен операция болуп жатып калганымда мага келген адамдар халат кийип келишет го киребериштен ошол халаттын жакасында чычкан журуптур тообо..
SUPER.KG видео
22.02.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой ээ калп айтат 50%тин калган жагын айтпай эле койойлу дал ушул болумдо кочодон келип курткасын чечип халатын эле кийишпесе кир пир бут кийимдери менен эле талпылдап журушот пол бир эле жолу жуубайт ным кылышып эле арчып чыгып кетет.
SUPER.KG видео
22.02.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдабагылачы
SUPER.KG видео
22.02.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чычкан журот дебей наркоз тарай элек окшойтта
SUPER.KG видео
22.02.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай оорудан сактасын!
SUPER.KG видео
22.02.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда инфекционныйда дарылангам. Турмо эле болчу. Палатада жалгыз жатасын,окошкадан тамак берет. Одноразовый халат,чепчик,бахила кийип обход кылат эле врачтар. Ветрянка эле бп жаткам болбосо коридорун корбодум.отдельный эшик мн алып чыгып диагностикага алып барат эле.
SUPER.KG видео
22.02.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында эле чыктым инфекционныйдан орустар нилес деп олуп калышты эч ким менен суйлоштурбойт ии бири бири менен киришпейт
23.02.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооорунун туру эле коп.кудай сактасын ..
SUPER.KG видео
24.02.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул создорду жон эле айтып койгонго эжекебиз. Факт менен алып караганда таптакыр мындай эмес. Айрыкча инфекционный больницада. Мен озум больницага жатканда санитаркаларга "Палатаны жууп коёсуздарбы"-деп 5-6жолу айтып атып аран жуудургам. Ошон учун жон эле айта бергендин эмне кереги бар. Тазалык бар жерде баардыгы жакшы болот эмеспи!
SUPER.KG видео
24.02.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А бирок бул жомок, мындай тазалык инфекционныйда жок. Жок! Жок! Жок!
26.02.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча оору болсо ошончо адам баласы куноого толгон. куноо ооруну жаратат. Биринчи ойдон башталат,кумар туйулуп куноо жаралат ал эми куноо олумго алып келет акыры олум менен аяктайт.
17.03.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызым торолгондо шаардык тороткананын медайымдары краснуха,ВГП,ЦМВ деген кан аркылуу жугуучу вирустарды шприцтен жугузуп алышкан экен. Дароо температура болуп ооруканага жатканбыз. Ошол бойдон 2 жашка чыкканга чейин тез-тез температура боло берген,дарылаттык баарын лабораториядан билдик жолдошум экообуз тен таза экенбиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо