Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асел Чоткараева, актриса: «ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМДА АПАМ МАГА ТААРЫНЫП СҮЙЛӨШПӨЙ ЖҮРДҮ»

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасындагы тыкылдаган кыз Мадина эсиӊиздеби? Ошондогу актриса Асел Чоткараева учурда үй-бүлө очогун кармаган бактылуу жубай, мээримдүү эне статусуна ээ болуп отурган чагы. Анда Асел менен болгон маегибизге назар салыӊыз.

– Асел, кандайсыӊ? Биз сени «Министрдин кызынын махабаты» тасмасынан жакшы тааныйбыз. Бирок ошол фильмден кийин тасма талаасынан көп кезиктирбей калдык?
– Саламатсыздарбы? Негизи, «Министрдин кызынын махабатынан» кийин эч бир тасмага тартылбайм деп чечкем. Чынында, баарыбыз эле секелек кезде ырчы, актриса, тележылдыз, айтор, белгилүү адам болгубуз келет. Мен да ошол балалык кыялымды ишке ашыргым келди окшойт. Бирок атактуулук мен үчүн эмес экен. Жашырбайм, башында көчөдө таанып, кол тамга сурашса аябай жаккан. Атактуулугум менен сыймыктанып жүргөм. Жаштык кылдым окшойт, кийинчерээк мындан да тажап кеттим.
2009-жылы «Дудук кыз» деген тасмада роль жараттым. Анда режиссёр Ырыс Жоомартова жолдошумдан уруксат сураган. «Мейли, Ырыс эже үчүн тартылып коёюн» деп тартылгам. Ал жакта ойногонум өзүмө такыр жакпай, «ушул акыркысы болсун» деген элем. Себеби мен өзүмө сынды абдан катуу коём. Көрсө, «ат баспайм деген жерин миӊ басат» деген чын экен. Антип айтыштан деле коркуп калдым. Бирок азыр киного тартылууга такыр каалоом жок.
– Акыркы жылдары режиссёрлук ишти аркалап калганыӊды да билебиз...
– Ооба, «Сезим» жана «Үчөө» деген кыска метраждуу тасма тарткам. Бул тасмалар фестивалдарга катышып, бир нече жеӊиштерге жетишти. Режиссёрлуктан өзүмдү таптым. Көрсө, мен актриса эмес, режиссёр болууну каалап жүргөн экенмин. Себеби кадр сыртында жүрүп режиссёрлук иш менен алектенген өзүмө аябай жакты. Эл «кино тартпаган ушул Асел эле калды» деп айтышы мүмкүн. Анткени бизде актёр болобу, ырчыбы же режиссёрбу, баарынын баркы кетип калды. Ким эрте ойгонсо кино тартат, ырдайт, актриса болот. Биздин азыркы ырчы, актриса, режиссёрмун дегендер өзүн сындаганды такыр билишпейт. Сындан адам өсөт. Эки күн аншлаг менен концерт коюп «мен жылдызмын» дегендерге таӊ калам. Мына ошондойлордун айынан да ардактуу кесиптердин баркы кетип жатат.
– Кино тармагындагы эмгегиӊе кайрылсак. Тасма тартууда кайсы темаларга кайрылгыӊ келет?
– Тасмада дайыма коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырам. Мисалы, майып адамдарга коомчулуктун жасаган мамилеси, кемсинтүүсү менин жүрөгүмдү дайыма өйүп келчү. Мен бул теманы «Сезим» деген кыска метраждуу тасмамда бере алдым. Аталган тасма 2013-жылы Кореяда 700 кино катышкан кинофестивалдан Гран-прини утуп алды. Ал эми үй-бүлөдөгү кризис, анын балага тийгизген терс таасири жөнүндө «Үчөө» деген тасма тарттым. Өзүмдүн мисалымда эле айтсам, жолдошум экөөбүз 9 жыл чогуу жашагандан кийин үй-бүлөбүздө түшүнбөстүктөр жаралып, жашайбызбы же ажырашабызбы деген тандоого жетип калган элек. Ошондон уулубуз эле жабыр тартты. Көрсө, ата-эне урушканда, ажырашып жатканда баланын ордун дайыма эске алып, ошого ылайыктап жашашы керек экен.
– Үй-бүлөӊөрдө өйдө-төмөн окуялар болгонун айтып калдыӊ. Аны кантип жеӊдиӊер?
– Ооба, биздин үй-бүлө да кризиске кабылган учур болду. Айымдар чычалабай эле коёлу, эркектерге салыштырмалуу акылыбыз бир аз тайкыраак. Ошол учурда туш тараптан бузукулар, акылы жок адамдар мени курчап алышыптыр. Мен ошолордун сөзүнө кирип туруштук бере албай калдым окшойт. Жаман аял кетем деп коркутат эмеспи, мен да кетем деп чыктым. Менин жаш үй-бүлөлөргө берер кеӊешим, эч качан үй-бүлөлүк көйгөйүӊөргө сырттагы адамды аралаштырбагыла. Бул нерсе үй-бүлөнүн бузулушуна алып келет. Бирок сүйүү баарын жеӊет экен. Кичине араздашып жүрүп жолдошум менен кайра табыштык. Чынында, ортобузда аябай күчтүү сүйүү болду. Сүйүү болбосо мынчалык кыйынчылык, тоскоолдуктарга чыдабайт элек.
– Сени Жамал Сейдакматованын келини деп угуп калган жайыбыз бар. Балким, бул тууралуу кененирээк айтып берерсиӊ?
– Ооба, жолдошум Мурат Жамал Сейдакматова менен Болот Шалтаевдин уулу. Учурда «Туӊгуч» театрында иштейт. Аны менен ошол театрда иштеп жүргөндө таанышып калгам. Эми экөөбүздүн үйлөнгөнүбүз өзүнчө бир комедия. Бир том китеп жазса да болот (күлүп). Жолдошум менден 14 жаш улуу. «Турмушка чыгам» дегенимде, апам «жок, чыкпайсыӊ» деп кесе айтып караманча каршы чыкты. Апам өзү аябай тартипке бекем аял. Жаш болсом, өзүмдөн 14 жаш улуу мырзага мени ыраа көрбөдү окшойт. Ары жагынан, бери жагынан өтүп жалдырасам да болбойт. Көчөгө чыгарбай, телефонумду катып, үйгө камап койгон. Эптеп айласын таап жолдошума «сен түнкү саат 3кө келе бер, мен качып чыгам» дедим. Түн жарымда машинасы менен келип сигналын басканда «апа, мен аман-эсенмин, турмушка чыкканы кеттим» деп кат жазып, качып чыктым. Жолдошум экөөбүз анын туулган айылы Шалтага барып, молдого нике кыйдырып үйлөнүп алдык.
– Кайын журтуӊ кандай кабыл алды?
– Абдан жакшы кабыл алышты. Башында жолдошум экөөбүз алардан өзүнчө жашагандыктан келиндик кызматымды өтөй албай калган элем. Балалуу болгондон кийин кайненем Жамал Сейдакматова экөөбүз жакын санаалаштардан болуп калдык. Ал өзү да чыгармачыл адам болгондуктан мени бардык тараптан колдоп, кеп-кеӊешин аябайт. Небересин аябай жакшы көрөт, азыр үйүбүзгө тез-тезден келип турат. Мен үйдөгүлөрдүн каршылыгына карабай турмушка чыккандан кийин апам жарым жылдай таарынып, мени менен сүйлөшпөй жүргөн. Кийин гана мамилебиз олуттуу экенине ынанып жумшарып калды.
– Учурда эмне менен алексиӊ?
– Мен кичинекей балдарга аябай жакынмын. Өзүм да 3 жылга жакын балдар бакчасында музыкадан сабак берип калган элем. Жакында эле балдар театрын ачып ошону иштетип жатам. Буюрса, ал «Ак Шоола» балдар хору сыяктуу чоӊ ийгиликтерге жетет деген тилектерим бар.
– Дос кыздарыӊ көппү, дегеле достукка ишенесиӊби?
– Досторум жокко эсе. Мен кыздар ортосундагы достукка такыр ишенбейм. Дос күтсөӊ да деӊгээли сени менен теӊ адам болуш керек экен. Болбосо досуӊ ылдый, сен жогору болуп турсаӊ көрө албастык сезим ойгонуп кетип, ал нерсе үй-бүлөнүн урашына залакасын тийгизип калышы мүмкүн. Азыр мен ачылып-төгүлүп эч бир курбума сырымды айтпайм. Аны айта турган апам, жолдошум, кайненем бар. Ал эми чыгармачылыктагы достордон Нурзат Токтосунова, Элина Абай кызы менен жакшы мамиледемин.
– Жолдошуӊа 23-февралда эмне белек бердиӊ?
– Эч нерсе. Февралдын ортосунан баштап ооруп үйдө жаттым. Жолдошум мени карап жанымда болду. Майрамга белек бере албай калдым да. Анан жолдошума "сен да мени 8-Мартта ушинтпе, ээ?" деп коём. Ал болсо "өзүӊ айыга албай араӊ жүрүп майрамды айтасыӊ да" деп жылмайып койду.
– Үйүӊдөгүлөрдүн каршы болгонуна карабай турмушка чыкканыӊа караганда жолдошуӊ ошого татыктуу болсо керек?
– Кандай десем, сүйүү бар болсо баарына көз жумса болот. Ушул кезге чейин жолдошум менен катуу урушуп, айтышканым такыр эсимде жок. Ал чынында сүйүүгө татыктуу адам. Аны менен бардык темада сүйлөшө аласыӊ. Абдан билимдүү, менин энциклопедиям десем болот. Китеп окубай эле баарын ошондон сурап алам. Романтика тартуулаганды жакшы көрөт.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

"Уулум Амин 5 жашта, буюрса, жолдошум экөөбүз ушул жылы экинчи балалуу болууну пландап жатабыз".

"Кайненем небересин көргөнү үйүбүзгө тез-тезден келип турат".

"Министрдин кызынын махабатынан" кийин киного тартылбайм деген элем".

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(37)
02.03.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланттуу айым. Иштерине ийгилик!
02.03.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seed, саламатсызбы!
Катачылык оңдолду. Рахмат!
02.03.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы да кинолорго тартылсаныз жакшы болмок, талантыныз аябай жакшы, Кыргыз элинин эн сыймыктана ала турган кызы сиз болосуз , Мага Талантыныз чынын айтсам аябай жагат, Ошондой болсо да уйбулолук бакыт каалаймын эже, дайыма ден соолукта болунуз.
02.03.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министирдин кызынын махабаты жана Дудук кыз деген кинолорунуздун баарын коруп чыккам, дагы да кинолордон сизди коробуз деген ойдобуз.
02.03.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кайненеси ошондо жамал сейдакматова эжебизби?
02.03.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай талантуу кыз экен. Ишинизге ийгилик!
03.03.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Челка аябай жарашат екен
03.03.2015. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tina-janka, кана челкасы?
03.03.2015. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызык,ошончо экоонун ортосунда окуялар болсо кантип бир да жолу урушкан эмес?
07.03.2015. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet, ошода менда ойлондум. Бирок окшош мун Асельге жагат мага
11.03.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet, оа да бул жагын кызыктай суйлоптур го ажырашканга чейин барып анан бир да жолу урушканы эсинде болбосо
17.03.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet, туура байкапсын. урушмак тугул мушташкан. согунгонун угуп жакамды кармагам.
03.03.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Асель сулуу айым. Мен Сизди кино уйдун жанынан дайым коруп калам, эмнегедир актриса деп коп карайм. Бирок, жалан арзан кийимдерди кийип журогонунузду коп байкадым.
03.03.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aipri,Сиз анын кандай кийингенин эмне кыласыз? Кийимдин баасына караганда, адамдын сапаты өөдө болсо жакшы го? Аселди мен мурда сулуу, таланттуу кыз деп жүрсөм, азыр акылына да +5 деген баа бердим. Суперчилер, силерден суранам, "Министрдин кызынын махабатындагы" Жоробектин ролун аткарган актер жөнүндө да жазгылачы. Абдан жакшы аткарган ролун, бирок андан кийин бир да ал жөнүндө маалымат жолуктурбадым
03.03.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткизип койдук.
03.03.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх мадина жакшы кыз жоробек кайда?
03.03.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кызга ал убакта апасы да козуно корунбой калыптыр да ЭРДЕН башка эч нерсе керек эмес болсо керек эле да.
03.03.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйдон тунку 3 то качып чыккан кыз жонун до жакшы ой да келбей жон эле кыжырын келет .
04.03.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу. Аткарган рольдорун дагы мыкты денгеелде аткарган. Баарынан дагы аялдык кемчилигин мойнуна алганы абдан жакты. Деги эле обу жок кетем дегендерге жакшы эле кенеш болду окшойт.
04.03.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайненеси м.н кайын атасынын атын беймарал айтып койгону эмнеси? Кызыкго ..
04.03.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tavanova.sarah,анткени Ж.Сейдокматованын 2чи жолдошунун уулусуна турмушка чыкты ошого тактап айтканы болсо кк. Озу 2чи аялы болуп тийди неге жашырат...
06.03.2015. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
musapyr,уулусуна деген эмне деген сөз.Анын канчанчы аялы болуп тийгени сага эле кызык болбосо, анын эмнеси кызык. Өзүң, же кызың, же жакындарыңдын тагдырына 3-аялы болуп калууну Кудай буйруп койсо эмне кылат элең
08.03.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i,анча не чычаладын )))!? Кудай озу сактасын андай жашоодон. Болгону тактап жазып койдум тушунбой калган адамга. Ошол эле ай
17.03.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
musapyr, аселдин турмушунун чындыгын билет экенсин. мен да жакшы билем.
04.03.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адашпасам, Супердин кайсы бир санында корей жигитке турмушка чыкты деп журот беле?
04.03.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
april, ал актриса башка кыз аты Аида фамилиясын билбейткем, ...
04.03.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироого жакшы соз айталбасан , унчукпа(хадис)
05.03.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эле тасмага тартылган канымдан да интервью алып бериниздерчи сураныч махабат назаралиева аябай жакшы аткарган
07.03.2015. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын уй-булонду бекем карма!
07.03.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да актриса катары абдан жакчу.Бирок маектен кийин оюм озгорулду окшойт.
08.03.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал Сейдакматова сыятуу таланттуу айымдын келини болгон кандай гана сыймык э, озуда мыкты актрисса куйоосу да актёр экен театрда кандай гана топ келишкен уй-було э бактылуу болушсун да
09.03.2015. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы админ эжелер!!! Актёр Аска Сулайманов жонундо да жазгылачы суранам?! Анын талантты биздин уйбулоого 100% жагат
18.03.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizatnur, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
19.03.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай сулуу айым экинчи аялы болуп тийиптирда эээ?
20.03.2015. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмушка чыкканы кеттим дегени жакшыго
09.02.2018. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец жашай бер бактылуу болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо