«ЮРСКИЙ ПЕРИОД» КАПТООДО!

№371 11-17-декабрь, 2009-ж.

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

Бишкектеги КМЮАнын студенттеринен куралган “Юрский период” командасы «Тамашоудо» сыйлыкты эң көп алган топ болуп саналат. Бирок буга карабастан, алар быйыл сыйлыктарынын арасына «Тамашоунун» чемпиондук наамын да кошуп алышмакчы. Анда эмесе, амбициясы күч болгон мыкты алтылык менен таанышып алсак.

Жеңиш
– Сахнада ойногону шамалдай, басканы таластыктардай, сүйлөшкөн кызы татынакай, өзү от души балакай! Команданын эң таластыгы! Фобиясы – рентген.

Адилет
– Өзү жакшынакай, көзү бакыракай команданын эркетайы. Момпосуй алып бермейинче репетицияга келбей коймой адаты бар.

Азамат
– Токмоктон келген «гламурный» жана «скромный» жигит. Команданын затравщиги. Бош убактысында заправщик болуп иштейт. Дежур сөзү – “Канча куяйын?”

Айбек
– Команданын чоң атасы, чоң апасы, кайненеси... (Кээде кыздын ордун баса алат)

Никита
– Нукура эне-сайлык кыргыз. Лакап аты – орус. Жаш кезинен атайын тапталып, Нарындын жайлоосунда кыргыздар менен өстүрүлгөн.

Азим
– Командалаштарынан сулуулугу жана ийкемдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Андыктан ага кыздар суктанып, кээде көрө албастык кылган учурлары болгон. Дежур сөзү – “Сыволуч десе!”

КОМАНДА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Аталышы
Команда мүчөлөрүнүн баары КМЮАнын студенттери болгондуктан, топту юристтердин доору деп тамашалуу таризде аташкан.
Кийими
Улуттук оймо-чиймелерибиз чагылдырылып тигилген кызыл түстөгү костюмдарын Кыргыз улуттук филармониясынын гримдөөчү жайынан уурдап алышкан.
Эмне үчүн курамында кыздар жок?
Бул суроо командада өтө чоң маселе жаратпайт. Анткени Айбек бар да. Балдар Айбекке эч качан нааразы болушпайт. Тескерисинче, рахматын айтышат. Айбек, рахмат! (Ий, жаны го, жаны!..)
Девизи
Алга, алга жана Жессика Альба! (Айбек, кечир!)

СЫЙЛЫКТАРЫ

  • Туңгуч Жазгы фестивалдын жеңүүчүсү;
  • Туңгуч Жайкы фестивалдын 2-орун ээси;
  • 2-сезондун Ачылыш фестивалынын “Эң мыкты командасы”;
  • 2-сезондун чемпиону, буюрса.

ТАМАШАЛАРЫНАН:

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жаңы факультет ачылды – Казашкалогия! Декан болуп казашматика илимдеринин доктору, профессор Эриков Серик Берикович дайындалды. Мырзалар, шашылгыла. Окууга кабыл алуу уланууда.

Кыргызстандын аскер-деңиз флоту дүркүрөп өнүгүүдө. Бизде эми 3 катамаран!

Сенсация! Кызыл-Аскердик балдар ушунчалык мээримдүү болуп калышты. Эми алар тоноо максатында балдардын башын йод бөтөлкөсү менен жарып, медициналык бинттер менен муунта башташты.

Жакында Москвада өткөн мелдеште кыргызстандык сууга секирүүчү көпчүлүктү таң калтырды. Ал секирип баратып, плавкиси менен трамплинге илинип, жогорку ылдамдыкта бассейндеги сууга 5 жолу кирип чыккан.

Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
14.12.2009. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tamawanardyn tuzu jok.ALGA Dostuk!!!
17.12.2009. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Robingud seni koldoim!
DOSTUK ALGA!!!
19.02.2010. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A Men ekoonordu ten koldoym. ALGA DOSTUK ALGA>
ALBETTE 1.BOLOSUNAR.DOSTUUUUUUK,,,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо