КАДРДАГЫ ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

Кинонун саны көбөйгөн сайын кыргыз киносу жаңы жүздөр менен толукталып келет. Анда сиздерди кинодогу ролу менен эсте калып, кино ааламына жаңы кадам таштаган актёрлор менен тааныштырабыз.

Нурак Өмүрбеков: «КЕКЕЧТИН РОЛУ АКТЁРЛУК ТУШООМДУ КЕСТИ»

Толук аты-жөнү – Өмүрбеков Нурак Рысбекович
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 4-апрель
Туулган жери – Тоң району, Бөкөнбаев айылы
Билими – Кыргыз улуттук консерваториясынын эстрада бөлүмүнүн 1-курсунда окуйт.
Бош убактысында ырдайт, гитарада, комузда, саксофондо ойнойт.
Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

– Куш келипсиң, Нурак! Сени «Кекеч» тасмасынын трейлеринен көрүп талантыңа аябай кызыктым. Аталган тасмага кантип тартылып калдың эле?
– Саламатсыздарбы? Кинодо кекечтенип сүйлөгөн баланын ролун жараттым. Кекечтин ролу менин актёрлук тушоомду кести десем болот. Тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров өзү кичинесинде кекечтенип сүйлөчү экен. Ошондуктан аталган тасма автобиографиялык болуп эсептелет.
Өзүм чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгом. Атам Рысбек Жунушов «Өмүр» тобунун солисти, сол колу менен комуз чертет. Эрнест байке тасмага актёр издеп жатканын мага агам Нурлан Жунушов айтып, кастингге барып көрүүнү чечтик. Жыйынтыгында ролго мен тандалдым. Эрнест Абдыжапаровдун атайын актёрлорду окутуучу мастер-классын бүтүрдүм. Агай мага ошол жерден кекечтенип сүйлөөнүн ыкмаларын үйрөттү. Аны өздөштүрүү деле өзүнчө искусство экен.
– Келбетиң да башкача экен, балким, ушул үчүн да ролго алышкандыр?
– Мүмкүн (күлүп). Фильмде менин агамдын ролун тамашоучу Жаныш Майрамбек уулу аткарат, анын да чачы тармал. Негизи, Эрнест агайдын кичинесинде чачы тармал болгон экен. Өзүнүн балалык кезиндегисине окшош менден бир нерсе таап, ошон үчүн ролго алды болуш керек. Анан да музыканы түшүнгөн, кыял-жоругун, сезимдерин музыка аркылуу бере алган адамды издешкен. Анткени кекеч ички туюмун сүйлөп түшүндүрүп бере албайт да.
– Ошондо сүйүүңдү да музыка аркылуу билдиресиңби?
– Ооба, сүйүктүүмдүн ролун Рахат Божокоева аткарат. Кызыгы, кинодо Рахат экөөбүздүн бир да диалогубуз жок, такыр сүйлөшпөйбүз. Мен сезимдеримди саксофондун жардамы менен түшүндүрөм. Эшигинин алдына барып ырдаган жерлерим бар. Адатта кинону көрүп чыкканда «кайсы жеринен туура эмес аткардым?» деп кемчилик издей беришет го. Менде андай болбоду, кино өзүмө аябай жакты.

Айсанат Эдигеева: «КӨРГҮМ КЕЛЕТ» ТАСМАСЫНА ТАРТЫЛАМ ДЕП 3 КҮН ЫЙЛАГАМ»

Толук аты-жөнү – Айсанат Эдигеева
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 28-июль
Туулган жери – Ысык-Ата району, Туз айылы
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинде 3-курста окуйт.
Бош убактысында бийлегенди жакшы көрөт.
Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

– Салам, Айсанат! «Көргүм келет» тасмасында бузулган кыздын ролун аткарат эмессиңби, башында «эл кандай кабыл алат?» деген кооптонуулар болдубу?
– Негизи, актриса роль ылгабашы керек. «Мындай роль ойнойм, муну ойной албайм» деп тандаса, жашоо чындыгын чагылдырган ролду ким аткарат? Үйдөгүлөргө «сойку болуп иштеген кыздын ролун аткарам» деп айтканымда ата-энем бул жакта эле калып, эки байкем «тартылбайсың» деп каршы чыгышты. Мен «тартылам» деп 3 күн ыйлап, көгөрүп жатып ата-энемдин макулдугун алгам. Кино бүткөндө элдин пикиринен эмес, ошол эки байкемден корктум. Фильмдин бет ачарында ата-энемди, тааныштарымды чакырып, экөөнү атайын чакырбай койгом (күлүп).
– Анан аткарган каарманыңдын дарегине кандай сындарды уктуң?
– Ата-энеме жакты окшойт. Тааныштарымдан «ушундай ролду аткарбай эле койсо болмок» деп артымдан сүйлөгөндөрүн угуп калдым. Бирок эл азыр «кинодо ушундай роль аткарды, демек, жашоодо да ошондой болуш керек» деген аң-сезимден өтүп калды го деп эсептейм. Кээде маршруттук таксиден таанып калышса, «номериңди берчи» деп үйгө чейин ээрчип алгандар болот. Жакпаганы кайра эле ушуга окшош ролду сунуштай бергендери кыжырды келтирет. Ошолорго жиним келип номеримди да өзгөртүп салгам.
– Кайсы эпизодду аткарууда кыйналдың?
– Айжандын ваннага суу толтуруп алып ичинде отурган жери бар эмеспи. Ошондо шорта кийип эле отурган болчумун, бирок экрандан жылаңач отургандай көрүнөт, ошол эпизоддон аябай уялдым. Анан мени актёр Камчы Сарыбаевге саткан эпизод бар. «Кызбы?» деп сураса, «ооба кыз, кепилдиги бар» дейт го, ошондо калчылдап отурсам Камчы байке «ии, мен кимди эметем?» десе көзүмө жаш толуп ыйлагым келип кеткен.

Айбек Көкеев: «ӨЗ АТЫМ ӨЧҮП АКБАЛБАН БОЛУП КАЛДЫМ»

Толук аты-жөнү – Айбек Көкеев
Туулган жылы, күнү – 1997-жыл, 1-апрель
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз эл аралык университетинин колледжинде 1-курста окуйт.
Бош убактысында компьютер ойнойт.
Үй-бүлөдө жалгыз уул.

– Кандайсың, Айбек? «Курманжан датка» тасмасында Акбалбандын кичинекей кезин ойнойсуң, кинодо кичинекейдей эле көрүнөсүң, бирок жашың 17де экен...
– Кандайсыздар? Мага тескерисинче «кинодо чоң баладай көрүнөсүң, бирок өзүң кичинекей экенсиң» деп көп айтышат. «Курманжан даткага» тартылып жатканда 15 жашта болчумун. Мен борбордогу №1-гимназияда окучумун, ошол гимназиянын жанында эле «Айтыш фильм» киностудиясынын имараты жайгашкан. Киночулар биздин гимназияга келип, балдарды киного тартууга тандап кетишчү. 2012-жылдын жазында Орусиядан актёрлор келип, дипломдук иш үчүн кыска метраждуу «Чайка» деген тасма тартышкан. Мен алгачкы жолу ошол бүтүрүүчүлөрдүн тасмасында роль жараткам. Акбалбандын ролуна мени ошол орус актёрлор сунушташыптыр.
– Өзүң шаарда өсүп-чоңойсоң, жаа атканды билчү белең?
– Кичинемде жаа атып эле ойноп жүрчүмүн, бирок кинодогу жаалар оор экен, күч керек болуп араң тартып атып жаттым. Анан атка да биринчи жолу миндим. Съёмкага чейин атайын ипподромго барып ат мингизип мени машыктырышты, ошондо тиземдин баары сыйрылган.
Тартуу иштерине баш-аягы 16 күндөй катыштым, анын 4 күнү Алайда тартылды. Мага съёмка учурунда Садык агай көп жардам берди. Курманжанды биринчи күйөөгө берип жатканда Акбалбан ыйлап эжесине бычак берет эмеспи, ошол эпизоддо ыйлай албай кыйналгам. Ошондо Садык агай намысыма тийген сөздөрдү айтып жатып ыйлаткан.
– Ата-энең кинону көрүп сыймыктаныштыбы?
– Үйдө чыгармачылыкка жакын адамдар жок. Ата-энем, туугандарым кинону көрүп көзүнө жаш алышыптыр. Менин атым азыр тууган-туушкандар арасында популярдуу. Өз атым унутулуп, балбанга окшошпосом деле Акбалбан болуп калгам.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Кыргыз тасмасындагы жаңы жүздөр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(17)
23.02.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коргум келет тасмасына тартылган кызды тасмада коргондо 95-жылкы деп ойлогон эмесмин тасмада аябай чон корунуп калган .
SUPER.KG видео
23.02.2015. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты ушул кыз Айсанат
24.02.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акбалбан да сонун аткарып койгон. Ьаары тен озунчо таланттуу. Айсанат дегенге баа бердим. Байкелери таарынбаптырбы)?
24.02.2015. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat azamatsyn!!! Iygilik!!!!
SUPER.KG видео
24.02.2015. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat umnichka!!!!
SUPER.KG видео
24.02.2015. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек ролун мыкты ойногон Азаматсын!!!Абдан жылдыздуу бала экен!!!Башка тасмалардан да кутобуз...
SUPER.KG видео
24.02.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жаштарга
SUPER.KG видео
24.02.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарга ийгилик каалайбыз.
24.02.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсанат жонундо билгим келип журдум эле мага жакты бул кыз аябай жеткиликтуу аткарган кинодо озуда жагымдуу мандайы жарык кыз, Коргум келет киносун кечке кайталап коро берем эч жадабайм кинонун маанисинен да актер балдар айрыкча Кайрат жана Айжанды коргум келе берет. ИЙгилик сага дагы жакшы кинолордон кутом.
SUPER.KG видео
24.02.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы аябай жаш балдар экен
SUPER.KG видео
24.02.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсанат аябай шайыр кыз экен азаматсын эн соонун аткарган сенден дагы жакшы чыгармаларды кутобуз
25.02.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мени менен эле тен немелер го..озумду кичинекей сезип журсо:):);) Айсанат кинодо улуу корунуп калган
SUPER.KG видео
25.02.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизкизи баары таланттуу экен ийгилик
Медиа-портал
25.02.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсанат улуу корунот экен,Баарынарга ийгилик!
25.02.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акбалбан мыкты аткарган жеткиликтуу дагы окууларына ийгилик дагы кооп коп тасмалардын жузун ачып ийгиликтерге жетишип журо бер.
27.02.2015. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акбалмандын ролун сонун аткарган
Медиа-портал
02.03.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ушул "жаны жуздор" аталышындагы макланарга чыккым келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо