Кубик Калыков, куудул: «АСКЕРГЕ САЛМАГЫМ ЖЕТПЕЙ БАРБАЙ КАЛГАМ»

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

«Сакадай бою сары алтын» деген кепке татыктуу Кубик Калыков деген таланттуу мырзабыз бар. Ырларды, сатираларды жазып, чыгармачылыкка аралашканына быйыл туптуура 25 жыл толуп отурат. Ал гана эмес жубайы менен баш кошконуна 25 жыл болуп, агабыз билинбей эле элүүнүн өрүн карай жылмышып баратыптыр. Майрамды утурлай келген агабыз менен чай маек курдук.

– Кубик мырза, майрамыӊыз менен! Сиздердин убакта «жигиттер аскерге барбаса, колуна курал албаса, ал илинип турган колбаса» деп кыздар сүйлөшпөчү экен...
– Рахмат! Биздин учурда аскерде кызмат өтөбөгөн жигитти кыздар жактырышчу эмес. Андыктан ар бир жигит өз милдетин аткарууга ашыкчу. Мен өзүм теӊдүүлөр менен аскерге бара алган жокмун. Анткени салмагым жетпей калган. Аскерге 48 килограммга чейинки салмактагыларды албайт эмеспи. Менин салмагым ал учурда 42 килограмм болчу. Эки жыл өткөндөн кийин Москва шаарынан аскердик милдетимди өтөп келдим.
Аскерге барып спорт менен машыгып, алты ай ичинде 10 килограмм салмак кошком. Музыкант катары оркестрда барабан ойноп, өз милдетимди аткардым. Ошол жактан адам болуп келдим десем болот. Айылда жүргөндө чачты өстүрүп, рок музыка угуп, мотоцикл айдап жүрчүбүз да. Ал жактан келе жатканда «айылга барып картошка, пияз айдайм, үй салам» деп план койгонду үйрөндүм.
– Эр ортону элүүгө чыгып калдыӊыз, өмүр өр таяп калганда арт жакты кылчайып караганда эмнелер эске түшөт?
– 50 жашка толгонум менен, «мен элүүгө чыктым» деген сезим болгон жок. Мен оптимистмин, «өмүр өтүп баратат, буга жетпедим, тигини ала албадым, карып баратам» деп кейибейм. 50 жашка чыктым деп калпак, чепкен кийгим келбейт. Баягы эле Кубикмин. Артка кылчайып караганда биз жаш кезде көргөн кинолор, сүрөттөр эске түшөт. Ал кино, сүрөттөргө үӊүлгөнүмдө көзүмдөн жаш агып кетет. Анткени менин көчөнү чаӊдата чуркаган чыт курсак курагым, кой кайтарып, пахта терген учурум, жалын жаштыгым көз алдыма тартылат.
– Куттуу куракты кандай кылып белгилегени турасыз?
– 7-марттан баштап Нооруз майрамына чейин түштүктү түрө кыдырып концерт бергени турам. Бул менин 50 жашка чыккандагы чыгармачыл турнемдин башталышы. Мындан тышкары жай мезгилинде Кыргызстанды кыдырып концерт берейин деп турам. Артисттер кайсы мезгилде кайсы жакка концерт бериш керектигин, кандай учурда кайсы аймакта эмне бышарын, элде качан акча болорун билебиз да (күлүп). Жыйынтыктап сентябрда филармонияда 2 күн чыгармачыл кечемди тартуулоону пландап жатам. Убакытка уттурбайын деп эстрадалык топ менен азыртадан репетиция кылуудамын. Оркестрдин коштоосунда 15 ыр даярдап жатам.
– Чыгармачылыгыӊыздын гүлдөгөн учуру кайсы жылдарга туура келди?
– Чыгармачылыкка аралашкан ар бир артисттин гүлдөп турган доору болот. Менин Кубик болуп элге алынганым 2000-2006-жылдарга туура келет. Кайсы жерге концерт бербейин эл агылып келип, 6 күн катары менен ырдаган учурларыбыз болду.
Жайында Ысык-Көлдө концерт берип жүргөм. Тоӊдун бир айылына күндүз концерт берип, залга эл батпай калган. Маданият үйүнүн жетекчиси «мен күндүз эл келбейт деп ойлогом, биринчи жолу чак түштө концертке ушунча эл келди» деп таӊ калган. Кудайга шүгүр, үй салдым, машина алдым, бутка турдум. Мени ушул күнгө чейин Кубик деген ат багып келе жатат. – Ошол гастроль учурунда артисттер арасында унутулгус окуялар көп эле болсо керек?
– 1990-жылы бизди Бишкекке Болотбек Макетаев «Көктөм» деген телеберүүгө чакырып калды. Биз Жалал-Абаддан Ташкент аркылуу 5 бала, 3 кыз болуп поезд менен келдик. «Бүгүн мейманканага жетишпей калдыӊар, вокзалдын мейманканасында түнөйсүӊөр» деди. Көп кабаттуу мейманканага барабыз го деп ойлоп жатканбыз. Бизди темир жолдо турган вагонго алып келип, «ушул жерге жата бергиле» деди. Кечинде тамактанып алып жатканбыз. Бир маалда уктап жатсак эле вагон жылып баратат. Баарыбыз ойгонуп, терезесинен башыбызды чыгарып кыйкырып баратабыз, кыздар ыйлап алышкан. «Биз эртеӊ телевидениеге тартылабыз» деп кыйкырып бара жатканыбызда вагон токтоп калды. Күзөтүүчү келип «силерди кайра алып барып коёбуз. Азыр поезд келет, темир жолду бошотуп жатабыз» деди. Түнү менен ары-бери темир жолдо кылдыраган вагондо өткөргөн күнүбүз эсимден кетпейт.
– Сөзүбүздү жеке жашооӊузга бурсак. Куда күтүп, кайната болдуӊуз. Кандай сезимдер болду?
– Биздин үй-бүлө үчүн өзгөчө сезим болду. Куда күтүп, күйөө балалуу болуу жашоодогу милдеттердин бири эмеспи. Балдарыма бир тууган кошулса, жеӊеӊ экөөбүзгө сыйлашып, сырдашчу жакын адамдар табылды. Жакшылыгыӊ, ийгилигиӊ болсо, куда-кудагыйыӊа чалып бөлүшүп калат экенсиӊ. Ар бир ата-эне баласын бактылуу болсо, барган жеринен бак айтып, агарып-көгөрсө деп тилейт. Балдарыбыз бактылуу жашап бизди неберелүү кылышса, мындан өткөн бакыт барбы?
– Жаз келе жатат. Быйыл дагы дыйканчылык менен алектенейин деп жатасызбы?
– Өткөн жылы жер иштеткен жокмун. Анткени бир нерсеге байланып каласыӊ. Отоо чөбүн бүтсөӊ чабыгы башталат, анысын бүтсөӊ түшүмүн жыйноо башталат. 2013-жылы жайында досторум «көлгө келип 3 күн эс алып кет» деп чакырышкан, убакыттын аздыгынан бара алган жокпуз. Былтыр тойго даярдык көрүп, ак мээнет менен тапкан каражатка чет мамлекетке эс алып келдик. Быйыл дагы 50 жылдыгыма даярдык көрөбүз деп жер иштеткенди пландаган жокпуз. 

"Бала кезимде аскер кызматкери болом дечү элем".

"Быйылкы чыгармачылык турнемде уулум менен кызым да кошо чыгышат".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


Кубик Калыков: "Өзүмө ишенген убакыт өттү"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(18)
Медиа-портал
28.02.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубик байке биздин мектепке жылда концерт коюп келсе жылда кире берет элек 4,5 жыл катары менен суроторубуз бар тушкон жонокой жакшы байке ишинизге ийгилик.Ноокен районунанмын менда)))
Медиа-портал
28.02.2015. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
50жылдык юблейиниз кут болсун!Жараткан дагы жарым кылым омур берсин.Уул кызыныныздын урматын коруп журо берин.Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
SUPER.KG видео
28.02.2015. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урааа Айперинин бойунда бар экен!МашАллах!
Медиа-портал
28.02.2015. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур.50жылдык концертинизди ийгиликтуу откоруп алыныз.Мындан ары элге кылган кызматыныздын жемишин коруп жашай бериниз.
SUPER.KG видео
28.02.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаратканым ар дайым жашоонузга жакшылыктарын берсин бар болунуз сиз менен биз сыймыктанабыз
SUPER.KG видео
01.03.2015. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубик акебиз, женебиз менен таанышкан кундорун, абдан берилуу менен айтып бериптир. Бактылуу адамдар гана, откон омурун рахаттануу менен эскере алса керек? Бактыныздарга коз тийбесин! Ар бир инсанга, аллахым сиздердикиндей бакытты насип кылган болсун!
Медиа-портал
01.03.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50жылдык юбилейиниз кут болсун! Жаратканым жакшылыгын аябасын сизден! Биздин уйлонуу тоюбузду алып бардыныз эле соонуун кылып! Омурунуз узун болсун!!!
Медиа-портал
01.03.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери апасынын эле копясы турбайбы а куйоо баланыз сизге эле окшош экен сулураак экен бактылуу уй було жана узун омур неберелуу болуп балпайган таята болунуз
Медиа-портал
01.03.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктайм 50 жылдык юбилейиниз менен ден соолук узун омур
Медиа-портал
01.03.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балпайган таята-тайэне болуп, бактылуу болуп журо бериниздер. Ийгилик каалайбыз.
SUPER.KG видео
01.03.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyzdyn Andrei Gubini bolgon eken jaw kezinde)
03.03.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик,элуу жаш курагыныз менен ден соолукта болуну.з
03.03.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!Омурунуз узун болсун!
04.03.2015. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уулу жакшынакай жигитко киного тартылган эмес беле адашпасам салам бишкектин биринчисинде тартылган балагоо же адаштымбы
SUPER.KG видео
05.03.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз!
06.03.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгынызга ийгилик !! Балдарыныз ыймандуу бактылуу болушсун
07.03.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубик акем Базар-Коргондон болот.Узак жашап женем менен бактылуу омур сурунуз.Коп адамга жакшылык кылганын билемин...
Медиа-портал
20.03.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы адам экени корунуп турат.Абдан жонокой, суйлошкон адамга жагымдуу энергия тартуулай турган жакшы касиеттуу,ток пейил адам экендиги корунуп турат.Ийгиликтер сизге!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо