№643 27-февраль-5-март, 2015-ж
Ырчы Максат Бегалиев 22-февраль күнү кыздуу болду. 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлгөн наристенин абалы жакшы. Эки уулдан кийин төрөлгөн кызына ырчы Айкүн деген ысым ыйгарды. Анткени эки уулунун аты Айтоо, Күнтоо болчу.
– Кызымдын атын биринчиден айдай, күндөй бийик болсун деп, экинчиден уулдарымдын аттарына үндөштүрүп койдум. Ата-энемдин алгачкы кыз небереси болду. Менин майрамымдын алдында келинчегим кыз белек кылганына аябай кубандым. Ошондуктан келинчегиме жардамдашып кызымды багып жатам,- дейт ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |