ЭКИ МҮШӨК МОМПОСУЙ

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

Карыя базарга жөнөйт. Мындайда жан эрмеги Нуртай дайыма жанында.
– Нуртайчик, үйдө картошка калбай калыптыр. Базарга барып алып келбейлиби, берекем?
– Чоӊ ата, мен картошка көтөрө албайм да.
– Ыя, мурдуӊду урайын десе, ал эмне дегениӊ?
– Азыр кичинемин. Анан колум да ооруп жатат,- деп небере жер карады.
– Колуӊ жакшы болсо барасыӊбы?
– Жакшы болсо балдар менен топ тепкени барам.
– Ка-ап, колуӊдун ооруп калганын карачы,- деп чоӊ ата мойну башын кол жоолугу менен сүртүндү. – Күндүн ысыгын, пай-пай! Тимеле куйкалап ийчүдөй ачуулугун, жарыктык десе! Ушундай ысыкта экөөбүз салкын жерге отуруп алып балмуздак жемекпиз. Чаӊкообузду ширин суу менен кандырмакпыз. Ошондо экөөбүзгө теӊ жакшы болбойт беле. Үйгө кайтарда сен каалаган момпосуйдан алмакпыз. Эми сен барбай каласыӊбы?
Балмуздак, ширин суу, момпосуй дегенде баланын көздөрү жайнай түштү.
– Балмуздак алып бересизби? Ширин суу ичебизби? Анда барам. Канча момпосуй алабыз?
Карыянын көздөрү митаам жүлжүйдү. Мурутун астейдил чыйратты, сакалын сылады. Небересинин топчудай мурдунан чымчый сүйлөдү.
– Кеминде эки мүшөк болот го...
– Ой-ий, чоӊ ата, анда жыргадык! Эки мүшөк болсо деле мейли, көтөрүп келем. Балмуздагыӊызды жейм, ширин сууӊузду ичем. Колум да оорубай калды. Анан өзүӊүз айткандай, мен
эми чоӊ жигит болуп калбадымбы. Момпосуй, балмуздак жесем дагы чоӊоём, күч топтойм. Туурабы, чоӊ ата?!

Жапарали Осмонкулов

Замира Рахманбердиева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо