Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫРК ЧОРО» БААТЫРДЫКПЫ ЖЕ ӨЗ БИЛЕМДИКПИ?

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

«Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин "Кырк чоро" кошууну өткөн жылдын декабрь айында «Таатан» соода борборунун жанындагы караоке-барды текшерүүгө алышты. Аталган текшерүү тартылган видео интернет айдыңына таркатылып, ал жерде кыргыз кыздар кытайлык жарандарга интимдик кызмат көрсөтүшөрүн бирикменин мүчөлөрү айтып чыгышкан. Мындан улам "чоролорду" сындагандар да, колдогондор да чыкты.
Бул бирикменин максаты эмне? Алардын жасап жаткан иштери мыйзамдуубу? Жасаган иштери пайдалуубу же тескерисинче зыян алып келеби? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

«Кыргыз чоролорунун» "эрдиктери":

2013-жылдын май айында Чүй облусунун Гроздь айылындагы кытай жарандары иштеткен кыш заводун текшеришкен. Ошол эле жылдын июнь-август айларында Чүй облусундагы бир нече кыш чыгаруучу кытай жарандарынын заводдорун да текшерүүгө алышкан.
2014-жылдын февраль айында Кара-Балтадагы «Жунда» нефть кайра иштетип чыгаруу заводунун иштешине каршы акцияга катышышкан.
2014-жылдын март айында коомдук бирикменин мүчөлөрү Кемин районундагы кытайлык ТВЕА компаниясында иштеген кытай жарандарын текшеришкен;
2014-жылдын май айында «чоролор» Токмоктогу нефть кайра иштетип чыгаруучу заводду да текшерүүгө алышкан;
2014-жылдын декабрь айында «Таатан» соода борборунун жанындагы кытайлык жарандар эс алуучу караоке-клубга кирип барышкан;
2015-жылдын 23-январында «Кыргыз чоролору» «Люкс» жана «ХО» караоке-барына кирип, жашыруун сойкуканалар бар же жогун аныктоо үчүн текшерүү иштерин жүргүзүшкөн

Замирбек Көчөрбаев, «Кыргыз чоролору» бирикмесинин мүчөсү: «БИЗДИ ПАРТИЯСЫНА ЧАКЫРГАНДАР ДА БАР»
– Бирикме 2010-жылы 8-августта «Ала-Тоодон Алтайга Манас баскан жол менен» деген жүрүшкө барган жигиттер кайтып келгенден кийин түзүлгөн. Мыйзамсыздыкты жоюу, коррупция менен күрөшүү жана улуттун коопсуздугунун алдын алуу максатын коюп келебиз. Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу жүрүшүн камсыздоо боюнча иш алып барып жатабыз (ред. Алар кандай негизде чет өлкөлүктөрдүн жүрүшүн текшерүүгө алып жатышканын тактап айтып бере алышпайт. Укук коргоо органдары менен түзүлгөн меморандумга таянышууда. Бирок бул документ текшерүү жүргүзүүгө укук бербейт). Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы миграция башкармалыгы, Баш прокуратура жана УКМК менен түзүлгөн меморандум бар. Анда «Кыргыз чоролору» мыйзам чегинде иш алып бара алат деп жазылып турат.
2014-жылы декабрда «Таатан» соода борборунун жанында жашаган тургундардан "мамлекеттик органдарга кайрылсак да ушу сойкукананы жаппай коюшту" деген кайрылуу түшкөн. Биз ал жакта мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар бар-жоктугун тактайлы дегенбиз. Иликтөөдө кытайлык гана жарандар кирип көңүл ачарын, аларды кээ бир мамлекеттик кызматкерлер калкалап жүргөндүгүн биле алдык.
Бизге кылмыш иши козголду деген маалыматтарга келсек, алар жалган. Биздин эч бир мүчөбүзгө иш козголгон жок.
Бүгүнкү күндө бизди партияларына чакыргандар да жок эмес. Бирок бирөөнүн акчасын албай, өзүбүз алга жылабыз деген ойлорубуз бар.

МЕМОРАНДУМ ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРБЕЙТ
Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башкы адиси Эмир Зулпуев: «Чынында эле "Кыргыз чоролору" коомдук бирикме катары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүптүр. Башкача айтканда, коомдук бирикмеге тиешелүү документтерди берген соң каттоого алынган. Коомдук уюмдун иш-аракети уставына жараша болот. Мыйзам чегиндеги устав болсо ал каттоого алынат. Бирок коомдук бирикме мыйзам бузууларга барса аны тиешелүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алат»,- деп билдирди.
Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы «Аталган бирикме менен коррупцияга каршы аракет көрүү боюнча меморандум бекитилген. Документ текшерүү жүргүзүүгө эч кандай уруксат бербейт. Андыктан "Кыргыз чоролору" уюмунун эс алуучу жайларды текшерүүгө алгандыгы ошол меморандумга ылайык келбейт жана УКМКга тиешеси жок",- деп билдирген.
Буга катар эле Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Санжар Абжалов: «Негизинен Баш прокуратура менен «Апрель байрагы» коомдук бирикмесинин ортосунда меморандум түзүлгөн. Ал эми «Апрель байрагы» бирикмесинин ичинде ар кандай 19 кыймыл, уюмдар анын ичинде «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси бар экен. Ошондон улам меморандум бар деп жатышса керек. Бирок ал меморандумда аларга текшерүү укугу берилген эмес»,- деди. Ал эми Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын кызматкери Олжобай Казабаев аталган коомдук бирикменин көңүл ачуучу жайларды мыйзамсыз текшерүү фактысына байланыштуу «өзүм билемдик,» жана «тоноо» беренелери боюнча иш козголгонун маалымдады.

Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин депутаты: «ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРГӨ КЫРГЫЗСТАН ТАИЛАНД БОЛУП КӨРҮНБӨШҮ КЕРЕК»
– Аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт! Энесин, кызын коргой албаган эркек жигит эмес! Биз намыстуу, жеке абийирди болобу же улуттук абийирди болобу эң жогору койгон элбиз. Ошол үчүн улутун шерменде кылып жаткан эркеги болобу, аялы болобу аларга кайдигер болбоо керек. Эгерде кайдигер болсоң, анда сен маңкуртсуң! Чоролор маңкурт жана кайдигер эмес!
Экономикалык же саясий реформаларга караганда эң керектүү, эң татаал реформа – бул руханий чөйрөдөгү адеп-ахлактын чөйрөсү. Улутту сактоодо намыскөй жигит ар кандай ишке барышы мүмкүн.
Ооба, чоролордун иш-аракеттери мыйзамга туура келбестир, бирок бийликтин шалаакылыгы, укук коргоо органдарынын кош көңүлдүгү жана элибиздин ыйманы төмөндөгөнү аларды ушундай "санитардык" иштерге түртүүдө...
Мисалы, Бириккен Араб Эмиратына, Сауд Арабиясына, Иранга, Малайзияга жана башка мусулман өлкөлөргө чет өлкөлүктөр барышса алар сөзсүз ошол мамлекеттин мыйзамдарын сыйлайт жана жергиликтүү калктын үрп-адаттарын урматтайт. Чет өлкөлүктөр жүрсө таза жүрүшсүн. Кыргызстан алар үчүн экинчи Таиланд болуп көрүнүш керек эмес!

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «БУЛ ЭМНЕ ЖАПАЙЫ МАМЛЕКЕТПИ?!»
– Менимче, бул аша чапкандык. Бирөөнүн аймагына кирип барып тебелегени – өзүм билемдик. Алар өздөрү кандай гана асыл, тунук тилектерди ойлобосун Кыргызстандын өзүнүн мыйзамдары, атайын укук коргоо органдары бар. «Кыргыз чоролору» күчүн мамлекетке көрсөтсүн, пикет өткөрүшөбү, митинг кылышабы... Ал иштерге аябай тунук максатта барса да эртең дагы башка бир 20-30 адам үйлөрүбүзгө кирип келип текшере баштаса эмне кылабыз? Бардык түшүнгөн адамдар, мыйзамды сыйлагандар кооптуу иштер орун алып жатканын сезип жатышат. «Кыргыз чоролору» ошончо эле кыйын болсо ошондой жайларда отурган депутаттарды, генералдарды, прокурорлорду эмнеге кармашпайт?! Эмнеге күчүн чет элдиктерге көрсөтүшөт? Бул одоно көрүнүш. Эгер Кыргызстанда тартип орноп, бардыгы идеалдуу болуп туруп, анан чет өлкөлүктөр эле чардап жатса анда бир жөнү болмок. Каршы чыксаң тартип бузган кыйындарга, министр, депутаттарга каршы чык. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Канткен күндө да чет элдиктер биздин конок. Алар тартип бузса укук коргоо органдары чара көрсүн. Анан топтошуп алып коркута бергидей бул эмне, жапайы мамлекетпи?!

"Кырк Чоро" кошуунунун караоке-барларга барган "рейддеринин" биринде

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(85)
25.02.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы кырк чоро. Буларды колдош керек! КЫРК ЧОРО АЛГА!!!
25.02.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 чоро азаматтар
25.02.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кырк чоролор ар бир мамлекетте бар.молодцы мен колдойм.аз да болсо олкобузду коргошот ыпластыктан тазалашат.мучо болсок кабыл кылышаар бекен ким билет айткылачыыыыы.
25.02.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жубайынын чачын кесип салышкандыгын намыс билип, Камчыбек улуу Орус державасына каршы чыккан. Кыргыздын кыздарын алып кетип жатканда Тайлак баатыр аз колу менен душманды кырган. "Демократия", "оз билемдик" системасына баш байлагандан бери ким жакшылык корду? "Биз укуктук мамлекетпиз"- дегендерге айтаарым, укук коргоо органдарыбыз оздору баш болуп кыздарыбызды жаман жолго туртуп жатса, биз ошол мамлекетке кантип озубузду ишенип тапшырмак элек?? Кыздарын коргогон эркектер менен сыймыктанам!
25.02.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздарыбыздын денесин сатып кун коргондугу, анын устуно уялбай "менин жашоом" дегендиги, мугалимдердин улгу болуу ордуна пара алып, жаман нерсени уйроткондугу, врачтарыбыздын туура эмес диагноз коюп, адамдардын олумуно себеп болгондугу, милициялардын сутенерлорду коргоп, аларга колдоо корсоткондугу, сотторубуздун акчага сатылгандыгы "демократия" деп аталса, мен демократиялуу олкодо жашабай эле койдум. Андыктан "Кырк чоро" кошуунун чын журоктон колдойм.
25.02.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турсунбай Бакир уулун на Эдил Байсаловдун ким экенин элдин баары жакшы билет. Бийликье олтуруп суйлой бересинер бирок колунардан эч нерсе келбейт колунан келгендерди коро албай сындырасынар. Эгер акылынар болсо кайра бийлике кайтып келбей жаштарга ордунарды бошотуп берет эленер ушул сыяктуу интервью бергендерди уксам ого бетер ачуум келет
25.02.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байсалов шайлоо бюллетенин интернетке жарыя кылган жапайычылыгын унутуп калганбы? Чоролорду мен да чын журоктон колдойм азаматсынар. Негизгиси силердин атынарга жамынып, силерди жаманатты кылчы бузуку топтордон сак болгула. Турсунбай суйлобой эле койсо ушу киши.
26.02.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Japaiychylyk!!! Ushunchalyk ele jakshylyk kylgylary kelip atsa ech kimge korgozboston,maktanbastan ,dalildebey turup ele tynch jol m-n birinchiden jawoodon adashkan kyzdardy anday tozokton kutkaryp,alardy daryloo jolu m-n psihologiyasyn ondop, tuura bagyt berip, jumushsuzduk m-n kamsyz kylyp berishse, oshondo gana chynygy kylgan ishteri bilinmek...
26.02.2015. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne uchun ozubuzdun uyubuzdo ozubuz kvartirant bolup jashashybyz kerek? Emne uchun bizdin ken baylyktardy bashkalar ishtetip,bashkalar koldonush kerek(alar kireshenin 100% berip atsa da)Emne uchun ozubuzdun jeribizge, elibizge ken baylyk, tabiyatybyzga,KYZDARYBYZGA ele emes ERKEKTERIBIZGE da ee bolo albay jatabyz???!!!! Oylonolu tuugandar, bashkalardy kunoolordon,bashkalarga shyltoolordon murun ozubuzgo joop bereli koom aldynda mildetteribizdi bileli.............
26.02.2015. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдойм 100%
26.02.2015. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдойм
26.02.2015. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырк чорону колдойм. Кайда журсон ошол жердин ырын ырда дегендей чет элдиктер кыргыздын кыздарын иштетуго кандай укугу бар? Куч органдары 40 чоронун эмес кытайлыктардын укугун коргойт го. Биринчи кыргыз кыздарынын жана 40 чоронун укугун коргобойбу же кытайлыктарда долядабы?
26.02.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өмүр бою эле ушундай топ түзүлсө деп ниеттенчү элем. Жапайычылык катары баалагандай чоролор өздөрүнөн айырмаланган адамдарды өлтүрүп же башка кылган жок, ушул убакка чейин чоролордон физически жапа чеккен киши жок билишимче. Алар видеого тартып цивилизованно эле текшерип "бийликке" жана коомго көрсөтүп жүрүшөт. Мен чоролорду кош колдоп колдойм!
26.02.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдойм мен да кошулушум керек. озубуз тартипке салбасак азыркылар оздорун ойлошкондон башканы билбейтко
26.02.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кырк чорону 80%колдоймун эгер ошо
чет элдик адамдарга мумкунчулук берген
чиновниктерди да элге жарыя кылган болсонор
корсотсонор толук маалмат берип анда
100% колдомокмун бир аз чала ишинер бар
26.02.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аялдарды андыбай ешек сойгондорду карашса болмок

27.02.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖКке караганда пайдалуу иштерди жасап жатышат. Мисалы ЖК тегилер креслого чалкалап отуруп алышып ар кайсынын башын баштап суйлошот да жыйынтык иши жок. Ушундай намыской жигиттер кобойо берсе экен. Жогоруда кылган иштеринен башка коомчулукка, элге пайдалуу майда барат иштерди канча жасашууда. Ишиниздерге ийгилик!
27.02.2015. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар. Кыргыз эли деп куйуп иштеп жатканы билинип турат. Башка улуттун адамдары кыргыздын кыздарын кордоп жатса кайсы эркек карап турат,? же
кыргыз эмес же манкурт адам карап турат. Кыргызстанда СНБ,МВД,ж.б эч ким иштебесе. Биздин бийликтегилер акча учун оздорун да сатканы даяр болсо, жонокой элден патриоттор чыгыш керек да. Кыргызстанда чет элдиктер каалагандай журот, кыргыздар башка мамлекетте ошентип журуп корсун эмне болот.
27.02.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы кытайдын биздин кыздар менен эс алып дагы бечара болуп жашагынар келеби дегенине абдан зээним кейип кетти. Кыргыздарды кемсинтип суйлоп жатса тоготпой бийликтегилерде деле намыс болсо керек ошол кытайды кытайга бечара кылып жонотуп койушпайбы. Ар бир кыргыз эркектин журогундо жигиттик намыс болсо бул озум билемдик дебей колдош керек. Азыр Москвада ар бир уй булоодон бирден адам иштеп жургондой, эртен ар бир уй булоодон бирден сойку иштеп калыштын алдын алдыш керек.
27.02.2015. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
москвадагы оздорун "патриот эсептешкендерге караганда АЗАМАТСЫЗДАР
27.02.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сойкуларды жоготсок, зордукчусу кобойот. Аларды жойуу андан бетер кыйын болотко.
А Кытайларга тийишпей койбойлубу. Эгер чектен чыкпаса. Алардын пайдасын жакшы эле коруп атабызго. Жолубузду ондоп атат, арзан товар менен камсыздайт. Же калппы...?
27.02.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эдил байсалов эмнеден коркот.текшерүдөнбү
27.02.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырк чоронун жигиттерин колдоймун! Негизинен булар жасаган ишти мамлекеттик органдар жасаш кере болчу, бирок биздин органдар акчасын алып, кайра кыргыз улутун жок кылуу коркунучуна алып келуудо! Биздин олкону кытай жарандары басып кетти.Кайда барба кытайлар. Буларды контроль кылган киши да жок.Оз мекнибизде биз буларга коз каранды болуудабыз. УЯТ!УЯТ!Ошол кыргыз кыздарын баарынын жузун элге корсотуш керек. Ошондо гана башка кыздар да бул жолго барганга уялышат.ОО жараткан баарыбызга уят бере кор
28.02.2015. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да колдойм коро албагандар ар неменин башын бир айта берет бироо болуш керекби акыры элине куйгон.
28.02.2015. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да колдойм.Мисалы булар Россиядагы "такыр баштардай" болуп колуна тийгенин олтургон жок го? Россия колдоп эле келе жатат го "такыр баштарын".Эмне учун биз колдой албайбыз? Мен ойлойм Кыргыз деп журогу соккон кыргыздар колдош керек!!!
28.02.2015. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кырк Чоро силер деле кыздарга алынар жетет окшойт.Же башка ишинер жокпу.Ошодон короэшектин эти саткан адамдардыкармагыла,Канчалаган ыплас
01.03.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммда уж эл элегинен отуу онойго турбайтго))))
01.03.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да колдойм
02.03.2015. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кырк чорону колдош керек. ал эми Эдил Байсалов американын агенти еврейго деп ойлойм. политикага аны аралаштырбаш керек.
02.03.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga Kurk Choro molodsi men silerdi koldoim
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо