Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МОСКВА КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИНИН МИГРАЦИЯЛЫК БОРБОР БОЮНЧА АРЫЗЫН КАРАП ЧЫГАТ

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги 11-февраль күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигине мигранттарга жаңы үлгүдөгү эмгек патенттерин берип жаткан Сахаров айылында жайгашкан Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүнү өтүнгөн нота жиберди.

ТҮРМӨДӨН АЙЫРМАСЫ ЖОК МИГРАНТТАРДЫН БОРБОРУ
Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги тараткан маалыматка ылайык, алар барган күнү эле документтерин тапшыруу үчүн талон алууну күтүп тургандардын саны 3 миңден ашуун болгон. Кезектин айынан чак-челекейге түшкөн мигранттар кысылышканынан тышкары 3-5 сааттап күтүп жатышканын айтышкан. Мамлекеттер аралык миграциялык борбор тарабынан тартипти камсыз кылуу үчүн жалданган «Кельт» коргоо ишканасынын кызматкерлери чет жердик жарандарга өтө орой мамиле жасашып, алардын суранычына одоно жооп беришкенин элчиликтин кызматкерлери көрүшкөн. «Борбордун аймагы тикенектүү зым менен курчалып, кайтаруу иштери иттердин коштоосунда жүргүзүлөрүнө күбө болдук. Мунун баары борборду түрмөдөн айырмасы жоктой кылып, келген мигранттарга моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп жатат»,- деп жазылат элчилик тараткан маалыматта. Сөз болгон миграциялык борбор Москва облусунда жалгыз борбор болуп саналат.

ТАРТИПСИЗДИК ДАЛИЛДЕНСЕ ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕР ЖАЗАЛАНАТ
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жогорудагы маалыматты тараткан соң бул факт боюнча миграциялык борбордо текшерүү иштери жүргүзүлүп баштады. Аталган борбордун башкы директору
Н.Федосеевдин айтымында, коргоо кызматкерлеринин тартипсиздиги далилденсе, анда алар административдик тартипте жазасын алышат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн нота Москвадагы Аймактык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү департаменти тарабынан текшерүүгө алынат. Департаменттин директору Алексей Майоровдун айтымында, Москванын бийлиги элчиликтин миграциялык борборго карата бардык арыздарын талкуулоого даяр.

МАЙ АЙЫНАН ТАРТЫП ПАТЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ҮЧҮН ЖОЮЛАТ
2015-жылдын 1-январынан тартып Орусиядагы чет жердик жарандардын укуктук абалы тууралуу мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Орусиянын аймагында патенттер 1 айдан 3 айга чейинки мөөнөт менен берилет. Патенттин салыгы быйылкы жылы 4 миң рублга чейин көтөрүлгөн. 2014-жылы алынган патенттер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу. Аларды узартууга болбойт, жаңы үлгүсүн гана алууга туура келет. Кыргызстан быйылкы жылдын 9-майынан кийин Бажы биримдигинин базасында түзүлгөн Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу кирет. Андан соң Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын статусу өзгөрүп, алар патенти жок эле жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин чет өлкөдөн келген жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Бакенов тастыктады. Учурда Орусияда чет жердик жарандар 7 күндүн ичинде миграциялык каттоодон өтүшү зарыл болсо, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин бул мөөнөт 30 күнгө чейин узартылат.
Ал эми «кара тизме» боюнча Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы Кыргызстандын 2300 жараны чыгарганын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди. Буга чейин 2014-жылы сентябрь айында 1036 кыргызстандык "кара тизмеден" чыккан. Министрликтин маалыматы боюнча, КМШ мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн ичинен бир гана Кыргызстан өз жарандарын Федералдык миграциялык кызматынын "кара тизмесинен" чыгарууга аракет кылып жатат.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(9)
23.02.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шугур патенттин тагдыры чечилди,майдан кийин женил болот экен.Рахмат сиздерге чон чон...журокту ойуп атты эле озу алган айлыгыбыз 20–мин рубль болсо айына 4–мин патентке,5–мин кварплатка толосок жеген ичкенге алып калсак КР га эч канча жоното албайт экенбиз курс да ылдый болуп
23.02.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жанылык экен
23.02.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
майда келет коробуз ошондо эмне болгонун.
24.02.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kazemir, тамашага орун жок! Эскертүү!
26.02.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жакшы жанылык кудайдын кулагы суйунсун
27.02.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер азыркы учурда россия аймагына барсак патент жасаганга туура келетпи же 3 айлык каттоо менен журо берсек болобу. Бажы союзуна киргенге чейин. Билгендер айтып койгулачы. Супер инфо тактап бере аласыздарбы
27.02.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mir83, жазылып турат го жогоруда Кыргызстандыктар майдан кийин патенти жок ишке киресинер деп.только регистрация менен журобуз.азыр ишке аша элек бирок.
03.03.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр текшеруу каттуу болуп полиция кызматкерлери кыргызча эле беш бер же эки бер деп соодалашып акча ондуруп жатат.Эски патентти улантса кандай гана жакшы болмок.ээ
23.07.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара тизмеден кимдер чыкканын каерден билсек болот мен озумду текшерсем таза чыгып атам эки уч ай мурун мени москвадан кайтарган эле балким мени да кара тизмеден чыгаргандыр кимдер чыкканын каерден билсе болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо