Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АБДЫЛДАНЫН КОНЦЕРТИНДЕ АЯЛДАР ЭМНЕГЕ ЫЗЫЛДАШТЫ?

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

Аталышы – «Нананей»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күнү – 17-февраль
Башталышы – 19:05 (5 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Билет баасы – 300-500 сом

Тобо, Спорт Ордосунда өткөн концерттердин ичинен араң эле беш мүнөт кечигип башталган 1-концертти көрдүм. Чү дегенде эле Борончу Кудайбергенов чыгып элге ыр десте сунуп, колуна алып баруучулук чылбырды кармады. Бул куудул Тынар Курбаналиевсиз баспайт эмеспи, экөөлөп адаттагыдай түндүк, түштүк юморлорун залга ыргытып киришти. Бул жерде Борончунун маанайы көтөрүлүп калды көрүнөт. Анткени концерттен калбаган мен Борончунун ушул маселеге келгенде эле Тынардан утулуп кала бергенин байкачумун. Тынар «менин туугандарым, оштуктар, барсыңарбы?» десе, зал жарыла кол чаап, «нарындыктар, кол чапкыла!» дегенде ар кайсы жерден 4-5 адамдын алаканы эле чабылчу. Анан кичинекей Борончу ого бетер кичирейип... Бул жолкусунда нарындыктар шатырата алакан чаап, Бокеге эргүү беришти. Борончу: «кызыксыңар, филармонияда 200 ырчы катышкан «Сармерден» болуп жатса, тээтиги чокусуна чейин чыгып бул жерде отурасыңар» деди эле, Тынар «биз деле азыр көрүнүп коюп кетебиз» деп адыраңдады. Чын эле экөө ошону менен жок болду. Көрсө, башкаруучу тизгин Абдылданын өзүндө экен. Ал сахнанын дал ортосунда коюлган столго жайгашты да, концерт бүткүчө ошол жерди байырлады.
Саясаттын күнгөй-тескейи, болуп өткөн окуялар туурасында бир топ жакшы сатираларды ойногон куудулга кол чабуулар сурантпай жаап жатты. Ал ортодо 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө алыстан туугандары келип, батир таппай кыйналганын да айтып кейиди. «Мейманканалардын баарына сүйүшкөндөр жайгашып алыптыр. Шаар го шаар, айылдагылар кыйналбадыбы же ал жакта мейманкана болбосо. Бул майрамды жайкыга жылдыруу керек, болбосо күн суукта тоңуп калышпайбы. Бул маселени депутаттарга берсек бат эле талкуулап берет эле» деп элдин боорун эзди.
Куттуктап чапан, калпак көтөрүп келгендер да болду. Токтогулдан чыккан таланттардан түзүлгөн «Тогуз кайрык» тобундагы шеринелештери келип, куудулга куюлушкан саптарын, каалоо-тилектерин жаадырышты.
Негизи концерт Абдылда Иманкуловдун сатира-юмор театрынын алгачкы концерти дегендей эле болду. Куудулдун жанындагы жигиттер калың журтка таанымал эмес, тамашакөйлөрдөн экен. Өнөктөштөрүнүн тажрыйбасы азыраак болгондонбу же даярдык катуу болбой калгангабы, айтор, бул жолу Абдылданын мурунку сатира-юморлоруна жетпей калды өңдүү. Эмнегедир өзү да сахнада өтө ишенимдүү турбагандай сезилди. Баса, күлкүгө суусап келген элге шаңдуу ырлар керек экени да эстен чыгыптыр. Театрдын курамын түзгөн жаштар аккордеон менен Асанкалый Керимбаевдин ырларын созуп элдин алдын ыйлатып, артын уктатып салышты.
Эл көп артист катышкан ашар концертке көнүп алышканын куудул билет да, «меникинде эч ким деле катышпайт» деп элге «намёк» кылгандагысыбы, «жакында эле орустардын «Новые русские бабки» дуэти келип кетишти. Билет баасы 1500 сомдон өйдө экен. Эки киши эле бир жарым саат сүйлөдү» деп божурап жатты. Муну түшүнгөндөр «жеке концерт деген ошо да» десе, түшүнбөгөндөр «кана, белгилүү ырчылар? Өзү эле кечке сүйлөй береби?» деп нааразы болору бышык. Куудул аз жерден ырчы болуп кете жаздады. Ошентип, тамашасынан өзү аткарган ыры көп болгон куудулдун концерти 21:40та аяктады. Мен эле тойбой калдымбы десем көпчүлүк деле ошондой болуптур. Залга жык-жыйма эл бир убакта туруп сыртка жөнөгөндө укмуш тыгын болот экен. Эми ошондогу аялдардын албууттанганын сурабаңыз. Билетте «бул чоң концерт, Абдылда алдабайт» деп жазылган үчүнбү, «Абдылда алдап кетти! 1-2 ырчыны ырдатса болмок. 400-500 сом талаада жатыптырбы?! Барып сурап келем»,- деп нааразы болгондор да четтен чыкты.

Толик сынчы


Абдылда концертинде кошок айтып, экс-президенттерди жоктоду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
20.02.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдылда байке ишинизге ийгилик уй булоолук бакыт каалайм ар дайым элдин суймончулугу болуп журо бериниз,талантынызга таазим,аябай берилип аткарасыз,мен ойлойм эгер сизге бийликтен берген наам,жана байлык керек болсо эч качан чондорду ачык айтпайт болчусуз сизге элдин кубанып кулгону керек экени биринчи оорунда,дагы бир жолу талантынызга таазим кылам
SUPER.KG видео
20.02.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур .
SUPER.KG видео
20.02.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы Медиа-порталдын жетекчилиги!эмнеге дайыма жакынкы арада кинозал болумунон короаласыздар деп койуп жуктобойсунор?Коп концерттер жуктолбой эле калдыго.Сураныч жуктоп койунуздар)
SUPER.KG видео
20.02.2015. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык соонун болду,бирок билеттер 500эмес 700дон болгон Абдылда байке билбей калыптыр кошуп саткандарды.
SUPER.KG видео
20.02.2015. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы талант ушул инсанда.
SUPER.KG видео
20.02.2015. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апееей бул жаман кылат еей.Абдыке кичине эки жакты карап суйлонуз.эч эле коркпой асылас чондорго,алар жамаан а сиз бизге керек адамсыз.жыргап кана кулдум ээх.бар болунуз
SUPER.KG видео
20.02.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы концерт болуптур ийгилик дагы да жаңы сатираларды жарата бериңиз
SUPER.KG видео
20.02.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп ичерлер корсо дагы сайылышат еми
SUPER.KG видео
20.02.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сос жок
SUPER.KG видео
20.02.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошогунан башкасы жакшы
SUPER.KG видео
20.02.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talanty orkundoi bersin chygarmachylyk iigilik
SUPER.KG видео
21.02.2015. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо сиздерден суранабыз,башкасынанда ушул абдылда байкенин концертин жуктоп койгулачы,рубльдын да курсу тушуп алыс жакта аран жургонубуздо коруп бир жыргап алалык
SUPER.KG видео
21.02.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамашоунун 12 февральдагы концертин жуктоп коюнузларчы сураныч
SUPER.KG видео
21.02.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maksat94,
1. Эскертүү! Далили жок билдирүү жазуудан алыс болуңуз! Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!
2. Мүмкүнчүлүк болгон сайын жүктөп турганга аракет кылабыз.
Модератор admin_media түзөттү 2015-02-21 18:21:36
SUPER.KG видео
22.02.2015. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутат болсо...Абдылда байкебиз деле кыйратмак емес...Ибрагим Жунусуов агабыз деле башында ушунтип атып болгон азыр журотко бир бурчта кысылып...билбемишке салып..
Модератор sobr_89kG түзөттү 2015-02-22 07:24:06
23.02.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык эле, концертти көргөндөн кийин акчаны сурайм деп.
23.02.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээй адамдар эч ыраазы болбойбузго чиркин)))))))))))
23.02.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Titi, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
23.02.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a, талкуудан алыстабаңыз!
23.02.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык элле акчасына куйуп не кылат менда болдум ал концерте аябай эле сонун отту
24.02.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хе хе Толик сынчы зор сындайт да ийгилик.
24.02.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biikech0, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
24.02.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран Токе АЗАМАТСЫН!!! Сенин сынынан кийин ошол концертке мен озум барып коруп келгендей болом. Калыстыгынан тайба.
24.02.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда Иманкулов өзү чыныгы талант да. Азаматсыз,ийгилик сизге! Концертин эртераак жүктөгүлөчү.
24.02.2015. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,менин ушул сиз анан Рахман Разыков экоонуздор аткара турган жакшы интермедиям бар эле. Ошону сизге сунуштап короюн деп,бирок сиз кантип байланышаарымды билбей калдым. Бул учун Супер Инфо жардам береер деген умуттомун.
25.02.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolik, мен бул концертке бардым. билетте башталышы саат 18.30 башталат деп жазылган сиз байкабай калдыныз окшойт. концерт кечигип башталды. бирок мага жакты, аябай эс алдым
25.02.2015. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кобунчо концерттер эптеп эле акча табуу максаты кылып уят сыйты кеткен создор менен коштолчу болуп калды, же кулдургонго башка соз жокпу билбейм.Жаны жылдык мыскыл жана тамаша болот деп чыдамсыздык менен кутуп жаттык.Башталганда корсон журогунду айландырат, ошентип эл алдына чыккандан уялышпайбы.Озгочо Кубик Калыковдун номери коргондон киши уялат, озу кантип уялбай чыкты билбейм
25.02.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толик сынчы адинен ашты го
25.02.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Супер концерт 2015 качан жуктойсунор батыраак жуктонуздорчу суранам
25.02.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bili, саламатсызбы!
Жакынкы күндөрү жүктөөгө аракет кылабыз.
26.02.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
godogo4un, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
25.03.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтогулдун торгойлоруу чыныгы кыргыздын кыйн созмор тайманбаган куудул агабыз алга
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо