Неля, ырчы: «ТӨӉКӨРҮШ ЖАСАП ЖИБЕРЧҮ АЙЫМДАРДАН ЭМЕСМИН»

№644 6-март-12-март, 2015-ж

«Таттуу түгөйлөр» атка конуп, кандай иш-чара болбосун жетелешип жүрүшкөн Урмат менен Нелядай жан шерик болууну кыялданган жаштар көп. Ырчы айымды сыртынан караган адам созулган келин, түшүнүктүү жар деп байкашы мүмкүн. Бул байкоо чынында жокко деле чыкпайт. Неля тууралуу дагы билгиӊиз келсе, макалага назар салыӊыз.

– Неля, саламатсызбы? Маегибизди балапандарыӊыздан баштабайлыбы. Чоӊоюп калышса керек...
– Ооба, кечээ эле жарыкка келген Нурэл 6-августта 6 жашка чыгат. Буюрса, аны быйыл мектепке даярдоочу класска жиберебиз деп камынуудабыз. Өзү дагы "мектепке барам" деп азыртадан эле сүйүнүп жатат. Жаӊы нерселерди билүүгө умтулган зээндүү бала. Атасына окшоп сүрөттү жакшы тартат, мультфильмдеги каармандарды кудум өзүндөй кылып тартып койсо кубанып калабыз.
Кызым Жазэл болсо 15-мартта 4 жашка толот. Ал күнү Урмат экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө да 7 жыл болот. Ошондой эле он бешинде кайнимдин да туулган күнү. Ошондуктан бул күн биз үчүн чоӊ майрам. Кызым туулган күнүн белгилеп торттун үстүндөгү шамдарды үйлөгөндү жакшы көрөт. Кээде үйдөн пирог жасап калсам деле үстүнө шам коюп үйлөп, «туулган күн да, ээ?» дей берет. Биздин үйдө туулган күн бат-баттан болуп турат.
– Кыз бала тыӊ болот дешет, азыртадан эле көп нерсеге кызыкса керек?
– Ооба, балдардын баары эле кичинесинде көзүнө көрүнгөндүн баарын кармап, ичип, жеп көргүсү келет эмеспи. Сен айткандай, айрыкча кызымдын «эмнеге андай?» деген суроолору түгөнбөйт. Быйыл Жазэлди бий ийримине, ал эми Нурэлди Урмат футболго жиберем деп жатат.
– Балдар чоӊоюп, келиндик тажрыйбаӊыз өстү дегендей. Мүнөзүӊүздөгү өзгөрүүлөрдү байкап жатасызбы?
– Жыл өткөн сайын адам баласы көп нерсени көрүп-билип үйрөнөт экен. Мен айланадан позитивдүү жана жакшы гана нерселерди алууну үйрөндүм. Келиндик кызматымды ар дайым жакшы өтөгөнгө аракет кылам. Кайын журтум үчүн келечекте көп жакшылыктарды жасайм деп үмүттөнөм. Алар бизди дайыма колдоп, түшүнүп турушат. Мен башка келиндерден айырмаланып кайын журтум менен сырдашып көнгөм.
– Сырдашам демекчи, жалгыз кайниӊиз бар эмеспи. Аны менен болочоктогу абысыныӊыз тууралуу кеп кыласызбы?
–Кээде тамашалап «Качан үйлөнөсүӊ? Кызыӊды алып келип тааныштыр» деп калам. Бирок жыл сайын «күзүндө» деп коюп эле жок. Быйыл да күзүндө бул маселе көтөрүлөт го (күлүп). Ар бир күздө абысындуу болом деп камынам. Урмат экөөбүз өзүбүзчө эле кыялыбызда кайнимдин тоюн мындай кылабыз, тигиндей кылабыз деп кайсы жерде өткөрөрүбүзгө чейин пландап салганбыз. Эми, буюрса, бизди жакшы келиндүү кылар. Жалгыз инибизден эч нерсени аябайбыз. Эӊ негизгиси, бактылуу болсо болду.
– Качан болбосун Урмат мырзанын токтоо, анан ойлонуп жүргөнүн көрөбүз. Үйдө ачылып, каткырып жүргөн учуру болобу?
– Ооба, Урмат бир калыпта жүргөн адам. Бирок мен дайыма анын маанайын көтөрүп, күлдүрүүгө аракет кылам. Анын жайдары болуп жүргөнүн аябай жакшы көрөм. Анан «көп
ойлонбо»
деп дайыма айтам. Бирок жолдошум көп ойлонот, себеби үй-бүлөсү, эли үчүн жакшы нерселерди жасагысы келет.
– Даяр тамак сатып келе коймой адатыӊыз барбы же колго жасаганды жактырасызбы?
– Үйлөнгөндөн кийин көп нерсеге болгон көз карашыбыз өзгөрдү. Эӊ эле жөнөкөй нерселерди айтайын. Биз үй-бүлөбүз менен дени сак жашоого өттүк. Мисалы, газдалган суусундуктарды ичпейбиз, даяр тамактарды такыр сатып албайбыз. Анын ордуна үйдө компот жасайм, пельмен сыяктуу азыктарды өзүм колго түйөм дегендей. Мунун мага түйшүгү деле жок, эринбейм дагы. Жыл өткөн сайын ден соолукка эмне пайдалуураак болсо, ошого жараша кылдаттык менен мамиле жасап калат турбайбызбы.
– Жаӊы нерселерге умтулуп, жаӊылык жасап, жаӊы бийиктиктерди багынтайын деген ойлор жокпу?
– Менин жан дүйнөмө жакын чыгармачылыгым бар, айланамда мени сыйлаган, жакшы көргөн жакындарым турат. Негизи, аялзатынын бул жашоодогу миссиясы – татыктуу жубай жана мээримдүү эне болуу деп ойлойм. Андан артык нерсеге тырмышуунун кереги жок. Эркектин башынан бийик секирип, дүйнөдө төӊкөрүш жасап жиберүүгө умтулган айымдардан эмесмин. Келечекте дагы жомоктогудай жашоону арзуу кылбайм. Эл катары эле бала-бакырамдын курчоосунда, сүйүктүү жарымдын жанында болсом дейм. Бактылуу үй-бүлө аялзатынын жашоосундагы эӊ негизги жеӊиши болушу керек.

"Урмат экөөбүз баарын чогуу жасайбыз, бирге эс алуу, ырдоо бизге ырахат тартуулайт".

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


Неля: "Урмат менин курбум жана бир тууганымдай болуп калды"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(78)
10.03.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу жан экен деп баа бердим Неляга.
10.03.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял жакшы эр жакшы . Демек Неля жакшы .
10.03.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркектин башынан бийик секирип, дүйнөдө төӊкөрүш жасап жиберүүгө умтулган айымдардан эмесмин, ушу созунуз жаман жакты да. бактылуу болунуздар!
10.03.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болотбек Тилек жонундо жазгылачы сураныч!
10.03.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magic1721, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/?article=27269
10.03.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун маек болуптур. Неляда аял затына тиешелуу сапаттардын баары бар. Уй-булолук бакыт каалайм!
10.03.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неля азаматсың орусча айтканда с удовольствием көрдүм. Талантың өсө берсиң ушунуңдан жазба. Жаратканым эки дүйнөнүн бактысын ыроологон болсун!
10.03.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неля менен Урмат экоо бири-бирине топ келишкен жаштар ылайым бактылуу болушсун. Супер инфо маектин видеосу ар бир минут сайын токтоп-токтоп(чайналып калган сыяктуу) тунук чыкпай ататго текшерип бериниздерчи
Медиа-портал
10.03.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazmirjaz,
Саламатсызбы! Интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды.
10.03.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булолук бакыт каалайм эки дуйно бактылуу болгула!
11.03.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш эми баары укмуш, мындай жашоого жеткен да бар жетпеген да бар. Так что баары укмуш
11.03.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула ! Неляга мурун бир нерсе жетишпегендей болчу эле корсо Урмат жетишпептир мына эми экоо сонун пара болуп бирин бири толуктап турушат
11.03.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииииий мага аябай жагат ото назик женственная такая
11.03.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо эмнеге нелянын кызынын суротторун кочурбойсунор биз коргубуз келип жатат чонойуп калышкандыр сураныч урмат менен нелянын балдары нурел менен жанелдин суротторун кутобуз
11.03.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
naken, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
11.03.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмат Неляда аябай таланттуу,экоонун тен жонокойлугу мага аябай жагат. Бактыныздарга коз тийбесин,чыгармачылык ийгилик!
12.03.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун Урмат татыктуу куйоо
SUPER.KG видео
12.03.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар уй- булолук бакыт каалаймын.
12.03.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болуп жетелешип эле журо бергиле жагымдуу назик аял заты
13.03.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооой билдик орусча суйлогонду билет экенсин эмне учун эле орусчанар менен мактана бересинер тушунбойм .кыргызча жакшына интервью болуп жаткандан кийин кыргызча суйлобойсунорбу .дайым ушундаааааай
13.03.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы интервю бериптир,бактылуу болуп жашай беришсин.
14.03.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец умница Неля.Аябай назик сулуу.
15.03.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир комментарий жазгандар, аша чаппагылачы? Силерге суйлотуп, элди сындатып койсо эле болду... Озунорго да коз сала жургуло, бироонун кемчилигин, катасын айтаарда!? Неля эже менен Урмат байкенин уйлонгонундо мен абдан кубангам. Кээ бир адамдар ал боюнча да жаман пикирлерди айтып, сындашкан эле, тартып алды, анан Бактыгулду таштап Неляны алды ж.б. у.с. кооп создорду айтышкан эле. Бул жерде кеп чанып кеткенде, таштап кеткенде эмес, бул Кудайдын буйругу, нике кайып, экоонун суйуусу бар дегендей
15.03.2015. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карасанар кандай куп жарашат экоо бири бирине, эми экоону эки башка элестетип коргулочу? Бироону башка жигит менен, бироону Бактыгул менен?)) Жарашат беле? Мен жок деп айтам. Бактыгуль эже да Кудайга шугур бактысын тапты, албетте коз мн корбогондон кийин ар кандай ушактарга ишенип, унутулуп бараткан нерселерди козгобой, ар бирине бакыт тилесенер кандай жакшы, анан эле бул жаман тиги жаман деп сындап калбай?! Неля эже Урмат байке сиздерге чексиз бакыт тилейм,коз,соз тийбесин силерге, сонун жуптар
15.03.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
неля чындап эле назикпи же камера алдында жасалма болуп калабы
15.03.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасалмабы же жасалма эмеспи,эмнеси болсо да туурасын айтыптыр,кыздын бактысы эне болууда анан уй-було очогун кармап турууда.Бактылуу болушсун!карт бойдок элге таанымал кыздарыбыз журбойбу ар кайсы сайтта суротун жуктоп,той торопо,концерттеринен узунду жуктоп,мен гарантия берем баары жалгыздык деген оору менен ооруп жургонуно,эл козуно тастандап,шайыр корунгону менен,ачуу чындык!
16.03.2015. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
18.03.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырдаганда ундору угулбайт го
29.04.2015. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5-каналдын алып баруучусу Нияз Сманбеков туралуу жазгылачы
29.04.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzka96, саламатсызбы Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
Медиа-портал
30.05.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы маек болуптур. Жонокой сулуу жакшы айым го.
Медиа-портал
22.12.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оло приятная го, бактылуу болушсун!
Медиа-портал
30.04.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неля красавица!!!! Ни на кого не похожа!!! Оригинальная!!! Желаю вашей семье счастья, процветания и всего самого хорошего!!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо