Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжан Кулмамбетова, диктор: «ВЕГЕТАРИАН БОЛОРУМА БИР ЭЛЕ КАДАМ КАЛДЫ»

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж

Мекенибизде, дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарды «Ала-Тоо» программасы аркылуу элге жеткирип келе жаткан алып баруучу Гүлжан Кулмамбетова биздин мейман төрдө. Массалык маалымат каражаттарына байма-бай маек кура бербеген диктордун сулуулук сыры эмнеде? Балдарын кандай тарбиялайт өңдүү ар түрдүү багыттагы суроолордун жообу төмөндө.

– 5 баланын энеси болсоңуз да келбетиңиз бузулбай, жүзүңүз дайыма жаркып турат. Мүмкүн, элде жок ыкмаларды колдоносуз? Же үйдө ашканаңыз өзгөчөбү?
– Менде эч купуялык жок, жашоо образым жөпжөнөкөй эле. Тамакты ылгап жемей, сууну ченемсиз ичмей, дайыма кыймылда болуу, муздак сууга чайынуу, спорттон кол үзбөө. Тааныш эле бекен? Үйдө нан бышырып, боорсок чайпап, кесме кесип, жайкысын жарма кайнатып, кышкысын бозо сүзгөн эле кадимки ашкана. Кой союлса арыдан бери ичегисин артып туруп, баш-шыйрагын отко куйкалап таштаган эле кыргыз аялымын.
– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
– Фитнес, пилатес, калланетика, аэробика, айтор, барбаганым калган жок. Суу ичинде бийлеп да көрдүм, бирок мага баарынан йога жакты. Кыймыл менен жан дүйнөнүн гармониясынан жакшы натыйжа сездим. Анан да философиясына сүңгүсөң биринчи эле эттен алыстайсың. "Соёр алдында малдын касапчыдан катуу үрккөн терс энергиясы, каргышы каныккан этине тойгон соң оңбой каласың" деп айтылат анда. Доктурлар да "эттен пайда аз" деп какшап жатышпайбы. Бул өңүттөн алганда вегетариан болорума бир эле кадам калыптыр деп ойлодум. Анткени мен тээ бала кезимден эле суу жандыктарынын, куш-канаттуунун, андай деликатести кой, короодогу короздун этин искебейм, билбейм эмнеге. Эми эт дегендин баарын калтырсам эле болду. Муну Ат-Башыдагы туугандарым укса "капырай, бул эмне кесирленип калган?" деп, эгер эстүү жеңелеримден каттаса "эркелигиңди кой, эттей болобу" деп эскертишери анык. Капыстан айылга барсам кой-козусун көтөрө чаап конокточу классташ-досторум, картошканы кара сууга кайнатып берип, сыйлап тамашалаарын да билем. Ошол эле маалда мусулман пенде бойдон каларымды да кошумчалап коёюн. Башкаларды үндөгөнгө акым жок, бирок этсиз жашоо үчүн эркти сынап көрүүгө болот.
– Акыркы жолу кандай китеп окудуңуз?
– Акыркы ирет мен окуган китептер: чет элдик жазуучулардан америкалык афган Халед Хоссейнинин автобиографиялык «Бегущий за ветром» чыгармасы. Ата Мекендик жазуучулардан Акбар Рыскуловдун Токтогул сыйлыгына арзыган «Атакенин ак Болот» тарыхый үчилтиги, анан, албетте, Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылары». Жогорудагы эки чыгарма таасирленүүнүн башкачараак бир багытына бурса, «Агындылар» мени алыскы Ат-Башыга, андан ары айылым Ак-Музга чейин агызып алып барып келди. Бүтүндөй көөнө кыргыздын керемет жашоо сүртүмдөрүн чакан бир чөлкөмдүн мисалында сүрөттөп салган Шайлообек аганын алптыгына сөз жок.
– Сиз иштеген КТРКнын кыздары тууралуу ар кандай айың кептер айтылып келет...
– Билесизби, мен чогуу иштегендерди гезиттен жайламак тургай, жакындарым менен талкуулабайм. Бул кызматтык этика, кесиптештик, тилектештик. Эгер экинчи жар болсо, эмнеге мындай болгонун ага баш байлаган эркектен да сураш керек. Балким, башка улуттун этегин кармап кетишсе, бөөдө жалгыз калганча деп бөлөктөн таалайын тапкандыр. Экинчиби же жетинчиби, улуубу же уйгурбу, казакпы же каапырбы, бул ар кимдин өз тандоо тагдыры. Беш кол тең эмес, мен бир гана нерсе айта алам: бизде өзүнө ишенимдүү, иреңдүү, интеллигенттүү, ийкемдүү, идиректүү, ийгиликтүү, интригалуу кыздар иштейт.
– Эфирге чыгуу үчүн сөзсүз сулуу болуш керекпи?
– Эфир кайсы бир деңгээлде жагымдуу жүз, жаштык келбетти жактырат. Бирок сөздүн орундуусу, кабардын жеткилеңдиги, маалыматтын маңызы маанилүү. Мага таарынбастыр, маселен, Орусиянын ОРТсындагы Ирада Зейналованы сулуу деп айтыш кыйын. Бирок харизмасы күчтүү, өтө билимдүү, универсалдуу журналист, алып баруучу. Анын сүйлөө манерасында, үнүнүн тембринде адамды алка-жакадан алып туруп көрүүгө аргасыз кылган илеп, оозунан от бүрккөндөй энергия бар. Өтө деле жасалгаланбаган кыска чачы, жукпаган жука макияжы, жупуну кофтасы анын эфирине эч бир көлөкө түшүрө албайт. Ал эми кабарчы катары тээ качандыр кан күйгөн Чеченстандагы, Ирактагы, Бесландагы абалдан, азыркы эле куралчан курч араздашуулар өңдүү кырчылдашкан кырдаалдардан берген репортаждары ташка тамга баскандай эсте калат. Кыскасы, аналитикасынын ар тараптуулугу, майын чыгара даярдаган материалдары анын алып баруучулук ажарын ачты дагы, эфирде суйкайган сулуу болуштун өтө деле зарыл эместигин тастыктап таштады.
– Катуу сабалып эсине келе албай жаткан эки жашар бала тууралуу «Ала-Тоо» программасынан күнүгө берилип жатат. Бөбөктөрдү кордогондорго кандай жаза керек деген пикирдесиз?
– Кылчактабай эле жазанын катаал чегин, өктөм өкүмүн бериш керек. Мындайларга мылжың гумандуулук кылуунун өзү кечиримсиз. Ооз барбаган окуяны эфирден элге жеткирүү чынында мага кыйын болду. Көңүлүм айнып көпкө чейин жаман абалда жүрдүм. Бакырып ыйлап, баланы боорума кысып, эне сүтүмдү бергим келди. Туулбай жатып туна чөккөн ал шордууну киринтип, киренелеп, жылуу ороп, денесин тактан, көңүлүн даттан арылткым келди. Көзүн ачып өзүнө келе баштаса сөзсүз барам балага. Жалтаң көздөрү көргөндө сүйүнгүдөй, жаракат колдорун созгондо карматкыдай жакшы нерсе ыроолоп, жардамымды камдап күтүп жатам ойгонорун. Ишенип турам ал түбөлүк уйкуга кетпестир. Журт башчысынын, күч түзүмдөрүнүн, ЮНИСЕФ өңдүү ири уюмдардын катуу реакциясын ойготуп, коомду бир силкинтип туруп, балдардын укугунун корголушуна күчтүү чакырык таштады Ибрагимдин окуясы. Ушул чакырык жарым жаны калгыча кордолгон наристенин мисалында болгону кейитет.
– Балдарыңызга тарбия берүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?
– Мектептен кайткан маалда эненин үйдө болуусу, айланадагы иреттүүлүк, жаңы бышкан нандын илеби же даамдуу тамак- аштын жыты баланын табит-маанайын ачып, жигерин арттырып жиберет. Дайыма "ушул дагы кеп бекен, сенин акылың мындан да ашат" деп көтөрмөлөйм. Мактоодон бала дердеңдеп эле калбастан өзүнө ишенип, көкүрөгү керилип, тоону томкоруп туруп, ташын бирден терчүдөй такылдап чыгат. Башкаларда кандай билбейм, жеке мен балдарды мезгилди текке кетирбөөгө үйрөтүп келем. Убакытка так адам жоопкерчиликке, милдетке, мамилеге олуттуу карап, ал эмес каражатка да үнөмдүү келет. Мындай сапат керек маалда келечек-тагдырды аныктайт. Андыктан биздин балдар мектептен тышкары кошумча сабактарга, музыкага, спортко, сүрөт тартууга, тил курстарына, шахматка барышат. Мунун бардыгын сыдыргыга сыйдырып алып үзгүлтүксүз үлгүрүү оңой болбогондуктан, түйшүккө көнүшөт. Дагы бир жагдай, балдардын досунукуна же жакындарыныкына жөнсүз кирип барышы, ал аз келгенсип конуп калышы жакшы адат эмес. Дейдилик мына ушундан башталат. Коноктогу, шаан-шөкөттөгү же жөнөкөй эле көчөгө ойноп кетүүдөгү чекти билүүсү шарт. Антпесе каяктан шаңдуу, даамдуу нерсе чыкса ошого ыктап, бейжай бекерчиликке үйрөнөт. Чар тарап бейиш болсо да, өз үй, өлөң төшөктөн өткөн жыргал жок экенине ынандыруу керек.
– Кетирген катасы үчүн жазалайсызбы?
– Албетте, ансыз болчу беле? Айрым чектөөлөр менен жазасын алып, жемени жетишерлик жейт. Мүмкүндүк, эркиндиги канчалык кенен болсо, ошончолук натыйжа берип, талапты сезе билүүсү шарт. Бала деген кинодогудай же кооз журналдагыдай эмес да башынан сыласаң эле уйкуга кетип, жылмайып ойгонуп, өзү өсүп калгыдай. Ар биринин кыялы, мүнөзү, табити, табияты ар башка. Эркелегени эле окшош. Окшош демекчи, кечинде мектептен, бакчадан кайтып, «мамалап» эшиктен чогуу киргендегисин маарап-жамыраган козуларга салыштырам.
– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик!

“1999-жылдан бери Улуттук биринчи каналда эмгектенем. Андан сырткары жогорку окуу жайлардын биринде журналистика факультетинде сабак берем”.

“Уулдарымдын кичүүсү Элхан. Бир жаштан өттү”.

“Кыздарымдын улуусу Бегайым менен. Түндүк Кипрдеги Америка университетинде 4-курста окуйт”.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(37)
23.02.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жоопторунан кругозору ото кенен,аябай акылдуу аял экени даана билиниптир,беш баланы татыктуу тарбиялап жаткандын озу эле чон эрдик.ишинизге ийгилик.
23.02.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канчанчы аялы болсо дагы мээримдуу эне, уйундо мыкты кожойке экени суйлогон созунон эле билинип турбайбы
23.02.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы атасынын озуго.омурлуу бол.Ата-эненин кадыр баркына жеткен эр азаматтардан бол......
23.02.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул диктор эже жагат,дикциясы,муноздору,анан да жазгандарынан билимдуу,кучтуу айым экени билинип турат.
23.02.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Соз байлыгы ото жогору,чыныгы Курманжандаткадай эже.Балдарыныздын убайын корун!
23.02.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушунчалык суйлоо речи бай аялзаты экен...Ишинизге ийгилик!!!
23.02.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абадн мыкты аялзаты, сыйлайм урматтайм Гулжан эжени, ырдаганы да мага абдан жагып калган, сулуулугуна акылы топ келишкен улгулуу аял десек болот, бар болунуз эжеке! Кыргыз элибизде сиздей инсандар кобое берсин!
23.02.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ущул эже менен Лунара Мамытова абдан жагат.купулума толот..Эже канча жашка чыкпасын абдан татынакай жаш .мен эми кумир кылып алам го Эжени.интьервюсун эч окуган эмес элем.Эми маалыматым бар ...
23.02.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага баарибир жагат сулуу, акылдуу....
24.02.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай акылдуу экен,сабак алсак болгудай
24.02.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маек эн жакшы болуптур ишинизге ийгилик уй булолук бакыт.Азамат эже экен акылы тунук, чыныгы кыргыз аял заты кругозору кенен.
24.02.2015. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маекти абдан жакшы бериптир,азамат эжекеси.Создун маани манызына чыгарып суйлогонунузго алкыш! Достор Салымбековдун аялы Чынара Капарова эмеспи? Же мен жанылыштымбы?
24.02.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bela77, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
24.02.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана таамай айтылган создор,бир эле коруу менен тушуно алгыз маани мазмуну терен мак болуптур.Коомубузда ушундай дилгир акылдуу айымдар кобойо берсин,ушунчалык создорун окуп туруп суктанып кеттим ,ар бир айым оз жашоосунда ушундай эне ,ушундай жар болсо экен деп каалайт элем.
24.02.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Респект!!!!!!!!!!!!
24.02.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))) элге тан кала берем, элдин созундо элек жок болсо да.
24.02.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сөздөрдү шурудай тизип сүйлөйт экен.Азаматсыз! Балдарына берген тарбиясы жакты.
24.02.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандагы номер 1диктор айым,бар болунуз
24.02.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боорсок бышырып деп эле суйлойбуз го же чайпап болобу?
24.02.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn_kyz, Мен до ощентип ойлоп калдым, бирок акылдуулугуна, сөз байлыгына, талантына жана сулуулугуна сөз жок. Жогоруда айтылгандай, Лунара да мага абдан жагат. Экөөңөргө тең кааларым ден-соолук,бакыт, жана албетте көгүлтүр экрандын көркү болу жүрө беришиңерге тилектешмин
24.02.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдаганын абдан жактырат элем суйлогону шуруга тизгендей корком, маанилуу, мазмундуу суйлоп ырдаганынан да отот экен. Алганыныз менен бар болунуз. Сизди алган адам бактылуу.
24.02.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин суйуктуу эжем....анын баскан турганы ... мага берген сабагы , суйлогон созу мени алга шыктандырат )) Соонун эже .жакшы кором )
25.02.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи суротундо тааакая миленькая, хорошенькая!!!
Бактылуу болсун!
Албетте, жанында жардам берген кишилерин болсо (домработница, водитель, повар, нянечка), озунду дагы, балдарынды, уйунду караганга жакшы шарт тузот! Физикалык жактан, психологиялык жактан, материалдык жактан озунду эн мыкты сезесин!
Баардык аял-затына ушундай жакшы турмушту каалайм!!!
25.02.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Arabella, баардык аял заты ушундай жашоодо жашап калсак, нянка домработница поварларды каяктан табабыз
25.02.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
baku24, Аны бай куйоого тийген айымдардан сураш керек)))
25.02.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baku24, аларды табыш учун Гулжан эжедей болуп миллионерге тийиш керек :-)
27.02.2015. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD, tochno)))
25.02.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик!
25.02.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге мындай болгонун,ага баш байлаган эркектен сура,дегени эжекемдин эн туура айтылган таамай жообу.Аял катары сулуулугун,акылмандуулугун,туш тарабы шайма шай келген озгочо аял экендиги ар тарабынан билинип турат.Эне катары мээримдуулугу ашып тогулгон,ары сырдуу,ары табышмактуу жылмайган элесинде бактылуу аялдын,бироонун бактысына жаралган,бакчаны гулго айланткан,менин да жарым ушундай болсо экен деген аялзаты катары эсептейм.Балдарынын жакшылыгын корсун!!!ийгилик каалайм!
25.02.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баласы Аскар Салымбековдун эле копиясы экен
26.02.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учурунда бизге да сабак берген риторикадан.Бут группабыз менен жакшы корчубуз.Эске тутуму абдан жакшы баарыбыздын атыбызды билчу.Кочодон учурашсан да атынды айтып учурашчу.Чексиз сыйлайм,сизден копту уйрондук.Бар болунуз.
26.02.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу, акылдуу, деги эле мыкты аялзаты . Эфирге чыкканда ар бир адамды кунт коюп караткан, создоруу , суйлоо кыймылы жагымдуу. Бардык бактысы озуно кут болсун Гулжандын. Мага аябай аябай жагат. Омуру узун болсун. Чын эле, " ушул кыз менин жубайым болсо кана",- деп улутунуп кала турган ажары ашкан айым.
26.02.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ирада Зейналова-мыктылардын мыктысы!Ал материалдарынын маани-манызына кобуроок конул болуп,элге бийик денгээлде жеткизуу менен алек.Анын таамай айтылган ар бир созун кунт коюу менен угасын.Чачы-башты жасап,макияжды болушунча коюп алып,элдин конулун сырткы жузу менен гана бура алган журналисттер Ирададан сабак алышса.....
27.02.2015. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
токтоо сабырдуу суулу эже экен 2 же 3 аялыбы ал озунун жашоосу биз эмеспиз эженин жеке жашоосун талкуулаган
28.02.2015. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскар Салымбеков 2010- жылдар Бишкетеги 4-чу кесиптик лицейге мааракеге келди эле.

Салымбеков ошо 4-лицейди каржылап карап турат

Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-28 13:11:55
28.02.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bella-life, далили жок, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүчү билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-28 13:13:48
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо