№643 27-февраль-5-март, 2015-ж
Дүйнөлүк кино жана шоу-бизнес тармагындагы эӊ маанилүү окуя – бул «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу салтанаты экени талашсыз. Айрыкча бизге аталган киносыйлыктын жеӊүүчүлөрүнөн да, аземге кайсы атактуу ким менен жана кандай кийинип келгени, кандай кызыктуу окуялар менен коштолгону кызык. Ушул жылдын 23-февралында 87-Оскар киносыйлыгын тапшыруу салтанаты болуп өтүп, таланттуулар «Оскардын» статуэткасын өӊөрүп кетишти.
ЖЕӉҮҮЧҮЛӨР КИНОСЫНЧЫЛАР БОЛЖОЛДОГОНДОЙ ЧЫКТЫ
«Оскарга» талапкерлердин ысымдары белгилүү болгондон баштап, «ким жеӊет?» деген божомолдор айтылып келген. Божомолдор кээде туура, кээде ката чыгат. Бирок бул жолу айтылгандардын дээрлик көбү туура чыгып, жеӊүүчүлөрдү алдын ала эле билип алгандай болдук. Бул жылы «Оскардын» триумфатору мексикалык режиссёр Алехандро Гонсалес болду. Анын «Бёрдмэн» тасмасы «Жылдын мыкты тасмасы», «Мыкты оригиналдуу сценарий», «Мыкты операторлук иш» наамдарына татыса, режиссёр өзү «Мыкты режиссёр» наамын илип кетти. Ал эми «Мыкты актриса» наамын «Баягы Элис» тасмасындагы ролу үчүн Жулианна Мур, «Мыкты актёр» наамын «Стивен Хокингдин ааламы» тасмасында жараткан ролу үчүн Эдди Редмэйн алышты. Орусиялыктар бул жылы да «Оскардан» кур калышты. «Мыкты чет өлкөлүк тасма» наамы польшалыктардын «Ида» тасмасына буюрду.
КЫЗЫЛ КИЛЕМДЕ...
Атактуулардын кызыл килемден өтүүсү бардыгынан кызык болду.
Жылдагыдай эле бул жолку салтанатта да атактуулар бири-биринен өзгөчөлөнгөнгө аракет кылышкан. Анан да аземде айымдар этеги тилинген көйнөктөрдү көп кийгенин айта кетели.
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |