Санжар Мыкыев: «ЖИНИМ КЕЛСЕ ДА КАШКА ТИШИМДИ КӨРГӨЗҮП КАЛП КҮЛГӨНДҮ ҮЙРӨНДҮМ»

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

«Тамашоудон» чыккан тапан жигит Санжар менен кобурашып отуруп, келечеги кеӊ, мыкты инсан болоруна ынандым. Анткени өзүнүн кичине мамлекетине карамдуу келип, туура жолго сала алган мырза Кыргызстаныбызга салым кошо алат деп ойлоймун.

– Санжар, бешик боо бек болсун! Ата болгондогу сезимдериӊ менен бөлүшө кетсеӊ?
– Рахмат! Ата болуу өзгөчө, айтып бере алгыс сезимдер экен. Мурун ата болгондор айтып койсо болмок экен (күлүп). Кызымдын жытына тойбой мас болуп жүрөм.
– Бала жытына мас болуп, жубайыӊа көӊүл бурбай калган жоксуӊбу?
– Кызымды жакшы көрүп жатам, бирок жубайымды да унутпайм. Кичинекейимди бул жарык дүйнөгө алып келген апасы да. Учурда экөөбүздүн эрмегибиз эле бала болуп калды. Кызымды жуунтканда да бирге жуунтабыз. Анткени апасы «колумдан түшүрүп алам» деп коркот. Анын үстүнө менин колум чоӊураак, алаканыма салып кармап берип турам. Наристе жуунтат. Кызыбыз сууну аябай жакшы көрөт. Балалуу болгонго чейин кичинекей ымыркайларды бирөөгө такыр окшото алчу эмесмин. «Атасына окшош экен» деп калышса, «мунун эмнеси атасына окшош» деп койчу элем. Өзүм балалуу болгондон кийин балекеттей эле окшоштуруп калдым. Кызымдын көзү, мурду, айтор, менин эле көчүрмөм. Биринчи небере көрүп жаткандыктан атын атам койду. Мен айдан, анан гүлдөн башталган ысым болбосун дегем. Ошондуктан Фатима деген ысымды тандаптыр.
– Үйлөнгөндөн кийин мырзалар толуп кетчү эле, эмнегедир сенин толгонуӊду байкаган жокмун?
– Үйлөнгөндөн кийин 10 килограмм салмак кошком. Курсагым чыгып, көйнөктөрүм батпай кеткен эле. Жаӊы телевизиондук долбоорлорду алып бармакмын. Режиссёр Канат Култаев мени көрүп, «арыкта, болбосо камерага жарабай каласыӊ» деди эле, бат эле арыктап, мурдагы калыбыма келип алдым. Эч кандай диета кармаган жокмун. 7 маал тамактанчумун, арыктоо үчүн күнүгө 3 маал тамак жеп калдым (күлүп). Андан сырткары машыгуу залына барып турам.
– Өзгөчө чач жасалгаӊ менен да элдин эсинде калсаӊ керек, сыр болбосо канча лак коротосуӊ?
– Чач жасалгамдын аты андеркат деп аталарын жакында эле билдим. Студент кезимде, "Тамашоунун" биринчи сезону башталганда чачымды кырып салган болчумун. Таз болгондуктан баары мени «лысый» дешчү. Андан кийин телеге алып баруучу болуп келгенде «бул таз башты өстүрүш керек» дегенинен өстүрдүм. Чач өскөндө жүдөп баштадым эле, эки четин кырып салдым. Чач узара баштаганда оӊ жакка, андан кийин сол жакка жаткызып көрдүм, акыры лактап тургуза баштадым. Ошондо «короз» деген атка кондум. Чач жасалгамдын автору Наристе деп койсок да болот. Негизи кийинүү стилимди жубайым түзүп берет. Ачыгын айтсам, мен Алайдан келген тоолук жигитмин. Анын үстүнө лицейде жалаӊ эркектер менен окугам. Ошондуктан стиль, мода дегенге кызыккан эмесмин. Ал эми чачыма 2 жумага жарым литр лак коротом. Эртеӊ менен ойгонсом, чачтарым кирпинин ийнелериндей тикчийип калат.
– Калп айтпасам, жубайыӊ Наристе сулуулук салонун иштетчү беле?
– Ооба, кайындарымдын 4 сулуулук салону бар. Аларды кайненем, кайнежем иштетет. Декретке чыкканга чейин Наристе да ошол салондордун биринде администратор болуп иштечү. Наристенин кош бойлуу экенин билгенде эле иштетпей койгом. Салондогу ар кандай жыттар балага зыян да. Үйдө зерикпесин деп бир күнү тоого чыгып, эртеси көлгө барып, айтор, ар бир күнүн кызыктуу кылып өткөргөнгө аракет кылып жаттым. Маанайы түшпөсүн деп киного, боулингге да алып бардым. Ушинтип камкор күйөө, камкор ата болдум десем болот.
– Акча табуу жагынан деле тыӊ болсоӊ керек, үйдүн капчыгын ким кармайт?
– Студент кезден эле акча жакшы табам. Наристе үйдүн гана эмес, тойлорду, иш-чараларды өткөргөн "Тамадалар GROUP" аталышындагы компаниямдын дагы бухгалтери. Үйлөнгөнгө чейин акчамдын каякка кеткенин билбей калчумун. Азыр баары орду менен. Жада калса кайрымдуулук кылганга да каражат бөлүп жатам. 2006-жылы Бишкекке келгенде туугандарым жок, кыйналган учурларым болгон. «Ыйык Ата Журт» кайрымдуулук фонду мага стипендия бөлүп берчү. Көрсө ал акчаларды бизнесмен байкелер берип турчу экен. Эми ал байкелерге ыраазычылыгымды билдирип, жакшылыгын кантип кайтарарымды билбейм. Анткени аларда баары бар. Ошондуктан мен дагы алардын жолун жолдоп, ай сайын студенттерге кайрымдуулук жасап, стипендия бөлүп турам.
– Сенин тойлорду заманбап алып барарыӊды билебиз. Мааракелерде кандай өзгөчөлүктөрдү киргизип жатасыӊ?
– Конокторду эки саат сүйлөтпөй оюн-зоокко көбүрөөк убакыт беребиз. Меймандар концертке келгендей эс алып кетишет. Биздин штатта 15 кызматкер иштешет. 300дөй кишини көзөмөлдөп жатып эки тонна көмүр түшүргөндөй чарчайсыӊ. Анткени ар бири энергияны соруп алат.
– "Аябай кызуу кандуумун" деп калчу элеӊ. Сабырдуу болууну үйрөндүӊбү?
– Мурун катуу жинденгенде өзүмдү көзөмөлдөө оор болуп калчу. Кыйкырып жиберем, сөгүп же бир нерсени сындырып салам дегендей. Азыр сабырдуу болгонду үйрөнүп жатам. «Аябай жиниӊ келсе көк чөпкө отур» деген жакшы кеӊеш уктум. Азыр жиним келсе сыртка чыгып кетип эле көк чөпкө отура калам. Эс алып каласыӊ, анткени адам жинденгенде пайда болгон терс энергия чөпкө өтүп кетет экен. Кышында көк чөп жок болгондуктан, муздак сууга жуунуп алып жатам. Ойлонуп көрсөм, мурда болбогон нерсеге эле жиндене берчү экем. Азыр чоӊойдумбу, акыл кирдиби, ичимден жиним келсе да кашка тишимди көргөзүп, калп күлгөндү үйрөнүп алдым.
– Кызыктуу маек курганыӊа рахмат!

"Менин стилистим – келинчегим Наристе".

"Тамашоу" карьерамдын башаты болду".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Ата болгондон бери жумшагыраак болуп калдым" дейт Санжар Мыкыев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(47)
23.02.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pozitiff Туура айтасын чач жасалгасын ондош керек салондо иштебегендерге деле одоно экени корунуп турат. Ооба ото эле суйру болуп жарашпай калат.Мода деген жарашыктуу болуш керек да адамга.Эл алдындагы кишини ар ким сындайт мен коргонумду жаза кеттим.
23.02.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бешик боо бек болсун!Омурлуу, элинин керегине жараган ата-энеси сыймыктанган кыздардан болсун!!!
23.02.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу жакпайт мага,ХХХ ХХХ го бирде да бул Мирлан Баековдун эмес,бул Мирбек Атабековдун концерти деп озунон кеткен го,экоондо не айырма,озун билбей эле суйлой берет.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-23 13:43:40
23.02.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sadyrov_n93, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
23.02.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызымдын аты да фатима)
фатима энебиздей болууларын тилейбиз.
23.02.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонор бек болсун!Жараткан ата-энелуу чонойтсун!
23.02.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи суйуу отунар очпосун бактылуу болгула. айта кетерим чачыныз бир аз жарашпайт башыныздын формасы тура келбейт
23.02.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бооооолгула
23.02.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонор бек болсун!Бактылуу мунотторунор туболукко улансын!
Сиз кандай гана чынчыл болбонуз,кээде жашоо озу бет каптарды пайда кылып,аны алмаштырып турууга туртот.
Чач жасалгасы укмуш!
24.02.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кашка тиш болобу же кашына тишин корсотуп кулобу?..
24.02.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчеги абдан жакшынакай сулуу айым.Кызы ырыс кешиктуу ,ата энеси менен дайыма бирге болсун!!!
24.02.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озуно дагы ийгиликтерди каалаймын.Ал эми чач жасалгасын мен дагы озгортсо жакшы болмок деп сунуш бермекмин.
24.02.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир нерсени кыйратып койгондой суйлошот ЖЫЛДЫЗ болуп
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-24 11:40:25
24.02.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
amanatym, кыйратып эле атат го.... озгочо Санжар, кыргызча, орусча, туркчо, англисче да алып бара алат го интервью, программаларды башка тамашоучуларга караганда
24.02.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Санжар байке жана аялы Наристе да аябай жонокой,ыймандуу, жакшы адамдар. Бешик боонор бек болсун кызынар Фатиманын омуру узун келечеги кен кыздардан болсун! Уй булолук бакыт каалайм!
24.02.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшылап карасан Наристе сулуу деле эмес экен..... просто озун аябай тыкан алып журот экен, макияжы да дайым жакшынакай, вкусу да бар, тыкан жарашыктуу кийинет...Санжарды да тыкан кийинтип... просто эле "ухоженнная" экен
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-24 11:40:49
24.02.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
LadyD, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
24.02.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ibraxim, этика нормаларын сактаңыз!
24.02.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боосу бек болсун!
24.02.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ОЗУ адамдарга эч нерсе жакпайт суйруда жалпакда анан ошол суйру Адам чет олкодон 1-орунду алып келсе баары жактырып калышат)
24.02.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ар кимдин вкусу ар кандай да..ага башыныздарды оорутуп не кыласыздар? Санжар байкеге ийгилик,уй-булосу мн бактылуу болсун!
25.02.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буюрса иним уйлонсо ушу жигитти тамадалыкка чакырбасам.... аябай жакшы алпарат ай.
25.02.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сонун маек болуптур, Санжар иним сага ийгилик каалайм.
Медиа-портал
25.02.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм!Фатиманын ден-сооулугу чын,омуру узун,Кыргыз элинин керегине жараган мыкты кыздардан болсун!Сиздин ишинизге ийгилик!
26.02.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, бактылуу болгула
Медиа-портал
26.02.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nelya88,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтүңүз.
26.02.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
345nazik_jurok, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
27.02.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы жакшырак мактанса болмок
27.02.2015. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булосу менен бактылуу болушсун!
27.02.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кичине адамды котормолоп алга дебестен,буттан тартып ылдый коздой суйрошот


Ишине ийгилик,Кыргызстанда чыгаан уулдарыбыз кобойо берсин!
01.03.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боосу бек болсун!Ылайым омуру, ырыскысы,бак-таалайы менен берген болсун! Кызынын атын эмне учун АЙ жана Гул деген атоодон болбосун дептирго эмне учун каалабады экен
02.03.2015. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А вкусах не спорят ар кимдин оз иши кайдан кулак чыгарса, ийгилик ден соолук!!!
02.03.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
оштук, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 15 күн БАН!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо