«Супер-Инфо» гезити 13 жылдык тарыхында дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, башка өлкөлөрдүн, элдердин маданияты, үрп-адаты, каада-салты, жашоо-шарты менен таанышып келет. Бул сапар Малайзия өлкөсүнө "Супер-Инфо" гезитинин жолдомосу менен «Супер ырчы айым» Сайкал Садыбакасова, «Супер ырчы мырза» Нурлан Насип барып келишти. Булар менен катар Малайзиядагы Кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен тамашоучу Бакыт Осмонканов жана Жеӊиш Майрамбек уулу да аталган өлкө менен таанышып кайтышты. Алар кандай эс алып, эмне деген эргүү, кыялдар менен келишти, чогуу тыӊдайлы.
МАЛАЙЗИЯ
Борбор шаары – Куала-Лумпур
Жалпы аянты – 329 758 чарчы чакырым (Кыргыз Республикасынын жалпы аянты – 198 500 чарчы чакырым)
Калкынын саны – 30 млн. 74 миӊ адам (2014-жылга карата кыргыз калкынын саны – 5 776 570 адам )
Акча бирдиги – Ринггит (1 ринггит учурда 17 сомго барабар)
Расмий тили – Малай тили
Дини – Ислам
Башкаруу системи – Конституциялык монархия
Башкаруу бийлиги – Падышалык

Чыгармачыл инсандар эс алууну да чыгармачылык менен айкалыштырышат. Жылдыздар минтип туристтерге бийлеп да беришти.

Бакыт Осмонканов: «БИЗ ДА ӨНҮГӨБҮЗ ДЕП НИЕТ КЫЛЫП КЕЛДИМ»
– Бизди алып жүргөн гидди кунт коюп угуп, жакшы жактарын эске тутуп калганга аракет кылдым. Аларды падыша башкарат, шайлоо аркылуу эмес, 13 штаттын султандары кезектешип падыша болот экен. Учурдагы падышасы 89 жашта экенин угуп таӊ калдым. Экинчи жолу падышалык кезегин өтөп жатыптыр. Бийликти эл, элди бийлик сыйлаганы жакты. Падышанын хан сарайы өтө чоӊ аянтты ээлептир. Гиддин айтуусунда, мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык акысы жакшы болгондуктан, аларда пара алуунун деле кажети жок, анан да коррупциянын аздыгы боюнча алдыӊкы орунда турат. Ал жакта «салык төлөбөй иштегиле» деп инвесторлорго жакшы шарт түзүп беришиптир. Биз да ушундай өнүккөн өлкө болушубуз үчүн эӊ негизгиси биримдик жана ар ким өз ишин мыкты билиши керек деп ойлойм. Ал өлкөнү өнүктүргөндөр деле биздикиндей эки колу, эки буту, эки көзү бар адамдар да. Аларды карап иштесеӊ тиштейсиӊ, буюрса, биз деле өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайбыз деген жыйынтыкка келдим.


Бакыт: "Кытай, япон кыздары менен сүрөткө түшүп, тил билбесек да алар менен бат эле аралашып кеттик. Жөн койсо япон кыздары Нурланды алып калчудай, аны араӊ алып кеттик".
Нурлан Насип: «ҮЙЛӨНСӨМ БАЛ АЙЫН МАЛАЙЗИЯДА ӨТКӨРӨМ»
– Малайзияга жеткенде мончого киргендей эле болдум. Абасына көнө албай бир аз кыйналдым. Ал жактан бир да жол көзөмөлдөөчү кызматкерди, жол эрежесин бузган айдоочуну көзүбүз чалган жок. Кыскасы, биз үйрөнчү жакшы жактарын көп эле байкадым. Лангкавидеги асма көпүрөгө чыкканда аябай корктум. Бийиктик менин фобиям, айрыкча көпүрөдөгү айнектен басайын дегенде бутум титиреп кетип жатты. Менин ал жакка барарымды интернет аркылуу билген кыргыз кыздары Малайзиянын башка шаарларынан да мекендештерибиз менен болгон жолугушууга келишти. Алар атайын келгендиктен күйөрмандарым менен майрамдаганга да жетиштим. Буюрса, үйлөнсөм, келинчегим менен сөзсүз дал ушул өлкөгө барып бал айын өткөрөм деген ойдо келдим.
Бул өлкөгө эс алууга келген киши Лангкави аралын көрүп кетпесе болбос. Дал ушул аралда деӊиз деӊгээлинен 710 метр бийиктикте аркан жолу бар. Аны менен бийиктикке көтөрүлгөн соӊ эки тоону бириктирген асма көпүрөгө туш болосуӊ. Көпүрөдөн арал алаканга салгандай көрүнөт, ал эми ылдый караса жер бети көрүнбөй калат экен. Андан да кызыгы, көпүрөнүн айрым жерлери айнектен жасалган.
Нурлан: "Малайзиялык таш бакалар менен да тааныштык. Колуӊду тийгизсеӊ тиштеп алат экен".
Сайкал Садыбакасова: «МАЛАЙЗИЯДАН ЖЫЛМАЙГАНДЫ ҮЙРӨНҮП КЕЛДИМ»
– 1996-жылы курулган бийиктиги 452 метрге жеткен Петронас мунарасына барып сүрөткө түштүм. 88 кабаттан турган бул эгиз мунараны апама да көргөзсөм деп кыялдандым. Курбу кыздарыма, «Кыз-Бурактын» кыздарына косметика каражаттарын ала келдим. Мага Малайзиянын элинин жылмайып жүргөндөрү жакты. «Жылмайсаӊ сага жашоо жылмаят» дегенге ынандым. Бизге ушундай эс алуу мүмкүнчүлүгүн берген «Супер-Инфо» гезитине ыраазычылык билдирем. Көп эле чет өлкөлөргө чыккам, бирок эс алуулардын мынчалык таасир ала элек болчумун.
Сайкал: "Малайзия бизди бийик-бийик мунаралары, экзотикалык жашылча-жемиштери, жашыл аралдары менен тосуп алды".
Сайкал: "Маймылдар аралына барганда алгач коркуу сезими каптады. Минтип колубуздагы азыктардан сунуп, маймылдар менен бат эле дос болуп алдык. Жадакалса маймылдар суунун да түрлөрүн билип алышыптыр. Жөнөкөй минералдык суу ичип отурсаӊ талашпайт, ал эми таттуу суу болсо колуӊдан жулуп кеткенден кайра тартышпайт экен".
Сайкал: «Нурлан экөөбүз «Бакыт издедик» деген дуэтибизге клип тарталы деп минтип жакшы эле аракет кылдык. Бирок эс алуудан кол бошобой, клип толук тартылбай калды. Клип тартылып аягына чыкса, бул кадрлар колдонулушу мүмкүн».
Жеӊиш Майрамбек уулу: «КЫРГЫЗ АЧКАН КАФЕНИ КӨРҮП СҮЙҮНДҮМ»
– Ал жактын ашканасын океандан чыккан жандыктардан, түрдүү балыктардан жасалган тамак-аштар түзөт. Аларда нан деген түшүнүк такыр жок турбайбы?! Биз кайсы тамак болбосун нан менен жейбиз го, ошондуктан курсагым тойбогондой эле болуп жүрдүм. Алар нандын ордуна күрүчтү пайдаланышат экен. Тамактарынын дээрлик көбү ачуу, анан да айрымдарына колум да, оозум да барган жок. Себеби краб сыяктуу бизде жок жандык турса коркот экенсиӊ. Аралдын жанындагы «СССР» деген кафени көрүп сүйүндүм. Ал кафени 16 жыл мурун кыргызстандык жаран ачып, иштетип жаткан экен. Палоо, лагман деген тамактарды ушул жерден таптык. Эки тоону бириктирип турган асма көпүрөгө чыгабыз деп аэропортко кечигип калып, кайра өзүбүз билет алып Куала-Лумпурга учтук.
Эс алуу учурунда театрга бардык. Ал жакта 3 улуттун бийин көрсөтүштү. Кыргыздар «күйдүм бир гана күйдүм чок» деп ырдаганда «и-ий» деп кыйкырабыз го. Алар бийлегенде биздикине окшош «и-ий» деп кыйкырышат экен. Ушул жерин өзүбүзгө окшоштуруп жыргап бийледик.
Жеӊиш: "Жогорку ылдамдыкта жүрүүчү кайык менен Андаман деӊизиндеги 3 аралда болдук. Эл кайыкта коркуп араӊ отурса, Сайкал экөөбүз сүрөткө түшүү менен убара болдук".
Жеӊиш жүргөн жер күлкү.
Малайзия ашканасындагы тамактардын көбү деӊиз жандыктарынан жасалат. Нурлан ачууга ыктаса, Сайкал таттуудан баш тартпады.
МЕКЕНДЕШТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
Кыргызстандан эс алууга баргандарды Малайзияда жашап, иштеп жүргөн мекендештерибиз өлкөбүздүн желеги менен тосуп алышты. Ал жакта окуган, иштеген, келечекке чоӊ максаттарды койгон кыргыздар көп. Мекендештер менен жолугушуу 12-февралда «Corus» мейманканасында өтүп, 100гө чукул кыргыз чогулду. Оюн-зоок, ыр-күлкү менен коштолгон жолугушуу кыргыздын гимни менен башталып, Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси
Кылычбек Султанов ачып берди. Тамашоучулар Бакыт Осмонканов жана Жеӊиш Майрамбек уулу тамаша оюндарын көргөзүшүп, майрамдык маанай тартуулашты. Кыргыз ырларын сагынган журтташтарыбызга Нурлан менен Сайкал ыр сунуп, элине, жерине болгон кусалыктарын бир аз басаӊдатышты. Иш-чарага кытайлык кыргыз ырчы Айнур Турду кызы жолдошу менен келди. Концерттен соӊ «Бир тууганчик» тасмасы көрсөтүлүп, мекендештер ыраазы болуп тарашты.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg
Жеңиш эң сонун сүйлөп алып барыптыр!