№643 27-февраль-5-март, 2015-ж
"Саламатсыздарбы? Ырчы Гүланда чек ара кызматынын алдындагы ансамблде иштеп жатканда декреттик өргүүгө кетсе деле маяна алып жүрүптүр. Бул иш кайсы бир текшерүүдөн улам билинип, ырчыга «акчаны кайтарып беришиӊ керек» десе, «төлөбөйм, соттосоӊор соттой бергиле дептир» деп уктум. Ушунун чын-төгүнүн билип бергилечи".
Гүлайым, Бишкек шаары
Гүланда:
– Ким айтты муну? Ошону эле мамлекет билбей калып, мага ай сайын айлык төлөп жатат дейт. Ал ансамблде 4-5 жыл иштегем. Улуу кызым Раяна төрөлгөндө декреттик өргүүгө кеткем. Кызымды бага турган киши табылып жумушка чыкмай болгонумда ордумду башкага берип салышыптыр. Негизи, декреттик өргүүгө кеткен адамдын орду сакталып туруш керек да. Анан мени жетекчилик документ жүзүндө Шамалды-Сай чек ара тозотуна жумушка алышты. Бирок борбордогу эле ансамблде иштеп жүрдүм.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |