«МЕНИ, КЫЗЫМДЫ ЗОРДУКТАГАН ТАЯКЕМ АЗЫР АПАМ МЕНЕН ЖАШАП ЖАТАТ»

№643 27-февраль-5-март, 2015-ж

«Жашы жете электер зордукталды" деген окуялар көп болуп жатат, андай жаӊылыктарды уккан сайын үйдөн чыгуудан коркуп, депрессияда жүрөм. Себеби 6 жашымда мени да таятам менен таякем зордуктаган. Учурда 41ге чыксам да ал күндөрдү унута элекмин» деген айым бизге кайрылып, башынан өткөн окуяларын ыйлап айтып берди.

«АНДА ЭЧ НЕРСЕНИ ТҮШҮНБӨПТҮРМҮН»
– 1974-жылы Сүлүктү шаарында туулгам. Атам Москвада айдоочу болуп иштеп, көп акча тапчу. Агаларым үйлөнүп, эжелерим мектепке барып калган маал. Мен мектепте даярдоочу класста окучумун. Бир күнү сабактан чыгып апамдын жумушуна барсам «жумуш бүткөнчө таенеӊдикине барып тур» деди. Таенемдин көзү жакшы көрбөйт эле, операциядан кийин көрмөк турсун, кулагы да укпай калган. Таятам болсо согушка барып туткунга түшкөндүктөн согуштан келгенде "дезертир" деп камалып чыккан экен. Алар менен Т.Т. аттуу көп жолу үйлөнүп ажырашкан бир тууган таякем кошо жашачу.
Короосунда алма бак бар болчу. Ал жакта ойноп отурсам таякем келип мени жетелеп үйгө алып кирди. Ары-бери чуркап дарбазаларды жаап, короо жактагы эшиктерди илип келди. Эмне болуп жатканын түшүнбөй терезеден карап турдум. Бир маалда үйгө кирип келип эле мени зордуктап салды. Оюндан башка эч нерсени билбеген жаным эмне болуп жатканын деле түшүнгөн жокмун. Катуу оорудан улам кыйкырып, ыйлап жибердим. Таякем шымданып алып чыгып баратканда таятам кирип калды. Ал да дал эле таякем сыяктуу кордоп кирди.

«ӨЗҮӉӨРДҮН КЫЗЫӉАР ЭЛЕ ШЕРМЕНДЕ БОЛОТ, ООЗУӉАРДЫ ЖАПКЫЛА»
– Кеч кирип, апам үйгө алып кетти. Чоӊ жеӊем дайыма жуунтчу эле. Ал мени жуунтуп жатып кордолгонумду байкап, ошол замат үйдө ызы-чуу чыкты. Москвадан атам келди. Бирок апамдын туугандары топтолуп «сыртка чыгарсаӊар өзүӊөрдүн эле кызыӊар шерменде болот, оозуӊарды жапкыла» деп тыйып коюшту. Өзүмдү коргой алчу эмесмин, 2 зөөкүрдүн бул адаты 8-классыма чейин уланды. Апам билсе да ыйлагандан башка эч нерсе кыла алган жок.
Бир күнү ыйлап, «Кызым, бешенебизге ушуну жазыптыр да. Мен сенден да оор азапты башымдан өткөргөм. Таятаӊ мени да зордуктап, андан боюмда да болуп калган эле» деп айтып берди. Биринчи жолдошу аскерге кеткенде апам ата-энесинин үйүнө келип жашаптыр. Ошондо таятам өз канынан жаралган кызын зордуктап коюп, апамдын боюнда болуп калыптыр. Аны билген жолдошу ажырашып кеткен экен. Ошондо да туугандар биригип, апамдын боюндагысын алдырып, «шерменде болобуз, сыртка чыгарбагыла» деп жаап-жашырышыптыр. Кийин апам атама турмушка чыгып, биз төрөлүптүрбүз.

«ЖОЛДОШУМ ИЧИП КЕЛИП ТАЯКЕМ МЕНЕН ТАЯТАМДЫ АЙТЫП САБАЧУ»
– Чоӊойгондо өзүмдү-өзүм коргоп, алжыган таятам менен таякемди жолотпой калдым. Сүлүктүдө кыздарды 17 жашынан баштап эле турмушка беришчү. Мен жөнүндө эл арасына ушак тарап, 20 жашка чыкканча мени эч ким албай койгон. Боору ооруган кичүү таякем мени кайнежесинин уулуна шаан-шөкөт менен турмушка берди.
Мендей кордолгон кыз менен жашоо бардык эркекти намыстандырат да. Жолдошум ичип келип таякем менен таятамды айтып сабачу болду. 1995-жылы кыздуу болдук. Ал бирге чыгып калганда жолдошумдун сабаганынан тажап кызымды атама таштап, өзүм Бишкекке келе бердим. Көп өтпөй атамдын көзү өтүп кетти. Апам менен бир эжем, иним жашачу. Шаарда араӊ иштеп жүрсөм эжем «акча салып жибер, болбосо кызыӊды алып кет» деп кат жаза бергендиктен кызымды шаарга алып келип алдым. Таятам дүйнө салды. Таякемди көргүм келбейт, айылга баруу мага аябай оор.

«КЫЗЫМДЫ ДА КОРДОПТУР»
– Кызымды башталгыч класска окутам деп жатсам апам, иним болуп келип, "кызыӊды бизге бер, бир аз акча жөнөтүп турсаӊ болду, өзүбүз жакшылап карап, окутуп беребиз" деп жанымды койбогонунан "макул" деп аларга кошуп жибердим. 2-класста окуп жатканда кызымды жаныма алдырдым. Аябай шайыр кыз болчу, эшиктен киргенде эле дубалга жөлөнүп, жерди карап калды. Анын көзүнөн дал менин бала кезде кордук көргөн көзүмдү көрдүм. Жүрөгүм муздап кетти. «Сени эмне кылышты?» деп сурадым. Жооп бербей койду. Таякемден көргөн кордукту кызыма ачык айтып бергенимден кийин гана ал «кичүү таякем Орусияга кеткенде чоӊ таякем таенемдин үйүнө келип жашап алды. Ал мени да кордоду» деп айтты. Көзүмдөн жаш төгүлүп, «кызымды да кордоптурсуӊ, сендей итти эми аяп отурбайм» деп 2003-жылдын 29-августунда ИИМге барып арыз жаздым. Ошондо кызым көрсөтмө берип жатып, "таякем мага "сен чоӊойгондо экөөбүз үйлөнөбүз, сага куурчактыкындай көйнөк алып берем" деди" деп айткан эле. Апамдын сиӊдисинин жакындары Баткенде прокурор болуп иштегендиктен таякем дагы жазасыз калды. Ыраматылык атамдын бир үйүн сатып, бул ишти жаап коюшту.

«ӨЗҮН КОРГОСУН ДЕП КЫЗЫМДЫ АЙКИДОГО БЕРДИМ»
– Кийин бир адам менен таанышып, ага турмушка чыктым. Уул төрөдүм. Балабыз 4 айлык кезинде жолдошум өзүмдүн жакын эле курбума кетип калды. Күйөөмдүн бул кылыгынан кийин эркектерди такыр көргүм келбейт. "Турмуш куралы" дегендер көп болду, бирок зордукчулардан коркуп калган жаным кызымды ойлоп эч кимисине макул болгон жокмун. Кызым мындан ары өзүн-өзү коргоп жүрсүн деп айкидо секциясына бердим. Мектепте да жакшы окуду. Менин силердин редакцияӊарга барарымды билип "барбай эле койчу, айтпай эле койчу" дейт. Мындай окуялар көп болуп жаткандыктан кызымдын каршы болгонуна карабай келдим.
Мектепте окуучуларды мугалимдер жашоосуна карап бөлөт тура. Кызым экөөбүздүн көргөн кордугубуз аз келгенсип уулум да азап чегип жатат. Машина сүзүп кетип буту сынды, батирдеги кожойкебиздин баласы топ талашып колуна тээп ийип колу сынды. Балдар көзүнө таштанды чачып кетип операция жасалды. Көп жолу наркоз алгандыктан алсыз, эске тутуусу начар болууда. Эжекеси «сабак окуй албайсыӊ» деп күндөлүгү менен башына уруп, 30дай окуучунун ичинен балама муздак сууга пол жуудурат экен. Мектепке барсам, «балаӊ оорукчан, психикалык жактан ооруйт деген маалым кат алып кел» деп соо баламдын үстүнөн мыскылдашат. Ыйлап «бизди текшерип коюӊузчу, балам экөөбүз теӊ ооруйбузбу?» деп психиатрга барсам, ал «оорубайсыӊар, балаӊда да, сенде да баары жакшы» деди.

«ТАЯКЕМДИН ЖАЗАСЫН АЛУУСУН ТИЛЕП КЕЛЕМ»
– Мен пол жууп, күнүмдүк жумуш кылам. Кызым шаардагы эс алуучу борборлордун биринде официант болуп иштеп, үйдүн жүгүнүн көбүн ошол көтөрөт. Азыркы күнгө чейин кызым экөөбүздүн тагдырыбызды талкалаган таякемдин жазасын алуусун тилеп келем. Шаардан ал жактагы коӊшуларды кезиктирип калсам, «Таякеӊ апаӊ менен жашап алган. Үйүнө бир милиция кызматкерин үй-бүлөсү менен киргизип коюшкан» деп айтышты. Зордукчу атамдын үйүндө жашап жатса, а биз селсаяк болуп, батирден батирге көчүп эптеп күн кечирүүдөбүз.
Элге кайрылат элем, жаш балдарды зордуктоо мурда эле болуп келген. Акыркы күндөрү гана жашырылбай, ачык айтылууда. Мындай ишти билсеӊер орган кызматкерлерине ошол замат кайрылгыла. Бир зөөкүрдүн айынан көп баланын өмүрү азап менен өтпөсүн.

«ШЕКТЕНСЕӉЕР ШЕКТЕНЕ БЕРГИЛЕ»
Ошол убакта бул ишти караган ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Рыскуловго байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Ал келиндин бизге арыз жазганына көп жыл болду. 2003-жылы арыз жазып, бирок өзү жок болуп кеткен. Биз арызын Баткен
ОИИБине жибергенбиз. Алар карап, бул айыптоолор боюнча далил жок болуп чыккан. Дагы сураштыралы десек, ал келин кайра келген эмес.
Каарманыбыздын апасы менен таякеси жашап жаткан үйдүн дарегин Сүлүктү ШИИБинин жетекчиси Акжол Аширбаевге айтып, ал даректе Т.Т. аттуу жаран жашайбы, анын үстүнөн арыз жазылганбы, жазылса ал иш эмне болуп аяктаган деген сыяктуу суроолор менен кайрылдык. Акжол мырза тактап бермекчи болгон, бирок эртеси байланышсак жооп берүүдөн баш тартты: «Бул ишке эмне мынча кызыгып алдыӊар? Мен билбейм, бул мага чейин болгон окуя экен. Ал келин биринчи бизге арызданган эмес. ИИМде иштеген полковник Жакыпбаев дегенге арызданган. Шектенсеӊер шектене бергиле. Тергөөчү менен байланышып көргүлө», - деп бир номерди берди. Акжол мырза берген телефон номер боюнча байланышсак, тергөөчү биздин маселеден кабардар болгонбу же башка себеп болдубу, айтор, трубканы такыр албай койду. Ал эми Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Сиздер айткан келин 2003-жылы арыз жазып, бирок анын кызы соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткандыктан иш токтотулган экен. Ал эми Т.Т. аттуу жаран азыр деле аталган даректе жашаганы жана ал арыз ээсинин бир тууган таякеси экендиги аныкталды.

Бермет Багышева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(130)
05.03.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kilim, талкуудан алыстабаңыз. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
05.03.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба тооба!
05.03.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурда мен Баткенге товар ташып сатчуумун бир Озбекстан мн чектеш айылдын базарына барып калдык Кеч жетип ертеси базарга чыгыш керек 1автобус комерсанттар з 4 ко болунуп ар кайсы уйго жатып калдык ертеси базарда отурсам бир служагым жоолугуп калды ошол айылдан болот екен ушундай дегендин уйундо жаттык десем алар Лаачи болот дейт анын не десем бир уйго чогулушуп свет очкондо туш келгени мн жатат дейт уройиду учуруп корсо ошол чын екен да ишенген емес елем ошондо
06.03.2015. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ андайларды
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-06 10:24:17
06.03.2015. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baha-1283, провокацияга жол жок. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
06.03.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bular adam bolboyt okwoyt ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ilgerki karialar jok ta 4irkin
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-06 10:36:14
06.03.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zaman2, провокацияга тыюу салынган! Эскертүү!
06.03.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ay adam bolboi kaldy kandai okunu4tu
06.03.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым озу сактасын.бийликтегилер ушуга окшогонду карабай аарыдай болуп томожный союз менен бюжет темасына жармашып калган....
06.03.2015. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жинди немелер го,проблема апасында го дейм
06.03.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кичинекей кезде атам эжем экообуз каникулда туугандарыбыздыкына жиберинизчи десек жиберчу эмес,эми ойлосом ошондо туура кылыптыс.Корсо адамдын шакываты келгенде тыя албай ,козуно эч нерсе корунбой калат тура.Эми мен уулдарымды да эч жакка жибергим келбейт,шумдуктун барын угуп атам.Кызым бсо кантмекмин билбейм ,ошол учун кыз да тилебей калдым урой учурган заманда.
07.03.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ооруп ишене албай жатам(((
Хотя бы кичуу баласы бактылуу балалык корбойбу; ( ойлоно албай калдым, мага да психически терс таасир тийгизди бул окуя.А бул уй булонун башынан отту, психиатр туура эмес айткан "психически здоровы " деп, и маме и дочке было по 8 лет( какой кошмар это травма на всю жизнь. Я плачу ((((
07.03.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи жолу ушундай окуя окуп жатам( даже в самых ужасных фильмов такого нет (
07.03.2015. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Я вообще не понимаю че за семейства. Как можно изнасиловать собственную дочь в ведь в ее венах течёт твой кровь конце концов.... Они вообще люди? Даже животные так не поступает собственным ребёнком.... Короче у меня вообще слов нет я в шоке разочировали меня(((((((
07.03.2015. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
(тообо кылдым)андайлардын жазасын кудайым корсотсун.
07.03.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул уй-булодон жаралган кыздардын баарынын кыздыгын таятасы менен таекеси эле алып журо берет экенда. Манкурчулукко, Оздоруле чогулуп алып жайлап салбайбы. Таятасы да кыздарынын жада калса неберелеринин да кыздыктарын алып конуп калганго. Башка бироого ыраа корбойт ко шумшук десе. Бул уй-було лолулордун каны аралашкан уй-було деп жыйынтык чыгардым. Бирок алар деле бир тууган кыз небере деп карашса керек.
07.03.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э аллахым ыйман бере кор :-(
07.03.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ким экенинди билбейм кыргызда мындай корунуш жок, болбойт дагы, булар ар кошкон макулуктар
07.03.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
андай адамдарды атууга жаза бериш керек канчалаган жаш балапандардын тагдыры талкаланып жатат неге конул бурушпайт а чондордон суранар элем ушул нерсеге жакшы конул буруп атууга окум чыгаруу зарыл ошондо гана жаштарды коргой алабыз болбосо улана берет бул нерсе.
07.03.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу жазаласын андай акылга сыйбаган иш жасагандарды.
07.03.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында бул окуяга мен ишенген жокмун.кантип эле озу арыз жазып анан озу иштин акырына чейин чыкпайт
08.03.2015. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым. Окууп алып шок болдум. Ушундай да адамдар бар экенда. Кудайым озун кечире кор
08.03.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдардын крышасы тайып баратат билбейм ай
08.03.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларды окуганда журок тушчу болду эшектин эти ушулардан башталган окшойт
08.03.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
далили бар болсода карабай атпайбы, самасуд кылсан озуну камайт тенсиздик коррупция
08.03.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо!!! Кудай ай озун сакта мындайлардан!
09.03.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deesmond, этика нормаларын сактаңыз!
13.03.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба бул КЫЯМАТтын белгилериби?
19.03.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тооба,шоктун да шогу болуп калдым,ушундай да болобу?Омурумдо юиринчи жолу окуп жатам.Кыздарымдан корко баштадым
20.03.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аялга эми Аллахым денсоолук берсин ушул күнгө чейин көргөн кордукту эми учуратпасын. кызы менен уулун да Кудайым колдосун. Ал эми жаза көрсөткөн таекеси жана баланын эжекеси бир күн болбосо бир күн бирөөгө көрсөткөн кордукту Кудайым аларга да көрсөтөт. Эже балдарыңыздын келечеги алдыда буйруса алдыдагы жакшы күндү уул кызыңыздан көрөсүз.
26.04.2015. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип б0лушу мумкун,оз атасы кызын... Астагфиралла!
14.09.2020. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым!!! Кулак уксадагы коз корбосун мындай жапайычылыкты, манкуртчулукту.
Ээ Жараткан Аллахым, озун сактай кор мындай манкуртчулутан, баарыбызга ыйман ынсап берегор!!!
Ошондо апасы менен тайкеси жашап алса Бир туугандар болобу?
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо