БАКТЫЛУУ БОЛОМ ДЕСЕӉИЗ, ЖАШООГО ЫРААЗЫ БОЛУӉУЗ!

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

"Бакытты күтсөм ал эшикти өзү кагып келет" десеӊиз, жаӊылышасыз. Туура, бакыт күткөнгө келет, бирок аз гана убакытка. Бактылуулуктун эрежелеринин бири – жашоого ыраазы болуу. Жашоого ыраазы адам ийгиликтерди багынтат, ал эми ийгиликтүү адам – ал бактылуу адам!

ЫРААЗЫЧЫЛЫК КИМГЕ ЖАНА ЭМНЕГЕ КЕРЕК?
«Жашоого ыраазы болсом эле кантип бактылуу болуп калмак элем?» деп ойлосоӊуз керек. Ойлонуӊуз, ойлонуу да абдан пайдалуу. Эми талдап көрөлү, «эч нерсеге жетишпейм, менин колумдан келбейт» деген ойдон кандай жыйынтык, ал эми «ыраазымын, менде мындай жакшылыктар болду, колумдан келет» деген ойдон кандай жыйынтык чыгат?
Ой-дитиӊизди жашооӊуздагы жагымдуу көз ирмемдерге гана токтотуп, жагымсыз учурларга маани бербегенге көнүӊүз. Жакшыга гана маани берүү жагымсыз учурларды «игнор» кылуу эмес. Башты кумга катып эч ким маселесин чече албайт. Бирок ар бир маселенин чечилчү убак-сааты болот. Нерв кетирбей позитивдүү маанайда чечсеӊиз, жыйынтыгы сизди канааттандырат.
Тартылуу мыйзамында айтылгандай, адам эмнени ойлонсо, эмнеге тартылса ошол ишке ашат. Эгер күнүмдүк убактыӊыздын кайсы бир бөлүгүн ыраазы болууга жумшасаӊыз, сиз ыраазы болгон жакшылыктар кайрадан сизге тартылышат.

ЫРААЗЫ БОЛУУНУН ЫКМАЛАРЫ:
Жашоодон пайда табыӊыз
Ыраазычылык, алкыш айтуу сезими билинбегени менен жашообузда чоӊ роль ойнойт. Мисалы, үй жыйноо, кир жуу, тамак жасоо, мал жайгаруу, суу ташуу, таштанды чыгаруу, машинаны оӊдоо, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө жана башка күнүмдүк жумуштарды моюнунан байланган иттей болуп араӊ жасайбыз. Ошол жумушту акыр аягы өзүӊүз жасай турган болгондон кийин нерв коротпой жасаӊыз. Таза үйдө жашап, таза кийим кийсеӊиз өзүӊүзгө эле пайдасы тиет.
Ар бир кыймылыӊызды көӊүлдөнүп, өзүӊүздү өзүӊүз мактап, ыраазы болуп жасап көрүӊүз, сиздин ишиӊизди мактагандар чыгат. Менин колумдан келет экен деп өзүӊүздү баалоо сапатыӊыз өсөт.

Ыраазычылык күндөлүгү
Күндөлүк ачып, бир күндө кандай жакшы окуялар болгонун, эмнеге ыраазы болгонуӊузду жазып туруӊуз. Ал күндөлүктү ачкан сайын жазылгандарды окуп, жакшы көз ирмемдерге, сиз ыраазы болгон нерселерге кайрылып баргандай сезимге туш болосуз. Күндөлүк сизди айланаӊызга позитивдүү маанай менен кароого, ар бир кубулушка ыраазы болууга үйрөтөт. Күндө жаӊы окуяларды, ар кандай адамдарга болгон ыраазычылыгыӊызды жазгыӊыз келет. Ыраазы болгондордун тизмеси кеӊейет. Бул учурда да тартылуу мыйзамы ишке ашат.

Күндө сейилдеӊиз
Күнүмдүк сейилдөө ыраазычылык күндөлүгү сыяктуу. Күнүгө тынч жерде жана таза абада сейилдегенге аракет кылыӊыз, бул эӊ негизгиси ден соолукту бекемдейт жана көӊүлдү көтөрөт. Ден соолугу бекем, көӊүлү ток адам жашоого ыраазы болбой койбойт.

Тоскоолдуктан коркпоӊуз!
Жашоодогу тоскоолдуктарга да «боор ооруп», алардын бар экенине ыраазы болуу керек. Алар болбосо жашоо кызыксыз, бир сызыкка тизилгендей болуп калбайбы. Жашоо мектеп болсо, маселе мугалимдин кызматын аткарат. Ал бизге ак-караны таанытат, жамандан качууну, жакшыга жабышууну үйрөтөт, чыйралтат. Ал эми мугалимдерге биз дайыма ыраазыбыз!

Ыраазы болгонго себеп жок болсо эмне кылуу керек?
Кээде жашоо-турмуш татаалдай сезилип, ыраазы болгонго эч нерсе таппай сыйпалап калган учурлар кездешет. Андай учур келип калса төмөндөгүлөргө ыраазы болуу ашыкча болбойт:

  • Ден соолугуӊузга, аман-эсен экениӊизге ыраазы болуӊуз.
  • Көзүм бүтүк, бутум кыйшык деп келбетиӊизден кемчилик издебей, алты саныӊыз аман экенине ыраазы болуӊуз.
  • Эркиндигиӊизге ыраазы болуӊуз.
  • Ичип жаткан сууга, тамак-ашка, электр тогуна, жашап жаткан жайыӊызга, жаткан төшөнчү-орунуӊузга, кийип турган кийим-кечеӊизге, телефонго, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенине жана башка...
  • Ушул маалыматты окуп жаткан көзүӊүзгө, кабыл алып жаткан мээӊизге ыраазы болуӊуз.
  • Күн нуруна, караӊгылыкка, жаан-чачынга ыраазы болуӊуз.
  • Унутпаӊыз, дүйнөдө сиз жеткен мүмкүнчүлүккө жетпеген адамдар өтө көп!

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  35 
Комментарийлер(36)
23.02.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаратканга ыраазымын,ар бир аткан танга ыраазымын,кенешиниздерге да ыраазымын.
23.02.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо жашап жатканыма ыраазымын,баарына шугур
23.02.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
23.02.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ыраазымын кудайга менде баары бар атам, бир туугандарым жана уулум, аман эсен жашап жургонубузго, акырындап баарына жетишип келе жатабыз, ар бирибиздин ой тилегибиз оорундалууда!Кундо зртен менен ыраазычылык айтып келем.Кудайга шугур!
23.02.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы рахмат кенештерге..мен да ыраазы болууну чечтим...
23.02.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шугур баарына ыраазымын!
23.02.2015. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СуперИнфо чоон рахмат сонун кенештер экен ыразычылык жаопы жамаатынарга
24.02.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура
24.02.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллага шугур баарына ыраазымын! Эн негизгиси мусулман болгонума, кыргыз болуп торолгонумо ыраазымын! Ооба адам баласы баарык нерсеге канаатанып, жашоого ыраазы болуп жашаса бул эн бактылуу адам.
24.02.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты бул кенештер сиздерге рахмат.
24.02.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканга шүгүр,жашоомо ыраазымын.
Рахмат,Супер инфо,мыкты кеңештер экен.
24.02.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаратканга чынында ыраазы болушубуз керек озубуздогу бар нерселерге
24.02.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмаааат!
24.02.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каттаа рахмаат!!! ушинтип элдин алкышын алып журо бериниздер демекчимин
24.02.2015. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш,мындайча айтканда оптимист болуш керек.Бирок кулуп жайнап бактылуу болуп баары жакшы деп журуп проблема,кайгыларын ичине батырып,бир куну жарылып алгандар бар экен.)
24.02.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koldonup korolu
25.02.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кенеш супер алга!Ушундай кенештерди коп жазсаныздар кыргыз элиме пайдасы чоон тиет. Мен коп жылдан бери ушул ыкма менен жашаймын жакшы ойлоо,кечиримдуулук, ачык маанай менен журом кундо жазыпта турам ийгилике жетуунун эн оной жолу. Рахмат суперге.
25.02.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
битта Катын алвалсак анан ааа %)
26.02.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен.
26.02.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер,мумкунчулугу чектелген,козу азиз,буту кыска,же майып адамдарды коргондо 12 мучомду толук жаратканына аллага шугур дешибиз керек.
26.02.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахка ыраазымын мен Бактылуумун Альхамдулиллах.
26.02.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыраазымын ар бир жашап жаткан мунотко бир коз ирмемге ыраазымын
27.02.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр кылууну билсек бары жакшы болмок
27.02.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда бактылуумун иншшАллах!
28.02.2015. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым мусулман пенде кылып жаратканына ыраазымын.
01.03.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакыш кенеш экен тоба кылыш керек
01.03.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой азамат!
01.03.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо кузгу.сен жашоону кандай карасан ал да сени ошондой карайт деп бекеринен айтылган эмес да.
22.04.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы кенештер экен, мага учурда ушул сыяктуу кенештер аябай зарыл болуп жатты эле.
23.08.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн негизгиси мусулманбыз! Ошон учун Аллахка шугур кылышыбыз керек!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо